Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-майы № 261
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-майындагы № 261 токтому менен жактырылган |
2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуунун долбоору мурда Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон мамлекеттик органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 542-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартибин, ошондой эле төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктайт. аны ШКУнун мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин жогоруда аталган Чечимине ылайык, үлүштүк катышуу принциптеринин негизинде Уюмдун бюджетине мүчө мамлекеттер жыл сайын төгөт.
Макулдашууда төмөнкүдөй жаңы жоболор каралган, атап айтканда:
- түшүндүрүүчү аппараты терминдер менен толукталган (ШКУ, мүчө мамлекеттер, Башкы катчы, Директор, Максаттуу фонд, атайын эсеп);
- ШКУнун жаңы мүчө мамлекеттери үчүн төгүмдүн өлчөмүн түзүүнүн принциптери аныкталды (ШКУнун уюштуруучу мамлекеттеринин эң төмөнкү үлүштүк төгүмүнүн өлчөмүнөн аз);
- мүчө мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрү ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын эсебине өзүнчө которула тургандыгы белгиленген;
- ШКУнун бюджетинин долбоорун түзүү принциптери аныкталды;
- ШКУнун бюджетинин долбоорун кароо механизми аныкталды;
- Жалпы фонддун калдыктарын чегерүү механизми аныкталды;
- ШКУнун туруктуу иштеген органдары тарабынан акча каражаттарын карызга алуунун кандайдыр бир формаларына тыюу салынды;
- ШКУнун Катчылыгына Кытай Эл Республикасынан Макулдашуунун депозитарий функциялары өткөрүп берилет.
Макулдашууга тиркемеде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмү белгиленет, ага ылайык Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетине Кыргыз Республикасынын үлүштүк төгүмүнүн өлчөмү 8,8 пайызды түзөт.
Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетине Кыргыз Республикасынын үлүштүк төгүмдөрүн төлөөгө финансы каражаты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин чыгымдар сметасынын "Эл аралык уюмдарга төгүмдөр" 2621-беренеси боюнча жыл сайын каралат.
Бул Макулдашуу күчүнө киргенден баштап 2003-жылдын 29-майындагы ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашуу күчүн жоготот.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр финансылык-экономикалык жана башка бир терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.