Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-майындагы № 228 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип ЭРЕЖЕЛЕРИ
I глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн (мындан ары - тартиптик аскер бөлүгү) ички тартип эрежелери мөөнөттүү аскердик кызматтын кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон аскер кызматчыларын тартиптик аскер бөлүгүнө жиберүүнүн жана аларды кабыл алуунун тартибин, жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле тартиптик аскер бөлүгүнүн ишинин тартибин аныктайт.
2. Соттолгондорду оңдоонун жана кайра тарбиялоонун негизги каражаттары болуп: тартиптик аскер бөлүгүндө белгиленген жаза өтөөнүн тартиби жана режими, коомдук пайдалуу эмгек, тарбия иштери, аскердик даярдоо эсептелет.
Оңдоонун жана кайра тарбиялоонун каражаттары кылмыштын мүнөзүн, коомдук коркунучтуулугунун даражасын, соттолгондун ким экендигин, ошондой эле анын жүрүм-турумун, эмгекке жана аскердик кызматка болгон мамилесин эске алуу менен колдонулушу керек.
3. Соттолгондорду тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого негиз болуп мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун өкүмү же режимдин түрүн өзгөртүү жөнүндө соттун токтому (аныктамасы) эсептелет.
4. Соттолгондордун тартиптик аскер бөлүгүндө болуу убактысы аскер кызматынын жалпы мөөнөтүнө кошуп эсептелбейт.
5. Тартиптик аскер бөлүгүндө жаза өтөп жаткан адамдар Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мыйзамдар менен белгиленген милдеттерди алышат жана укуктарды пайдаланышат.
Өздүк курамдын тартиптик аскер бөлүгүндөгү кызматтын шартынан келип чыгуучу милдеттери, укуктары жана өз ара мамилелери аскердик уставдар жана ушул Эрежелер менен аныкталат.
6. Тартиптик аскер бөлүгү өзгөчө штат менен кармалат. Тартиптик аскер бөлүгүнүн уюштуруучулук түзүмү жана саны Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан аныкталат.
7. Тартиптик аскер бөлүгүн жетектөө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин кол башчысына жүктөлөт, ага офицердик кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, тартиптик аскер бөлүгүн иш майданы менен камсыздоо, соттолгондордун эмгегин уюштурууну, аскердик даярдыгын жана тарбиялоону контролдоо укугу берилет.
8. Тартиптик аскер бөлүгүнүн офицердик курамынын, прапорщиктеринин, сержанттарынын кызмат орундары тартиптүү, чечкиндүү, аскердик жагынан жакшы даярдалган, өзүнө баш ийгендерди тарбиялоо жана окутуу үчүн керектүү тажрыйбасы бар, соттолгондордун арасында тийиштүү тартипти жана катуу аскердик жүрүм-турумду уюштурууга жөндөмдүү аскер кызматчылары менен комплектиленет.
Тартиптик аскер бөлүгүнүн командири болуп дайындалуучу офицердин аскердик бөлүктөрдөгү командирлик кызматтарда эки жылдан кем эмес кызматтык стажы болушу керек.
9. Тартиптик аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн офицерлердин кызматынын мөөнөттөрүнүн чектери, ротанын командиринин кызмат ордун ээлеген офицерлердики - 4 жылдан, ал эми башка кызматтарды ээлегендердики - 3 жылдан ашпоого тийиш. Офицерлердин каалоосу менен алардын тартиптик аскер бөлүгүндө кызмат өтөөсүнүн мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
Кызматтын көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктаганда аттестациядан өткөн офицерлерге Кыргыз Республикасынын аймагынан гарнизон тандоого, анын ичинде жогорку кызмат орундарды тандоого укук берилет.
10. Тартиптик аскер бөлүгүнүн командири жана башка офицерлер кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык дайындалышат.
11. Тартиптик аскер бөлүгүндө ички жана кароол кызматтары Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 117 Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставынын, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 118 Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставынын жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык уюштурулат.
II глава. Соттолгондорду тартиптик аскер бөлүгүнө жиберүүнүн жана кабыл алуунун тартиби
12. Тартиптик аскер бөлүгүнө жиберүүгө соттолгон адамдар өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставында белгиленген тартипте гауптвахтада кармалат.
Тартиптик аскер бөлүгүндө жаза өтөөнүн мөөнөтү өкүмдө көрсөтүлгөн датадан баштап саналат.
13. Соттолгон адам тартиптик аскер бөлүгүнө өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенден кийин жиберилет.
Соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмдү аткаруу жөнүндө буйругун алганда аскер бөлүгүнүн командири (мекеменин башчысы) үч күндүк мөөнөттүн ичинде соттолгонду конвойдун коштоосу менен тартиптик аскер бөлүгүнө жиберет.
14. Аскер бөлүгүнүн командири (мекеменин башчысы) конвойдун жетекчисинен тартиптик аскер бөлүгүнө төмөнкүлөрдү жиберет:
а) коштомо документти;
б) соттун өкүмүнүн жана күчүнө кирген өкүмдү аткаруу жөнүндө буйруктун көчүрмөлөрүн, ал эми өкүмгө өзгөртүү кирген учурда ошондой эле жогорку инстанциядагы соттун аныктамасынын көчүрмөсүн;
в) каттоо-кызматтык жана кызматтык карточкаларды, ошондой эле медициналык китепчени;
г) аскердик билетти;
д) азык-түлүк, буюм жана акча аттестаттарын;
е) аскер бөлүгүнүн командири (мекеменин начальниги) же бөлүктүн штабынын начальниги жана соттолгон адам кол койгон тизме менен (эки нускада) өздүк буюмдарды.
15. Тартиптик аскер бөлүгүнө жиберилүүчү соттолгондор камсыздоо ченемдерине ылайык аларда колдонулуучу күнүмдүк аскер кийими менен камсыздалышат.
16. Соттолгондор тартиптик аскер бөлүгүнө тартиптик аскер бөлүгүнүн атайын жана медициналык кызматтарынын кызматкерлеринин катышуусунда аскер бөлүгүнүн нөөмөтчүсү тарабынан кабыл алынышат. Иш убактысынан башка убакта келген соттолгондор аскер бөлүгүнүн нөөмөтчүсү тарабынан кабыл алынат жана кийин милдеттүү түрдө медициналык кызматкер тарабынан каралат.
17. Соттолгондорду кабыл алууда аскер бөлүгүнүн нөөмөтчүсү ушул Эрежелердин 14-пунктунда каралган документтердин бар экендигин текшерет жана алардын соттолгон адамга таандыктыгын аныктайт. Документтер кагаз пакеттерге салынып, мөөр басылышы керек, кагаз пакет же мөөр бузулган учурда аскер бөлүгүнүн нөөмөтчүсү кароолдун башчысы менен биргеликте тиешелүү акт түзөт.
18. Медициналык кызматкер соттолгондордун денесинде жаракат бар же жок экендигин аныктоо максатында сыртынан карап текшерип, тиешелүү акт түзөт.
19. Маалыматтарды тактагандан кийин тартиптик аскер бөлүгүнө келген соттолгондор толук тинтилет, жеке буюмдары текшерилет. Соттолгондорго жанына алып жүрүүгө, посылка, аманат, бандероль аркылуу алууга же сатып алууга тыюу салынган Тийиштүү тизмеде (1-тиркеме) каралган буюмдар, заттар, документтер жана тамак-аш азыктары (мындан ары буюмдар), ошондой эле Тизмеде каралбаган, соттолгондорго жанына алып жүрүүгө, посылка, аманат, бандероль аркылуу алууга же дүкөндөрдөн сатып алууга уруксат берилген буюмдар жана тамак-аш азыктары (2-тиркеме) алардан алынат жана, тартиптик аскер бөлүгүнүн командиринин чечими менен сактоого коюлат же жок кылынат жана ал жөнүндө тиешелүү акт түзүлөт.
20. Толук тинтүү жана жеке буюмдарын кароо бүткөндөн кийин соттолгон адам жалгыз кишилик камерага жайгаштырылат, андан кийин ооруларды, анын ичинде ВИЧ/СПИД жана башка инфекциялык ооруларды аныктоо үчүн анализ алуу менен тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өтөт. Анализдердин жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин соттолгон адам дарыгердин "ден соолугу таза" деген корутундусу менен өзгөрмөлүү курам үчүн казармага жайгаштырылат. Инфекция же башка оору аныкталган учурда соттолгон адам дарылоо үчүн бөлүктүн медициналык пунктуна жайгаштырылат же Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 148-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык госпиталга дарылоого жиберилет.
Соттолгон адам тартиптик аскер бөлүгүнө келген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча туугандарынын бирине тартиптик аскер бөлүгүнүн почталык дареги, 2-тизме боюнча уруксат берилген буюмдарды жана тамак-ашты, кат алышуунун, акча которуунун жана алуунун, соттолгондордун тартиптик бөлүктүн чегинен сыртка чыгуусунун, жолугушуусунун, телефон менен сүйлөшүүсүнүн тартиптерин көрсөтүү менен билдирүү жиберилет.
21. Соттолгон адам тартиптик аскер бөлүгүнө келгенден жана тизмеде саналган документтер менен буюмдарды алгандан кийин тартиптик аскер бөлүгүнүн командири өздүк буюмдардын тизмесинин экинчи нускасына кол коюп, гербдүү мөөр менен бекитет жана тизменин ушул нускасын конвойдун начальнигинен соттолгон адамды жиберген аскер бөлүгүнүн командирине (мекеменин начальнигине) кайтарат. Өздүк буюмдардын тизмесинин биринчи нускасы тартиптик аскер бөлүгүндө калат. Тартиптик аскер бөлүгүнүн башчысы өкүм чыгарган сотко соттолгон адамдын келгендиги тууралуу билдирет.
22. Соттолгон адамга таандык акча жана баалуулуктар конвойдун башчысы тарабынан тартиптик аскер бөлүгүнүн финансы бөлүгүнө тапшырылат жана андан соң соттолгон адамдын өздүк банктык эсебине которулат. Акча соттолгон адамдын өздүк банктык эсебине которулгандыгы жөнүндө квитанция финансы бөлүгүндө сакталат. Ордендер, медалдар, төш белгилери жана аларга тийиштүү документтер, ошондой эле банктык (кредиттик) төлөм карточкалары тартиптик аскер бөлүгүнүн штабында мөөр басып бекитилген сейфте (темир шкафта), ал эми соттолгон адамдын башка буюмдары атайын кампада сакталат.
23. Тартиптик аскер бөлүгүндө бардык соттолгон адамдарга төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
а) соттолгон адамдарды форма боюнча каттоо китеби: аты-жөнү, туулган күнү, аскерге чакыруу датасы, кайсы бөлүктөн жана качан келгендиги, кайсы сот тарабынан, эмне үчүн, кайсы мөөнөткө соттолгондугу (кылмыштын аталышы жана Кылмыш-жаза кодексинин беренеси); жазанын мөөнөтү качан аяктайт; үй-бүлөлүк абалы жана үй-бүлөсүнүн дареги; соттолгон адамдан кабыл алынган ордендердин, медалдардын, төш белгилердин жана алардын документтеринин аталыштары; кабыл алынган акчанын суммасы, баалуу кагаздардын аталышы (суммасы); качан бошотулган жана тартиптик аскер бөлүгүнөн кайда кеткен; соттолгон адамдын бөлүккө келгендиги жөнүндө белги (аскер бөлүгүнүн командирине билдирүүнүн номери жана датасы);
б) соттолгондун өздүк буюмдарынын тизмеси;
в) өздүк делосу (коштоочу документ, сот өкүмүнүн жана мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдү аткаруу жөнүндө буйругунун көчүрмөсү, ал эми өкүм кассация же көзөмөл тартибинде өзгөргөндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү, каттоо-кызматтык жана кызматтык карточкалары, медициналык китепче, аскердик буклет, мүнөздөмө ж.б.).
24. Соттолгондор бөлүккө келген күндөн тартып тартиптик аскер бөлүгүнүн өзгөрмөлүү курамынын тизмесине киргизилет жана алар келген аскердик кошуундардын жана бөлүктөрдүн эсебинен камсыздалышат.
III глава. Соттолгондорду жайгаштыруу жана кармоо режими
25. Тартиптик аскер бөлүгү гарнизондун башка аскер бөлүктөрүнөн бөлөк жайгаштырылат.
26. Күзөт бөлүгүн, тартиптик аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларын жайгаштырууга арналган бардык кызматтык жана турак жайлар, ошондой эле атуучу куралдар жана ок-дарылар үчүн кампалар соттолгондорду жайгаштыруу жана тейлөө үчүн арналган аймактан (зонадан) сырткары жайгаштырылат.
27. Соттолгондорду жайгаштыруу жана тейлөө үчүн арналган турак жана турак эмес жайлар жайгашкан аймак (зона) бийиктиги 2,5 метрден кем эмес бекем дубал жана эки катар зым менен тосулуп, кайтаруунун техникалык каражаттары менен жабдылышы керек.
28. Тартиптик аскер бөлүгүнө кирүүчү дарбазалар дайыма жабык болуп, бөлүк боюнча нөөмөтчүнүн буйругу боюнча ачылууга тийиш.
29. Соттолгондор жайгаштырылган бөлмөлөрдүн терезелеринде жана каалгаларында темир тор болушу керек. Бөлмөдө түнкүсүн нөөмөттүк жарык калтырылат.
30. Соттолгондор тартиптик аскер бөлүгүнүн аймагынан тышкары жумуштарга жана сабактарга бөлүмчөнүн же взводдун курамында катар менен, куралдуу конвойдун кайтаруусунда жана тийиштүү командирлердин командасы астында (чыгуу жана кайтып келүү китебине жазуу менен) чыгарылат. Конвойдун саны ар бир өзүнчө учурда тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан аныкталат жана иштөө же сабак учурунда соттолгондорду ишенимдүү кайтарууну жана алардын иш-аракетин тийиштүү контролдоону камсыздоого тийиш.
Аймакка (зонага) кирүүчү жана чыгуучу автомобиль транспорт бөлүктүн нөөмөтчүсү тарабынан карап текшерилет.
Оңолуп келе жаткандардын разрядына кирген соттолгондорго тартиптик аскер бөлүгүнүн командиринин буйругу менен конвойсуз жүрүүгө уруксат берилиши мүмкүн.
31. Конвойлор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставынын (мындан ары - Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы) талаптарына ылайык кызмат өтөшөт жана соттолгондордун белгиленген тартипти бузуусуна жол бербөөгө, алардын жумушка ак ниет мамиле кылуусуна жана бөлөк адамдар менен сүйлөшпөөсүнө байкоо жүргүзүүгө милдеттүү.
Соттолгондордун бардык эреже бузуулары жөнүндө конвойлор тийиштүү командирге маалымдашат, ал эми соттолгон адам качкан учурда конвойлор Гарнизондук жана кароол кызматынын уставына ылайык курал колдонушат.
32. Соттолгондордун атына келген посылкалар, аманаттар жана бандеролдор текшерилүүгө тийиш. Аларды текшерүү жана соттолгондорго берүү тартиби тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан аныкталат, мында посылкаларды жана бандеролдорду соттолгондор өздөрү, бөлүк боюнча нөөмөтчү офицердин же батальондун прапорщигинин катышуусунда ачышат жана ичиндегилерди алышат.
Учурашууга келгендер алып келишкен азык-түлүктөр жана соттолгондорго пайдаланууга уруксат берилген буюмдар, тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан дайындалган кызматкерге ушул пункт менен белгиленген тартипте соттолгонго берүү үчүн тапшырылат.
Жаза өтөө мезгилинде соттолгонго саны чектөөсүз кат алышууга, посылка, бандеролдорду, аманаттарды алууга уруксат берилет.
Соттолгондорго өз эсебинен саны чектөөсүз каттарды жана телеграммаларды алууга жана жиберүүгө уруксат берилет. Келген каттарды тартиптик аскер бөлүгүнүн өкүлү берет жана соттолгондор катты анын катышуусунда ачууга милдеттүү, мында каттардын мазмуну текшерилбейт.
33. Посылкада, аманатта, бандеролдо, катта соттолгондорго тыюу салынган буюмдар табылган учурда алып коюлат да, соттолгондун өздүк буюмдарынын тизмесине киргизилип, анын башка өздүк буюмдары менен чогуу жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталат.
Куралдар, бычактар, уулуу жана баңги заттары алып коюлат жапа соттолгонго кайра берилбейт. Ушундай буюмдар жана заттар табылгандыгы жөнүндө тартиптик аскер бөлүгүнүн командири дароо аскер прокуроруна билдирет.
34. Соттолгондордун наамына келип түшкөн акчалар алардын өздүк банктык эсебине которулат, бул жөнүндө соттолгондорго маалымат берилет.
35. Соттолгондор тарабынан дареги боюнча жиберилүүчү каттар чапталган түрдө почта ящигине салынат. Каттарды ачууга тыюу салынат.
36. Соттолгондорго жолугушуулар берилет: кыска мөөнөттүү - узактыгы төрт саатка чейин; узак мөөнөттүү - тартиптик аскер бөлүгүнүн аймагында, узактыгы эки суткага чейин. Соттолгондун же жолугушууга келген адамдын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жолугушуунун убактысы кыскартылышы мүмкүн.
37. Кыска мөөнөттүү жолугушууларга уруксат жубайы, туугандары же башка адамдар менен айына бир жолу, жумуштан жана сабактан бош убактарда, тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан аныкталган күндөрдө жана сааттарда берилет жана тартиптик аскер бөлүгүнүн өкүлүнүн көзөмөлү астында атайын ылайыкталган бөлмөдө өтөт.
38. Узак мөөнөттүү жолугушуулар жубайы, жакын туугандары менен бир жылда эки жолу, тартиптик аскер бөлүгүнүн атайын ылайыкталган бөлмөсүндө чогуу жашоо же тартиптик аскер бөлүгүнүн командиринин чечими боюнча тартиптик аскер бөлүгүнүн аймагынан сырткары жашоо укугу менен берилет. Узак мөөнөттүү жолугушуулар убагында соттолгондор жумуштан жана сабактан бошотулушат.
39. Юридикалык жардам алуу үчүн соттолгондорго алардын арызы боюнча адвокат же ордер-тапшырмасы, юридикалык жардам көрсөтүүгө укук берген башка документи бар адамдар менен жолугушуу берилет. Жолугушуулар көзмө-көз, саны жана убактысы чектелбестен берилет.
40. Соттолгондорго жумуштан жана сабактан бош учурларда саны чектелбеген, узактыгы он беш мүнөткө чейин созулган телефон менен сүйлөшүү укугу берилет. Телефон менен сүйлөшүү соттолгондордун же жубайынын, жакын туугандарынын каражатынын эсебинен төлөнөт. Соттолгондордун телефон менен сүйлөшүү укугун ишке ашыруу үчүн тартиптик аскер бөлүгүнүн командачылыгы колдонууда болгон Телекоммуникация каражаттарын пайдаланат.
41. Жакын туугандын өлүмү же оорулуунун өмүрүнө коркунуч келтирген катуу оорусу, соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө орчундуу материалдык зыян келтирген табигый кырсык сыяктуу өзгөчө учурларга байланыштуу, соттолгонго тартиптик аскер бөлүгүнүн аймагынан сырткары жети суткага чейинки убакытка кыска мөөнөттүү жолго чыгууга уруксат берилиши мүмкүн, мында барып-келүүгө кеткен убакыт эсепке алынбайт.
42. Тартиптик аскер бөлүгүнүн аймагынан сыртка кыска мөөнөткө чыгууга уруксат тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, жасалган кылмыштын классификациясын, өтөлгөн мөөнөтүн, соттолгондун ким экендигин жана жүрүш-турушун эске алып, көзөмөлдөөгө ыйгарым укуктуу прокурорго кабарлоо менен берилет.
Соттолгон адамдын тартиптик аскер бөлүгүнүн аймагынан сыртка баруусуна берилген уруксаттын мезгили жазаны өтөө мөөнөтүнө кирет.
43. Соттолгондун кыска мөөнөткө чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы бир суткадан кеч эмес мөөнөттө каралат.
Кыска мөөнөттүү жолго чыгууга уруксат берүү жөнүндө арызга өзгөчө жеке жагдайларын далилдеген документтер тиркелет (саламаттык сактоо органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымкат жана ошол документтерди берген жердеги жергиликтүү аскердик башкаруу жана ички иштер органдары күбөлөндүргөн расмий документтер, соттолгондун бошогондон кийинки эмгек же тиричилик маселесин алдын ала чечүү жөнүндө арызы жана социалдык кызматкердин жүйөлүү сунушу).
44. Кыска мөөнөткө чыгууга уруксат алган соттолгон адамга белгиленген формадагы күбөлүк (3-тиркеме) берилет, чыгуу тартиби түшүндүрүлүп, жазаны өтөөдөн качкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылаары жөнүндө эскертилет, эскертилгени жөнүндө кол койдурулат (4-тиркеме).
Жол жүрүүгө билетти соттолгон адам өз эсебинен сатып алат. Тартиптик аскер бөлүгүнүн командачылыгы ага бул жагынан жардам көрсөтөт.
45. Чыгуу мезгилинде соттолгон адам өзүнүн жарандык кийимин жана бут кийимин алууга укуктуу.
46. Дайындалган жерге барганда соттолгон адам бир сутканын ичинде ички иштер органынын нөөмөт бөлүгүнө, ал эми айыл жеринде - милициянын участоктук инспекторуна барып, күбөлүккө келгендиги жөнүндө белги койдуруп, келгендеги максаты, мөөнөтү, тура турган жери жана кетүүчү датасы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Кетип жатканда ошол эле ички иштер органынан күбөлүккө тартиптик аскер бөлүгүнө кетип жаткандыгы жөнүндө белги койдурат. Тартиптик аскер бөлүгүнө түнкүсүн же эртең менен эрте кетип жатса белги кетер күндөн мурунку күнү коюлат. Келген жана кеткен күндөрү жөнүндө белги ички иштер органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
47. Тартиптик аскер бөлүгүнө келгенде соттолгон адам күбөлүктү көрсөтөт.
48. Соттолгон адам сапар учурунда ооруп калып, ооруканага жаткыруу зарылдыгы болсо, туугандары же башка адамдар ал жаза өтөп жаткан тартиптик аскер бөлүгүнө жана келген жердеги ички иштер органына тезинен маалымдашат. Мындай учурда ал жазык-аткаруу системасынын жакынкы дарылоочу мекемесине же саламаттык сактоо органдарынын мекемесине дарыланууга жиберилет. Соттолгон адам дарыланып чыккандан кийин ушул главада белгиленген тартипте жаза өтөөчү жайга кетет.
49. Соттолгон аскер кызматчыларына өргүү берилбейт.
50. Тартиптик аскер бөлүгүндө жаза өтөө мезгилинде бардык соттолгондор катардагы жоокердин погонун тагынышат. Соттолгондорго кайрылууда аларды аскердик наамы ("катардагы") жана фамилиясы боюнча аташат. Соттолгондор начальниктерге жана улуктарга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын талаптарына ылайык кайрылышат.
51. Тартиптик аскер бөлүгүндө катуу регламенттелген күн тартиби белгиленет, ал өзүнө уйкудан туруу убактысын, текшерүү, уйкуга жатуу, жуунуп-тазалануу, денеге зарядка жасоо, күнүгө үч маал тамактануу, жумушка бөлүштүрүү, жумушта иштөө, сабакта, тарбиялык жана спорттук-массалык иш-чараларда болуу мезгилдерин камтыйт. Соттолгондордун сегиз саат үзгүлтүксүз уктоосу жана аларга жеке убакыт берүү каралат.
52. Соттолгондордун сунуштары, арыздары жана даттануулары Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 116 Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жана ушул Эрежелер менен белгиленген тартипте каралат.
IV глава. Тартиптик аскер бөлүгүндө эмгекти уюштуруу жана соттолгондор менен тарбия иштери
53. Тартиптик аскер бөлүгүндө кармалган бардык соттолгондор тартиптик аскер бөлүгүнүн командачылыгы тарабынан аныкталуучу жерлерде жана жумуштарда иштөөгө милдеттүү. Соттолгондор жаза өтөөнүн тиешелүү режими камсыздалган шартта тартиптик аскер бөлүгүнүн аймагындагы же анын аймагынан тышкары жерлердеги мамлекеттик ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда же менчиктин башка формасындагы уюмдарда эмгекке тартылат.
Эмгекти уюштуруу соттолгондорду оңдоонун жана кайра тарбиялоонун милдетине ылайыкталып, алардын дайыма жана толук эмгектенүүсүн камсыздашы керек.
54. Соттолгондордун эмгеги эмгек мыйзамдарында белгиленгендей эмгекти коргоо, коопсуздук ыкмаларын жана өндүрүштүк санитария эрежелерин сактоо менен уюштурулат.
Соттолгондор аткаруучу жумуштарга ошол ишканада (уюмда, мекемеде) белгиленген ченемдер жана баалоо өлчөмдөрү колдонулат.
Ишканалар (уюмдар) соттолгондордун эмгеги үчүн эсептеген сумманын 50 пайызы тартиптик аскер бөлүгүнүн ишин уюштуруу, өзүнүн өндүрүштүк базасын түзүү жана өнүктүрүү, материалдык сыйлоо жана соттолгондордун социалдык-тиричиликтик муктаждыктарын чечүү үчүн тартиптик аскер бөлүгүнө которулат, ал эми калган бөлүгү соттолгондун өздүк банктык эсебине чегерилет.
55. Жумуштап баш тартуу же аны токтотуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу болуп саналат жана жаза чараларын колдонууга алып келет.
56. Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу максатында соттолгондордо укукка баш ийген жүрүш-турушту, эмгекке ак ниет мамилени калыптандырууга, аскердик милдеттерди аткарууга, аскердик тартипти чыңдоого, күжүрмөн даярдоону өркүндөтүүгө, билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга багытталган тарбия иштери уюштурулат жана жүргүзүлөт.
57. Соттолгондор менен тарбиялык иштер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын атайын иштелип чыккан пландары боюнча жеке, топтук жана массалык формада, соттолгондордун адамдык жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тартиптик аскер бөлүгүнүн командачылыгы тарабынан уюштурулат жана жүргүзүлөт.
58. Соттолгондор менен тарбиялык ишти жүргүзүү өзүнүн аскердик милдетин чын дили менен аткарууга, аң сезимдүү тартипке, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, аскердик анттын жана аскердик уставдардын талаптарын так сактоого багытталышы керек.
Тарбиялык иш төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:
- коомдук-гуманитардык даярдоо;
- бардык офицерлер, прапорщиктер жана сержанттар ар бир соттолгонду терең изилдөө жана анын кылган кылмышын эске алуу менен өткөргөн жеке тарбиялык иш;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын түшүндүрүү;
- лекция окуу, доклад жасоо, маектешүү, суроо жана жооп кечелерин, тематикалык жана адабий кечелерди өткөрүү, гезиттерди жана журналдарды, көркөм жана саясий адабиятты окуу жана башка иш-чараларды өткөрүү формасындагы үгүттөө-массалык ишти уюштуруу;
- эмгекте, күжүрмөн жана коомдук-гуманитардык даярдоодогу мыкты көрсөткүчтөрү үчүн мелдештерди өткөрүү, ошондой эле соттолгондорду коомдук жашоого активдүү тартуу;
- көркөм чыгармачылыкка, китепкана жана клубдук ишке катышуу, соттолгондорду тарбиялоого түрткү болгон кинотасмаларды көрсөтүү, ошондой эле спорттук-массалык иштерге катышуу.
59. Соттолгондор келген аскер бөлүктөрүнүн командирлери (мекемелердин башчылары) тартиптик аскер бөлүгүнүн командири менен туруктуу байланышта болууга, өзүнүн мурдагы кол алдындагы адамдардын түзөлүшү кандай жүрүп жаткандыгын билүүгө жана алардын түзөлүшүнө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
60. Соттолгондордун аскердик окуусу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын атайын программасы боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт. Сабактарды өткөрүү үчүн зарыл окуу-материалдык база түзүлөт.
61. Соттолгондор менен күжүрмөн даярдоо штык бычагы жана затвору жок окуу куралы менен уюштурулуп өткөрүлөт, аны өткөрүү үчүн керектүү окуу-материалдык база түзүлөт.
62. Тартиптик аскер бөлүгүнүн командачылыгына соттолгондорду тарбиялоо жана түзөтүү иштерине көмөк көрсөтүү максатында соттолгондордун арасынан үлгүлүү жүрүм-туруму жана эмгекке, аскердик кызматка чын дилден мамиле жасагандыгы менен өзүн көрсөткөн адамдардын ичинен коомчулук кеңеши түзүлөт.
Коомчулук кеңеши соттолгондордун жыйынында шайланат, анын курамы тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилет.
Коомчулук кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилет.
Коомчулук кеңешинин мүчөлөрү өзүнүн иштери боюнча мезгил-мезгили менен соттолгондордун жыйынында маалымат берип турушат.
Кеңеш соттолгондордун коомдук органы болгондуктан командирге ар кандай тарбиялык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам көрсөтөт, соттолгондор өзүнө алган милдеттенмелерин аткарышын контролдоого жана мелдештердин жыйынтыктарын чыгарууга тартылат; көркөм жана спорттук-массалык ишти, дубал басмаларын уюштурууга катышат; тартипсиз соттолгондорго жеке түшүндүрүү ишин өткөрөт, оңолуу разрядына киргизүүгө жана жазадан шарттуу мөөнөтүнөн эрте бошотууга сунушталган талапкерлерди талкуулоого катышат.
V глава. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо жана жаза чаралары
63. Соттолгондорго карата төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулат:
а) алкыш жарыялоо;
б) грамота менен сыйлоо;
в) белек менен сыйлоо;
г) акчалай сыйлык менен сыйлоо;
д) кошумча бир кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушуу берүү;
е) мурда берилген тартиптик жаза чарасын алып салуу.
64. Эмгекке жана аскер кызматына карата өзүнүн үлгүлүү жүрүш-турушу, ак ниет мамилеси менен оңолуу жолуна тургандыгын так далилдеген жана коомдук жумуштарга активдүү катышкан соттолгондор жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөгөндөн кийин тартиптик аскер бөлүгүнүн командиринин буйругу менен оңолуп бараткандардын разрядына киргизилет.
65. Эмгекке жана аскер кызматына карата өзүнүн үлгүлүү жүрүш-турушу, ак ниет мамилеси менен оңолгондугун далилдеген оңолуп бараткандардын разрядына киргизилген соттолгондор жаза мөөнөтүнүн жарымынан көбүн өтөп бүткөндөн кийин тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жазадан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүшү мүмкүн.
Көрсөтүүдө соттолгондун жүрүш-турушун, анын жаза өтөө убагындагы эмгекке жана аскер кызматына кылган мамилесин мүнөздөгөн маалыматтар камтылууга тийиш. Сотко көрсөтүү менен бирге соттолгондун өздүк иши жиберилет.
Сот жазадан шарттуу мөөнөтүнөн мурда соттолгонду бошотууга баш тарткан учурда, тартиптик аскер бөлүгүнүн командири ушул маселе боюнча көрсөтүүнү кайтадан кароого баш тартуу жөнүндө аныктама чыккан күндөн тартып алты айдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин киргизе алат.
Тартиптик аскер бөлүгүнүн командири жазадан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүүнүн негиздүүлүгү жана объективдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
66. Соттолгондорго төмөнкүдөй жаза чаралары салынат:
1) сөгүш;
2) катуу сөгүш;
3) он беш суткага чейинки мөөнөткө тартиптик аскер бөлүгүнүн гауптвахтасында кармоо менен камакка алуу.
67. Сыйлоолорду жана жаза чараларын колдонуу боюнча командирлердин укуктары, аларды колдонуунун тартиби жана соттолгон аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик уставдары жана ушул Эрежелер менен аныкталат.
68. Тартипке чакыруу иретинде камакка алынган соттолгондор Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставынын талаптарына ылайык тартиптик аскер бөлүгүнүн гауптвахтасында же гарнизондук гауптвахталарда камакка алынат, мында бардык камакка алынгандар бир кишилик камераларда кармалышат.
69. Соттолгондор гауптвахтада кармалган учурда жолугушууга уруксат, ошондой эле кат, жөнөтүүлөр, бандероль, берип жиберүүлөрдү алуу укугунан ажырайт.
70. Тартиптик аскер бөлүгүндө жаза өтөгөн мезгилде кылган кылмыш үчүн күнөлүүлөр жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
VI глава. Соттолгондорду материалдык-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө
71. Соттолгондор үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын талаптарына ылайык турак жай-тиричилик шарттары түзүлөт.
72. Соттолгондор мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк жана буюм мүлкү менен камсыз кылынат.
73. Соттолгондордун мончо-кир жуучу тейлөөсү мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
74. Соттолгондорду медициналык жактан камсыз кылуу жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарга, жазаны өтөө тартибине жана шарттарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
75. Стационардык шартта дарыланууга муктаж болгон соттолгондор кайтаруу менен госпиталда дарыланууга жиберилет жана атайын жабдылган палаталарда кармалат. Соттолгондорду госпиталдын чектеринде кайтаруу госпиталь жайгашкан жердеги гарнизондун башчысынын күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат.
Госпиталда дарыланууда болгон убакыт жаза өтөө мөөнөтүнө кирет.
76. соттолгондорго өзү менен самын, тиш жуугуч щетка, тиш порошогун же паста, тарак, бет аарчы, тамеки, ширеңке, жазуу үчүн кагаз, китептерди, конверттерди, калем сап, карандаш алып жүрүүгө уруксат берилет. Аталган буюмдар, камсыздоо ченеми боюнча тийиштүүдөн тышкары, соттолгондордун жеке каражаттарынын эсебинен накталай эмес эсептешүү боюнча уюшулган түрдө сатып алынат.
VII глава. Тартиптик аскер бөлүгүнөн бошотуу тартиби
77. Тартиптик аскер бөлүгүнөн бошотуу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
а) соттун өкүмү боюнча дайындалган жазанын мөөнөтүн өтөп бүткөндө;
б) өндүрүш ишин токтотуу менен өкүмдү жокко чыгаруу жөнүндө, шарттуу соттоо, өкүмдү аткаруунун мөөнөтүн жылдыруу же жазаны жеңилдетүү менен өкүмдү өзгөртүү жөнүндө, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн эрте же мөөнөтүнөн эрте бошотуу жөнүндө соттун аныктамасы боюнча.
78. Тартиптик аскер бөлүгүнөн бошотулган адамдар андан ары кызмат өтөө үчүн соттолгонго чейин кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө жиберилет.
79. Тартиптик аскер бөлүгүнүн командири жазанын мөөнөтү аяктаганга чейин бир-эки ай калганда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин командачысына бошотула турган соттолгондордун тизмесин төмөнкүдөй маалыматтары менен берет: фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, кызматка чакыруу датасы, соттолгондун кайсыл жактан келгендиги, аскердик адистиги жана аскердик наамы, эмне үчүн, качан жана канча мөөнөткө соттолгон, качан бошотулууга тийиш, ошондой эле соттолгондун мүнөздөмөсү.
Жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, андан ары кызмат өтөө үчүн соттолгонго чейин кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө жиберилген адамдар менен жаза өтөбөй калган мезгилдин ичинде аскердик жамааттын коомчулугунун активдүү катышуусунда тарбиялык иш жүргүзүлөт.
80. Аскердик-медициналык комиссия тарабынан ден соолугу боюнча эсептен чыгаруу менен аскер кызматына жараксыз же тынчтык мезгилде жараксыз деп таанылган соттолгондор тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан жазадан мөөнөтүнөн мурда бошотууга же болбосо жаза өтөбөй калган бөлүгүн жеңилирээк жазага алмаштыруу менен тартиптик аскер бөлүгүнөн бошотууга көрсөтүлөт. Сотко көрсөтүү менен бирге аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу жана соттолгондун өздүк иши жиберилет. Сот тарабынан жазадан мөөнөтүнөн мурда бошотууга же болбосо жазанын өтөбөй калган бөлүгүн жеңилирээк жазага алмаштыруу боюнча аныктама чыгарылганда, бул адамдар тартиптик аскер бөлүгүнүн командири тарабынан мөөнөтүнөн мурда мөөнөттүү аскер кызматынан бошотулат.
81. Тартиптик аскер бөлүгүнөн бошотулгандардын колуна төмөнкү документтер берилет:
- тартиптик аскер бөлүгүнөн бошогондугу тууралуу маалымкат;
- эсепке алуу-кызматтык карточка;
- аскердик билет;
- медициналык китепче;
- азык-түлүк, буюм жана акча аттестаттары.
Кызматтык карточка жана мүнөздөмө аскер бөлүгүнө почта аркылуу жөнөтүлөт.
Акчалар жана баалуулуктар, ошондой эле башка жеке буюмдары бошотулган адамга жеке буюмдарынын тизмегине жана таркатуу ведомостуна ылайык тил кат менен тапшырылат. Жеке буюмдарынын тизмеси тартиптик аскер бөлүгүнүн иш жүргүзүүсүндө сакталып калат, ал эми таркатуу ведомосту тартиптик аскер бөлүгүнүн финансылык бөлүгүндө сакталат.
Жараксыз болуп калган аскер кийимдери жана бут кийим соттолгон адам кайсы аскердик бөлүктөн келсе, ошол аскердик бөлүктүн (мекеменин) алмаштыруу фондусунун эсебинен кийип жүрүүгө жарактуусу менен алмаштырылат.
82. Тартиптик аскер бөлүгүнөн бошотулгандар аскер бөлүгүнө же жашаган жерине конвой жок жиберилет. Алар жолдо жүрүүгө жол жүрүү документтери жана жалпы аскердик кургак паек менен камсыздалат.
83. Бошотулган адам аскер бөлүгүнө келгендиги тууралуу ошол аскер бөлүгүнүн командири тартиптик аскер бөлүгүнүн командирине маалымдайт.
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерине 1-тиркеме |
Соттолгондорго өзү менен алып жүрүүгө, посылка, бандероль алууга, берип жиберүү же сатып алууга тыюу салынган эмеректердин, буюмдардын, документтердин жана тамак-аштын ТИЗМЕГИ
1. Жарандык жүгүртүүдөн алынган предметтер, буюмдар жана заттар.
2. Куралдын бардык түрлөрү.
3. Транспорт каражаттары.
4. Жардыруучу, ууландыруучу, өрттөлүүчү жана радиоактивдүү заттар.
5. Акча, баалуу буюмдар.
6. Баалуу кагаздар, чет өлкөлөрдүн валютасы.
7. Оптикалык буюмдар.
8. Ысытууну талап кылган тамак-аш азыктары (чай, кофе, кургак сүт, кайнатууну же бышырууну талап кылбаган тез даярдалуучу тамак-аш концентраттарынан тышкары) ачыткы, кант, үйдө жасалган консерва азыктары.
9. Алкоголь ичимдиктеринин бардык түрлөрү.
10. Спирттин негизиндеги атыр, одеколон жана башка заттар.
11. Баңги, психотроптук заттар жана медициналык көрсөткүчтөрү жок дары каражаттары, медициналык багыттагы буюмдар (маркаланган шприцтен жана ийнеден тышкары).
12. Жазган машинка, көбөйтүүчү аппарат.
13. Бычак, кооптуу устара, коопсуз устарага лезвия.
14. Конструкциясы боюнча куралга окшогон саюучу-кесүүчү буюмдар.
15. Балта, балка жана башка шаймандар.
16. Ойнолуучу карталар.
17. Фотоаппараттар, фотоматериалдар, химикаттар, кинокамера, видео-аудио жаздыруучу техника, байланыш каражаттары.
18. Ар кандай документтер (соттолгондун белгиленген үлгүдөгү өздүк документинен, соттун аныктамасы же өкүмүнөн, сактоого өткөрүлгөн акча, буюм, баалуу буюмдарына квитанциялардан тышкары).
19. Топографиялык карталар, компас, топография, күрөш, ит багуу, курал түзүлүшү боюнча адабияттар.
20. Белгиленбеген үлгүдөгү кийим-кече, баш кийим жана бут кийим (тапочка, спорттук кийим жана спорттук бут кийимден тышкары).
21. Түстүү карандаш, боёк, көчүрмө кагаз.
22. Порнографиялык материалдар, буюмдар.
23. Электрондук-эсептөөчү машиналар.
24. Электр тиричилик буюмдары (заводдо даярдалган электр кайнаткычтан тышкары).
25. Күндөн сактоочу кара көз айнектер.
Эскертүү:
Соттолгондор алып жүрүүчү буюмдардын, тамак-аш продуктуларынын санын жергиликтүү шартка жана мүмкүнчүлүктөргө жараша тартиптик аскер бөлүгүнүн командири аныктайт. Соттолгондор алып жүрүүчү буюмдардын, тамак-аш продуктуларынын жалпы салмагы, кампада сакталганды кошуп, 50 кг ашпоого тийиш.
Теле жана радио приемниктер жамаатта колдонуу үчүн гана алынып, тартиптик аскер бөлүгүнүн командачылыгы белгилеген жерлерде жайгаштырылат.
Спорттук кийимди жана спорттук бут кийимди спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлгөндө кийүүгө уруксат берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерине 2-тиркеме |
Соттолгондорго өзү менен алып жүрүүгө, посылкада, бандеролдо, берип жиберүүдө жана дүкөндөн сатып алууга уруксат берилген буюмдардын жана тамак-аш продуктуларынын ТИЗМЕГИ
1. Тамеки, ширеңке, күйгүзгүч.
2. Белгиленген үлгүдөгү кийим, баш кийим, бут кийим жана төшөнчү.
3. Ич кийим (жылуу жана жөнөкөй), ачык түстөгү эмес футболкалар, полуверлер, свитерлер, ачык түстөгү эмес спорттук кийимдер.
4. Бет аарчылар, кур, мээлей, кол кап, чокой, үй тапочкалары, спорттук бут кийим, жип, шарф, сүлгү.
5. Жуунуучу буюмдар (атыр самын, кир самын, тиш жуугуч щетка, паста, шампунь, тарак, крем).
6. Күзгү, электр устарасы же механикалык устара, (бир жолку) коопсуз устаралар.
7. Бут кийим щеткалар жана кийим щеткалар, бут кийим майы.
8. Идиш-аяк, көз айнектин футляры, самын, тиш щетка, кружка, кашык.
9. Стол үстүндөгү оюндар.
10. Окуу куралдары, дептерлер, почта конверттери, открыткалар, маркалар, жөнөкөй карандаштар, авторучка, сыя.
11. Адабият.
12. Фотосүрөттөр, фотоальбомдор.
13. Крест, баалуу эмес темирден жасалган дин буюмдары.
14. Баалуу металлдан эмес кол саат же чөнтөк саат.
15. Жеке пайдалануудагы радиоприемниктер.
Эскертүү:
Соттолгондорго бул тизмекте көрсөтүлбөгөн алгачкы керектелүүчү буюмдарды, өнөр жай товарларын жана башка буюмдарды сактоого жол берилбейт.
Соттолгондордун жеке менчигиндеги музыкалык аспаптар сактоочу кампага же клубга сактоого өткөрүлөт. Күн тартиби менен белгиленген убакытта, атайын бөлүнгөн жерде аларды колдонууга уруксат берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерине 3-тиркеме |
Форма
№ ______ КҮБӨЛҮК
________________________________________________________________________ берилди
(соттолгондун аты-жөнү)
туулган жылы _______, Кыргыз Республикасынын ЖК _____ беренеси боюнча соттолгон, жазанын башталышы ______ жазанын бүтүшү ______, ага тартиптик аскер бөлүгүнөн кыска мөөнөткө чыгууга төмөнкүгө байланыштуу уруксат берилген
________________________________________________________________________________________
(КР ЖАК 144-беренеси боюнча чыгуунун негизин көрсөтүү керек)
________________________________________________________________________________________
(бара турган жагы)
________ суткага чыгат, анын ичинде _______ сутка жолуна кетет.
20__-ж. "__" _________ _____________________________________________________ жаза өтөп жаткан
(дареги)
__________________________________________________ тартиптик аскер бөлүгүнө келүүгө милдеттүү
(аталышы)
Телефон: __________________________
Тартиптик аскер бөлүгүнүн командири
________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
Сүрөттүн орду _______________________________
(колу)
(Тартиптик аскер бөлүгүнүн гербдүү мөөрү) 20__-ж. "__" _____________________
____________________________________________ ички иштер органынын начальнигинин белгиси
(соттолгондун келгени, кеткени
тууралуу белгинин орду)
Келди __________________________________________________________________________________
(күнү, убагы, гербдүү мөөр)
Кетти __________________________________________________________________________________
(күнү, убагы, гербдүү мөөр)
_______________________________________________________________________________________
№ _____ КҮБӨЛҮКТҮН ДҮМҮРЧӨГҮ
________________________________________________________________________________________
(КР ЖК беренеси, мөөнөтү)
соттолгон _______________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, туулган жылы)
тартиптик аскер бөлүгүнүн командиринин
20__-ж. "__" ____________ № _____ буйругунун негизинде кыска мөөнөткө тартиптик аскер бөлүктөн ________________________________________________________________________________
(КР ЖАК 144-беренесине ылайык, негизи жазылат)
байланыштуу ____________________________________________________________________________
(бара турган жактын дареги)
_______ суткага, анын ичинде _______ сутка жолуна уруксат берилди.
Күбөлүк 20__-ж. "__" _____________ берилди.
_____________________ (соттолгондун колу)
Кетти: 20__-ж. "__" _____________
Келди: 20__-ж. "__" ______________
Атайын бөлүктүн жетекчиси _____________________________________________________________
(аты-жөнү)
______________________ (колу)
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик аскер бөлүгүнүн ички тартип эрежелерине 4-тиркеме |
Форма
ТИЛ КАТ
Мен, төмөндө кол койгон, соттолгон _______________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
бул тил катты жазуумдун себеби, мага тартиптик аскер бөлүгүнөн сырткары кыска мөөнөттүн аралыгында жүрүү тартибин түшүндүрүштү.
Мага эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн баш тартканым үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгым жөнүндө эскертилди.
20__-ж. "__" _____________ ______________________________________________________________
(соттолгондун колу)
Тил катты алдым _______________________________________________________________________
(кызматы, наамы, аты-жөнү)
__________________ (колу)
20__-ж. "__" ______________