Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-октябры № 676
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын V бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 13-баптын 1, 2, 3, 4, 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Адамдын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалымкат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) 6-бап, 39-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - КР ИИМ). КР ИИМдин маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды, ошондой эле байланыш системаларын КР ИИМдин ишине киргизүү жана колдонуу чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмү. КР ИИМдин аймактык бөлүмдөрү |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Маалымкат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу тууралуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун жоктугу тууралуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалымат жөнүндө |
";
- 13-баптын 7-пунктундагы "30 иш күндөн ашык эмес" деген сөздөр "7 күндөн ашык эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-баптын 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- КР ИИМдин электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында;";
- 13-баптын 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- КР ИИМдин электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында;";
- 13-баптын 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү өзүнүн идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН) электрондук кызматтар порталына же электрондук кызматтар порталынын системасына туташтырылган төлөм терминалына, аппараттык-программалык системасына киргизиши керек, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда арыз автоматтык түрдө түзүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү арызды жазуу жүзүндө да толтура алат. Арыздын формасы КР ИИМ тарабынан белгиленет. Эгерде, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн ИЖНи жок болсо, толтурулган арызга анын өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсүн тиркөө зарыл. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү өздүгүн күбөлөндүргөн документти көрсөтүүсү зарыл. Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн органга өз алдынча кайрыла албаган учурда, башка жеке же юридикалык жак кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болуп жаткан жарандын нотариустан алган ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишине маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды, ошондой эле байланыш системаларын ишке киргизүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү КР ИИМдин ведомстволук бөлүмү менен келишими болгон шартта юридикалык жактар да мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү боло алат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү - юридикалык жак төмөнкүлөрдү көрсөтүшү зарыл: - белгиленген формадагы арызды; - текшериле турган адамдардын тизмесин жана алардын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык алынган текшерүүгө болгон жазуу жүзүндөгү макулдугун; - текшериле тургандардын өздүгүн күбөлөндүргөн документтеринин көчүрмөлөрүн. Типтүү келишимдин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү - юридикалык жактын мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арызынын формалары КР ИИМ тарабынан бекитилет |
";
- 13-баптын 15, 16-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талап берилген этапта кызмат электрондук форматта жарым-жартылай төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүлөт: - электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; - КР ИИМдин электрондук кызмат көрсөтүү порталы; - КР ИИМдин электрондук кызмат көрсөтүү порталынын системасына кошулган төлөм терминалдары, программалык-аппараттык системалар |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талап жөнөтүлгөндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан жалган маалыматтар берилсе же ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн |
";
14-баптын 1, 2, 3, 4, 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Адамдын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар же жоктугу тууралуу маалымкатты шашылыш тартипте, акы төлөө негизинде берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) 6-бап, 39-1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - КР ИИМ). КР ИИМдин маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды, ошондой эле байланыш системаларын КР ИИМдин ишине киргизүү жана колдонуу чөйрөсүндөгү ведомстволук бөлүмү. КР ИИМдин аймактык бөлүмдөрү |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Маалымкат: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу тууралуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун жоктугу тууралуу; - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалымат жөнүндө |
";
- 14-баптын 7-пунктундагы экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3 иш күндөн ашык эмес. Маалымкатты берүү кошумча текшерүүлөрдү талап кылган учурларда, мамлекеттик кызмат көрсөтүү мөөнөтү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн макулдугу менен 3 иш күнгө узартылышы мүмкүн;";
- 14-баптын 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- КР ИИМдин электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында;";
- 14-баптын 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- КР ИИМдин электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында;";
- 14-баптын 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү өзүнүн идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН) электрондук кызматтар порталына же электрондук кызматтар порталынын системасына туташтырылган төлөм терминалына, аппараттык-программалык системасына киргизиши керек, анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда арыз автоматтык түрдө түзүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү арызды жазуу жүзүндө да толтура алат. Арыздын формасы КР ИИМ тарабынан белгиленет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү кызмат көрсөтүү үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу квитанцияны көрсөтүүсү зарыл. Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн ИЖНи жок болсо, толтурулган арызга анын өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсүн тиркөө зарыл. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү өздүгүн күбөлөндүргөн документти көрсөтүүсү зарыл. Эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн органга өз алдынча кайрыла албаган учурда, башка жеке же юридикалык жак кызмат көрсөтүүнү алууга муктаж болуп жаткан жарандын нотариустан алган ишеним каты жана паспортунун көчүрмөсү менен кайрыла алат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишине маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды, ошондой эле байланыш системаларын ишке киргизүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү КР ИИМдин ведомстволук бөлүмү менен келишими болгон шартта юридикалык жактар да мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү боло алат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү - юридикалык жак төмөнкүлөрдү көрсөтүшү зарыл: - белгиленген формадагы арызды; - текшериле турган адамдардын тизмесин жана алардын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык алынган текшерүүгө болгон жазуу жүзүндөгү макулдугу; - текшериле тургандардын өздүгүн күбөлөндүргөн документтеринин көчүрмөлөрү. Типтүү келишимдин жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү - юридикалык жактын арызынын формалары КР ИИМ тарабынан бекитилет |
";
14-баптын 15, 16-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талап берилген этапта кызмат электрондук форматта жарым-жартылай төмөнкүлөр аркылуу көрсөтүлөт: - электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; - КР ИИМдин электрондук кызмат көрсөтүү порталы; - КР ИИМдин электрондук кызмат көрсөтүү порталынын системасына кошулган төлөм терминалдары, программалык-аппараттык системалар |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талап жөнөтүлгөндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан жалган маалыматтар берилсе же ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн |