Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы № 110 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 285
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы
нын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Такталык калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Такталык айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак айылы деп аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай айылы деп аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылы деп аталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылы деп аталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Кулуштан калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Кулуштан айылы деп аталсын.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма айылы деп аталсын.
10-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Кичи-Жайылма калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Кичи-Жайылма айылы деп аталсын.
11-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Татар калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Татар айылы деп аталсын.
12-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш жана Жапалак, Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит жана Кулуштан, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма, Ош шаарынын Татар жаңы түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.
13-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет,
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-июнундагы № 285 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Тати жана Жапалак, Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит жана Кулуштан, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма калктуу конуштары жана Ош шаарынын Татар калктуу конушу расмий түрдө айыл статусун алышкан эмес. Жарандарга өз жоопкерчилигинин алдында шарттарды түзүү жана өз кызыкчылыктарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, социалдык экономикалык абалын жакшыртууга шарттарды, статистикалык маалыматтарды түзүү үчүн аталган калктуу конуштарды Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамдарга ылайык айыл категориясына киргизүү зарыл.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Такталык калктуу конушу райондун борборунан 61 км жана айыл аймагынын борборунан 15 км аралыкта жайгашкан, Жалпы аянты 142 га. Калктуу конуштагы 96 кожолукта 380 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш калктуу конушу райондун борборунан 35 км жана айыл аймагынын борборунан 15 км аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты 160 га. Калктуу конуштагы 333 кожолукта 2851 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 мектеп;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 лагер;
-1 санатория;
- 14 эс алуу жайы;
- 8 соода түйүнү.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак калктуу конушу райондун борборунан 28 км жана айыл аймагынын борборунан 2 км аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты 82 га. Калктуу конуштагьт 358 кожолукта 2394 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 китепкана;
- 2 спорт аянтчасы.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак калктуу конушу райондун борборунан 37 км жана айыл аймагынын борборунан 6 км аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты 37 га. Калктуу конуштагы 571 кожолукта 1776 киши жашайт.
Калктуу конушта социалдык объекттер жок.
Ош облусунун Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай калктуу конушу райондун борборунан 180 км жана айыл аймагынын борборунан 150 км аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты 200 га. Калктуу конуштагы 46 кожолукта 301 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
-1 бала бакча.
Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата калктуу конушу райондун борборунан 40 км жана айыл аймагынын борборунан 5 км аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты 353 га. Калктуу конуштагы 640 кожолукта 3540 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 толук эмес орто мектеп;
- 1 бала бакча;
- 3 мечит;
- 1 чайкана;
- 4 дүкөн;
- 1 навайкана;
- 1 спорт комплекси;
- 1 кен казуучу ишкана;
-1 темир устакана.
Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит калктуу конушу райондун борборунан 42 км жана айыл аймагынын борборунан 2 км аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты 168 га. Калктуу конуштагы 250 кожолукта 1500 киши жашайт, Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 интернат мектеп;
- 1 бала бакча;
- 2 мечит;
-1 чайкана;
- 7 дүкөн;
- 1 навайкана;
- 1 спорт комплекси;
- 1 тегирмен;
- 1касапкана;
- 1 мончо;
- 1 оорукана;
-1 фельдшердик-акушердик пункт;
-1 дарыкана.
Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Кулуштан калктуу конушу райондун борборунан 45 км жана айыл аймагынын борборунан 5 км аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты 196,7 га. Калктуу конуштагы 320 кожолукта 1698 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
-1 орто мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 мечит;
- 4 дүкөн;
- 1 спорт комплекси.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма калктуу конушу райондун борборунан 38 км жана айыл аймагынын борборунан 7 км аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты 8145 га. Калктуу конуштагы 140 кожолукта 719 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Кичи-Жайылма калктуу конушу райондун борборунан 40 км жана айыл аймагынын борборунан 8 км аралыкта жайгашкан. Жалпы аянты 1413 га. Калктуу конуштагы 42 кожолукта 168 киши жашайт.
Калктуу конушта социалдык объекттер жок.
Ош шаарынын Татар калктуу конушу Ош шаарынан 9 км аралыкта жайгашкан, жалпы аянты 63,1 га. Калктуу конуштагы 312 кожолукта 2156 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 мончо;
- 1 тегирмен.
Аталган калктуу конуштарга айыл статусун берүү жөнүндө материалдар "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык даярдалган. Бул маселе 2018-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралган.
Аталган калктуу конуштар "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айыл статусун алуу үчүн бардык зарыл болгон критерийлерге шайкеш келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш жана Жапалак, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит жана Кулуштан, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма жана Ош шаарынын Татар калктуу конуштарынын жашоочуларынын жыйналышынын чечимдерин, тийиштүү жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын чечимдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш жана Жапалак, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит жана Кулуштан, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма жана Ош шаарынын Татар калктуу конуштарына айыл статусун берүү мүмкүн деп эсептейт.