Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 510
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин,
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын айрым «мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
1- берене
"Электр жана почта байланышы жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын; Мыйзамына ( Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, ст.230 а) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Абонент - электр байланыш оператору менен байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн жеке же юридикалык жак. ";
2) 9'-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Абонент SIM-картаны же SIM-картаны талап кылбаган абоненттик терминалды башка бирөөгө берүүдө 10 календардык күндүн ичинде электр байланыш операторунун тейлөө борборунда (же электр байланыш оператору белгилеген башка жерде) келишимди ошол адамга кайра тариздөөгө тийиш. SIM картаны же SIM-картаны талап кылбаган абоненттик терминалды башка бирөөгө саткандыгы же колдонууга бергендиги үчүн абонент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.".
2- берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., №2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 270-1-статья менен толукталсын:
"270-1-статья. SIM -картаны же SIM-картаны талап кылбаган абоненттик терминалды сатуу же башка жакка берүу
SIM -картаны же SIM-картаны талап кылбаган абоненттик терминалды адамды күбөлөндүруучү документине ылайык байланыш тармагындагы мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө келишимди тариздебей (кайра тариздебей) башка жакка сатууда же берүүдө -
жарандарга - ондон элүугө чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 274-1 -статья менен толукталсын:
"274-1-статья. Электр жана почта байланыш тармагындагы иш жүргүзүүдө лицензиялык талаптарды бузуу
Электр жана почта байланыш тармагындагы игл жүргүзүүдө лицензиялык талаптарды бузуу-
жарандарга - ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3) 275-статьядагы "эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "кызмат адамдарына - ондон элүүгө чейинки. юридикалык жактарга -жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4) 284-статья "жыйырма" деген сөздөн кийин ", юридикалык жактарга – жүздөн беш жүз" деген сөздөр менен толукталсын.
5) 511 -статьянын экинчи абзацы "251-статьясынын биринчи бөлүгүндө" деген цифралар жана сөздөрдөн кийин 270-1-статьясында," деген цифралар жана сөз менен толукталсын;
6) 515-статьядагы "(Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги; Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин директору)" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти