Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-майы № 254
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары тарабынан жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- IV бөлүм ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 33 жана 34-баптар менен толукталсын;
- VIII бөлүм ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 13-бап менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
1-тиркеме
"
33. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантиндик объекттерди аныктоо боюнча айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу азыктар, үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша жайгашкан аймактарды изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмек), 5-баптын 191-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерди мелиорациялоо, жер семиртүү, жер, суу ресурстары, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантиндик объекттерди аныктоо боюнча айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу азыктар, үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша жайгашкан аймактарды изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза) боюнча функцияларды аткарган ведомстволук бөлүм (мындан ары - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (7-берене); "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык эрежелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жобо; Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмеги, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 158 чечими; Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияларга жана объектилерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптар, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими; Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоонун бирдиктүү эрежелери жана ченемдери, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 159 чечими |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Карантиндик объекттерди аныктоо; - лабораториялык экспертиза жүргүзүү; - карантинге алынуучу продукциянын коопсуздугун камсыздоо, анын жыйынтыгы боюнча карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк жана текшерүү актысы же карантиндик сертификат толтурулат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүү үчүн орундар, ажатканалар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү тариздөө боюнча иш-аракеттерге кеткен чектелген убакыт: - өсүмдүктөрдүн түрлөрү боюнча текшерүү жүргүзүү, карантиндик же карантинден тышкары аймактардын болушун жана текшерүү методун тандоо боюнча документтерди кабыл алуу жана кароо убактысы - 25 мүнөткө чейин; - айыл чарба жерлерин, бак-дарактарды, ишканаларды жана жанаша жайгашкан аймагын үлгүлөрдү алуу менен текшерүү убактысы - 1 сааттан 24 саатка чейин; - алынган үлгүлөргө лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү жана карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүн берүү убактысы экспертизанын татаалдыгына жараша - 3 сааттан 72 саатка чейин; - текшерүү актысын же карантиндик сертификатты тариздөө жана берүү убактысы - 40 мүнөткө чейин. Арыз кайрылган күнү каралат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы - арыз кабыл алынган күндөн тартып - 5 жумушчу күнгө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: (www.agroprod.kg); - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарында; - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же болбосо адис менен жеке байланышта). Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жарандарды кайрылган күнү кабыл алат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты: (www.agroprod.kg); - маалымат такталары; - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктары; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же болбосо адис менен жеке байланышта). Даректер, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иш режими агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат (www.agroprod.kg) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана тейлөө | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл: - ким экендигин ырастоочу документ; - кызмат көрсөтүүгө арыз; - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция. Юридикалык жактар анын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган документти (ишеним катты) кошумча берет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылып, маалыматтык такталарда жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат (www.agroprod.kg). Төлөө шарттары: төлөө эсебинин негизинде накталай эмес эсептешүү |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмасы, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет. Керектөөчү агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agroprod.kg) көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу арыз бере алат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартуу мүмкүн: - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербеген учурда; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келсе; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирбесе |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү же анын өкүлү, административдик актты кабыл алган ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине же өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө саясатты жүргүзгөн жогору турган мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - даттануу берилген мамлекеттик органдын аталышы; - даттануу берген жеке адамдын аты-жөнү, анын дареги жана байланыш маалыматтары; - юридикалык жактын атынан даттануу берүүчүнүн аты-жөнү, анын кызмат орду, юридикалык жактын жайгашкан жери жана байланыш маалыматтары; - даттануунун маңызы; - даттануу берген жактын талабы; - даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмеси; - даттанууну берген күнү, айы жана жылы; - даттануу берген адамдын колу; - юридикалык жактын атынан даттануу берүүчү адамдын колу жана юридикалык жактардын мөөрү (бар болгон учурда). Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө саясат жүргүзүүчү мамлекеттик органдын чечимине сотко даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
34. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызматтын аты менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын баяндамасы жана кызматтын кыскача сыпаттамасы | Экспорттоо максатында карантинге алынуучу продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо, анын ичинде бардык фитосанитардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрү менен аныктоо, карантинге алынуучу продукциянын карантиндик фитосанитардык карантиндин абалы жөнүндө корутунду/фитосанитардык документтерди берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмек), 5-баптын 23-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерди мелиорациялоо, жер семиртүү, жер, суу ресурстары, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), экспорттоо максатында карантинге алынуучу продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо, анын ичинде бардык фитосанитардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрү менен аныктоо, карантинге алынуучу продукциянын карантиндик фитосанитардык карантиндин абалы жөнүндө корутунду/фитосанитардык документтерди берүү боюнча функцияларды аткарган ведомстволук бөлүм (мындан ары - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (7-берене); "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (10-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык эрежелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жобо: Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынууга тийиш болгон карантинге алынуучу продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмеси, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими; Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмеги, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 158 чечими; Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияларга жана объектилерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптар, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими; Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоонун бирдиктүү эрежелери жана ченемдери, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 159 чечими |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Карантинге алынган продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу жана карантиндик зыяндуу жана жөнгө салынуучу өсүмдүктөрдүн зыяндуу организмдеринин жайылышын алдын алуу, анын жыйынтыгы боюнча карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк жана фитосанитардык сертификат же реэкспорттук фитосанитардык сертификат таризделет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүү үчүн орундар, ажатканалар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү тариздөө боюнча, иш-аракеттерге чектелген убакыт: - арызды жана коштоочу документтерди кабыл алуу жана кароо, импорттоочу өлкөнүн фитосанитардык талаптарын аныктоо убактысы - 25 мүнөткө чейин; - карантиндик продукциялардын партиясынан үлгүлөрдү алуу менен тинтип кароо убакыты иштин көлөмүнө жараша - 2 саатка чейин; - алынган үлгүлөргө лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк берүү убакыты экспертизанын татаалдыгына жараша - 3 сааттан 72 саатка чейин; - фитосанитардык сертификат же реэкспорттук фитосанитардык сертификатты тариздөө жана берүү убакыты - 40 мүнөткө чейин. Арыз кайрылган күнү каралат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы - арыз кабыл алынган күндөн тартып - 5 жумушчу күнгө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: (www.agroprod.kg); - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарында; - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же болбосо адис менен жеке байланышта). Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жарандарды кайрылган күнү кабыл алат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты: (www.agroprod.kg); - маалымат такталары; - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктары; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же болбосо адис менен жеке байланышта). Даректер, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иш режими агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат (www.agroprod.kg) |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл: - ким экендигин ырастоочу документ; - кызмат көрсөтүүгө арыз; - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция. Юридикалык жактар анын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган документти (ишеним катты) кошумча берет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылып, маалыматтык такталарда жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат (www.agroprod.kg). Төлөө шарттары: төлөө эсебинин негизинде накталай эмес эсептешүү |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет. Керектөөчү агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agroprod.kg) көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу арыз бере алат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартуу мүмкүн: - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толуктап бербегенде; - фитосанитардык жана реэкспорттук фитосанитардык сертификат берүү үчүн зарыл болгон документтерде анык эмес же жасалма маалыматтарды берүү; - фитосанитардык жана реэкспорттук фитосанитардык сертификат берүү үчүн зарыл болгон документтерди туура эмес тариздөө; - карантиндик продукциялардын улуттук жана/же дайындалган өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына шайкеш келбестиги; - импорттоочу-өлкө тарабынан киргизилген карантиндик продукцияны Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга чектөө салуу боюнча убактылуу фитосанитардык чаралар; - карантиндик продукцияда, өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуунун эрежелеринде жана формаларында каралган учурларды кошпогондо карантиндик объекттердин болушу; - өтүнмө берилген продукцияга, аны даярдоо, сактоо жана кайра иштетүү жерине, ошондой эле аны ташуу ыкмаларына тиешелүү өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү бузуулардын болушу |
17 | Даттануу тартиби | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү же анын өкүлү, административдик актты кабыл алган ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине же өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө саясатты жүргүзгөн жогору турган мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - даттануу берилген мамлекеттик органдын аталышы; - даттануу берген жеке адамдын аты-жөнү, анын дареги жана байланыш маалыматтары; - юридикалык жактын атынан даттануу берүүчүнүн аты-жөнү, анын кызмат орду, юридикалык жактын жайгашкан жери жана байланыш маалыматтары; - даттануунун маңызы; - даттануу берген жактын талабы; - даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмеси; - даттанууну берген күнү, айы жана жылы; - даттануу берген адамдын колу; - юридикалык жактын атынан даттануу берүүчү адамдын колу жана юридикалык жактардын мөөрү (бар болгон учурда). Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө саясат жүргүзүүчү мамлекеттик органдын чечимине сотко даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
".
2-тиркеме
"
13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызматтын аты менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын баяндамасы жана кызматтын кыскача сыпаттамасы | Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларын өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмек), 8-баптын 4-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерди мелиорациялоо, жер семиртүү, жер, суу ресурстары, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларын өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү боюнча функцияларды аткарган ведомстволук бөлүм (мындан ары - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (7-берене); "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (11-берене); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык эрежелери; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жобо; Евразия экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмеги, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 158 чечими; Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияларга жана объектилерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптар, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими; Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоонун бирдиктүү эрежелери жана ченемдери, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 159 чечими |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Продукцияны зыянсыздоо карантиндик объекттерди жок кылуу, жоюу, стерилизациялоо (репродуктивдүү жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу) же химиялык, физикалык, биологиялык, механикалык, термикалык же башка ыкмалар менен аларды жашоого жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу максатында карантиндик продукцияны импорттоочу өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүү үчүн орундар, ажатканалар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүнү тариздөө боюнча иш-аракеттерге чектелген убакыт: - арызды жана документтерди кабыл алуу жана кароо, зыянсыздоо методун тандоо, ошондой эле химиялык затты сарптоо санын алдын ала эсептөө убактысы - 30 мүнөткө чейин; - карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларын жайгашкан ордуна, жылчыксыздыгына, зыянсыздоо үчүн карантиндик объекттин көлөмүнө карата кароо убакыты - 2 саатка чейин; - газдаштыруу методу же аэрозоль чачуу методу менен зыянсыздоо карантиндик объекттин көлөмүнө жана зыянсыздоо методуна жараша - 24 сааттан 168 саатка чейин; - карантиндик фитосанитардык зыянсыздоо жөнүндө актты тариздөө жана берүү убактысы - 40 мүнөткө чейин. Арыз кайрылган күнү каралат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы - арыз кабыл алынган күндөн тартып - 7 жумушчу күнгө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: (www.agroprod.kg); - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарында; - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же болбосо адис менен жеке байланышта). Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жарандарды кайрылган күнү кабыл алат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты: (www.agroprod.kg); - маалымат такталары; - өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктары; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же болбосо адис менен жеке байланышта). Даректер, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иш режими агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат (www.agroprod.kg) |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл: - ким экендигин ырастоочу документ; - кызмат көрсөтүүгө арыз; - кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция. Юридикалык жактар анын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган документти (ишеним катты) кошумча берет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылып, маалыматтык такталарда жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат (www.agroprod.kg). Төлөө шарттары: төлөө эсебинин негизинде накталай эмес эсептешүү |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет. Керектөөчү агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында (www.agroprod.kg) көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу арыз бере алат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартуу мүмкүн: - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толуктап бербегенде; - кызмат көрсөтүү техникалык шарттарга шайкеш келбегенде |