ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы № 228 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция10.05.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 10-майы № 228

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

Аскердик тартиптин деңгээлин жогорулатуу, укуктук тартипти чыңдоо, укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү, соттолгон аскер кызматчыларын эмгекке жана аскердик кызматка чын дилден мамиле кылуу менен оңдоо жана кайра тарбиялоо, ошондой эле жаңы кылмыштардын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 143-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-ноябрындагы № 846 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик бөлүгү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев