Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-майы № 228
Аскердик тартиптин деңгээлин жогорулатуу, укуктук тартипти чыңдоо, укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү, соттолгон аскер кызматчыларын эмгекке жана аскердик кызматка чын дилден мамиле кылуу менен оңдоо жана кайра тарбиялоо, ошондой эле жаңы кылмыштардын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 143-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-ноябрындагы № 846 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик бөлүгү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |