Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 166/51-6
Кыргыз Республикасында накталай жана накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын камсыз кылуу, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындыгына жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программа (үчүнчү этап), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) (мындан ары - Мамлекеттик программа) ишке ашырууга карата иш-чаралар планы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылышсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө топтомо маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турушсун.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилерине Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышын координациялоону улантсын.
6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө саламаттык сактоо уюмдарынын кассаларына медициналык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарын орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелери Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөлүк опурталдарга жол бербөө максатында эмгек акыларды, ошондой эле пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөөлөрдү өлкөнүн бюджетине/бюджетинен "Элкарт" улуттук төлөм картына которуу боюнча иш-чараларды улантышсын.
8. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын региондорунда банк жана төлөм инфратүзүмдөрүн кеңейтүү;
- банктык кызмат көрсөтүүлөргө тариф саясатын түзүүдө калктын эмгек акысы аз категориясын, ошондой эле социалдык төлөөлөрдү, пенсия жана жөлөкпулдарды алган адамдарды да эске алуу менен тарифтерди белгилөө.
9. Калкка товарларды берүүчү жана кызмат көрсөтүүчү ишканаларга товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн дайыма болуучу төлөмдөрдү калктын накталай эмес төлөөнүн ар кандай формаларын жана каражаттарын пайдалануу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу сунушталсын.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Улуттук банкынын төрагасы |
С.Исаков |
| Т.Абдыгулов |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) ишке ашырууга карата ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучу |
1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн системасынын уюштуруу-укуктук жактан өнүгүшүн камсыз кылуу/өркүндөтүү | |||
1.1 | "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына банктык жабдууларды (банкоматтарды, төлөм терминалдарын, күркөлөрдү жана POS-терминалдарды) сатып алуу/орнотуу боюнча мамлекет үлүш кошуп катышкан коммерциялык банктар үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү, ошондой эле банктык жабдууларды орнотуу үчүн турак-жай болуп саналбаган жайларды ижарага алуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-2019-жылдар | ФМ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча) |
1.2 | "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жеке ишкерлердин милдеттүү медициналык камсыздандырууну накталай эмес формада төлөөсү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-2019-жылдар | ММКФ, ССМ, КБ (макулдашуу боюнча), Соцфонд |
1.3 | "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жаңы инновациялык банктык продукттарды атайын режимде (тесттен өткөрүү) чыгарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-2020-жылдар | УБ, ЭМ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО (макулдашуу боюнча), БАО (макулдашуу боюнча) |
1.4 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине банктык жабдууларды импорттоодо коммерциялык банктарды КНС төлөөдөн бошотууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жыл | УБ, ЭМ, КБ (макулдашуу боюнча), "КББ" ЮЖБ (макулдашуу боюнча) |
1.5 | Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууда эскроу-эсеп келишимин пайдалануу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жыл | ЭМ, УБ, Мамкаттоо |
1.6 | Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын орнотулбагандыгы же алардын иштебегендиги үчүн жоопкерчиликке тартууну караштыруучу өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2019-2020-жылдар | ЭМ, Монополияга каршы агенттик, МСК, УБ |
1.7 | Чарба жүргүзүүчү субъекттердин эмгек акыларын банктык төлөм карттарына которуу боюнча бизнес-ассоциациялар менен бирге иш-чаралар планын түзүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге эмгек акыларды накталай эмес формада төлөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-2019-жылдар | ЭСӨМ, ЭМ, БИМ, ММБФ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жана башка мамлекеттик органдар, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
2. Калк арасында накталай эмес формада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жайылтуу | |||
2.1 | Товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан банктык тейлөө системасын пайдаланууга карата жарандарга түрткү берүүчү иш-чараларды өткөрүү | 2018-2022-жылдар | "КББ" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ |
2.2 | 16 жашка толгон өспүрүмдөр үчүн паспорт (ID-карт) алууда банктык төлөм карттарын жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү | 2018-2019-жылдар | УБ, КБ (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо |
2.3 | Заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан банктык тейлөө системасын пайдалануунун артыкчылыктары жана пайдасы жөнүндө калкка маалымат берүү (видеороликтер, аудиороликтер жана жарыялоолор) | 2018-2022-жылдар | УБ, "КББ" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча) |
2.4 | Атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымдоо | 2018-2022-жылдар | БИМ, "КББ" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), УБ |
2.5 | Калкка банктык төлөм карттарын/электрондук капчыктарды пайдалануунун жана тейлөөнүн эрежелери, банктык жабдууларды орнотуу пункттары тууралуу маалымат берүү | 2018-2019-жылдар | КБ (макулдашуу боюнча), "КББ" ЮЖБ, ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча), УБ |
2.6 | Товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес формада сатууда сатуудан салыктын төмөндөшү тууралуу калкка маалымат берүү | 2018-жыл | МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ЭМ |
2.7 | Жарандарга соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада төлөөгө түрткү берүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2018-жыл | МСК, КБ (макулдашуу боюнча), жеке ишкерлер (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча) |
3. Накталай эмес формада төлөмдөр | |||
3.1 | Салыктарды накталай эмес формада төлөө жана алыскы региондорду төлөм терминалдары менен жабдуу долбоорлорунун иштөө чөйрөсүн кеңейтүү | 2018-2022-жылдар | МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) |
3.2 | Калктын товарлар (иштер, кызматтар) үчүн накталай эмес формада төлөөсүн камсыздоого карата соода уюмдарын (тейлөө) демилгелөөнү күчөтүү боюнча чараларды көрүү | 2018-2020-жылдар | КБ (макулдашуу боюнча), МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
3.3 | Борборлоштуруп кайра бөлүштүрүү аркылуу соода түйүндөрүндө банктык жабдууларды бирдей орнотууну камсыздоо | 2018-2022-жылдар | КБ, УБ, ББА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
3.4 | Калк алуучу социалдык төлөмдөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды "Элкарт" улуттук төлөм картына которуу | 2019-2020-жылдар | Соцфонд, КБ, ЭСӨМ |
3.5 | Пенсиялык эсептердеги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат алмашуу боюнча бирдиктүү базаны түзүү | 2019-2022-жылдар | Соцфонд, Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) |
3.6 | Белгилүү бир категориядагы кардарларды (мектеп окуучулары, студенттер, жактар, мигранттар картасы ж.б.) кошо алганда алдын ала төлөнгөн, кредиттик жана дебеттик карталардын түрлөрүн кеңейтүү | 2019-2020-жылдар | КБ (макулдашуу боюнча) |
3.7 | Республиканын региондорунда банктык жана төлөм жабдууларынын орнотулушун контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, банктардын агенттик түйүндөрүн өнүктүрүү | Туруктуу негизде | КБ (макулдашуу боюнча), "Кыргызпочтасы" МИ, ЮЖ, ЖИ, ОССИ (макулдашуу боюнча) |
3.8 | "Smart city" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын 20 шаарын банктык жабдуулар менен камсыз кылуу/орнотуу | 2018-2019-жылдар | ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча) |
3.9 | Транспорттук/жүргүнчүлөрдү ташуу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдү накталай эмес/электрондук жана аралыктан кабыл алууну камсыз кылуу (TRANS - PAY, алдын ала төлөнгөн карттар, НСЕ жана QR-код, NFC-технологиялар) | 2018-2022-жылдар | ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК, ЮЖ (макулдашуу боюнча), МТБМК |
3.10 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн банктык карт, интернет-банкинг, электрондук капчык ж.б. аркылуу накталай эмес формада төлөмдү жайылтуу | 2018-жыл | КБ (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо, МСК, МТБМК, "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), УБ жана башка мамлекеттик органдар |
4. Банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү | |||
4.1 | Банктык төлөм карттарын жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу операциялар чөйрөсүндө банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтик саясатын өркүндөтүү. Чекене банктык кызматтар боюнча тарифтерди калктын анча жогору эмес эмгек акы алган категориясын, ошондой эле социалдык төлөөлөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды алган адамдарды эске алуу менен белгилөө | 2018-2020-жылдар | КБ (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, УБ, "КББ" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) |
4.2 | Жашы улгайып калган жарандарды (65 жаштан жогору), жаштарды, ошондой эле буга чейин банктык кызматтардан пайдаланбаган жарандарды накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тартуу максатында бонустук программаларды иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү | 2018-жыл | КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, Соцфонд |
4.3 | Региондордо салык төлөмдөрүн накталай эмес формада кабыл алуу (терминалдар, банкоматтар, башка аралыктан банктык тейлөө ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) боюнча иш-чараларды жүргүзүү | Туруктуу негизде | МСК, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) |
5. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин жана коопсуздугун, карта ээлери үчүн өз алдынча тейлөө жабдууларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо | |||
5.1 | Өз алдынча тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн документтерди макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, аларда төмөнкүлөр каралат: | 2018-2022-жылдар | ББА, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
5.1.1 | - долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан ичтен пайдаланылуучу банктык жабдууларды орнотуу; | ||
5.1.2 | - долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, имараттын негизги конструкциясына таасирин тийгизбеген тыштан пайдалануу үчүн банктык жабдууларды орнотуу; | ||
5.1.3 | - долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, тыштан пайдаланууга өз алдынча тейлөө жабдуулары боюнча маалымат көрсөткүчтөрүн жана (же) коргоо түзүлүштөрүн (козырёк, ширмалар ж.б.) орнотуу | ||
5.2 | Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм терминалдарын банктык төлөм карттарды жана электрондук капчыктарды тейлөө программасын иштеп чыгуу жагында модификациялоо | 2020-2022-жылдар | КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ |
6. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуунун инновациялык ыкмаларын жайылтуу | |||
6.1 | Калктын эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүсүндө (транспорт/ири чекене/дүң рыноктор, коомдук тамактануу пункттары ж.б) аралыктан башкарылуучу технологияларды жайылтуу маселесин иштеп чыгуу | 2018-2022-жылдар | КБ (макулдашуу боюнча), УБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МТБМК (макулдашуу боюнча) |
6.2 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өз алдынча тейлөө жабдууларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында ыңгайлуу технологияларды жайылтуу | 2018-2022-жылдар | КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ |
6.3 | Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын бириктирген улуттук бирдиктүү төлөм жана эсептешүү системасын түзүү | 2018-2020-жылдар | УБ, "БПБ" ЖАК, МТБМК, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) |
7. Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин инновациялык санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана IT-коопсуздугу жагында квалификациясын жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу | |||
7.1 | Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин IT-коопсуздук, киберкоопсуздук, IT-аудит жагында квалификациясын жогорулатуу | 2019-2020-жылдар | БИМ, УБ, ЭККМК, УКМК, ФЧМК |
7.2 | Кибер чабуулга чара көрүү маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү, төлөм системасы жагында кибер кылмыштуулуктун коркунучунун төмөндөшүн аныктоо | 2018-2019-жылдар | УБ, ЭККМК, УКМК, ФЧМК |
7.3 | Финансы-кредиттик жана банктык эмес уюмдардын кибер чабуулдарын, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудагы алдамчылыкты маалымдоо жана ыкчам чара көрүү | 2019-2022-жылдар | УБ, КБ (макулдашуу боюнча), ЭККМК, УКМК, ФЧМК |
Кыскартуулардын тизмеси
ЭМ | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ФМ | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТЖМ | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ССМ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСӨМ | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
МСК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Мамкаттоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
МТБМК | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
Монополияга каршы агенттик | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
ММКФ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ММБФ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
Соцфонд | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ББА | Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек башкы архитектурасы" муниципалдык ишканасы |
ЖӨБО | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
УБ | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
КБ | Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары |
ТСО/ТУ | төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары |
"БПБ" ЖАК | "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому |
"КББ" ЮЖБ | "Кыргызстан банктарынын бирикмеси" юридикалык жактарынын бирикмеси |
БОА | байланыш операторлорунун ассоциациясы |
ЮЖ | юридикалык жактар |
ЖИ | жеке ишкерлер |
ССИ | соода-сервистик ишканалар |