Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-марты № 140
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, К.С.Нурматов, Э.Т.Токтошев, А.Жунус уулу, З.И.Жамалдинов, М.Г.Мадеминов, Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген "Сымапты камтыган товарларды ташып киргизүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-мартындагы № 140 токтому менен жактырылган |
"Сымапты камтыган товарларды ташып киргизүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, К.С.Нурматов, Э.Т.Токтошев, А.Жунус уулу, З.И.Жамалдинов, М.Г.Мадеминов, Б.К.Райымкулов тарабынан демилгеленген "Сымапты камтыган товарларды ташып киргизүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Ушул Мыйзамдын долбоору менен сымапты камтыган товарларды жана калдыктарды импорттоодо талаптагыдай башкарууну камсыздоого багытталган экономикалык механизмдерди киргизүү сунушталууда.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоору менен айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү сымапты камтыган товарлардын экологиялык тобокелдик деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган ченемдер каралган.
1. Алсак, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесине ылайык "Салык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 16-1-берене менен толуктоо жана керектөө касиеттерин жоготуп кайра иштетүүгө боло турган сымапты камтыган буюмдарды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар тарабынан төлөнүүчү сымапты камтыган калдыктарды (утилизациялоо үчүн төлөм) кайра иштетүүгө акы киргизүү сунушталууда.
Мында, республикалык бюджетке утилизациялоо үчүн төлөмдүн эсебинен түшкөн каражаттар сымапты камтыган калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдарга сымапты камтыган буюмдарды пайдалануудан чыккан калдыктарды жыйноого, ташууга, кайра иштетүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн белгиленген тартипте бекитилген жумуштарды тең каржылоого субсидия берүү түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу жолу менен сарпталат.
Ушуга байланыштуу жогоруда баяндалган редакцияга ылайык сымапты камтыган калдыктарды кайра иштетүү мамлекеттик органдар болуп саналбаган тийиштүү уюмдар тарабынан ишке ашырыла тургандыгы шартталууда.
Ошону менен бирге, "Салык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык төлөм деп - мамлекеттик милдеттерди аткаргандыгы үчүн мамлекеттик органдардын көрсөткөн кызматынан пайдалануучу юридикалык жактар жана кишилер мезгил-мезгили менен төлөй турган акчалай салым түшүндүрүлөрүн белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу, негиздеме-маалымкатта утилизациялоо үчүн төлөм кайсы мамлекеттик кызматты көрсөтүү үчүн алына тургандыгы жөнүндө маалымат жок экендигин белгилейбиз.
2. Мыйзамдын долбоорунун аталышына ылайык, бул долбоор сымапты камтыган товарларды ташып киргизүүнү жөнгө салууга багытталган.
Бирок, долбоордун 1-беренесинин мазмунуна ылайык сымапты камтыган калдыктарды кайра иштетүү үчүн төлөм импорттоочулар тарабынан гана эмес, өндүрүүчүлөр тарабынан дагы төлөнөрү белгиленген.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорунун аталышын кайра кароону жана долбоордун мазмунуна шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин жана "Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 793 токтому) долбоорлору иштелип чыккандыгын белгилөө зарыл, алар азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда турат.
"Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси кабыл алынган учурда "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготот.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин долбоорунун ченемдерин эске алуу менен каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунун 1 жана 2-беренелеринин жоболорун кайра кароо керек.
4. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жеке ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методиканын негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучу таасири боюнча сунушталган талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына шайкеш келбей тургандыгын белгилөө зарыл.
1) Алсак, жөнгө салуучу таасирин талдоо максатында жөнгө салынуучу чөйрөсүндө жумушчу топ түзүлөт, анын курамына юриспруденция, финансы, жана экономика тармактарындагы адистер кирет.
Мындан сырткары, талдоо жүргүзүүнүн талаптарынын бири болуп жумушчу топтун ишине бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу эсептелет жана жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнүн колдору милдеттүү түрдө коюлушу керек.
2) Көйгөйлөрдү аныктоо этабында, көйгөй так берилиши керек (көйгөйлөрдүн себептерин, алардын актуалдуулугун жана жөнгө салуу негиздерин так баяндоо зарыл) ошондой эле, келип чыккан бардык терс жагдайларды көрсөтүү, алардын ортосундагы байланышты жана себептерди табуу, аныкталган бардык себептерди "көйгөйлөр дарагында" чагылдыруу, мүмкүн болуучу ресурстук жана башка чектөөлөрдүн критерийлери боюнча чечүү үчүн түпкү көйгөйлөрдү иштеп чыгуу керек.
Чыгарылган жыйынтыктарга ылайык талдоого алынган мамилелерди жөнгө салуу жагынан мыйзамдарга талдоо жүргүзүү, укук колдонуу тажрыйбасынын өзгөчөлүктөрүн баяндоо, кайсы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жагдайларга кантип таасирин тийгизе тургандыгын жана мамлекеттик кийлигишүү үчүн негиздерди аныктоо керек.
Жөнгө салуучу таасири боюнча сунушталган талдоодо көйгөйлөрдүн (экономикалык, социалдык, аймактык, убакыттык жана башка өлчөмдөрдө) масштабы аныкталган эмес.
3) Жөнгө салуу максаттарын аныктоо этабында мамлекеттик жөнгө салуунун конкреттүү максаттары белгиленет жана аткарылышын баалоо үчүн максаттуу көрсөткүчтөрү менен максатка жетүүнүн сандык жана сапаттык индикаторлору (таасир эткен көрсөткүчтөр) аныкталат.
4) Ошондой эле, жөнгө салуу варианттарын талдоодо жөнгө салуучу ыкмасын аныктоочу жоболор жана жөнгө салуучу таасири көрсөтүлгөн эмес.
5) Мындан сырткары жөнгө салуунун ушул вариантын ишке ашырууда келип чыгышы ыктымал болгон жүзөгө ашыруу тобокелдиктери, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана потенциалдуу кыйынчылыктарды талдоонун негизги натыйжалары, ченемдик укуктук актыларды ишке ашырууга алардын тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча сунуштар баяндалышы зарыл.
6) Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча кызыкдар тараптардын: ишкер субъекттеринин, жеке жактардын жана алардын бирикмелеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушталган жөнгө салуу вариантына карата мамилелерин чагылдыруучу маалыматтар көрсөтүлүшү зарыл.
Андан тышкары, жогоруда аталган Методикага ылайык ченемдик укуктук актынын долбоору гана эмес, жөнгө салуучу таасирин талдоонун жыйынтыгы боюнча даярдалган аналитикалык кат дагы коомдук талкуулоого тийиш.
5. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренеси боюнча "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28 жана 30-беренелерине ылайык расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү - ченемдик укуктук актыны күчүнө киргизүүнүн милдеттүү шарттары болуп саналарын белгилөө зарыл.
Ошону менен бирге, ченемдик укуктук актыны расмий жарыяланган күнү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүнү камсыздоо мүмкүн эмес, себеби ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган учурдан тартып 7 күндүн ичинде белгиленген Реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берилет.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат:
"4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Сымапты камтыган товарларды ташып киргизүүнү жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун айтылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу талап кылынат деп эсептейт.