Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты № 168
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү сунушталгандар жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-январында кол коюлган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ TF0A3998) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-январында кол коюлган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ TF0A3998) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-январында кол коюлган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ TF0A3998) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-январында кол коюлган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ TF0A3998) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 168 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-январында кол коюлган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ TF0A3998) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2018-жылдын 24-январында кол коюлган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" (№ TF0A3998) экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы менен Көп тараптуу трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор тарабынан берилүүчү гранттык каражаттардын администратору катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу кат (мындан ары - Макулдашуу кат) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуу каттын долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 19-б буйругу менен жактырылган.
Сунушталган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" экинчи долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясын жүзөгө ашырууну жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 27-январындагы № 18-Б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2017-2019-жылдарга орто мөөнөттүү иш-аракет планын аткарууну колдоого алат. Долбоор өз ара байланыштагы жана өз ара колдоо көрсөтүүчү компоненттерди ичине камтыйт.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасында баяндалган максаттарга жетүүгө колдоо көрсөтөт, ал бириктирүүчү тема катары, мамлекеттик активдерди жана финансыларды башкарууда отчеттуулукту жана ачык-айкындуулукту башкарууну жана чыңдоону жакшыртуу максатында ачык жана айкын мамлекетти түзүүнү караштырат.
Долбоор Көп тараптуу трасттык фонд тарабынан Швейцариянын экономикалык иштер боюнча Мамлекеттик катчылыгынын жана Европа Союзунун салымдарынын эсебинен 3,014 миллион АКШ доллары суммасында каржыланат.
Сунушталган институттук реформалар мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы айкындуулукту жогорулатуунун жана отчеттуулукту күчөтүүнүн эсебинен жалпы башкаруу чөйрөсүн жакшыртат. Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программаларына ылайык акча каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугу жакшырат жана кызмат көрсөтүүдө көмөк көрсөтүлөт.
Бул долбоордун негизги максаты болуп жыйынтыктардын негизинде бюджетти пландоо системасын өркүндөтүү, бюджетти аткарууну контролдоо механизмдерин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын бюджетинин ачык-айкындуулугун жакшыртуу эсептелет.
Аталган Макулдашуу катты ратификациялоо финансылык-экономикалык жана башка кандайдыр бир терс натыйжаларга алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.