Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы N 264 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы N 78, 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 657, 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820, 2016-жылдын 25-февралындагы № 81, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740, 2020-жылдын 10-августундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби жана паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебине (мындан ары - БӨСМ), олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебине (мындан ары - ОРАБӨМ), балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектебине (мындан ары - БӨСАМ) жана паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебине (мындан ары - ПРБӨМ) колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
2. БӨСАМ, ПРБӨМ, ОРАБӨМ, БӨСМ юридикалык жак болуп саналат, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеме статусуна ээ болот жана төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ден соолугун чыңдоого жана алардын дене тарбиясы жагынан ар тараптуу өнүгүшүнө багытталган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана тарбия берүү;
- окуучуларды дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга тартуу, окуу жайларына спорттук мектептерде жүзөгө ашырылган спорттун түрлөрү боюнча усулдук жана спорттук-массалык ишти уюштурууга ар тараптан жардам көрсөтүү;
- зээндүү балдарды жана өспүрүмдөрдү адистештирилген спорт менен машыгууга (туруктуу машыгуу процессинде) тартуу үчүн табуу;
- спортсмендерди Олимпиялык жана Азия, Паралимпиадалык, Азиялык пара оюндарына, чемпионаттарга, кубокторго, Дүйнөнүн жана Азиянын биринчиликтерине жана башка расмий эл аралык мелдештерге даярдоо жана ийгиликтүү чыгаруу;
- алдыңкы спортсмендердин чеберчиликтерин өркүндөтүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортту башкаруу боюнча республикалык мамлекеттик органдын ДЮСШга спорттун колдоого алынган түрү боюнча спортту өркүндөтүүнүн кеминде 4 тобу жана жогорку спорттук чеберчиликтин бир тобу болсо Олимпиялык резервдин статусу 4 жылга берилет.
Паралимпиадалык резервдеги статусту ыйгаруу үчүн БӨСАМга ушундай эле талаптар коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Окуу-машыктыруучу процессин өткөрүү үчүн зарыл болгон менчик же ижарага алган базасы (ижара келишими кеминде 1 жылга түзүлгөн болсо), квалификациялуу жетекчи жана машыктыруучу-окутуучулар курамы, администрациялык жайлары, ден соолукту чыңдоо-спорттук лагерди уюштуруу мүмкүнчүлүгү болуп, финансылык жактан камсыз болсо спорттук мектепти ачууга шарт болуп саналат. Почталык дареги жана техникалык паспорту бар спорттук объекттер спорттук база болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
5. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМларда спорттун түрлөрү боюнча бөлүмдөрдүн саны спорттук мектеп карамагында турган жогорку уюм тарабынан, ал эми окуу топторунун саны колдо бар шарттарга жараша белгиленет жана дене тарбияны жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органынын макулдашуусу боюнча спорттук мектептин администрация тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби кеминде 20 окуу тобу анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар үчүн окуу топтору болсо ачылат жана баштапкы даярдоо, окуу-машыгуу топтору менен окуу-машыгуу процессин жүзөгө ашырат, ошондой эле спортту өркүндөтүү топторун топтойт. Бул үчүн окуучулардын контингентинин, окуу-машыгуу ишин режимин аткарууга мүмкүнчүлүк берген шарттардын (квалификациялуу машыктыруучу-окутуучулар кадрлардын, материалдык-спорттук базанын) болушу зарыл шарт болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 657 токтомунун редакциясына ылайык)
7. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. БӨСАМ, ПРБӨМ, ОРАБӨМлар баштапкы даярдоо, окуу-машыгуу, спортту өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторун түзөт. Спортту өркүндөтүү жана жогорку спорттук чеберчилик топторунун курамын дене тарбияны жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органы бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
9-1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9-2. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМ алдында "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү түрдө Көзөмөлчүлүк кеңештери түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
II. БӨСАМ, ПРБӨМ, ОРАБӨМ, БӨСМларды толуктоо жана алардын иши
10. БӨСАМ, ПРБӨМ, ОРАБӨМ, БӨСМ жалпы билим берүү мектептеринин, кесиптик лицейлердин окуучуларынын, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин, жаштардын жана аскер кызматчыларынын, атайын (түзөтүүчү) билим берүү уюмдарынын окуучуларынын ичинен толукталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Окуучулардын кабыл алуу курагы жогору турган мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча БӨСМдун, ОРАБӨМдун, БӨСАМ, ПРБӨМдун директору тарабынан аныкталат. Окуучуларды кабыл алуу үчүн сунушталган минималдуу курак - 9 жаш. Окуучулардын максималдуу курагы - 28 жаш.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Окуучуларды кабыл алуу врачтын жазуу жүзүндөгү уруксаты болсо окууга кирип жаткан адамдын арызы боюнча жүргүзүлөт. Жашы жете элек балдар үчүн ата-энесинин макулдугу милдеттүү түрдө алынат.
13. Окуучуну окутуунун кийинки жылдагы тобуна которуу ушул Жобонун тиркемесине ылайык спорттук даярдоо боюнча ченемдик талаптарды аткаруунун негизинде жүргүзүлөт.
Окутуунун кийинки жылдагы тобуна которуу үчүн белгиленген куракка жетпеген, бирок окутуунун мурдагы жылынын программалык талаптарын аткарган айрым окуучулар машыктыруучулар кеңешинин чечими менен мөөнөтүнөн мурда которулушу мүмкүн. Которуу спорттук мектептин директорунун буйругу менен жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Спорттук чеберчиликти жогорулатуу үчүн Республикалык спорттук колледжге (мындан ары - РСК), Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекцияга (мындан ары – СОТД) жиберилген окуучулар спорттук мектептердин топторунун сандык курамына төмөнкүлөр кирет:
РСКдо - ошол спортсмен колледжде окуган бүткүл мезгилге (кабыл алуу же которуу жөнүндө жыл сайын буйрук менен ырасталганда);
СОТДда - спортсмен Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын курамында болгон бүткүл мезгилге.
РСК же СОТДга берилген спорттук мектептердин тарбиялануучу-спортсмендердин тизмеси машыктыруучулар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен милдеттүү түрдө мектеп боюнча буйрук менен таризделет, ошондой эле дене тарбияны жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820, 2020-жылдын 10-августундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Окуу-машыгуу процессин уюштуруу
15. БӨСАМ, ПРБӨМ, ОРАБӨМ, БӨСМларда окуу жылы 1-сентябрда башталат. Спорттун айрым түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактары спорттун түрлөрү боюнча программаларга ылайык жүргүзүлөт. Окуу планы түздөн-түз мектептин шартында 46 жумалык жана каникул учурунда өткөрүлгөн спорттук-ден соолукту чыңдоо лагерлеринин, окуу-машыгуу жыйындарынын шартында 6 жумалык окуу-машыгуу сабактарына эсептелген. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар үчүн алардын жеке жөндөмдүүлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен көнүктүрүүчү дене тарбия жана көнүктүрүүчү спорт каражаттарын пайдалануу менен сабак уюштурулат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 657, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Топтук окуу-машыгуу жана теориялык сабактар, жогору спорттук чеберчиликтин топторунда жеке пландар боюнча иш, медициналык-калыптандыруу иш-чаралары, мелдештерге жана окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, ден соолукту чыңдоо-спорттук лагерлерде жүрүү окуу-машыгуу процессинин негизги формалары болуп эсептелет.
17. Даярдоо этаптарында окуу топторунун толтурулушу.
Топтордо окугандарды даярдоо деңгээли жана этаптары | Окуу жылы | Окутуу-сабак берүү ишинин тартиби (жумадагы сааттар) | Минималдуу толтурулушу | ||
Спорттун түрлөрүнүн топтору | |||||
I | II | III | |||
Жогору спорттук чеберчилик | Бүткүл мезгил | 32 | 3 | 6 | 4 |
Спорттук өркүндөтүү | 1 | 24 | 5 | 6 | 6 |
2 | 26 | 4 | 6 | 5 | |
3 | 28 | 4 | 6 | 5 | |
Окуу-машыгуу | 1 | 12 | 8 | 12 | 10 |
2 | 14 | 8 | 12 | 10 | |
3 | 18 | 6 | 12 | 8 | |
4 | 20 | 6 | 12 | 8 | |
5 | 20 | 6 | 12 | 8 | |
Баштапкы даярдоо | 1 | 6 | 10 | 15 | 12 |
2 | 8 | 8 | 12 | 10 | |
Спорттун түрлөрүнүн I тобуна төмөнкүлөр таандык: акробатика, биатлон, велоспорт, гимнастика (спорттук жана көркөм), тоодо лыжа тебүү спорту, калак менен кайык айдоо, ат спорту, жеңил атлетика боюнча он таймаш, жети таймаш, ыргытуу жана шырык менен секирүү, лыжа спорту, парус спорту, аскага чыгуу, ок атуу, азыркы беш таймаш, теннис, фехтование, сууда сүзүү.
Спорттун түрлөрүнүн II тобуна спорттук оюндардын командалык түрлөрү кирет.
Спорттун түрлөрүнүн III тобуна спорттун бардык калган түрлөрү, анын ичине улуттук түрлөрү да кирет.
Топтордо окутуу сабактарынын узактыгынын мезгилдүүлүгүнө карата машыктыруучунун жумушчу планы менен жөнгө салынат.
Спорттук жана көркөм гимнастика, ат спорту жана азыркы беш таймаш боюнча окуу-машыгуу сабактарын өткөрүүдө кошумча машыктыруучу жана көмөкчү кадрлар (хореографтар, аккомпаниаторлор, атты машыктыруучу) тартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Жылы бою окутуу сабактарын жана каникулдардын мезгилинде окуучулардын жигердүү эс алуусун камсыз кылуу үчүн колдо бар каражаттардын негизинде спорттук-массалык иш-чаралардын календардык пландарына ылайык ден соолукту чыңдоо-спорттук лагерлер уюштурулат.
19. Шаардык, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк берилген командаларды жана окуучуларды даярдоо үчүн ДЮСШ, СДЮШОР, РСЮШОР окутуу-машыктыруу ишине акча каражаттарын бөлүп берүү менен узактыгы шаардык жана республикалык мелдештерге 18 күнгө чейинки, эл аралык мелдештерге 24 күнгө чейинки окуу-машыгуу жыйындарын ошондой эле спорттук лагерлерде 18 күнгө чейин спорттук-ден соолукту чыңдоо жыйындарын өткөрүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IV. Тарбиялоо иши
20. Тарбиялоо иши окуу-машыгуу сабактарынын, мелдештердин процессинде, бош убакытта өткөрүлөт жана жаш спортсмендерде спорт менен машыгууга, өз билимдерин, жөндөмдүүлүктөрүн, машыгууларын туруктуу толуктоого жана практикалык иште аларды чыгармачыл колдонууга муктаждыкты түзүшү зарыл.
V. Мектепти жетектөө
21. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМду директор жетектейт. Директор ишке жалпы жетекчилик кылат, бардык окуу-машыгуу, тарбиялоо, методикалык жана администрациялык-чарбалык ишти уюштуруу жана анын абалы, машыктыруучу-окутуучулук жана административдик-чарбалык персоналды тандоо, жайгаштыруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Директор уюштуруучу тарабынан конкурстук негизде дайындалат. Директорду жана директордун орун басарын конкурстук тандап алуунун тартиби уюштуруучу тарабынан аныкталат.
Директордук кызмат орунуна дайындоодо талапкерлерге төмөнкү талаптар коюлат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу;
- жогорку билиминин болушу (дене тарбиялык же педагогикалык билим артыкчылыкка ээ);
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө же билим берүү тутумунда кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы;
- эки жылдан кем эмес башкаруучулук тажрыйбасынын болушу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
22. Директордун орун басары дене тарбиялык же педагогикалык жогору билими бар адистердин ичинен конкурстук негизде уюштуруучу тарабынан дайындалат, ал окуу процессин уюштуруу, машыктыруучу-спорт боюнча окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн жоопкерчилик тартат, календардык пландын аткарылышын камсыз кылат, окуу-машыгуу сабактарынын өткөрүлүшүн контролдойт. Тарификация, спорттук наамдарды ыйгаруу боюнча зарыл документтерди даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Спорттук мектептеги уюштуруу-усулдук ишти жогорку же атайын орто билими бар методист жүзөгө ашырат жана ишин директордун орун басарынын түздөн-түз жетекчилиги астында аткарат.
Анын функцияларына окуу-машыгуу сабактарын өткөрүүнү контролдоону жүзөгө ашыруу, мектептеги усулдук кабинеттин ишин жетектөө, окуу-машыгуу документтерин жүргүзүү, разрядчыларды жана мектептин спорттук рекорддорун каттоо, медициналык мекемелер менен байланышты жүзөгө ашыруу кирет.
24. Мектептин машыктыруучу-окутуучу курамы жогору жана орто кесиптик дене тарбиялык билими бар же "спорт чебери", "эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар адистердин ичинен толукталат. Машыктыруучу-спорт боюнча окутуучулар балдардын жашоосу жана ден соолугу үчүн, топторду туура комплектөө, тарбиялоо жана окуу-машыгуу ишин өткөрүү үчүн жоопкерчилик тартат. Спортсмендердин медициналык кароодон өтүшүн жана аларды диспансеризацияланышын көзөмөлдөйт.
Келечектүү балдардын тандоону уюштурат. Жогору спорттук чеберчилик топторунун ар бир спортсмени үчүн окуу-машыгуу сабактарынын жеке пландарын иштеп чыгат. Тартипке көз салат жана катышуусун көзөмөлдөйт. Өткөрүлгөн сабактардын коопсуздугун жана санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын камсыз кылат. Жалпы жана атайын дене бой жагынан, техникалык жана спорттук даярдоо боюнча натыйжалардын системалык эсебин жүргүзөт.
Спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулар өз квалификациясын туруктуу жогорулатат.
Машыктыруучу-окутуучулардын функциялык милдеттери жана жүктөлгөн иши окуунун ар бир этабында төмөнкүдөй критерийлер боюнча аныкталат:
- баштапкы даярдоо топторунда - зээндүү, келечектүү балдарды жана өспүрүмдөрдү табуу максатында жалпы дене бой жагынан жана атайын даярдоону өткөрүү, машыгып жаткандардын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, өсүү динамикасын жана дене бой жагынан даярдоонун жеке көрсөткүчтөрүн, спорттун түрлөрүнүн техникасын өздөштүрүү деңгээлин көзөмөлдөө;
- окуу-машыгуу топторунда - машыгып жаткандардын ден соолугунун абалы, дене бой жагынан өнүгүү деңгээли, жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык даярдоо деңгээлинин динамикасы, спорттун түрлөрү боюнча программаларында каралган машыгуу иштеринин көлөмүн, программанын теориялык бөлүгүн өздөштүрүү;
- спорттук өркүндөтүү топторунда - дене бой жагынан өнүгүүнүн жана машыгып жаткандардын функциялык абалынын, спортсмендер тарабынан даярдоонун жеке планында каралган машыгуу жана мелдештик жүктөрдүн аткарылышынын деңгээли, спорттук-техникалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы, республикалык мелдештерге чыгуулардын натыйжалары;
- спорттук жогору чеберчиликтин топторунда - республикалык жана эл аралык мелдештерге чыгуулардын натыйжаларынын туруктуулугу, Кыргыз Республикасынын курама командаларынын курамына даярдалган спортсмендердин саны, Дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарында, Олимпиадалык, Азия, Паралимпиадалык жана Азиялык пара оюндарында жогору орундарды ээлеген спортсмендердин саны.
Спорттун түрүнүн ар бир бөлүгүндө мектептин директорунун буйругу менен машыктыруучу-окутуучулардын ичинен жогору дене тарбия же педагогикалык билими машыктыруучу-окутуучунун төрт ставкасы бар, машыктыруучу-окутуучу кызматында иштөө стажы 4 жылдан кем эмес улук машыктыруучу-окутуучу дайындалат.
Спорт боюнча улук машыктыруучу-окутуучу машыктыруучу-окутуучулар үчүн каралган функцияларды аткарат, машыктыруучу-окутуучулар тарабынан сабактардын коопсуздугун камсыз кылган тартиптин, эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт, топтордун туура комплектелишин жана окуучулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, окуу процессин уюштуруу жана пландаштыруу, кабыл алуучу жана контролдук сыноо өткөрүү, окуучулардын белгиленген мөөнөттө медициналык текшерүүдөн өтүшү, иштин эсебин жүргүзүү, жогору квалификациялуу спортсмендерди даярдоонун жеке келечектеги пландарын иштеп чыгуу, спорттук мелдештерди өткөрүү эрежелерин сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
25. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМлордо машыктыруучу кеңеш түзүлөт, анын курамына директор (кеңештин төрагасы), директордун орун басары (төраганын орун басары), методист, бөлүмдөрдүн улук машыктыруучулары, врач кирет.
Машыктыруучу кеңеш айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештерде (бекитилген планга ылайык) уюштуруучу, финансылык, окутуу-машыктыруу, усулдук, спорттук-массалык иш, врачтык контролдоо, кароолордун-конкурстардын жүрүшү ж.б. боюнча маселелер угулат, талкууланат жана чечимдер кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Окуучулардын милдеттери жана укуктары
26. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМлордун окуучулары төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү: өздөрүнүн теориялык, жалпы жана атайын дене бой жагынан даярдыгын үзгүлтүксүз жогорулатууга, спорттук чеберчилигин өркүндөтүүгө, спорттук тартипти жана гигиеналык талаптарды сактоого. Спорт менен машыгууну жалпы билим берүүчү мектептеги же башка окуу жайындагы ийгиликтүү окуу менен айкалыштырууга. Окуу-машыктыруу сабактарына үзгүлтүксүз катышууга, тартипти жана дисциплинаны сактоого, жетекчиликтин жана машыктыруучулардын тапшырмаларын аткарууга. Үлгү болууга, эң мыкты спортсмендерге теңелүүгө, өз жамаатынын салттарын сактоого жана көбөйтүүгө. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМже ал таандык болгон уюм (ведомство) үчүн мелдештерге чыгууга.
Жогору спорттук чеберчилик тобунун окуучулары окуу-машыгуу сабактарынын күндөлүгүн жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
27. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМлордун окуучулары мектепке, ошондой эле мектеп баш ийген уюмга тиешелүү болгон шайман, жабдуу, спорттук форма жана бут кийим, спорттук түзүлүштөр менен акысыз пайдаланууга, окуу-машыгуу жыйындарга жана мелдештерге катышуу мезгилинде тамак-аш, түнөк, дары-дармектер менен камсыз болууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. Спорттук ийгиликтер, үлгүлүү жүрүш-туруш жана БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМлордун коомдук жашоосуна жигердүү катышуу үчүн окуучулар мектептин "Ардак Китебине" киргизилет, алкыш жарыялоо аркылуу кызыктырылат, сыйлыктар, грамоталар ж.б. менен сыйланат.
Ички тартипти бузгандыгы үчүн окуучуларга карата машыктыруучу кеңештин чечими боюнча окуучуну спорттук мектептен чыгарып салууга чейинки тартип жаза чаралары колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Врачтык контролдоо
29. Врачтык контролдоо:
- баштапкы даярдоо топторунда спорттук мектептердеги врачтык контролдоо кабинетинин персоналы, саламаттыкты сактоонун райондук органдары;
- окуу-машыгуу топторунда, спорттук өркүндөтүү жана жогору спорттук чеберчилик топторунда врачтык-дене тарбия диспансеринин адистери тарабына жүзөгө ашырылат.
Спорттук мектептин врачы спорттук мектептин окуу-машыгуу процессин жана мелдештерин медициналык жактан камсыз кылууну, машыгуу жүктөмдөрүнүн алмашуусун жана күчөгөндүгүн контролдоону жүзөгө ашырат, спортсмендерди даярдоонун жеке пландарын түзүүгө катышат.
Ар бир окуучуга белгиленген үлгүдөгү врачтык-контролдук карта толтурулат, ал мектептин врачтык контролунун медициналык кабинетинде же врачтык-дене тарбия диспансеринде (аймактык эмкананын врачтык контролунун кабинетинде) сакталат.
VIII. Мектептин документтери
30. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМ төмөнкүдөй документтерге ээ болууга тийиш:
- имаратка техникалык паспорт;
- жерди мөөнөтсүз бөлүү же ижарага берүү жөнүндө актылар;
- бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын жылдык сметасы;
- уюштуруу, окуу, спорттук-массалык, усулдук, финансылык-чарбалык иш, машыктыруу-окутуу жана администрациялык аппараттын квалификациясын жогорулатуу, медициналык жактан камсыз кылуу, мектеп ичиндеги контролду уюштуруу бөлүктөрүн, өткөн окуу жылы үчүн иштерди талдоону жана отчетту, белгиленген формадагы статистикалык отчетторду камтыган мектептин ишинин жылдык планы;
- мектептин окуу топторун бөлүмдөр боюнча комплектөө планы;
- директор тарабынан бекитилген окуу сабактарынын тизмеси;
- окуу жылынын башында курагын, сабактардын стажын жана спорттук даярдалышын көрсөтүү менен бөлүмдөр жана окуу топтору боюнча мектептин окуучуларынын буйрук менен бекитилген тизмеси;
- штаттык сан жана тарификациялык тизмелер;
- мелдештердин, кабыл алуучу, контролдук ченемдердин протоколдору жана жалпы, атайын дене бой жагынан даярдоо боюнча алардын аткарылышын талдоо;
- окуу-машыгуу сабактарынын жылдык планы, жогору спорттук чеберчиликтин жана спорттук өркүндөтүү топторунун окуучуларын-спортсмендерин даярдоонун жеке пландары;
- финансылык чыгымдарды эсептөө менен мектептин спорттук-массалык иш-чараларынын календардык пландары;
- мектеп кызматкерлеринин ишинин эсебин жүргүзүү табели;
- медициналык кароонун китепчеси (суроо-талап боюнча);
- машыктыруулар кеңешинин жыйындарынын планы жана протоколу;
- мектептин кызматкерлеринин өздүк иштери, эмгек китепчелерин, ишеним каттарды жана башка документтерди берүүнүн, буйруктардын китептери.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
IX. Эмгек акыны төлөө шарттары
31. Машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маянасы бир жумада түздөн-түз окуу-машыктыруу ишинин 24 академиялык сааты үчүн белгиленет.
32. Атайын билими жок машыктыруучу-окутуучулар үчүн окутуу-машыктыруу процессин жүргүзүүгө укук берген милдеттүү түрдөгү шарт болуп "Спорттун чебери" же "Эл аралык класстагы спорттун чебери" деген спорттук наамынын болушу эсептелет, алардын кызматтык маянасы билими жок машыктыруучу-окутуучулар үчүн каралган өлчөмдө аныкталат.
33. Cаяпкерлердин кызматтык маяналары атайын билими жок машыктыруучу-окутуучу курам үчүн каралаган өлчөмдөрдө аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы N 78 токтомунун редакциясына ылайык)
33-1. Хореографтардын эмгек акыларын төлөө тийиштүү билими бар машыктыруучу-окутуучулардын эмгек акыларын төлөгөндөй эле шартта жүргүзүлөт. Мында, хореографтын жогорку же атайын орто билими же болбосо "спорттун чебери" же "эл аралык класстагы спорттун чебери" деген спорттук наамы болушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы N 78 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Жылдын ичинде жогору натыйжаларды көрсөткөн спортсмендерди даярдоо үчүн машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына үстөк төлөмдөр ар бир спортсменге эң жогору көрсөткүч боюнча берилет жана эки жыл бою күчүндө болот.
35. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
36. Директорго, директордун орун басарына, мектептин методистине өз мектебинде жумасына 12 саат машыктыруу-окутуу ишин жүргүзүүгө уруксат берилет, ал тиешелүү билими бар машыктыруучу-окутуучунун кызматтык маянасынын 0,5нен көп эмес эсеп боюнча төлөнөт.
X. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМлордун финансылык иши
37. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМлорду каржылоо бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүнүн жана мыйзамга каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
38. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен керектүү жабдууларды жана башка материалдык ресурстарды сатып алууга, ижарага алууга, өз каражаттарынын эсебинен жамааттын социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөткөн иш-чараларды каржылоого, имараттарды, спорттук курулуштарды, жабдууларды, транспорттук каражаттарды, инвентарды ижарага, убактылуу пайдаланууга берүүгө жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамында тыюу салынбаган кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
39. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМ өз алдынча бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана белгиленген тартип боюнча отчет берет.
Иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жана окуу-машыгуу процессин үзүрлүү камсыз кылуу максатында, БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМ спорттук мектепке бөлүнгөн акча каражаттардын чегинде сатып алына турган адистештирилген автотранспортко (кайыктарды, курал-жарактарды, аттарды ташуу үчүн атайын машиналар, велосипедчендерди коштоп жүрүү үчүн атайын машиналар, сууда сүзүүчү каражаттар (моторлуу кайыктар, катерлер ж.б.) ээ боло алат.
БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМ ар квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында же мектептин сайтына финансылык каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетту жайгаштырышат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомунун редакциясына ылайык)
XI. БӨСМ, ОРАБӨМ, БӨСАМ, ПРБӨМлордун эл аралык иши
40. Ар бир спорттук мектеп дене тарбияны жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органынын, Улуттук олимпиялык комитеттин, федерациялардын жана башка коомдук уюмдардын линиясы эл аралык иш-аракетке катышканга, чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алууну жүзөгө ашырууга, белгиленген тартипте чет өлкөлүк уюмдар менен машыктыруучу-окутуучу курамдар жана окуучулар менен алмашуу, биргелешкен спорттук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө, ошондой эле мыйзамдарга ылайык эл аралык уюмдарга кирүүгө укуктуу.
|
| Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө типтүү жобого тиркеме |
Спорттук даярдоо боюнча ЧЕНЕМДИК ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 337, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 740 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Спорттун түрү | Окутуу процессинин этаптары | |||||||||
окуу-машыгуу | спорттук өркүндөтүү | жогорку спорттук чеберчилик | |||||||||
1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | 4 жыл | 5 жыл | 1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | 1 жыл | 2 жыл | ||
1 | Акробатика | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
2 | Альпинизм | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
3 | Айкидо | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
4 | Кол күрөш | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
5 | Бадминтон | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
6 | Баскетбол | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | СЧТ |
7 | Биатлон | - | - | III | II | I | 50% I | 50%СЧТ | 75% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
8 | Бильярд спорту | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
9 | Бокс | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
10 | Күрөштүн бардык түрү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
11 | Кулатуу күрөшү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
12 | Кыргыз күрөшү, лейлек күрөшү, алыш күрөшү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
13 | Бел боо күрөшү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
14 | Самбо күрөшү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
15 | Эркин күрөш | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
16 | Грек-рим күрөшү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
17 | Аялдар күрөшү | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
18 | Каратэ жана башка жеке таймаштардын түрлөрү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
19 | Велоспорт | - | Өс. | III | II | I | СЧТ | 50% СЧ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
20 | Волейбол | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
21 | Кум үстүндөгү волейбол | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
22 | Гимнастика | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
23 | Гиря спорту | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
24 | Кайык менен сүзүү (академикалык, байдаркадагы жана каноэдеги) | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
25 | Парус спорту | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
26 | Тоо лыжа спорту | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50%СЧ | СЧ |
27 | Дзюдо | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
28 | Картинг | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
29 | Көк бөрү | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50%СЧ | СЧ |
30 | Ат спорту | - | Өс. | III | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
31 | Жеңил атлетика | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
32 | Ордо | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
33 | Пауэрлифтинг | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
34 | Сууда сүзүү | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
35 | Кол тобу | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% КМС | СЧТ | СЧТ |
36 | Ок атуу | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
37 | Жаа атуу | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
38 | Азыркы беш таймаш | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
39 | Бий спорту | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
40 | Чоң теннис | - | Өс. | III | II | II | I | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
41 | Стол үстүндөгү теннис | - | Өс. | III | II | II | I | I | 50% СЧТ | СЧТ | СЧТ |
42 | Спорттук туризм | - | Өс. | III | II | 50% I | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
43 | Оор атлетика | - | Өс. | III | II | II | I | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
44 | Ушу | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ | СЧ |
45 | Фехтование | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | 50% СЧ |
46 | Көркөм муз тебүү | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
47 | Футбол | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
48 | Шахмат, тогуз коргоол, шашки | - | Өс. | III | II | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ | СЧ |
49 | Хоккей шайба менен, хоккей топ менен | - | - | - | Өс. | III | II | I | 50% СЧТ | СЧТ | 50% СЧ |
Кабыл алынган кыскартуулар:
Өс. - өспүрүмдөр разряды;
I - биринчи разряд;
II - экинчи разряд;
III - үчүнчү разряд;
СЧТ - спорт чеберине талапкер;
СЧ - спорт чебери.