Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген |
Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул методика ишкер субъекттердин ишине жана өнүгүүсүнө ченемдик укуктук актылардын (мындан ары - ЧУА) жөнгө салуучу таасирин талдоонун (мындан ары - ЖСТТ) тартибин белгилейт.
2. ЖСТТ методикасы ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгууда колдонуудагы ЧУАны талдоодо пайдаланылат Ишкер субъекттердин ишине таасир көрсөтүүчү ЧУАнын долбоорлорун даярдоодо Методика ЧУАнын долбоорунда сунушталган ишкердик ишти жөнгө салуу ченемдерин негиздөөгө көмөктөшөт.
Методика колдонуудагы ЧУАга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү зарыл болгон учурларда, ошондой эле "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда колдонулат. Методика белгиленген ЧУАнын мамлекеттик жөнгө салуунун жыйынтыктарынын бул жөнгө салуунун максаттарына шайкештигин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
3. Бул методикада төмөнкү терминдер колдонулат:
талдоо - укуктук, коррупцияга каршы, экологиялык, укук коргоочулук, гендердик жана сунушталган жөнгө салууну талдоонун, башка түрлөрүн жүргүзүү, ошондой эле атаандашуу жөндөмдүүлүгүнө таасирин талдоо менен байланышкан иш-аракет;
аналитикалык кат - жүргүзүлгөн ЖСТТнын жыйынтыктарын жана мамлекеттик жөнгө салуунун негиздемесин камтыган документ, анын негизинде ЧУАнын долбоору иштелип чыгат же колдонуудагы ЧУАга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет, ЧУАнын долбоорун иштеп чыгууну демилгелеген мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет;
аналитикалык куралдар - маалыматты иштеп чыгуу үчүн практикада колдонулган атайын методдор - "көйгөйлөрдүн дарагын" түзүү методу, "чыгым-пайда" методу, ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо методу;
кызыкчылыктар тобу - коомдук мамилелерди жөнгө салууда өзүнүн мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын канааттандыруу жана коргоо үчүн кызыкдар тараптардын бирикмеси (ишкерлер, жеке жактар жана алардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
кызыкдар тараптар - изилдөөгө алынган көйгөйлөр жана/же сунушталуучу мамлекеттик жөнгө салуу таасири тийген юридикалык жактар, жеке жактар жана алардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
түпкү көйгөйлөр - башынан эле жагымсыз окуяга алып келген көйгөй;
жөнгө салуу таасиринин кесепеттерин баалоо - максатка жетүүнүн деңгээлин жана кызыкдар тараптар үчүн болжолдуу кесепеттерди баалоо;
көйгөй - кызыкдар тараптардын каршылык/нааразылыгын жараткан кырдаал, аны чечүү мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн талап кылат;
ишкердик ишти жөнгө салуу - ишкер субъекттерге жана алардын ишине карата укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөө, ошондой эле мамлекеттик органдар/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Ишкер субъекттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу;
Ишкер субъекттердин ишине ЧУАнын жөнгө салуучу таасири - ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдердин ЧУАда болуусу.
4. ЖСТТ ЧУАнын долбоорун иштеп чыгуучулар тарабынан жүргүзүлөт. ЖСТТ жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп ушул Методиканын тиркемесинде келтирилген форма боюнча толтурулган аналитикалык кат жана айрым коомдук мамилелерге мамлекеттик жөнгө салуунун кыйла артыгыраак варианты чагылдырылган ЧУАнын долбоору эсептелет.
5. ЖСТТ принциптери болуп: негизделгендик, калыстык, ачыктык, ырааттуулук жана айкындуулук эсептелет.
2. Жумушчу топ. ЖСТТ жүргүзүүгө даярдануу
6. ЖСТТ жүргүзүү үчүн ЖСТТ өткөрүүнү демилге кылган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын буйругу менен жумушчу топ бекитилет.
7. Топтун курамына жүргүзүлө турган жөнгө салуу чөйрөсүндө алектенген юриспруденция, финансы жана экономика тармагындагы адистер, ошондой эле макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык уюмдардын жана ишкерлердин өкүлдөрү киргизилет. Жумушчу топтун курамына зарылдыгына жараша башка адистер, ошондой эле кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
3. ЖСТТ жүргүзүүнүн стадиялары
8. ЖСТТ эки стадияда жүргүзүлөт: жарым-жартылай жана толук.
9. Жарым-жартылай ЖСТТ төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ачык маалыматты (эмпирикалык, статистикалык, аналитикалык) пайдалануу, негизги факторлорду жана тобокелдиктерди эсепке алуу;
- жөнгө салуунун "бардыгын кандай болсо, ошондой калтыруу" вариантынан тышкары, мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүүнү болжолдогон экиден кем эмес башка вариант иштеп чыгуу;
- жумушчу топтун мүмкүнчүлүктөрү менен чектелген аналитикалык шаймандарды колдонуу;
- экономикалык талдоону экономикалык көрсөткүчтөргө таасир эткен айрым факторлорду эсептөө менен, анын ичинде чыгым-пайданы эсептөө менен жүргүзүү. Ишенимдүү жана так баштапкы маалыматтар жок болгон учурда экономикалык талдоо үчүн болжолдонуучу чыгымдардын жана пайданын болжол менен эсептөөгө же ЧУАны ишке ашырууда республикалык (жергиликтүү) бюджеттин чыгымдарын жана ишкерлердин чыгымдарын жана пайдаларын гана эсептөөгө жол берилет;
- кесепеттерди эсепке алуу боюнча чектөөлөр пайда болуу ыктымалдуулугуна, пайда болуу мөөнөттөрүнө жана окуялардын байланышына жараша болот.
10. Толук ЖСТТ жарым-жартылай ЖСТТнын натыйжаларын өзүнө камтыйт. Толук ЖСТТ жүргүзүүдө жарым-жартылай ЖСТТ үчүн каралган бардык чектөөлөрдү алып салуу менен кеңейтилген талдоо жүргүзүлөт.
Толук ЖСТТ жүргүзүү тууралуу жумушчу топтун чечими көйгөйлөрдүн масштабына, анын татаалдыгына жана колдо болгон ресурстарга (убакыт жана адам ресурстары) көз каранды.
Толук ЖСТТ болжолдонуучу пайданын жана чыгымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын өткөн жылдагы ички дүң продуктусуна карата 0,1 пайызды түзгөн чоңдуктан жогору болгон учурда жүргүзүлөт.
4. ЖСТТ жүргүзүүнүн этаптары
11. 1-этап. Көйгөйлөрдү аныктоо
Бул этапта мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан көйгөйлөрдү кароо үчүн негиз болгон маалыматтын бардыгы чогултулат жана жагымсыз окуялардын жана алардын себептеринин ортосундагы байланыштар аныкталат; түпкү көйгөйлөргө, алардын пайда болуу себептерине талдоо жана сүрөттөө жүргүзүлөт, ошондой эле мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечиле турган түпкү көйгөйлөр тандап алынат.
Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- кызыкдар тараптардын нааразычылыгын пайда кылган терс окуялар, көрүнүштөр, фактылар, процесстер (мындан ары - окуялар) жөнүндө статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды (расмий булактардан, талаада жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары, сурамжылоонун натыйжалары, анкета аркылуу алынган натыйжалар) чогултуу жана иштетүү;
- бардык аныкталган жагымсыз окуяларды талдоо, алардын ортосундагы байланышты жана келип чыгышына негиз болгон себептерди аныктоо; бардык аныкталган байланыштарды "көйгөйлөр дарагында" чагылдыруу;
- көйгөйлөрдүн масштабдарын аныктоо (экономикалык, социалдык, аймактык, мезгилдик жана башка өлчөмдөрдө);
- категориялардын ар бири: ишкерлер, жеке жактар жана алардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча кызыкдар тараптардын пикирине талдоо жүргүзүү жана алардын кызыкчылыктарына таасирин көрсөтүү;
- буга чейин ушул сыяктуу көйгөй каралган болсо, ал көйгөйдү чечүүнүн методдорун, ошондой эле алынган натыйжаларды сүрөттөө;
- талдоого алынган мамилелерди жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарга талдоо жүргүзүү, укук колдонуу тажрыйбасынын өзгөчөлүктөрүн сүрөттөө жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайсынысы кырдаалга кандай таасир тийгизээрин көрсөтүү;
- мындай көйгөйлөрдү чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сүрөттөө;
- түпкү көйгөйлөрдүн аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын деңгээлине шайкештигин баалоо;
- мүмкүн болуучу ресурстук жана башка чектөөлөрдүн критерийлери боюнча чечүү үчүн түпкү көйгөйлөрдү тандоо;
- тандап алынган түпкү көйгөйлөрдү чечүүгө мамлекеттин кийлигишүүсү үчүн экономикалык жана укуктук негиздерди жана аларды азыркы учурда чечүүнүн актуалдуулугу боюнча далилдерди келтирүү.
Этаптын натыйжалары:
- аныкталган көйгөйлөрдү мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кароонун зарылчылыгын далилдөө;
- түпкү көйгөйлөрдү аныктоо;
- көйгөйлөрдүн масштабын, себептерин, алардын актуалдуулугун жана жөнгө салуучулук таасири үчүн негиздерин так сүрөттөө.
Этаптын жыйынтыгы боюнча аналитикалык каттын биринчи бөлүгү даярдалат.
Эгерде учурдагы мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүүгө экономикалык жана укуктук негиз жок болсо же көйгөйдү чечүү актуалдуу эмес деп табылса, жумушчу топ ЖСТТнын кийинки этаптарын жүргүзүү максатка ылайыктуу эместиги тууралуу чечим кабыл алат. ЖСТТ жүргүзүүнү демилге кылган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жумушчу топ берген негиздер жетиштүү деп табылган учурда ЖСТТ жүргүзүү процесси аяктайт.
12. 2-этап. Жөнгө салуунун максаттарын аныктоо
Бул этапта мамлекеттик жөнгө салуунун айкын максаттары калыптандырылат жана коюлган максаттардын ишке ашырылышын баалоо үчүн максаттуу көрсөткүчтөрү менен максатка жетүүнүн сандык жана сапаттык индикаторлору (таасир этүү көрсөткүчтөрү) аныктатат.
Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- мыйзамдардын талаптары, мамлекетти, тармакты, аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары, финансылык жана мезгилдик ресурстар менен камсыз болуусу жана башка ушул сыяктуу чектөөлөр менен байланышкан максаттарды түзүү үчүн чектөөлөрдүн жыйындысын аныктоо;
- бул чектөөлөрдү эсепке алган мамлекеттик жөнгө салуунун максаттарын түзүү;
- максаттардын ишке ашырылышын баалоо үчүн сандык жана сапаттык индикаторлордун тизмесин аныктоо, алардын пландык маанисин белгилөө.
13. 3-этап. Жөнгө салуунун варианттарын айырмалоо критерийлерин аныктоо
Бул этаптын жыйынтыгында айырмалоо критерийлери аныкталышы керек, алардын негизинде жөнгө салуунун альтернативдүү варианттары иштелип чыгат жана алар жөнгө салуунун ар кандай варианттарынын мазмунуна таасир этиши мүмкүн.
Варианттарды айырмалоо критерийлери болуп кызыкчылыктардын, ресурстардын жана башка критерийлердин айрым комбинациялары саналат. ЖСТТнын жарым-жартылай же толук стадиясына карабастан, милдеттүү вариант болуп "бардыгын кандай болсо, ошондой калтыруу" варианты саналат. Бул вариант ЧУАны өзгөртүүнү талап кылбайт.
Жөнгө салууну өзгөртүүнү болжолдогон варианттарды иштеп чыгуу үчүн төмөнкү ыкмаларды колдонууга болот:
- альтернативаларды иштеп чыгуу жөнгө салуунун ар бир варианты кызыкдар тараптардын топторунун биринин пикирин чагылдыргандай кылып түзүлүшү керек. Бул ыкмада киргизилүүчү жөнгө салуу чөйрөсүндө алектенген ишкерлердин бирикмесинин пикирин чагылдыруучу жөнгө салуунун варианты милдеттүү тартипте болушу керек;
- альтернативаларды иштеп чыгуу иш-аракеттердин багыты ар түрдүү чектөөлөрдөн (саясий, уюштуруучулук, мезгилдик, финансылык жана башка ушул сыяктуу чектөөлөр) көз каранды болуп түзүлүшү керек. Бул ыкмада ар бир кийинки вариант мурдагы вариантка салыштырмалуу жөнгө салуу ыкмаларын жана механизмдерин тандоо үчүн чектөөлөрдү кыскартууну талап кылат.
Башка ыкма: мамлекеттик жөнгө салууну кыскартуу,
14. 4-7 этаптар жөнгө салууну өзгөртүүнү шарттаган ар бир вариант үчүн аткарылат.
15. 4-этап. Жөнгө салууну иштеп чыгуу
Бул этапты ишке ашыруунун натыйжасында максатка жетүү үчүн алдын ала аткарылган конкреттүү иш-аракеттердин толук сүрөттөлүшү алынышы керек.
Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- Тандап алынган максатка жетүүнү камсыз кылган конкреттүү милдеттердин кеңейтилген спектрин иштеп чыгуу;
- ар бир милдеттин чечилишин толук сүрөттөө (жөнгө салуу механизмдери жана анын өзгөчөлүктөрү, колдонула турган жөнгө салуунун шаймандары, аларды колдонуу ыкмасы жана масштабы, жөнгө салуу вариантын ишке ашыруу үчүн негизги чаралар жана алардын ырааттуулугу, жөнгө салуунун ушул вариантын ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү).
16. 5-этап. Күтүлүүчү кесепеттерди баалоо
Бул этапты жөнгө салуу вариантынын таасиринин натыйжаларына баа берилет.
Бул этапты ишке ашыруунун натыйжасында жөнгө салуунун сунуш кылынган чараларынын жөнгө салуу максаттарына жана ар кандай кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарына шайкештигине баалоо алынышы керек.
Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- бул этапта кабыл алынган 2 индикатор боюнча жөнгө салуу вариантынын күтүлүүчү натыйжалуулугун аныктоо;
- ар бир категориянын (ишкер субъекттери, жеке жактар жана алардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) сунушталган жөнгө салуусу боюнча кызыкдар тараптардын пикирине талдоо жүргүзүү жана алардын кызыкчылыктары кандайча козголуп жаткандыгын көрсөтүү.
17. 6-этап. Ишке ашыруу тобокелдиктерин талдоо
Бул этапта кароого алынган жөнгө салуунун вариантын ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо зарыл.
Бул этап ишке ашырылгандан кийин ЧУАны жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары, ошондой эле бул тобокелдиктерге каршы аракет көрүү чаралары аныкталышы керек.
Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- жөнгө салуунун кароого алынган вариантын ишке ашыруу учурунда мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана кыйынчылыктарды талдоо;
- бул тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдуулугун жана кесепеттерин баалоо;
- бул тобокелдиктерге каршы аракет көрүү мүмкүнчүлүгүн баалоо жана жөнгө салуунун вариантын ишке ашырууда аларды азайтуу үчүн чараларды сунуш кылуу.
18. 7-этап. Экономикалык, укуктук, коррупцияга каршы талдоолор жана атаандашуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирди талдоо
Бул этапта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун вариантына экономикалык, укуктук, коррупцияга каршы талдоо жана атаандашуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирди талдоо жүргүзүлөт. Зарылдыгына жараша экологиялык, укук коргоочулук, гендердик талдоолор жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бул этапты жүргүзгөндөн кийин жөнгө салуунун вариантына көрсөтүлгөн талдоону жүргүзүүнүн түрлөрүнүн жыйынтыктары алынышы керек.
Бул этапты ишке ашыруу үчүн жарым-жартылай ЖСТТ жүргүзүүдө төмөнкүлөр керектелет:
- 5-этапта кызыкдар тараптардын пикирине талдоо жүргүзүүдө аныкталган кызыкчылыктардын ар бир топтору үчүн бир тарабынан пайда көрүүнүн тизмесин (оң натыйжалар) жана экинчи тарабынан чыгымдардын тизмесин (терс натыйжалар) түзүү. Пайдалардын жана чыгымдардын тизмесине "бардыгын кандай болсо, ошондой калтыруу" вариантына кошумча болуп эсептелгендерди гана киргизүү керек;
- ар бир кесепетти сандык ченөө ыкмасын тандоо жана аны ченөө;
- ар бир кесепетке финансылык жактан баа берүү. ЧУАны ишке киргизүүдөн (дароо) же ЧУА ишке киргизилгенден кийинки биринчи эки жылдын ичинде келиши күтүлгөн кесепеттерге гана баа берилет;
- 6-этапта сунуш кылынган ишке ашыруу тобокелдиктерге каршы аракет кылуу боюнча чаралардын тизмесин түзүү жана аларга болжолдонуучу чыгымдардын наркына баа берүү.
Толук ЖСТТ жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- 5-этапта кызыкдар тараптардын пикирине талдоо жүргүзүүдө аныкталган ар бир кызыкчылыктардын топтору үчүн пайда көрүүнүн тизмесин (оң натыйжалар) жана чыгымдардын тизмесин (терс натыйжалар) түзүү. Пайдалардын жана чыгымдардын тизмесине "бардыгын кандай болсо, ошондой калтыруу" вариантына кошумча болуп эсептелгендерди гана киргизүү керек;
- ар бир кесепетти сандык ченөө ыкмасын тандоо жана аны ченөө;
- ар бир кесепетке финансылык жактан баа берүү. ЧУАны ишке киргизүүдөн (дароо) же ЧУА ишке киргизгенден кийинки биринчи эки жылдын ичинде келиши күтүлгөн кесепеттерге гана баа берилет;
- кесепеттердин ар бирин баалоо. Баалоого жарым-жартылай ЖСТТга таандык чектөөлөрдү албастан бардык күтүлүүчү кесепеттер киргизилет. Эсептөөлөрдү так жүргүзүү үчүн келечектеги пайданын жана чыгымдын азыркы учурдагы наркын аныктоо зарыл. Бул үчүн ушул көрсөткүчтөрдүн келтирилген таза наркын эсептеп чыгуу керек. Мында дисконт коюму үчүн акыркы эки жылдагы инфляциянын орточо көрсөткүчү алынышы мүмкүн;
- пайдалардын жана чыгымдардын, анын ичинде ишке ашыруудагы тобокелдиктерге каршы чараларды көрүү боюнча чыгымдардын учурдагы наркын өзүнчө кошуу. Андан кийин биринчи суммадан экинчисин кемитүү. Алынган жыйынтык жөнгө салуунун ушул вариантынын таза келтирилген наркы болуп эсептелет;
- болжолдонгон жөнгө салуу кызыкчылыктарын козгогон ар түрдүү топтор үчүн жөнгө салуу варианттарынын кесепеттерине талдоо жүргүзүү.
19. Жөнгө салууну өзгөртүүнү шарттаган ар бир вариант үчүн 4-7 этаптар аткарылгандан кийин аналитикалык каттын экинчи бөлүгүн даярдоо керек.
20. 8-этап. Ишке ашыруу үчүн жөнгө салуунун вариантын тандоо
Бул этапта мамлекеттик жөнгө салуунун каралып чыккан варианттарын салыштыруу жана ишке ашыруу үчүн кыйла артыкчылыктуу варианты тандалат.
Бул этапты жүргүзүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик жөнгө салуунун бир кыйла артыкчылыктуу вариантын тандоого негиздеме алынышы керек.
Бул этапты ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- жөнгө салуунун максаттарына жетүү деңгээли боюнча жөнгө салуунун ар бир вариантын ар кандай кызыкдар болгон жактардын кызыкчылыктарына шайкештиги боюнча баалоо;
- жөнгө салуунун варианттарын өз ара салыштыруу жана талдоонун жыйынтыгы боюнча эң артыкчылыктуусун тандоо;
- ЧУАнын долбоорун иштеп чыгуу;
- ЧУАнын долбооруна жана аналитикалык катка коомдук талкууну жүргүзүү жана мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ЧУАнын долбоорунун жана аналитикалык каттын акыркы вариантын берүү.
Бул этаптын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ЖСТТнын документтеринин толук пакетин даярдоо жана берүү керек.
21. 9-этап. ЧУАны ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана жыйынтыктарды баалоо
ЧУАны ишке ашыруу мониторинг жүргүзүү жана жыйынтыктарды баалоо мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жүргүзүлөт.
ЧУАны аткаруу процессинде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ЧУАны колдонуунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт, ал үчүн коммерциялык эмес сектордогу уюмдарды (макулдашуу боюнча) ишке тартат. Мониторинг ЖСТТ жүргүзүүдө иштелип чыккан индикаторлорду (таасир этүү көрсөткүчтөрүн) пайдалануу менен жүргүзүлөт, бирок зарылдыгына жараша индикаторлордун курамы кеңейтилиши мүмкүн.
| Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына тиркеме |
Аналитикалык каттын формасы
Мамлекеттик органдын аталышы
|
| БЕКИТЕМИН _______________________ (кызматы) _______________________ (колу) "__" ____________ |
Жөнгө салуу таасирин ТАЛДОО
____________________________________________________________
(ЧУАнын долбоорунун аталышы)
Иштеп чыгуу үчүн негиз:
___________________________________ № _______ буйрук/тескеме
ЖСТТ жүргүзүү мөөнөтү:
______________________,
(башталышы)
______________________
(аякташы)
Жумушчу топ:
________________________________________________________________
Аты-жөнү (колу)
________________________________________________________________
Аты-жөнү (колу)
Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары:
Аты-жөнү, тел., e-mail
Көлөмү - _______ барак, тиркемелер - _________.
1. Көйгөйлөр жана мамлекеттик кийлигишүү үчүн негиздер
Көйгөйдүн маңызын ар тараптан чагылдыруу жана ачуу, аны чечүү зарылдыгын негиздөө үчүн зарыл болгон маалымдама-аналитикалык маалымат киргизилет.
1) 1-көйгөйдү баяндоо.
Чечүүнү талап кылган 1-көйгөйдүн так сүрөттөлүшүн камтыйт.
2) 2-көйгөйдү баяндоо.
Чечүүнү талап кылган 2-көйгөйдүн так сүрөттөлүшүн камтыйт.
Төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берилет:
- көйгөйдүн масштабы жөнүндө жана категориянын ар бири боюнча (ишкер субъекттери, жеке жактар жана алардын бирикмелери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) кызыкдар тараптар жөнүндө;
- кароого алынган көйгөйлөргө карата мыйзамдарга жана укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын таасири тууралуу;
- ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүнүн эл аралык тажрыйбасы жөнүндө.
Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик кийлигишүү үчүн экономикалык жана укуктук негиздер көрсөтүлөт.
2. Мамлекеттик жөнгө салуунун варианттары жана натыйжасын баалоо
1) Жөнгө салуунун "кандай болсо, ошондой калтыруу'' варианты.
Учурдагы мамлекеттик жөнгө салууну калтырууда болжолдолуучу кесепеттер кыскача баяндалат.
2) Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты.
ЧУАны кабыл алуу максатынын так баяндамасын жана учурдагы мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүүнү шарттаган варианттар үчүн максатка жетүүнүн индикаторлорун камтыйт.
3) Жөнгө салуунун 1-варианты "1-варианттын аталышы".
Ар бир вариант үчүн төмөнкү пункттар боюнча толук сүрөттөө келтирилет.
Жөнгө салуу ыкмасы.
Жөнгө салуучу механизмдин маңызы жана өзгөчөлүктөрү, жөнгө салуунун шаймандары баяндалат.
Жөнгө салуу таасири.
Жөнгө салуунун вариантында маселени чечүүнүн күтүлүүчү кесепеттери, индикаторлордун максаттуу маанилерин ишке ашыруу даражасы жана кызыкчылыктардын топторуна күтүлүүчү таасирлер баяндалат.
Ишке ашыруудагы тобокелдиктер.
Жөнгө салуунун ушул вариантын ишке ашырууда пайда болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди, кыйынчылыктарды талдоонун негизги натыйжалары жана ЧУАны ишке ашырууга алардын терс таасирин төмөндөтүү боюнча сунуштар баяндалат.
Укуктук жана башка талдоолор.
Жөнгө салуунун ушул варианты үчүн ЖСТТ жүргүзүү процессинде жүргүзүлгөн талдоолордун негизги натыйжалары баяндалат.
Экономикалык талдоо.
Жөнгө салуунун ушул варианты үчүн экономикалык талдоонун негизги жыйынтыктары баяндалат.
Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары.
Жөнгө салуунун сунушталган вариантына карата кызыкдар тараптардын: ишкер субъекттердин, жеке жактардын жана алардын бирикмелеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамилесин чагылдыруучу маалымат баяндалат.
4) Жөнгө салуунун бардык альтернативдүү варианттары үчүн андан ары ушул сыяктуу формада.
3. Сунушталуучу жөнгө салуу
Жөнгө салуунун артыкчылык берилген вариантын колдоо иретинде негизги аргументтер баяндалат.
4. Тиркеме
Аналитикалык катка жүргүзүлгөн талдоолордун толук тексттери, ЖСТТнын жыйынтыктарын жана сунуштарын чагылдыруу үчүн зарыл болгон маалыматтар жана башка материалдар тиркелет.