Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-ноябры № 740
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды спорт менен машыгууга тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пунктунун:
- экинчи абзацындагы "республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацындагы "республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жободо:
аталышындагы "республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- II, X жана XI бөлүмдөрдүн аталышындагы "РОРАБӨМ" деген аббревиатура "БӨСАМ, ПРБӨМ" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби жана паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебине (мындан ары - БӨСМ), олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебине (мындан ары - ОРАБӨМ), балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектебине (мындан ары - БӨСАМ) жана паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебине (мындан ары - ПРБӨМ) колдонулат.";
- 2, 5, 9, 11, 15, 19, 21, 25, 26, 27, 28, 30, 37, 38, 39-пункттарындагы "РОРАБӨМ" деген аббревиатура "БӨСАМ, ПРБӨМ" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун бешинчи абзацы "Азия" деген сөздөн кийин ", Паралимпиадалык, Азиялык пара" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктунда:
- "2" деген цифра "4" деген цифра менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Паралимпиадалык резервдеги статусту ыйгаруу үчүн БӨСАМга ушундай эле талаптар коюлат.";
7, 8 жана 9-1-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 9-2-пункт менен толукталсын:
"9-2. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМ алдында "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү түрдө Көзөмөлчүлүк кеңештери түзүлөт.";
10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. БӨСАМ, ПРБӨМ, ОРАБӨМ, БӨСМ жалпы билим берүү мектептеринин, кесиптик лицейлердин окуучуларынын, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин, жаштардын жана аскер кызматчыларынын, атайын (түзөтүүчү) билим берүү уюмдарынын окуучуларынын ичинен толукталат.";
11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Окуучулардын максималдуу курагы - 28 жаш.";
21-пунктунда:
- экинчи абзацындагы "4 жылдык мөөнөткө дайындалат." деген сөздөр "конкурстук негизде дайындалат. Директорду жана директордун орун басарын конкурстук тандап алуунун тартиби уюштуруучу тарабынан аныкталат." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- эки жылдан кем эмес башкаруучулук тажрыйбасынын болушу.";
22-пунктундагы "дайындалат" деген сөздөн мурун "конкурстук негизде уюштуруучу тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
24-пунктунда:
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- спорттук жогору чеберчиликтин топторунда - республикалык жана эл аралык мелдештерге чыгуулардын натыйжаларынын туруктуулугу, Кыргыз Республикасынын курама командаларынын курамына даярдалган спортсмендердин саны, Дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарында, Олимпиадалык, Азия, Паралимпиадалык жана Азиялык пара оюндарында жогору орундарды ээлеген спортсмендердин саны.";
- тогузунчу абзац "билими," деген сөздөн кийин "машыктыруучу-окутуучунун төрт ставкасы" деген сөздөр менен толукталсын;
39-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМ ар квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында же мектептин сайтына финансылык каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетту жайгаштырышат.";
- Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобонун тиркемесинин аталышындагы "республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин типтүү штаттарында:
- аталышындагы "олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр "балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча методист-адис | 1 |
";
Эскертүүсүндө:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Машыктыруучу-окутуучунун 10 ставкасы болсо, методисттин 1 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 20 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 2 ставкасы; машыктыруучу-окутуучунун 30 жана андан ашык ставкасы болсо, методисттин 3 ставкасы каралат.";
8-пунктундагы "мекемеге" деген сөз "имаратка" деген сөз менен алмаштырылсын;
11, 12, 13, 16 жана 17-пункттарындагы "РОРАБӨМ" деген аббревиатура "БӨСАМ, ПРБӨМ" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18. Имараттары, спорттук курулмалары бар бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн электрик, слесарь-сантехниктин кызмат орду белгиленет.";
төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
"19. Тегиздиктеги спорттук курулмалары бар бардык БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМдөр үчүн тегиздиктеги спорттук курулмаларды оңдогучтун кызмат орду белгиленет.";
төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук комплекстери болсо, вахтердун, гардеробщиктин кызмат орду белгиленет.";
төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Буксирлөөчү асма аркан жолу болсо, буксирлөөчү асма аркан жол боюнча слесардын, механиктин, оператордун кызмат орду белгиленет.";
төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22. Катуу отун жагылуучу, өздөрүнүн от казаны бар мектептерде жылытуу мезгилине сменада бир штаттык бирдиктеги от жагуучу жумушчунун кызмат орду киргизилет; газ менен иштеген от казанга автоматика болсо, сменада бир штаттык бирдикте оператор-жумушчунун, автоматика болбосо - бир сменага эки штаттык бирдиктеги кызмат орду киргизилет.
Электр жылыткычтарын пайдалануучу от казандарда жылытуу мезгилине сменада бир штаттык бирдик эсебинде оператор-жумушчунун кызмат орду киргизилет. Борборлоштурулган жылытуу менен жабдууда (туруктуу нөөмөттү талап кылган бойлерлик орнотмолор, жылуулук пункттары болсо) жылытуу мезгилине сменада бир штаттык бирдик эсебинде нөөмөтчү жумушчунун кызмат орду киргизилет. От казанда иштеген жумушчулардын жалпы санынын ичинен бир штаттык бирдик толук бир жылга киргизилет. Меш менен жылытуучу мектептерде 10 мешке бир штаттык бирдик эсебинде от жагуучу, бирок мектепке 0,5 штаттык бирдиктен кем эмес кызмат орду киргизилет.".
2. Ушул токтом мамлекеттик органдардын тийиштүү жылга бекитилген бюджетинин каражаттарынын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.
3. Ушул токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацын кошпогондо расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |