Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 286
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза" долбоорун каржылоо үнүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 286 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза" долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууга 2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган жана жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
№ 1 кошумча макулдашуунун долбоору мурда Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон мамлекеттик органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-июнундагы № 201-б буйругу менен жактырылган.
№ 1 кошумча макулдашууда кредиттин каражаттарын резервдештирүү үчүн жылдык 0,5% өлчөмүндөгү комиссияны белгилөө каралган.
Негизги Макулдашуунун алкагында "Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV Фаза" долбоору боюнча аралыгы 67 км түзгөн Маданият а. - Жалал-Абад ш. участогунун курулуш иштерин каржылоо каралган. Кредиттин жалпы суммасы 60,0 млн. АКШ долларын түзөт. Кредит берүүнүн мөөнөтү - 20 жыл (анын ичинен жеңилдетилген мезгил - 8 жыл). Пайыздык ставкасы жылдык 1%ды түзөт.
2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга кол коюу жана ага киргизилүүчү толуктоолордун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду кыргыз тараптын аткарышынын зарылдыгы жөнүндө Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңешинин 2016-жылдын 23-сентябрындагы № 28 жана 2017-жылдын 25-декабрындагы № 31 жыйындарынын протоколдорун аткаруу аталган Мыйзамдын долбоорунун максаты жана милдети болуп саналат.
Жогоруда аталган протоколдорго ылайык 2018-жылдын 30-июнуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө келечекте кредиттин жеткиликтүүлүк мөөнөтүн узартууну камсыздайт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-февралындагы № 54-б буйругу менен жогоруда аталган Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш чаралар планы жактырылган.
Иш-чаралар планында көрсөтүлгөн мөөнөттөр сакталган учурда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбейт.
Ошону менен бирге, 2018-жылдын 11-июнунда Azvirt (Азербайжан) подрядчы компаниясы менен контрактка кол коюлгандыгын белгилейбиз, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жана Azvirt (Азербайджан) подрядчы компаниясынын ортосунда подрядчынын күнөөсү боюнча курулуш иштери кечиктирилген учурда контракттын 19% өлчөмүндө айып санкциялары макулдашылды.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржылоого алып келбейт.