Загрузка документа…
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген |
"Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 517 , 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 622 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (мындан ары - санитардык эрежелер) адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир тийгизүүнүн булагы болуп эсептелүүчү жаңыдан курулуп жаткан, реконструкциялануучу жана иштеп жаткан өнөр жай объекттерин жана өндүрүштү, транспорт, байланыш, айыл чарба, энергетика, тажрыйба-эксперименттик өндүрүш объекттерин, коммуналдык багыттагы, спорт, соода, коомдук тамактануу жана башка объекттерди жайгаштырууга, долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга жайылтылат. Адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна химиялык, физикалык, биологиялык таасир тийгизүүнүн булактары болуп пайда болгон булгануунун деңгээли өнөр жай аянтчасынын чегинен сырткары 0,1 чектик жол берилген концентрациядан жана/же чектик жол берилген деңгээлден ашкан объекттер эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул санитардык эрежелер иондоштуруучу нурлануунун булагы болуп эсептелген өнөр жай объекттерине жана өндүрүшкө жайылтылбайт.
3. Калктын коопсуздугун камсыздоо максатында жана адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир тийгизүүчү булагы болуп эсептелген объекттердин жана өндүрүштөрдүн айланасында пайдалануунун өзгөчө режими бар атайын аймак белгиленет (мындан ары - санитардык-коргоочу зона (СКЗ), алардын өлчөмү атмосфералык абага "Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоону заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдеринде белгиленген маанилерге чейин булгануунун таасирин азайтууну камсыздайт.
Өзүнүн функциялык багыты боюнча СКЗ объектти эксплуатациялоодо калктын коопсуздук деңгээлин камсыздоочу коргоочу тоскоолдук болуп эсептелет.
Жашоо чөйрөгө таасир тийгизүүнүн булактары болуп эсептелген объекттер үчүн СКЗ негиздемесинин долбоору иштеп чыгарылат. СКЗнын болжолдуу өлчөмү классификация боюнча атмосфералык абанын күтүлүүчү булганууларын (фонду эске алуу менен) жана атмосфералык абага физикалык таасир тийгизүүнүн деңгээлдерин эсепке алуу менен долбоор менен негизделип, накталай изилдөөлөрдүн жана ченөөлөрдүн натыйжалары менен бекитилиши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өнөр жай өндүрүшүнүн жана объекттеринин санитардык-коргоо зонасы ырааттуу түрдө төмөнкүдөй иштелип чыгат: атмосфералык абага физикалык таасир этүүнүн (ызы-чуу, дирилдөө, электрмагниттик тала ж.б.) жана атмосфералык абалынын булгануусунун чачыроосун эсептөө менен долбоордун негизинде; белгиленген (биротоло) - эсептик параметрлерди ырастоо үчүн накталай байкоолордун жана өлчөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде аткарылган эсептик (алдын ала) санитардык-коргоочу зона.
5. СКЗнын өлчөмүн аныктоо үчүн критерий болуп калктуу конуштардын атмосфера абасы үчүн булгоочу заттын чектик жол берилген концентрациянын жана атмосфералык абага физикалык таасир этүүнүн чектик жол берилген деңгээлинин тышкы чегинде жана анын сыртында чегинен ашпоосу эсептелет.
6. Өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн же өнөр жай түйүнүн (комплексинин) топтору үчүн атмосфералык абага суммалык бүркүүлөрдү жана ушул зонага кирүүчү өнөр жай объекттери менен өндүрүш булактарынын физикалык таасирин эсепке алуу менен бирдиктүү эсептик жана биротоло такталган санитардык-коргоочу зона аныкталат.
7. Адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп эсептелүүчү уюмдар, өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү, өнөр жай объекттердин жана курулмалардын топтору турак жай курулушунан, ландшафттык-рекреациялык зонадан, эс алуу зонасынан, курорттордун аймагынан санаторийлерден, эс алуу үйлөрүнөн, стационардуу дарылоо-профилактикалык мекемелерден, бакчачылык шериктештиктердин аймактарынан жана коттедждик курулуштардан, жамааттык же жеке дачалык жана бак-багбанчылык участокторунан СКЗны бөлүү зарыл.
8. Автомагистралдар, темир жол транспортунун линиялары, метрополитен, гараждар жана автотоктотмолор үчүн, ошондой эле аба кемелеринин учуу жана конуу зонасындагы учуунун стандарттуу маршруттарын бойлото ажырымдын чоңдугу андан ары натуралай изилдөөлөрдү жана ченөөлөрдү жүргүзүү менен атмосфералык абанын булгануусунун чачыроосун жана физикалык факторлорду (ызы-чуу, дирилдөө, электромагниттик талаа ж.б.) эсептөөнүн негизинде ар бир конкреттүү учурга белгиленет.
9. Көмүр суутек сырьесунун магистралдык түтүк өткөргүчтөрү, компрессордук орнотмолор үчүн санитардык бөлүүлөр (ажыратуунун санитардык тилкелери) түзүлөт. Санитардык бөлүүлөрдүн/аралыктын минималдуу өлчөмдөрү ушул санитардык эрежелердин 2-7-тиркемелеринде келтирилген.
10. Калктуу конуштан авиациялык ыкмада пестициддер жана агрохимикаттар менен иштетилүүчү айыл чарба талааларына чейинки санитардык бөлүүнүн өлчөмү 2000 метрден кем болбошу керек.
11. Аэропорттор, аэродромдор үчүн СКЗнын өлчөмү атмосфералык абанын булгануусунун чачыроосун жана атмосфералык абага физикалык таасирлерди (ызы-чуу, дирилдөө, электромагниттик талаа ж.б.) эсептөөлөрдүн негизинде, ошондой эле калктын ден соолугу үчүн натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн жана тобокелдикти баалоонун натыйжаларынын негизинде ар бир конкреттүү учурга белгиленет.
12. Ишканалар үчүн СКЗнын эсептик өлчөмү архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба, курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылыш пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик Санитардык врачы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
13. Атмосфералык абага жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр жана СКЗнын аймагында жана анын чегинде, турак жай курулуштарында атмосфералык абаны лабораториялык изилдөө жана атмосфералык абага физикалык таасирлерди ченөө өнөр жай объекттери жана өндүрүш кызматтары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан компетенцияларынын чегинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Терминдер жана аныктамалар
14. Ушул санитардык эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) санитардык-коргоо зонасы - бул адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган технологиялык процесстери бар ишканаларды, алардын айрым имараттарын жана курулмаларын турак-жай курулуштарынан, ландшафттык-рекреациялык зонадан, эс алуу зонасынан, курорттон бөлүп турган аймак. Санитардык-коргоо зонасы адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган ар кандай объекттин милдеттүү элементи болуп саналат;
2) санитардык эрежелер жана ченемдер - адам үчүн анын жашоо чөйрөсүндөгү факторлордун коопсуздугунун жана (же) зыянсыздыгынын критерийлерин жана анын жашоо тиричилигиндеги жагымдуу шарттарды камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөчү актылар;
3) санитардык-коргоо зонасынын чектери - санитардык-коргоо зонасынын аймагын чектеген шарттуу линия, аны чегинен тышкары жакта таасир этүү факторлору белгиленген гигиеналык ченемдерден ашпайт;
4) санитардык ажырым - зыяндуу таасир этүү булагынан турак-жай курулуштарынын, ландшафттык-рекреациялык зонанын, эс алуу зонасынын, курорттун чегине чейинки минималдуу аралык.
5) булгануу зонасы - булгануу булагынын айланасындагы аймак, анын чегинде атмосферанын жерге жакын катмары чек коюлуп-жол берилген деңгээлден ашпаган концентрацияда зыяндуу заттар менен булганган болушу мүмкүн;
6) объекттин кооптуулук классы - кубаттуулукка, пайдалануу шарттарына, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна жагымсыз таасир эткен булгоочу заттардын, түзүлгөн ызы-чуунун, дирилдөөнүн, иондошпогон нурлануунун мүнөзүнө жана санына жараша орнотулуучу объекттин категориясы;
7) өндүрүштүк объект - адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган процесстерди, жабдууларды жана технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган продукцияны өндүрүү, иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү менен байланышкан чарбалык иштин объектиси.
3. Санитардык-коргоочу зоналарды долбоорлоо
15. СКЗны долбоорлоо шаар куруу документтерин, айрым өнөр жай объекттерин, өндүрүштү жана/же өнөр жай объекттери менен өндүрүштүн топторун куруу, реконструкциялоо жана пайдаланууга берүүнү иштеп чыгуунун бардык этаптарында жүргүзүлөт.
СКЗнын өлчөмдөрү жана чек аралары СКЗнын долбоорунда аныкталат. СКЗнын өлчөмдөрүн негиздөө ушул эрежелерде берилген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
16. Жаңы өнөр жай объекттерин, өндүрүштөрүн жана курулмаларын курууга, иштеп жаткандарын реконструкциялоого же техникалык кайра жабдууга СКЗнын долбоорунда санитардык-коргоочу зонаны уюштурууга иш-чаралар жана каражаттар, анын ичинде зарыл болгон учурда тургундарды көчүрүү каралышы керек. Иш-чараларды аткаруу, анын ичинде тургундарды көчүрүү тиешелүү өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн кызмат адамдары камсыз кылышат.
17. СКЗнын чек аралары химиялык, биологиялык жана/же физикалык таасир этүү булактарынан же болбосо чарба жүргүзүү үчүн өнөр жай өндүрүшүнө жана объектисине таандык болгон жана белгиленген тартипте таризделген жер участогунун (өнөр жай аянты) чегинен өнөр жай аянтынын батыш багыттагы тышкы чек арасына чейин белгиленет.
18. СКЗны аныктоо бүркүлүүлөрдүн мүнөздөмөлөрүнө жараша атмосфералык абанын химиялык булганышы негизги фактор болуп эсептелүүчү өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр үчүн СКЗнын өлчөмү өнөр жай аянтчасынын чегинен жана/же булгоочу заттарды бүркүү булагынан аныкталат.
СКЗнын чек арасы төмонкүдөй белгиленет:
- СКЗны аныктоодо СКЗнын эсептик же аныкталган өлчөмдөрүнүн негизинде өнөр жай аянтынын аймагынын чет арасынан;
- СКЗны аныктоодо СКЗнын эсептик же аныкталган өлчөмдөрүнүн негизинде периметр боюнча четки бүркүлүү булактарынан.
19. Фонддун көрсөткүчтөрү гигиеналык ченемдерден ашыкча болгон аймакта адамдын жашоо чөйрөсүн булгоо жана ден соолугуна таасир этүү булагы болуп эсептелүүчү өнөр жай объекттерин жана өндүрүштөрдү жайгаштырууга жол берилбейт. Адамдын жашоо чөйрөсүн булгоо булагы болуп эсептелүүчү иштеп жаткан объекттер үчүн фондду эсепке алуу менен физикалык факторлордун таасиринде чектик жол берилген деңгээлде жана химиялык жана биологиялык таасирлерде чектик жол берилген концентрацияга чейин жашоо чөйрөсүнө таасир этүүнүн бардык түрлөрүн азайтуу шарттарында өндүрүштү реконструкциялоого же кайра профилдөөгө уруксат берилет.
20. Атмосфералык абага химиялык, биологиялык жана физикалык таасирлерди натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн, тобокелдикти баалоонун (I-II класстагы кооптуулук ишканалар үчүн), СКЗнын өлчөмү боюнча чечимдин негизинде алынган жана СКЗнын эсептик өлчөмү дал келбеген учурда калктын ден соолугу үчүн эң чоң коопсуздукту камсыз кылуучу вариант боюнча кабыл алынат.
21. Адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп эсептелүүчү өнөр жай объекттери жана өндүрүш, курулмалар үчүн кубаттуулугуна, пайдалануу шарттарына, айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды бөлүп чыгаруунун мүнөзүнө жана санына, түзүүчү ызы-чууга, дирилдөөгө жана башка зыяндуу физикалык факторлоруна жараша, ошондой эле өнөр жай объекттерин жана өндүрүштү санитардык классификациялоого ылайык адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна жагымсыз таасирди азайтуу боюнча каралуучу чараларды эске алуу менен санитардык-коргоочу зонанын төмөнкүдөй болжолдуу өлчөмдөрү белгиленет:
- биринчи класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 1000 м;
- экинчи класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 500 м;
- үчүнчү класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 300 м;
- төртүнчү класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 100 м;
- бешинчи класстагы өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр - 50 м.
22. Өндүрүш көлөмүн убактылуу кыскартуу максимум долбоордук же иш жүзүндө жетишилген кубаттуулук үчүн СКЗнын кабыл алынган өлчөмүн кайра кароого негиз болуп эсептелбейт.
23. Өнөр жай аянтчасынын чегинен сыртта графикалык материалдарда (шаардын башкы планы, аймактык пландоо схемасы ж.б.) СКЗнын чеги атайын маалыматтык белгилер менен белгиленет.
24. СКЗнын долбоорунда төмөнкүлөр аныкталышы керек:
- СКЗнын өлчөмү жана чектери;
- атмосфералык абадагы зыяндуу химиялык кошундулардын бүркүлүүлөрдүн таасиринен жана физикалык таасирлерден калкты коргоо боюнча иш-чаралар;
- СКЗнын аймагын функциялык зоналоо жана аны пайдалануу режими.
25. Долбоордук документтер санитардык ченемдерге жана эрежелерге шайкештигин баалоого жана мамлекеттик экологиялык экспертиза тарабынан корутунду чыгарууга мүмкүн болгон көлөмдө берилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Долбоорлонуучу, реконструкциялануучу жана иштеп жаткан өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн СКЗнын өлчөмдөрү айлана-чөйрөнү коргоо жагынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн атмосфералык абаны булгоого чачыроонун жана атмосфералык абага таасирлерин эсептөөлөрдүн негизинде жана белгиленген тартипте иштелип чыккан методика боюнча I, II класстагы кооптуулугу бар өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн ден соолукка коркунучту баалоо менен оң экологиялык экспертиза бар болгондо белгиленет.
27. Өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн топтору же өнөр жай түйүндөрү (комплекси) үчүн СКЗнын өлчөмү өнөр жай зонасына, өнөр жай түйүнүнө (комплексине) кирүүчү өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн өндүрүш булактарынын физикалык таасирин жана суммалык бүркүлүүлөрүн эске алуу менен белгиленет. Алар үчүн бирдиктүү эсептик санитардык-коргоочу зона белгиленет жана натуралай изилдөөлөрдүн жана ченөөлөрдүн, калктын ден соолугу үчүн коркунучту баалоонун маалыматтары менен эсептик параметрлер ырасталгандан кийин СКЗнын өлчөмү биротоло аныкталат. Калктын ден соолугу үчүн тобокелдикти баалоо Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн топтору же өнөр жай түйүндөрү (комплекси) үчүн жүргүзүлөт, анын курамына I, II жана III класстагы, ошондой эле бүркүлүүлөрдүн курамында 1 жана 2-класстагы кооптуулук заттары бар, канцерогендер бар кооптуулук объекттери кирет. Өнөр жай зоналарынын жана өнөр жай түйүндөрүнүн (комплексинин) курамына кирген өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр үчүн СКЗ ар бир объект үчүн өз алдынча белгилениши мүмкүн.
28. Өнөр жай объекттерин жана өндүрүштөрдү реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу эсептик чектер менен СКЗнын долбоорунун курамында аткарылган атмосфералык абага физикалык таасирдин, атмосфералык абанын күтүлүүчү булгануусунун эсептери менен долбоордо болгон учурда жүргүзүлөт. Реконструкция аяктагандан жана объект пайдаланууга берилгенден кийин эсептик параметрлер атмосфералык абаны натуралай изилдөөлөрдүн жана атмосфералык абага таасирлердин физикалык факторлорун өлчөөлөрдүн натыйжалары менен ырасталышы керек.
29. Заманбап өнөр жайлык долбоорлорунун милдеттүү шарты болуп зыяндуу химиялык же биологиялык компоненттердин атмосфералык абага бүркүлүүлөрүн болушунча кыскартууга же тарашын болтурбоого, гигиеналык ченемдерге чейин жана андан төмөн физикалык факторлордун таасирин азайтууга же болтурбоого мүмкүндүк берүүчү алдыңкы ресурс үнөмдөөчү, калдыксыз жана аз калдык чыгаруучу технологиялык чечимдерди ишке киргизүү эсептелет.
30. Курулуш долбоорлорунда жана реконструкциялоодо иштелип чыгуучу технологиялык жана техникалык чечимдер тажрыйба-өнөр жайлык сыноолордун натыйжалары менен, ал эми жаңы технологиялардын негизинде өндүрүштү долбоорлоодо - тажрыйба-эксперименттик өндүрүштүн маалыматтары, ушундай өндүрүштү түзүү боюнча чет өлкөлүк тажрыйбанын материалдары менен негизделиши керек.
31. Иштеп жаткан, реконструкциялануучу жана долбоорлонуучу өнөр жай объекттеринин жана өндүрүштөрүнүн СКЗсынын өлчөмүн өзгөртүү (көбөйтүү, азайтуу) төмөнкүлөрдүн негизинде зарыл болгон өзгөртүүнүн негиздөөчүсү долбоорду иштеп чыгуусу менен коштошуу керек:
- санитардык эрежелердин;
- атмосфералык абанын булгануу чачыроосун жана атмосфералык абага физикалык таасирлерди (ызы-чуу, дирилдөө, электрмагниттик тала ж.б.) эсептөөлөр менен СКЗнын долбооруна экспертиза жүргүзүү натыйжаларынын;
- атмосфералык абанын булгануусун системалуу түрдө натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн (ар бир өзүнчө чекитте ар бир ингредиентке элүүдөн кем эмес изилдөө жүргүзүү), атмосфералык абага физикалык таасирлердин деңгээлдеринин.
4. Санитардык-коргоочу зоналарынын өлчөмдөрүн аныктоо
32. Өндүрүштүк объекттер жана өндүрүштөр үчүн СКЗнын өлчөмдөрүн аныктоо долбоордун курамында берилген байкоо программасына ылайык аткарылган атмосфералык абага физикалык таасирдин деңгээлдерин, атмосфералык абаны натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн натыйжаларын эске алуу менен атмосфералык абага физикалык таасирлердин, атмосфералык абанын булганышын эсептөөлөр менен санитардык-коргоочу зонаны негиздөө долбоорлору болгондо жүргүзүлөт.
33. Иштеп жаткан объекттер үчүн СКЗнын өлчөмү төмөнкү учурларда азайтылышы мүмкүн:
- ден соолук үчүн коркунучту өлчөөлөрдүн жана баалоолордун жана ишканалар үчүн I жана II класстагы кооптуулук үчүн (ар бир өзүнчө чекитте ар бир ингредиентке элүүдөн кем эмес изилдөөлөрдүн) системалуу лабораториялык байкоолордун материалдары боюнча СКЗнын чегинде жана анын чегинен сыртта атмосфералык абага физикалык таасирлердин жана атмосфералык абалын химиялык, биологиялык булгануу деңгээли чектик жол берилген концентрацияга жана чектик жол берилген деңгээлге чейин жеткени объективдүү далилденгенде; өнөр жай объекттери жана III, IV, V класстагы кооптуулук өндүрүш үчүн атмосфералык абанын булгануусунун абалына артыкчылыктуу көрсөткүчтөрүн (кышкы мезгилди кошпогондо өзүнчө чекитте ар бир ингредиентке отуздан кем эмес изилдөөлөрдүн) жана изилдөөлөрдүн натуралай изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча;
- СКЗнын чек арасында атмосфералык абага физикалык таасирдин деңгээлдеринин өлчөөлөрү менен гигиеналык ченемдерге чейин жана андан төмөн экени ырасталганда;
- кубаттуулук азайганда, курам өзгөргөндө, өнөр жай объекттерин жана өндүрүштү жана ушул өзгөртүү менен байланышкан кооптуулук классын кайра профилдегенде;
- өнөр жай объекттерине жана өндүрүшкө жана ушуну менен байланышкан кооптуулук классынын өзгөрүүлөрүнө;
- жашоо чөйрөсүнө таасирдин деңгээлин кыскартууга багытталган алдыңкы технологиялык чечимдер, натыйжалуу тазалоочу курулмалар ишке киргизилгенде.
34. Долбоорлонуучу жана иштеп жаткан өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн СКЗнын өлчөмү натуралай байкоолордун жана өлчөөлөрдүн натыйжалары боюнча жана/же эсептөө жолу менен алынган классификацияга салыштырмалуу көбөйтүлүшү мүмкүн.
35. Илимий-изилдөө институттары, конструктордук бюролор жана курамында устаканалар, өндүрүштүк, жарым өндүрүштүк жана эксперименттик орнотмолору бар башка объекттер үчүн СКЗнын өлчөмү СКЗнын долбоорун экспертизалоонун, атмосфера абасынын сапатын натуралай изилдөөлөрдүн, физикалык таасирдин деңгээлин өлчөөлөрдүн натыйжаларын эске алуу менен ар бир конкреттүү учурда белгиленет.
36. Санитардык классификацияга киргизилбеген, ошондой эле өлкөдө жана чет өлкөлөрдө аналогу жок жеткиликсиз изилденген жаңы технологиялары бар өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн СКЗнын өлчөмү ушул санитардык эрежелерде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы санитардык врачы тарабынан ар бир конкреттүү учур үчүн аныкталат.
5. Санитардык-коргоочу зоналарынын аймагынын режими
37. СКЗда төмөнкүлөрдү жайгаштырууга жол берилбейт:
- айрым турак үйлөрдү, аскер контингенттерин жайгаштыруу үчүн казармаларды, түрмөлөрдү (колония-поселениелерди) кошкондо турак жай курулушун;
- ландшафттык-рекреациялык зонаны, эс алуу зонасын, курорттордун, санаторийлердин жана эс алуу үйлөрүнүн аймактарын;
- бакчылык шериктештиктеринин аймактарын жана курулуш коттедждерин, жамааттык же жеке дача жана бак-огород участокторун, ошондой эле жашоо чөйрөсү катары көрсөткүчтөр менен ченемделген башка аймактарды;
- спорт курулмаларын, балдар аянтчаларын;
- билим берүү уюмдарын;
- адистештирилген дарылоо-профилактикалык уюмдарды, ооруканаларды;
- туризм жана эс алуу объектилерин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
38. СКЗда жана өнөр жайдын башка тармактарынын объекттеринин аймагында продукциянын сапатына таасир тийгизиши мүмкүн болгон төмөнкү объекттерди жайгаштырууга жол берилбейт:
- дары-дармек заттарын, дары-дармек каражаттарын жана/же дары-дармек формаларын чыгаруу боюнча объекттерди, фармацевттик ишканалар үчүн сырье жана чала продуктулар кампаларын;
- өнөр жайдын тамак-аш тармагынын объектилерин, азык-түлүк сырьесунун жана тамак-аш азыктарынын дүң кампаларын, жылчыксыз айнек жана (же) темир тараларга салынган тамак-аш азыктарын жана тамак-аш продуктуларын сактоочу кампалардан сырткары;
- ичүүчү сууну даярдоо жана сактоо үчүн суу түтүктөр курулмаларынын комплекстерин, бул ишкананы суу менен камсыздоочулардан сырткары;
- адамдын тамак-ашына багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчү объектилерди.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Өнөр жай объектисинин же өндүрүшүнүн санитардык-коргоо зонасынын (СКЗ) чегинде төмөнкүлөрдү жайгаштырууга уруксат берилет: нөөмөттөгү авариялык кызматкер үчүн турак эмес жайды, вахталык метод менен иштөөчүлөрдүн (эки жумадан ашык эмес) болуусу үчүн жайларды, башкаруу имаратын, конструктордук бюролорду, административдик багыттагы имараттарды, илимий-изилдөө лабораторияларын, бейтапканаларды, жабык типтеги спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларды, мончолорду, кир жуугуч жайларды, соода жана коомдук тамактануу объекттерин, мотелдерди, мейманканаларды, гараждарды, коомдук жана жеке транспортту сактоочу аянтчаларды жана курулмаларды, өрт өчүрүү делолорун, жергиликтүү жана транзиттик коммуникацияларды, электр берүү линияларын, электр подстанцияларын, мунай зат жана газ түтүктөрүн, техникалык суу менен жабдуу үчүн артезиан скважиналарын, техникалык суу даярдоо үчүн суу муздатуучу курулмаларды, канализациялык насос станцияларын, айлантма суу менен жабдуу курулмаларын, автомай куюу станцияларын, автомобилдерди техникалык тейлөө станцияларын, коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө объекттерин, жер алдындагы булактын санитардык коргоо зонасын сактаганда жана гидрогеологиялык негиздөө шарттарында бул объектти суу менен камсыздоочу чарбалык-тиричилик суу менен камсыздоонун жер алдындагы булактарын, тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн пайдаланылбаган техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүчү айыл чарба жерлерин, ишканаларды, алардын негизги өндүрүшкө салыштырмалуу өтө коркунучтуу эмес булгоочу заттары менен саркындылары бар өзүнчө имараттарын жана курулмаларын (СКЗда жайгаштырылуучу объектте курамы боюнча негизги өндүрүшкө окшош саркындылар болгондо, мында милдеттүү талап СКЗнын чегинде жана анын чегинен сырткары суммалык эсепке алууда гигиеналык ченемдерден ашырбоо), аймактарды жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн питомниктерин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Өнөр жай тармактарынын тамак-аш объектилеринин, азык-түлүк сырьесун жана тамак-аш азыктарынын дүң складдарынын, дары-дармек заттарын, дары-дармек каражаттарын жана/же дары-дармек формаларын чыгаруунун, фармацевтикалык ишканалар үчүн сырьелор жана чала продуктулар кампаларынын СКЗсында продукцияга, адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна өз ара терс таасир этүүнү болтурбоочу жаңы профилдик, бир типтүү объекттерди жайгаштырууга жол берилет.
41. Өнөр жай объектисинин санитардык-коргоочу зонасында жайгашкан же санитардык-коргоочу зонасына жанаша болгон автомагистраль анын өлчөмүнө кирбейт, ал эми автомагистралдын бүркүлүп чыгуулары СКЗнын өлчөмүн негиздөөдө фондук булгануу да эсепке алынат.
42. СКЗ же анын кандайдыр бир бөлүгү объекттин резерв аймагы катары каралууга же СКЗнын чек араларын тиешелүү түрдө негизделген оңдоо киргизүүсүз өнөр жайлык же турак жай аймагын кеңейтүү үчүн пайдаланылууга тийиш эмес.
6. Санитардык-коргоочу зонаны аныктоодо калкка таасир этүүнүн физикалык факгорлорун эсепке алуу
43. Калкка таасир этүүнүн физикалык факторлорунун булагы болуп эсептелүүчү өнөр жай объекттери жана өндүрүштөрү үчүн СКЗнын өлчөмдөрү булактын жайгашкан ордун жана ал түзгөн ызы-чуунун мүнөзүн, электр магниттик талааны, нурланууну, инфраүндү жана башка физикалык факторлорду эсепке алуу менен акустикалык эсептөөлөрдүн негизинде белгиленет. СКЗнын өлчөмдөрүн аныктоо үчүн эсептик параметрлер атмосфералык абага физикалык таасир этүүнүн факторлорун натуралай ченөөлөр менен ырасталышы керек.
44. СКЗнын өлчөмдөрү СКЗнын тышкы чек арасында ызы-чуунун, электр магниттик нурлануунун, инфраүндүн, чачыратылган лазер нурлануусунун жана башка физикалык факторлордун жол берилген деңгээлдеринин колдонулуудагы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерине ылайык аныкталат.
45. Электр берүүнүн аба линиялары (мындан ары - ВЛ) тарабынан түзүлгөн электр талаасынын таасиринен калкты коргоо максатында жогорку вольттогу линия трассасын бойлото санитардык бөлүүлөр белгиленет, анын чегинен сыртта электр талаасынын чыңалуусу 1 кВ/м дан ашпайт.
Жаңыдан долбоорлонуучу ВЛ, ошондой эле курулмалар жана имараттар үчүн зымдардын туурасынан жайгашуусунда ВЛ трассасын бойлото санитардык бөлүүлөрдүн чек араларын жана ВЛга перпендикуляр болгон багытта четки фазалык зымдардын жерге проекциясынан төмөнкү аралыктарда андан эки тарапка электр талаасынын чыңалуусун азайтуу каражатысыз кабыл алууга жол берилет:
- 20 м - 330 кВ чыңалуудагы ВЛ үчүн;
- 30м - 500 кВ чыңалуудагы ВЛ үчүн;
- 40 м - 750 кВ чыңалуудагы ВЛ үчүн;
- 55 м - 1150 кВ чыңалуудагы ВЛ үчүн.
Объектти пайдаланууга киргизүүдө жана пайдаланууга берүү процессинде санитардык бөлүү аспаптык өлчөөлөрдүн натыйжалары боюнча түзөтүү киргизилүүгө тийиш.
46. Берүүчү радиотехникалык объекттер жайгашкан жерлерде СКЗнын өлчөмүн аныктоо радиожыштык диапазонундагы электрмагниттик нурлануу боюнча колдонулуудагы санитардык эрежелерге жана ченемдерге жана радиожыштыктын электрмагниттик нурлануусунун интенсивдүүлүгүн эсептөө методикасына ылайык жүргүзүлөт.
7. Өнөр жай объекттерин жана жылуулук электр станция өндүрүштөрүн, кампа имараттарын жана курулмаларын санитардык классификациялоо жана алар үчүн СКЗнын болжолдуу өлчөмдөрү
47. Адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп эсептелүүчү технологиялык процесстери бар өнөр жай объекттери жана өндүрүштөр, имараттар жана курулмалар үчүн ушул санитардык эрежелердин 1-тиркемесинде келтирилген классификацияга ылайык болжолдуу СКЗны караштыруу керек.
8. Автотоктотмолордон жана токтотмо-гараждардан ар түрдүү багыттагы имараттарга чейинки ажырымдардын өлчөмдөрүнө коюлуучу айрым талаптар
48. Жер бетиндеги токтотмо-гараждардын, жабык типтеги паркингдердин ажырымы атмосфералык абадагы зыян заттардын чачыроосунун жана физикалык таасирдин деңгээлдеринин натыйжаларынын негизинде колдонулат.
49. Жер бетиндеги токтотмо-гараждарды, жабык типтеги паркингдерди, автотоктотмолорду жайгаштырууда үйдүн жанындагы аймактын аянты боюнча аталыштары менен зарыл болгон жасалгалоо элементтери менен камсыздоонун ченемдик талаптары жана "Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдери сакталышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Жер астындагы, жарым-жартылай жер астындагы токтотмо-гараждар жана турак үйдүн алдына жайгашкан же турак үйдүн жертөлө кабаттарына курулган (курулган, кошулуп курулган) токтотмо-гараждар үчүн кирип-чыккан жеринен жана желдетүүчү шахталардан баштап билим берүүчү жана дарылоо-алдын алуучу уюмдардын, турак үйлөрдүн, жашоочу жайлардын, эс алуу аянтчаларынын аймагына чейинки аралык регламенттелет, ал атмосфералык абадагы булгануулардын таралышын жана физикалык таасир этүүнүн деңгээлин эсептөөнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Токтотмо-гараждардан, паркингдерден, автотоктотмолордон чыккан автотранспорттун өтүп бара жаткан мезгилде ченемделүүчү объекттерге чейинки ажырым 7 метрден кем болбошу керек.
52. Турак үйлөрдүн жана коомдук имараттардын астында жайгашкан жер астындагы токтотмо-гараждардан чыгарылган желдетүүчү бүркүтүүлөр имараттын эң бийик жагындагы чатырдын үстүнкү кырынан 1,5 м өйдө чыгарылышы керек.
53. Жер астындагы токтотмо-гараждардын урунган чатырына жашылдандыруу жана атмосферага зыян заттардын чектик жол берилген булгоочу заттардын 0,1 БЧК концентрацияда чыгарылышын камсыз кылуу шартында желдетүүчү шахталардан, кирген-чыккан жерлеринен, өтмөктөрдөн 15 м аралыкта эс алуу аянттарын, балдар үчүн, спорттук, оюн-зоок ж.б. курулмаларды жайгаштырууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Жер бетиндеги токтотмо-гараждардын өлчөмдөрү, анын жанындагы аймакты автотоктотмо үчүн пайдаланууну четтетүү үчүн курулманын габариттерине шайкеш келиши керек.
55. Жер астындагы токтотмо-гараждардын аймагынан алынган ажырымга чектелбейт.
56. Жер астындагы гараждарга коюлуучу талаптар жертөлө токтотмо-гараждарды жайгаштырууга карата колдонулат.
57. Турак үйлөрдүн меймандары үчүн автотоктотмолордун ажырымдары орнотулбайт.
58. Ушул санитардык эрежелердин 1-тиркемесинин 2-таблицасында келтирилген ажырымдар шаар куруу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды (I. II. III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө жаатында лицензиялары бар уюмдар тарабынан өткөрүлгөн атмосфералык абада булгануулардын таралышын эсептөөнүн жана физикалык таасир этүү деңгээлинин жыйынтыктары боюнча өзгөрүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Канализациялык тазалоочу курулмалар
59. Өндүрүмдүүлүгү суткасына 280 миң м3 ашык болгон канализациялык тазалоочу курулмалар үчүн СКЗнын өлчөмү, ошондой эле саркынды сууларды жана жаан-чачынды тазалоонун жаңы технологиясын кабыл алууда ушул санитардык эрежелердин 36-пунктунун талаптарына ылайык белгилөө зарыл.
60. Аянты 0,5 га фильтрациялоо талаалары үчүн, аянты 1,0 га коммуналдык типтеги сугат талаалары үчүн, өндүрүмдүүлүгү суткасына 50 м саркынды сууларды механикалык жана биологиялык тазалоочу курулмалар үчүн СКЗны 100 м өлчөмүндө алуу зарыл.
61. Өткөрүү жөндөмдүүлүгү суткасына 15 м3 жер астындагы фильтрациялоо талаалары үчүн СКЗны 50 м өлчөмүндө алуу зарыл.
62. Сууну таштоочу станциялардан СКЗны 500 м өлчөмүндө алуу зарыл.
63. Ачык типтеги жер үстүндөгү агындын тазалоочу курулмаларынан тарта турак аймагына чейинки СКЗны 100 м өлчөмүндө алуу зарыл, жабык типтеги үчүн - 50 м.
64. Өнөр жай ишканаларынын аймагында жайгашпаган тазалоочу курулмалардан жана өндүрүштүк канализациянын насостук станцияларынан өндүрүштүк саркынды сууларды өз алдынча тазалап, кайра куюуда, ошондой эле аларды биргелешип тиричиликтик тазалоодо СКЗнын өлчөмдөрүн саркынды суулар чыккан өндүрүштөр үчүн белгиленген сыяктуу, бирок ушул Санитардык эрежелердин 1-таблицасында көрсөтүлгөндөрдөн кем эмес аныктоо зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Кар эритүүчү жерлеринен жана пункттарынан тарта турак аймакка чейинки СКЗны 100 м өлчөмүндө алуу зарыл.
66. Канализациялык тазалоочу курулмалар үчүн СКЗнын өлчөмдөрүн 1-таблицага ылайык алуу зарыл.
1-таблица
Канализациялык тазалоочу курулмалар үчүн санитардык-коргоочу зона
Саркынды сууларды тазалоочу курулмалар | Тазалоочу курулмалардын эсептик өндүрүмдүүлүгүндөгү аралык (метр менен) (суткасына миң м3) | |||
0,2ге чейин | 0,2ден жогору жана 5,0гө чейин | 5,0дон жогору жана 50,0rө чейин | 50,0дон жогору жана 280ге чейин | |
Насостук станциялар жана авариялык-жөнгө салуучу резервуарлар, локалдуу тазалоочу курулмалар | 15 | 20 | 20 | 30 |
Ачыган тунмалар үчүн чөгүндү аянтчалары менен механикалык жана биологиялык тазалоочу курулмалар, ошондой эле чөгүндү аянтчалар | 150 | 200 | 400 | 500 |
Жабык жайларда тунманы термомеханикалык тазалоо менен механикалык жана биологиялык тазалоо үчүн курулма | 100 | 150 | 300 | 400 |
Талаалар: | 200 | 300 | 500 | 1000 |
а) фильтрациялоо; | 150 | 200 | 400 | 1000 |
б) сугаруу |
|
|
|
|
Биологиялык көлмөлөр | 200 | 200 | 300 | 300 |
"Эскертүү: Бишкек шаарынын "Үмүт" турак жай конушунда жайгашкан жер участокторуна жер мунапысынын алкагында менчик укугун берүү маселелерин кароодо канализациялык тазалоочу курулмалардын түштүк тарабынан СКЗнын өлчөмү тазалоочу курулмалардын өндүрүмдүүлүгүнө карабастан 250 метрден кем эмес өлчөмдө белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге 1-тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 517 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Химиялык объекттер жана өндүрүштөр
1. I класс - санитардык-коргоочу зона - 1000 м
1) Байланышкан азотту өндүрүү (аммиак, азот кислотасы, азот-тук жана башка жер семирткичтер).
Аммиак, азот камтуучу бирикмелер (мочевина, тиомочевина, гидразин жана анын туундулары ж.б.), азот-тук, фосфат, концентрацияланган минералдык жер семирткич, азот кислотасы ж.б. өндүрүү боюнча комбинаттар ушул ченемдик документтин талаптарына ылайык аныкталуучу кеңейтилген СКЗны талап кылат.
2) Бензолдук жана эфирдик катардагы анилин-боёчу өнөр жайдын продуктуларын жана чала продуктуларын - анилин, нитробензол, нитроанилин, алкилбензол, нитрохлорбензол, фенол, ацетон, хлорбензол ж.б. өндүрүү.
3) Нафтален жана антрацен катардагы чала продуктуларды - бетанафтол, аш-кислота, фенилперикислота, перикислота, антрахинон, фталий ангидриди ж.б. өндүрүү.
4) Күкүрттү же башка күкүрт кармаган материалдарды күйгүзүүнүн негизинде кычкыл сульфиддик жана бисульфиттик же моносульфиттик ыкмалар менен целлюлоза жана жарым целлюлоза чыгаруу, ошондой эле сульфиттик ыкма менен целлюлоза (сульфат-целлюлоза) өндүрүү.
5) Электролит жолу менен хлор, хлордун негизинде чала продуктуларды жана продуктуларды өндүрүү.
6) Хлорлоо методу менен сейрек металлдарды (титаномагнийлүү, магнийлүү ж.б.) өндүрүү.
7) Жасалма жана синтетикалык булаларды (вискоза, капрон, лавсан, нитрон жана целлофан) өндүрүү.
8) Диметилтерефталатты өндүрүү.
9) Капролактамды өндүрүү.
10) Күкүрт көмүртекти өндүрүү.
11) Синтетикалык полимер материалдары үчүн продуктуларды жана чала продуктуларды өндүрүү.
12) Мышьяк жана анын бирикмелерин өндүрүү.
13) Мунай затты, кошунду мунай затты жана жаратылыш газын кайра иштетүү боюнча өндүрүш.
Күкүрт бирикмесинин камтуусу 1%дан ашык (салмактык) көмүр суутек сырьесун кайра иштетүүдө СКЗ негиздүү көбөйтүлүшү керек.
14) Пикрин кислотасын өндүрүү.
15) Фтор, фторлуу суутек, алардын негизиндеги чала продуктуларды жана продуктуларды (органикалык, органикалык эмес) өндүрүү.
16) Күйүүчү сланецтерди кайра иштетүү боюнча ишканалар.
17) Күл өндүрүү.
18) Фосфор (сары, кызыл) жана фосфорорганикалык бирикмелерди (тиофос, карбофос, меркаптофос ж.б.) өндүрүү.
19) Суперфосфаттык жер семирткичтерди өндүрүү.
20) Кальций карбидинен жана ацетилендин негизиндеги туундулардан кальций карбидин, ацетиленди өндүрүү.
21) Жасалма жана синтетикалык каучук өндүрүү.
22) Синиль кислотасы, анын негизинде органикалык чала продуктуларды жана продуктуларды (ацетонциангидрин, этиленциангидрин, метакрил эфири жана акрил кислотасы, диизоцианат ж.б.) өндүрүү; цианистүү туз (калий, натрий, жез ж.б.), цианплав дицианамид, кальцийцианамид өндүрүү.
23) Көмүр суутек газынан жана анын негизиндеги продуктулардан ацетилен өндүрүү.
24) Синтетикалык химиялык-фармацевтикалык жана дары-дармек препараттарын өндүрүү.
25) Синтетикалык майлуу кислоталарды, кычкылтек менен түздөн-түз кычкылдандыруу аркылуу жогорку майлуу спирттерди өндүрүү.
26) Меркаптан өндүрүү, газды меркаптан менен ододирлөөчү борбордоштурулган түзүлүштөрдү, одорант кампалары.
27) Хром, хромдуу ангидрид жана алардын негизиндеги туздарды өндүрүү.
28) Татаал эфирлерди өндүрүү.
29) Фенолформальдегиддик, полиэфирдик, эпоксиддик жана башка жасалма чайырларды өндүрүү.
30) Метионинди өндүрүү.
31) Карбонил металлдарды өндүрүү.
32) Битумду жана ташкөмүр кара майын, мунай затты, хвояны (гудрон, жарым гудрон ж.б.) иштетүүнүн калдыктарынан башка продуктуларды өндүрүү.
33) Бериллийди өндүрүү.
34) Синтетикалык спирттерди (бутил, пропил, изопропил, амил) өндүрүү.
35) Вольфрам, молибден, кобальт гидрометаллургиясы боюнча өнөр жайлык объект.
36) Тоют аминокислотасын (тоют лизини, премикс) өндүрүү.
37) Пестициддерди өндүрүү.
38) Ок-дарыларды, жарылуучу заттарды өндүрүү, кампалар жана полигондор.
39) Алифатикалык аминдерди (моно-ди-три-метиламин, диэтил- триэтиламин ж.б.) жана аларды көмүр менен газдаштыруу продуктуларын өндүрүү.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Бромду, анын негизинде чала продуктуларды жана продуктуларды (органикалык, органикалык эмес) өндүрүү.
2) Газды (жарык, суу, генератор, мунай зат) өндүрүү.
3) Көмүрдү жер астында газдаштыруу станциялары.
4) Органикалык эриткичтерди жана майларды (бензол, толуол, ксилол, нафтол, крезол, антрацен, фенантрен, акридин, карбозол ж.б.) өндүрүү.
5) Таш көмүрдү жана анын негизиндеги продуктуларды (таш көмүр пекин, чайыр ж.б.) кайра иштетүү боюнча өндүрүш.
6) Торфту химиялык кайра иштетүү боюнча өндүрүш.
7) Күкүрт кислотасы, олеум, күкүрттүү газ өндүрүү.
8) Туз кислотасын өндүрүү.
9) Күкүрт кислотасынын ыкмасы же түз гидратациялоо ыкмасы боюнча синтетикалык этил спирти өндүрүү.
10) Фосген жана анын негизиндеги продуктуларды (парофор ж.б.) өндүрүү.
11) Аминоэнант, аминоундекан, аминопеларгон, тиодивалериан, изофталь кислоталарын өндүрүү.
12) Натрий нитрити, тионилхлорид, көмүр аммонийлүү туз, көмүр кычкыл аммоний өндүрүү.
13) Диметилформамидди өндүрүү.
14) Этил суюктугун өндүрүү.
15) Катализаторлорду өндүрүү.
16) Күрттүү органикалык боёгучтарды өндүрүү.
17) Калий туздарын өндүрүү.
18) Учма органикалык эриткичтерди колдонуу менен жасалма тери өндүрүү.
19) Бардык класстагы азотол, азоамин кубдук боёгучтарды өндүрүү.
20) Этилен кычкылдыгын, пропилен кычкылдыгын, полиэтилен, полипропилен өндүрүү
21) 3,3-и (хлорметил) оксоциклобутан, поликарбонат, пропилендүү этилен сополимери мунай зат кошмо газдардын базасында жогорку полиолефин полимерлер өндүрүү.
22) Пластификаторлорду өндүрүү.
23) Хлорвинилдин негизиндеги пластмасса өндүрүү.
24) Цистерналарды тазалоо, жуу жана бууландыруу пункттары (мунай затты жана мунай зат продуктуларын ташууда).
25) Синтетикалык жуучу каражаттарын өндүрүү.
26) Баштапкы продуктуларды өндүрүүдө тиричиликтик химия продуктуларын өндүрүү.
27) Бор жана анын бирикмелерин өндүрүү.
28) Парафин өндүрүү.
29) Жыгачтан, метил спиртинен, уксус кислотасынан, скипидардан, терпетин майынан, ацетондон, креозоттон кара майды, суюк жана учма погондорду өндүрүү.
30) Уксус кислотасын өндүрүү.
31) Сырьелук өндүрүштүк уксус кислотасын жана уксус ангидриди менен ацетилцеллюлоза өндүрүү.
32) Өсүмдүк сырьесун пентозан бирикмелери менен кайра иштетүүнүн негизиндеги гидролиз өндүрүү.
33) Изоактилспиртин, май альдегидин, май кислотасын, винилтолуол, пенопласт, поливинилтолуол, полиформальдегид, органикалык кислоталарды (уксус, май ж.б.) регенерациялоо, метилпирролидон, поливинилпирролидон, пентаэритрит, уротропин, формальдегидди өндүрүү.
34) Капрон жана лавсан кездемелерин өндүрүү.
35) 1000 м3 баштап суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен газ түтүктөрүндө, кен чыккан жерлерде, магистралдык газ түтүктөрүнүн газ бөлүштүрүүчү станцияларында жайгашкан жаратылыш газын суюлтуучу түзүлмөлөр.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Ниобийди өндүрүү.
2) Танталды өндүрүү.
3) Аммиак ыкмасы боюнча кальцийлештирилген сода өндүрүү.
4) Аммиак, калий, натрий, кальций селитрасын өндүрүү.
5) Химиялык реактивдерди өндүрүү.
6) Целлюлоза эфиринен пластикалык массаларды өндүрүү.
7) Корундду өндүрүү.
8) Барий жана анын бирикмелерин өндүрүү.
9) Ультрамарин өндүрүү.
10) Гидролиз методу менен жыгачтан жана айыл чарба калдыктарынан тоют ачыткыларын Жана фурфурол өндүрүү.
11) Никотин өндүрүү.
12) Изомеризация ыкмасы менен синтетикалык камфара өндүрүү.
13) Меламин жана цианур кислотасын өндүрүү.
14) Поликарбонат өндүрүү.
15) Мышьяк, фосфор, хром, коргошун жана сымап туздарын кошпогондо минералдык туздарды өндүрүү.
16) Пластмасса (карболит) өндүрүү.
17) Фенолформальдегид ныктагыч материалдарын, фенолформальдегид чайырынын негизинде кагаздан, кездемелерден ныкталган жана ороочу буюмдарды өндүрүү.
18) Жасалма минералдык боёкторду өндүрүү.
19) Резинаны жана каучукту регенерациялоо боюнча ишканалар.
20) Шиналарды, резина техникалык буюмдарды, эвонидди, желимделген бут кийимди, ошондой эле алар үчүн резина кошундуларды даярдоо боюнча өндүрүш.
21) Сурьма, висмут, литий ж.б. туздарын алуу үчүн сейрек металлдар рудаларын химиялык кайра иштетүү.
22) Электр өнөр жайы үчүн көмүр буюмдарын (щеткалар, электр көмүрлөр ж.б.) өндүрүү.
23) Резинаны чаптоо боюнча өндүрүш.
24) Аммиак суусун өндүрүү жана базистик кампалар.
25) Парофазалык ыкма менен (металлдык сымапты колдонбостон) ацетальдегидди өндүрүү.
26) Полистирол жана стиролдун сополимерлерин өндүрүү.
27) Кремний органикалык лактарды, суюктуктарды жана чайырларды өндүрүү.
28) Меркаптандын одоризациялоочу түзүлмөлөр менен магистралдык газ түтүктөрүнүн газды бөлүштүрүүчү станциялары.
29) Себациний кислоталарын өндүрүү.
30) Винилацетат жана анын негизиндеги продуктуларды (полвинилацетат, поливинилацетаттык эмульсия, поливинило спирти, винифлекс ж.б.) өндүрүү.
31) Лактарды өндүрүү (майлуу, спирттик, типографиялык, бөлүүчү, резина өнөр жайы үчүн ж.б.).
32) Ванилин жана сахарин өндүрүү.
33) Ажыратуунун кысылган жана тыгыздалган продуктуларын өндүрүү.
34) Техникалык саломасаны өндүрүү (электролиттик эмес ыкмада суутек алуу менен).
35) Парфюмерия өндүрүү.
36) Учма органикалык эриткичтерди колдонбостон поливинилхлориддин жана башка чайырлардын негизинде жасалма булгаары өндүрүү.
37) Эпихлоргидрин өндүрүү.
38) Кысылган азот, кычкылтек өндүрүү.
39) Тоюттук ачыткыларды өндүрүү.
40) Бууландыруучу орнотмолордо мунай зат продуктуларды кайра иштетүү боюнча өндүрүш жана кайра иштетилүүчү сырье боюнча өндүрүмдүүлүгү 0,5 т/сааттан көп эмес.
41) Натуралай эсептегенде жылына 400 миң тоннага чейинки өндүрүмдүүлүктө синтетикалык чайыр жана жылына 200 миң тоннага чейин окистик катализатордо формалин өндүрүү.
42) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
43) 250дөн 1000 м3 чейинки суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен газ түтүктөрүндө, кен чыккан жерлерде, магистралдык газ түтүктөрүнүн газ бөлүштүрүүчү станцияларында жайгашкан жаратылыш газын суюлтуучу түзүлмөлөр.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Тук аралашмаларын өндүрүү.
2) Фторпласттарды кайра иштетүү боюнча өндүрүш.
3) Даяр целлюлозадан жана чүпүрөктөн кагаз өндүрүү.
4) Глицерин өндүрүү.
5) Галалит жана башка белоктуу пластиктерди (аминопласт ж.б.) өндүрүү.
6) Конденсациялык чайырдагы эмаль өндүрүү.
7) Самын өндүрүү.
8) Туз кайнатуу жана туз майдалоо өндүрүшү.
9) Калийдин фармацевтикалык туздарын (хлорлуу, көмүр кычкыл, поташа) өндүрүү.
10) Минералдуу табигый (бор, охра ж.б.) боёкторду өндүрүү.
11) Дубилдүү экстракт өндүрүү.
12) Полиграфиялык боёктор заводдору.
13) Фотохимия (фотокагаз, фотопластинка, фото-жана кинопленка) өндүрүшү.
14) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15) Олиф өндүрүү.
16) Айнек була өндүрүү.
17) Медициналык айнек өндүрүү (сымапты колдонбостон).
18) Пластмассаларды кайра иштетүү (куюу, экструзия, ныктоо, вакуум-формалоо) боюнча өндүрүш.
19) Полиуретан өндүрүү.
20) 50дөн 250 м3 чейинки суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен газ түтүктөрүндө, кен чыккан жерлерде, магистралдык газ түтүктөрүнүн газ бөлүштүрүүчү станцияларында жайгашкан жаратылыш газын суюлтуучу түзүлмөлөр.
5. V класс - санитардык-коргоочу зона 50 м
1) Даяр дары-дармек формаларын өндүрүү (түзүүчүлөрүн даярдабастан).
2) Макулатурадан кагаз өндүрүү.
3) Пластмасса жана синтетикалык чайыр буюмдарын өндүрүү (механикалык иштетүү).
4) Көмүр кислотасын жана "кургак муз" өндүрүү.
5) Жасалма бермет өндүрүү.
6) Ширеңке өндүрүү.
7) 50 м3 чейинки суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен газ түтүктөрүндө, кен чыккан жерлерде, магистралдык газ түтүктөрүнүн газ бөлүштүрүүчү станцияларында жайгашкан жаратылыш газын суюлтуучу түзүлмөлөр.
8) Баштапкы даяр заттардан тиричилик химиялык товарларды өндүрүү жана аларды сактоо кампалары.
2. Металлургиялык, машина куруу жана металл иштетүүчү объекттер жана өндүрүштөр
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
1) Жылына 1 млн. тоннадан ашык чоюн жана болот өндүрүүнүн толук металлургиялык цикли менен кара металлургия комбинаты.
Чоң кубаттуулук зарыл болгон ченемден ашыкча минималдуу СКЗны кошумча негиздөөнү талап кылат.
2) Жылына 3000 тоннадан ашык санда түстүү металлдарды (жез, коргошун, цинк ж.б.) экинчи жолу кайра иштетүү боюнча өндүрүш.
3) 1500 м3 чейинки домна мештеринин жалпы көлөмүндө түздөн-түз кенден жана концентраттардан чоюнду эритүү боюнча өндүрүш.
4) Калдыктарды иштетүү боюнча (тамосшлакты майдалоо ж.б.) цехи бар мартен жана конвертор ыкмалары менен болот өндүрүү.
5) Түздөн-түз рудадан жана концентраттардан (анын ичинде коргошун, калай, жез, никель) түстүү металлдарды эритүү боюнча өндүрүш.
6) Алюминийдин эритилген туздарын электролиздөө (ылай топурак) ыкмасы менен алюминий өндүрүү.
7) Атайын чоюндарды эритүү боюнча өндүрүш; феррокуймаларды өндүрүү.
8) Кара жана түстүү металлдар рудалар жана пириттик огаркаларды агломерилөө боюнча өндүрүш.
9) Ылай топурак (алюминий окиси) өндүрүү.
10) Сымап жана сымаптуу приборлорду (сымаптуу түздөгүч, термометр, лампа ж.б.) өндүрүү.
11) Коксохимиялык өндүрүш (коксогаз).
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) 500дөн 1500м3га чейинки домен мештеринин жалпы көлөмүндө чоюнду эритүү боюнча өндүрүш.
2) Жылына 1 млн. тоннага чейинки кубаттуулукта чоюндун жана болоттун толук металлургиялык цикли менен кара металлургия комбинаты.
3) Жылына 1 млн. тоннага чейин өлчөмдө негизги продукцияны чыгарууда калдыктарды кайра иштетүү (томас шлакты майдалоо ж.б.) боюнча цехи бар мартен, электроэритүүчү жана конвентордук ыкмалар менен болот өндүрүү.
4) Магний өндүрүү (хлориддүүдөн башка бардык ыкмалар менен).
5) Жылына 100 миң тоннадан ашык өлчөмдө чоюнду фасондук куюу өндүрүшү.
6) Коксту күйгүзүү боюнча өндүрүш.
7) Коргошун аккумуляторлорун өндүрүү.
8) Аба кемелерин өндүрүү, техникалык тейлөө.
9) Автомобилдерди өндүрүү.
10) Болот конструкцияларын өндүрүү.
11) Куюучу жана сырдоочу цехтери бар вагондорду өндүрүү.
12) Жылына 2ден 3 миң тоннага чейинки өлчөмдө түстүү металлдарды (жез, коргошун, цинк ж.б.) экинчи жолу кайра иштетүү боюнча ишканалар.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Жылына 100дөн 2000 тоннага чейинки өлчөмдө түстүү металлдарды өндүрүү.
2) Томасшлакты майдалоо боюнча өндүрүш.
3) Пирометаллургиялык жана электролиттик ыкмалар менен сурьма өндүрүү.
4) Жылына 20дан 100 миң тоннага чейинки өлчөмдө чоюнду фасондук куюу өндүрүшү.
5) Суу эритмелеринин электролизи ыкмасы менен цинк, жез, никель, кобальт өндүрүү.
6) Металл электроддорду өндүрүү (марганецти пайдалануу менен).
7) Жылына 10000 тонна кубаттуулуктагы басым астында фасондук түстүү куюу өндүрүшү (алюминий куймаларынан басым астында 9500 т куюу жана цинк куймаларынан 500 т куюу).
8) Люминофорлорду өндүрүү.
9) Метиздик өндүрүш.
10) Санитардык-техникалык буюмдарды өндүрүү.
11) Эт сүт багытындагы машина куруу өндүрүшү.
12) Шахталык автоматика өндүрүшү.
13) Шрифтокуюу заводдору (коргошундун мүмкүн болгон чачыроолорунда).
14) Каптагычы жок кабель өндүрүү.
15) Щелочтуу аккумуляторлорду өндүрүү.
16) Рудаларды химиялык иштетүү цехтери жок учурда катуу куймалар жана кыйындык менен эрүүчү металлдарды өндүрүү.
17) Кеме оңдоочу ишканалар.
18) 500 м3дан аз болгон домен мештеринин жалпы көлөмүндө чоюн эритүү боюнча өндүрүш.
19) Алюминийди эритүү үчүн барабан мештерин жана алюминий кырындыларын жана алюминий шлактарын эритүү үчүн ротордук мештерди пайдалануу менен жылына 30 миң тоннага чейин аллюминийди экинчи жолу кайра иштетүү боюнча өндүрүш.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Металлдарды ысык иштетүүсүз байытуу боюнча өндүрүш.
2) Коргошундалган же резина изоляциялуу кабель өндүрүү.
3) Жылына 10дон 20 миң тоннага чейинки өлчөмдө чоюнду фасондук куюу өндүрүшү.
4) Жылына 1000 тоннага чейинки өлчөмдө түстүү металлдарды (жез, коргошун, цинк ж.б.) экинчи жолу кайра иштетүү боюнча өнөр жай объекттери.
5) Оор ныктоочторду өндүрүү.
6) Анча чоң эмес куюучу жана башка ысык цехтер болгондо электр техникалык өнөр жайдын машиналарын жана приборлорун (динамомашиналар, конденсаторлор, трансформаторлор, прожекторлор ж.б.) өндүрүү.
7) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) Жол машиналарын, автомобилдерди, кузовдорду, темир жол транспортунун жана метрополитендин кыймылдуу курамын ремонттоо боюнча өндүрүш.
9) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10) Чоюн, болот (жылына 10 миң тоннага чейинки өлчөмдө) жана түстүү (жылына 100 миң тоннага чейинки өлчөмдө) куюу менен металл иштетүүчү өнөр жай өндүрүшү.
11) Металл электроддорду өндүрүү.
12) Шрифт куюу заводдору (коргошунду чачыратпастан).
13) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) Коргошунду колдонуучу басмаканалар.
15) Металл иштетүүчү, куюусуз сырдоочу машина куруу ишканалары.
16) Иштелип бүткөн аккумуляторлордон жылына 20 миң тоннага чейинки көлөмдө кайра иштетилген коргошунду өндүрүү.
17) Кесилген жана сырдалган металлдан жасалган буюмдарды өндүрүү.
5. V класс - санитардык-коргоочу зона 50 м
1) От казандарын өндүрүү.
2) Пневмоавтоматика өндүрүү.
3) Металлштамптарды өндүрүү.
4) Айыл чарба тетиктерин өндүрүү.
5) Коргошун колдонбоочу басмаканалар (басманын офсеттик ыкмасы, компьютердик терүү).
6) Куюучу цехтер жок болгондо жана сымапты колдонбостон электр өнөр жайы үчүн приборлорду өндүрүү.
7) Координаттык-сүрүүчү станокторду өндүрүү.
8) Полиграфиялык комбинаттар.
9) Кесилбеген жана сырдалбаган металлдан жасалган буюмдарды өндүрүү.
3. Рудаларды жана рудалык эмес кендерди казуу
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
1) Суткасына 0,5тен 1 тоннага чейин күкүрт суутекти чачыратууда, ошондой эле учма көмүр кычкыл суутектер жогору болгондо мунай затты казуу боюнча өнөр жай объекттери.
2) Ачык иштетилүүчү VIII-XI категориядагы тоо тектерди жана полиметаллдык (коргошун, сымап, мышьяк, бериллий, марганец) рудаларды казуу боюнча өнөр жай объекттери.
3) Жаратылыш газын алуу боюнча өнөр жай объекттери.
4) Көмүр кендери.
5) Күйүүчү сланецтерди казуу боюнча объекттер.
6) Кен байытуучу комбинаттар.
Эскертүү:
Күкүрт суутектин өлчөмү жогору (1,5-3%дан ашык) жана меркаптон болгондогу жаратылыш газын алуу боюнча өнөр жай объекттери үчүн СЗЗнын өлчөмү 5000 метрден кем эмес, ал эми күкүрт суутек 20 жана андан ашык % болгондо - 8000 метрге чейин белгиленет.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Асбест казуу боюнча өнөр жай объекттери.
2) Ачык иштетүү менен темир рудаларын жана тоо тектерди казуу боюнча өнөр жай объекттери.
3) Ачык ыкма менен металлоиддерди казуу боюнча өнөр жай объекттери.
4) Түстүү металлдарды казууда отвалдар жана шламонакопителдер.
5) Рудалык эмес курулуш материалдардын карьерлери.
6) Өзүнүн күйүүсүн токтотуу боюнча иш-чараларсыз шахталык террикондор.
7) Гипс казуу боюнча объекттер.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Учма көмүр суутектер аз курамда болгондо суткасына 0,5 тоннага чейин күкүрт суутекти чачыратууда мунай зат казуу боюнча өнөр жай объекттери.
2) Фосфорит, апатит, колчедан (химиялык иштетүүсүз), темир рудаларын казуу боюнча өнөр жай объекттери.
3) Ачык иштетүү менен VI-VII категориядагы доломит, магнезит, асфальттын гудрону тоо тектерин казуу боюнча өнөр жай объекттери.
4) Чым көң, таш, күрөң жана башка көмүрлөрдү казуу боюнча өнөр жай объекттери.
5) Майда чым көңдөн жана көмүрдөн брикет өндүрүү.
6) Байытуунун суулуу процесси менен гидрошахталар жана байытуучу фабрикалар.
7) Таш аш тузун казуу боюнча өнөр жай объекттери.
8) Фрезер ыкмасы менен торф казуу боюнча өнөр жай объекттери.
9) Темир казууда отвалдар жана шламонакопителдер.
10) Коргошун рудаларын, сымапты, мышьякты жана марганецти кошпогондо, шахталык ыкма менен металл жана металлоид рудаларын казуу боюнча өнөр жай объекттери.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Сырьену транспортердик тасма менен жүктөөчү мрамор, кум, топурак казуу боюнча өнөр жай объекттери (карьерлер).
2) Ачык иштетүү менен калий карбонатын казуу боюнча өнөр жай объекттери (карьерлер).
4. Курулуш өнөр жайы
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
1) Шахталык, айланма жана башка мештерде күйгүзүү менен магнезит, доломит жана шамот өндүрүү.
2) Асбест жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Цементти (портланд-шлакопортланд-пуццолан-цемент ж.б.), ошондой эле жергиликтүү цементти (глинитцемент, роман-цемент, гипсошлактуу ж.б.) өндүрүү.
2) Стационардык заводдордогу асфальтобетон өндүрүү.
3) Гипс (алебастр) өндүрүү.
4) Акиташ өндүрүү (шахталык жана айланма мештүү акиташ заводдору).
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Көркөм куюу жана хрусталь өндүрүү.
2) Айнек ватасын жана шлак жүн өндүрүү.
3) Шагыл, гравий жана кум өндүрүү, кварц кумун байытуу.
4) Толь жана рубероид өндүрүү.
5) Феррит өндүрүү.
6) Курулуш полимер материалдарын өндүрүү.
7) Кыш (кызыл, силикат), курулуш керамикалык жана отко чыдамдуу буюмдарды өндүрүү.
8) Кран ыкмасы менен чубурма жүктөрдү чубуртуу.
9) Үй куруу комбинаты.
10) Темир бетон буюмдарын өндүрүү (темир бетон конструкциялары, темир бетон буюмдары).
11) Жасалма толтургучтарды (керамзит ж.б.) өндүрүү.
12) Жасалма таш өндүрүү.
13) Цемент жана башка чаңдоочу курулуш материалдар элеваторлору.
14) Жылуулук электр борборунан чыккан калдыктардан курулуш материалдарын чыгаруу.
15 Бетон жана бетон буюмдарын чыгаруу боюнча өнөр жай объектиси.
16) Фарфор жана фаянс буюмдарын өндүрүү.
17) Таш куюу өндүрүшү.
18) Табигый таштарды иштетүү боюнча өндүрүш.
19) Жардыруу ыкмасы менен эмес таш казып алуу боюнча өнөр жай объекттери.
20) Гипс буюмдары, бор өндүрүү.
21) Фибролит, камышит, соломит, дифферент ж.б. өндүрүү.
22) Курулуш бөлүктөрүн өндүрүү.
23) Битум орнотмолору.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) Айнек үйлөө, күзгү өндүрүү, айнекти жылмалоо жана сайкалдоо.
3) Мраморду механикалык иштетүү.
4) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) Бетон өндүрүү боюнча түзүлүш.
6) 3-4-кооптуулук классындагы заттарды сууда аралаштыруу жана эритүү методу менен бетонго кошулмаларды, курулуш эритмелерин жана ушуларга окшош продуктуларды өндүрүү (кургак чийки заттар боюнча жылына 50дөн 100 миң тоннага чейин).
5. V классы - санитардык-коргоо зонасы 50 м
1) 3-4-кооптуулук классындагы заттарды сууда аралаштыруу жана эритүү методу менен бетонго кошулмаларды, курулуш эритмелерин жана ушуларга окшош продуктуларды өндүрүү (кургак чийки заттар боюнча жылына 50 миң тоннага чейин).
2) Чоподон жасалган буюмдарды өндүрүү.
3) Суткасына 1000 даанага чейинки кубаттуулугу менен пескоблок жана брусчатка өндүрүүчү ишканалар.
4) Жылына 5 миң тоннага чейинки кубаттуулугу менен табигый таштарды иштетүүчү ишканалар.
5. Жыгач иштетүү
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
Токой химиялык комплекстер (жыгачты химиялык кайра иштетүү боюнча өндүрүш жана жыгач көмүрүн алуу).
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Жыгач көмүрүн өндүрүү (көмүр өчүрүүчү мештер).
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Жыгачты консервациялоо (сиңирүү) боюнча өндүрүш.
2) Шпалдарды өндүрүү жана аларга чайыр сиңирүү.
3) Жыгач булаларынан: байланыштыруучу катары синтетикалык чайырды колдонуу менен жыгач кырынды такталарды, жыгач булалуу такталарды өндүрүү.
4) Жыгач иштетүү өндүрүшү.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Хлорофилло-каротинпасталуу, ийне жалбырактуу экстракттуу ийне жалбырактуу-витамин унун өндүрүү.
2) Тактай тилүү, фанера жана жыгач буюмдарынын бөлүктөрүн өндүрүү.
3) Жыгач кемелерди (катерлерди, кайыктарды) жасоо үчүн кеме куруучу верфтер.
4) Жыгач буласын өндүрүү.
5) Лактоо жана сырдоо менен эмерек куруу.
5. V класс - санитардык-коргоочу зона 50 м
1) Обоздук өндүрүш.
2) Даяр клеткалардан бондарлык буюмдарды өндүрүү.
3) Ийрүү-токуу өндүрүшү.
4) Супермайлоо менен туз жана суу эритмелери (мышьяк тузун колдонбостон) менен жыгачты консервациялоо боюнча өндүрүш.
5) Лактоосуз жана сырдоосуз даяр буюмдардан эмерек куруу.
6. Текстиль өнөр жай объекттери жана жеңил өнөр жай өндүрүшү
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
Уруктарды сымап-органикалык препараттар менен иштетүү боюнча цех түзүлүшү менен пахтаны алгачкы иштетүү боюнча өндүрүш.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Өсүмдүк булаларын: пахтаны, зыгырды, кара куурайды, кендирди алгачкы иштетүү боюнча өндүрүш.
2) Учма эриткичтерди колдонуу менен жасалма булгаары жана пленкалык материалдар, кленка, пласт булгаары өндүрүү.
3) Күкүрт кычкылтеги менен кездемелерди химиялык сиңирүү жана иштетүү боюнча өндүрүш.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Кездемелерди жана кагазды май, май асфальт, бакелит жана башка лактар менен үзгүлтүксүз сиңирүү боюнча өндүрүш.
2) Кездемелерди (дерматин, гранитол ж.б.) химиялык заттар менен сиңирүү жана иштетүү боюнча өндүрүш, күкүрт кычкылтегин кошпогондо.
3) Эриткичтерди колдонуу менен поливинилхлориддүү бир тараптуу пленкалар, аралаштырылган полимерлерден пленкалар, бут кийимдин таманы үчүн резиналар, регенерат өндүрүү.
4) Ийрүүчү-токуучу өндүрүш.
5) Капрон жана башка куюу менен бут кийим өндүрүү.
6) Агартуучу жана боёк-аппретура өндүрүшү.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Боёчу жана агартуучу цехтери болгондо жүндөн, пахтадан, зыгырдан, ошондой эле синтетикалык жана жасалма булалардын аралашмасынан жип ийрүү жана кездеме өндүрүү.
2) Органикалык эриткичтерди колдонуп полимерлүү жасалгалоо менен галантереялык-булгаары картон өндүрүү.
3) Пахтаны кабыл алуу боюнча пункттар.
4) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) Чытка түр салуу өндүрүшү.
8) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. V класс - санитардык-коргоочу зона 50 м
1) Котонин өндүрүү.
2) Жибек курту жана жибек ийрүү өндүрүшү.
3) Меланж өндүрүү.
4) Жип ийрүү, аркан, шпагат жана учтарын бекитүү өндүрүшү.
5) Жасалма каракуль өндүрүү.
6) Боёчу жана агартуучу цехтери жок учурда пахтадан, зыгырдан, жүндөн жип ийрүү жана кездеме токуу өндүрүшү.
7) Трикотаж жана тор кийимдерди өндүрүү.
8) Жибек токуу өндүрүшү.
9) Килем өндүрүү.
10) Эриткичтерди колдонбостон булгаары жана булгаары-целлюлоза буласы менен бут кийим, картондорду өндүрүү.
11) Шпуль-чыгырык өндүрүү.
12) Обой өндүрүү.
13) Сууда эрүүчү желимдерди пайдалануу менен даяр материалдардан бут кийимди өндүрүү.
14) 50дөн ашык жумушчу орундуу тигүү өндүрүшү.
15) Байпак өндүрүү.
16) Спорт буюмдарын өндүрүү.
17) Фурнитураларды өндүрүү.
7. Жаныбарлар продуктуларын иштетүү
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
1) Клей кайнатуучу, теринин калдыктарынан, талаадагы жана ыргытылган сөөктөрдөн жана башка жаныбарлардын калдыктарынан желим даярдоо боюнча өндүрүш.
2) Талаадагы куураган сөөктөн, мездрадан, теринин калдыктарынан жана башка жаныбарлардын калдыктарынан жана ыргытылгандардан аларды кампада сактоо менен техникалык желатин жасоо.
3) Өлгөн жаныбарларды, балыктарды, алардын бөлүктөрүн жана башка жаныбарлардын калдыктарын кайра иштетүү боюнча өнөр жай объекттери (майга айландыруу, жаныбарлар үчүн тоют, жер семирткич ж.б.).
4) Сөөк күйгүзүүчү жана сөөк майдалоочу өндүрүш.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Май ыштоо өндүрүшү (техникалык май өндүрүү).
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Утилсырьену чогултуу боюнча борбордук кампалар.
2) Жаныбарлардын чийки мех терилерин иштетүү жана боё (кой териси-тон, кой терисин өңдөө, мех) өндүрүү, замша, сафьян өндүрүү.
3) Жаныбарлардын чийки терилерин иштетүү боюнча өндүрүш: калдыктарды кайра иштетүү менен чийки терини иштетүү, терини өңдөө (таман материалын, полувал, выроска, опалка).
4) Жаныбарлардын сөөгүнөн скелеттерди жана көрсөтмө куралдарын жасоо.
5) Комбикормзаводдору (тамак-аш калдыктарынан жаныбарлар үчүн тоют жасоо).
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Жүн жуугуч объекттер.
2) Ным кезинде туздалган жана иштетилбеген терилерди убактылуу сактоо кампалары.
3) Жал куйрук, тыбыт, канат, мүйүз жана туяктарды иштетүү боюнча өндүрүш.
4) Кийиз жасоо өндүрүү.
5) Лакталган булгаары өндүрүү.
6) Ичеги-кыл жана кетгут өндүрүү.
5. V класс - санитардык-коргоочу зона 50 м
1) Өңдөлгөн булгаарыдан буюмдарды жасоо өндүрүшү.
2) Жал куйруктан щетка жасоо өндүрүшү.
3) Кийиз басуучу мастерскойлор.
8. Тамак-аш азыктарын жана татымал заттарды иштетүү боюнча өнөр жай объекттери жана өндүрүү
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
1) Мал кармоо жана союу боюнча өнөр жай объекттери.
2) Мал сырьесунун үч суткалык запасына чейинки чекте малды союу алдында кармоо базасын кошкондо эт комбинаттары жана касапканалар.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Деңиз жаныбарларынан май алуу өндүрүшү.
2) Ичеги-карын жуучу өндүрүш.
3) Малды ташып келгенден кийин вагондорду тазалоо жана жуучу станциялар жана пункттар (дезожуугуч станциялар жана пункттар).
4) Кант кызылчасын өндүрүү.
5) Альбумин өндүрүү.
6) Декстрин, глюкоза жана патока өндүрүү.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Өнөр жайлык балыктарды кармоо объекттери.
2) Майда жаныбарларды жана канаттууларды союучу жайлар, ошондой эле суткасына 50-500 тонна кубаттуулуктагы мал союучу объекттер.
3) Пиво, квас жана алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү.
4) Саатына 2 тоннадан ашык өндүрүмдүүлүктөгү тегирмендер, акшак чыгаргычтар, дан тазалоочу ишканалар жана комбикорм заводдору.
5) Товардык солодду кайнатуу жана ачыткыларды даярдоо боюнча өндүрүш.
6) Тамеки-махорка өндүрүү (тамеки-ферментациялык, тамеки жана сигарет-махорка фабрикалары).
7) Өсүмдүк майларын чыгаруу боюнча өндүрүш.
8) Жыттуу заттарды бөлүп чыгаруучу жаратылыш минералдык сууларын куюу боюнча өндүрүш.
9) Утилдештирүүчү цехи бар балык комбинаттары, балык консервалык жана балыкфилея ишканалары (ыштоочу цехтери жок).
10) Рафинаддалган кант өндүрүү.
11) Этти кайра иштетүү, консерва өндүрүү.
12) Муздак жана ысык ыштоо методу менен эт-балык ыштоо өндүрүү.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Элеваторлор.
2) Кофе кууруу өндүрүшү.
3) Олеомаргарин жана маргарин өндүрүү.
4) Тамак-аш спиртин өндүрүү.
5) Жүгөрү-крахмал, жүгөрү-патока өндүрүү.
6) Крахмал өндүрүү.
7) Алгачкы шарап өндүрүү.
8) Ашкана уксусун өндүрүү.
9) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15) Ликероарак заводдору.
16) суткасына 5 тоннага чейинки кубаттуулугу менен эт ыштоочу жана суткасына 10 тоннага чейинки балык ыштоочу кайра иштетүү ишканалары жана цехтери.
5. V класс - санитардык-коргоочу зона 50 м
1) Чайды таразага тартуу фабрикалары.
2) Жашылча-мөмө-жемиш сактагычы.
3) Коньяк спиртин чыгаруу.
4) Макарон чыгаруу.
5) Ыштоосуз колбаса азыктарын чыгаруу.
6) Кубаттуулугу суткасына 5 тоннага чейинки этти, суткасына 10 тоннага чейинки балыкты ыштабастан кайра иштетүү, алкоголдук продукцияны, алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү жана куюу, бөтөлкөдөгү ичүүчү сууну куюу, муздак сыгылган рафинаддалбаган өсүмдүк майларын өндүрүү боюнча цехтер.
7) Фабрика-ашканаларды, мектептик-базалык ашканаларды кошкондо тамак-аш даярдоо өндүрүшү.
8) 600 тоннага чейин сыйымдуулуктагы тамак-аш азыктарын төмөнкү температурада сактоо үчүн өнөр жай орнотмолору.
9) Жүзүм ширесин чыгаруу.
10) Мөмө-жемиш жана жашылча ширелерин чыгаруу.
11) Жашылча жемиштерди кайра иштетүү жана сактоо (кургатуу, туздоо, маринаддоо жана ачытуу) боюнча өндүрүш.
12) Шараптарды жеткире ачытуу жана куюу боюнча өндүрүш.
13) Концентраттардын жана эссенциялардын негизинде алькоголсуз суусундуктарды өндүрүү.
14) Майонез өндүрүү.
15) Пиво өндүрүү (солодовенсиз).
16) Сүт жана май чыгаруу өндүрүштөрү.
17) Сыр жасоочу өндүрүштөр.
18) Саатына 2 тоннага чейинки өндүрүмдүүлүктөгү тегирмендер.
19) Кондитердик өндүрүштөр.
20) Нан заводдору жана нан бышыруу өндүрүштөрү.
9. Микробиологиялык өнөр жай
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
1) Көмүр суутектен белок-витаминдүү концентраттарды (мунай зат парафини, этанол, метанол, жаратылыш газы) өндүрүү.
2) 1-2-топтогу патогендүүлүктөгү микроорганизмдер технологиясын найдалануучу өндүрүш.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Тоют бацитрацин өндүрүү.
2) Микробиологиялык синтездөө методу менен тоют аминокислоталарын алуу.
3) Антибиотиктерди өндүрүү.
4) Гидролиз методу менен жыгачтан жана айыл чарба калдыктарынан тоют ачыткыларын, фурфурол жана спиртти өндүрүү.
5) Культивациялоонун беттик ыкмасы менен түрдүү арналыштагы ферменттерди чыгаруу.
6) Өсүмдүк сырьесунан пектиндерди чыгаруу.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Тамак-аш ачыткыларын чыгаруу.
2) Айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо үчүн биопрепараттарды (трихограмм ж.б.) өндүрүү.
3) Микробиологиялык синтездөө методу менен өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын өндүрүү.
4) ИИИ, Микробиологиялык профилдеги объекттер.
5) Вакциналарды жана сывороткаларды өндүрүү.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Культивациялоонун тереңдеп иштөө ыкмасы менен түрдүү арналыштагы ферменттерди чыгаруу.
10. Минерал отунун жагууда электр жана жылуулук энергиясын алуу
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
1) Отун катары көмүрдү жана мазутту пайдалануучу эквиваленттүү электр кубаттуулугу 600 мВт жана андан жогору болгон жылуулук электр станциялары.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Газ жана газ-мазут отуну менен иштөөчү эквиваленттүү электр кубаттуулугу 600 мВт жана андан жогору болгон жылуулук электр станциялары.
2) Көмүр жана мазут отуну менен иштөөчү жылуулук кубаттуулугу 200 Гкал жана андан жогору болгон жылуулук электр станциялар жана райондук от казандары.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Газ жана газ-мазут отуну менен иштөөчү жылуулук кубаттуулугу 200 Гкал жана андан жогору болгон жылуулук электр станциялар жана райондук от казандары (акыркысы - резерв катары) өлчөмү 300 м болгон кооптуулуктун үчүнчү классындагы ишканаларга кирет.
2) Жылуулук электр станцияларынын күл түшүргүчтөрү.
Эскертүү:
1. Катуу, суюк жана газ түспөлдүү отун менен иштөөчү жылуулук кубаттуулугу 200 Гкал дан аз от казандары үчүн СКЗнын өлчөмү ар бир конкреттүү учурда атмосфера абасынын булгануусунун чачыроосун жана атмосфералык абага физикалык таасирлерди (ызы-чуу, дирилдөө, электр магниттик талаа ж.б.) эсептөөлөрдүн негизинде, ошондой эле натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде аныкталат.
2. Капкактуу, орнотулган-кошо курулган от казандар үчүн СКЗнын өлчөмү белгиленбейт. Аталган от казандарды жайгаштыруу ар бир конкреттүү учурда атмосфера абасынын булгануусунун чачыроосун жана атмосфералык абага физикалык таасирлерди эсептөөлөрдүн негизинде, ошондой эле натуралай изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн натыйжаларынын негизинде ишке ашырылат.
3. Электр подстанциялар үчүн СКЗнын өлчөмү тибине (ачык, жабык), кубаттуулугуна жараша атмосфералык абага физикалык таасир этүүнүн эсептөөлөрүнүн, ошондой эле натуралай өлчөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде белгиленет.
11. Агроөнөр жай комплекси жана чакан ишкердик объекттери жана өндүрүү
1. I класс - санитардык коргоочу зона 1000 м
1) 12 миң баштан ашык чочко багуу комплекстери (чочко фермалары).
2) Жылына 400 миңден ашык тоок жана 3 млн. ашык бройлер кармоочу канаттуулар фабрикалары.
3) 2000 баштан ашык бодо мал жана 6000ден ашык жаш бодо мал багылуучу комплекстер жана фермалар.
4) Кыкты жана тезекти ачык сактоочу жайлар.
5) 1000 баштан ашык жапайы айбанаттар багылуучу фермалар.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) 4төн 12 миң башка чейин кармоочу чочко фермалары.
2) 1200дөн 2000 уйга чейин жана 6000ге чейинки торпокторду кармоочу бодо мал фермалары.
3) 500дөн 1000 башка чейинки жапайы айбанаттар багылуучу фермалар.
4) Жылына 100 миңден 400 миңге чейинки тоок жана 1ден 3 млн.го чейинки бройлер кармоочу канаттуулар фабрикалары.
5) Биологиялык иштетилген кыктын суюк фракциясын ачык сактоочу жай.
6) Кыкты жана тезекти жабык сактоочу жайлар (жеке, тиричиликтик, жеке ишкердик ишти жүргүзүүгө байланышпаган башка максаттар үчүн колдонулуучу объекттерден тышкары).
7) 500 тоннадан ашык уу химикаттарды сактоо үчүн кампалар.
8) Уруктарды иштетүү жана зыянсыздандыруу боюнча өндүрүш.
9) Күйгүзүлгөн аммиак кампалары.
10) 30 миң баштан ашык кой багуу фермалары.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) 4 миң башка чейинки чочко фермалары.
2) 1200 баштан аз бодо мал фермалары (бардык адистешүүсү менен), жылкы фермалары.
3) 5-30 миң башка кой фермалары.
4) 100 миң тоокко жана 1 млн. бройлерге чейинки канаттуулар фермалары.
5) Кыкты бурттоо үчүн аянтчалар.
6) 50 тоннадан ашык уу химикаттарды жана минералдык жер семирткичтерди сактоо үчүн кампалар.
7) Тракторлорду колдонуу менен (талаанын чегинен калктуу конушка чейин) айыл чарба жерлерин пестициддер менен иштетүү.
8) 100дөн 500 башка чейин жапайы айбанаттар багылуучу фермалар.
9) Жүк ташуучу автомобилдерди жана айыл чарба техникасын ремонттоо, технологиялык тейлөө жана сактоо боюнча гараждар жана парктар.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) 50 тоннага чейин минералдык жер семирткичтерди, уу химикаттарды сактоо үчүн кампалар.
3) Кургак минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоонун химиялык каражаттары кампалары (зона тамак-аш продукцияларын иштетүү жана сактоо боюнча өндүрүшкө чейин да белгиленет).
4) Мал чарба агымдарын пайдалануу менен мелиоративдик объектилер.
5) Тамак-аш калдыктарын пайдаланууну кошкондо тоют даярдоо боюнча цехтер.
6) 100 башка чейинки жаныбарларды кармоочу чарбалар (чочкоканалар, уйканалар, питомниктер, атканалар, жапайы айбанаттар фермалары).
7) Күйүүчү-майлоочу материалдар кампалары.
8) 5 миң башка чейинки кой багуу фермалары.
5. V класс - санитардык-коргоочу зона 50 м
1) Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, картошканы, эгинди сактоочу жай.
2) Материалдык кампалар.
3) 50 башка чейинки жаныбарларды кармоочу чарбалар (чочкоканалар, уйканалар, питомниктер, атканалар, жапайы айбанаттар фермалары).
4) Күнөскана жана парник чарбалары.
12. Санитардык-техникалык, транспорттук инфраструктура курулмалары, коммуналдык багыттагы, спорт, соода жана кызмат көрсөтүү объекттери
1. 1 класс - санитардык-коргоочу зона - 1000 метр;
1) 1-2-класстардагы коркунучтагы өндүрүштүн жана керектөөнүн уулуу калдыктарын жайгаштыруу, зыянсыздандыруу, көмүү боюнча полигондор;
2) ассенизациялоо талаалары жана айдоо талаалары;
3) жаныбарлардын өлүктөрүн өрттөөчү мештерди (крематорийлерди) кошпогондо, бирден ашык сандагы меши болгон крематорийлер;
4) жылына 40 миң тоннадан ашык кубаттуулуктагы таштанды күйгүзүүчү, таштанды сорттоочу жана таштандыны кайра иштетүүчү объекттер;
5) 40 гадан ашык аянттагы аралаш жана салттуу көмүү көрүстөндөрү.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Жылына 40 миң тоннага чейин кубаттуулуктагы таштанды күйгүзүүчү, таштанды сорттоочу жана таштанды кайра иштетүүчү объекттер.
2) Катуу тиричилик калдыктарын компостирлөө участкалары.
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 517 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) Куюучу станциялар.
5) 20дан 40 гектарга чейинки аянтка аралаш жана салттуу көмүү көрүстөндөрү.
6) Бир камералуу меши бар даярдыксыз жана ырым-жырымсыз процесстүү крематорий.
7) Бажы терминалдары, дүң базарлар.
8) 3-4-класстардагы коркунучтагы өндүрүштүн жана керектөөнүн уулуу калдыктарын жайгаштыруу, зыянсыздандыруу, көмүү боюнча полигондор.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Утиль сырьену жыйноо боюнча борбордук базалар.
2) 10дон 20 гектарга чейинки аянтка аралаш жана салттуу көмүү көрүстөндөрү.
3) Калдыктарды пайдалануу менен парник жана теплицалык чарбалар үчүн участоктор.
4) Кыксыз жана фекалийсиз калдыктарды компостирлөө.
5) 10дон ашык посту бар жүк автомобилдерин тейлөө боюнча объекттер.
6) Автобус жана троллейбус вокзалдары.
7) Автобус жана троллейбус парктары, автокомбинаттар, трамвай, метро депо (ремонт базасы менен).
8) Сыйымдуулугу 500 орундан ашык болгон туруктуу орнотулган трибуналуу ачык типтеги дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу курулмалар.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Утиль сырьену жыйноо үчүн райондук арналыштагы базалар.
2) Жеңил автомобилдерди (5 посттон ашык) жана жүк ташуучу автомобилдерди (10 посттон ашпаган) техникалык тейлөө станциялары, сырдоо-темирчилик иштери менен.
3) Ремонт базасы жок шаарды тазалоо боюнча механикалаштырылган транспорт парктары (КМУ).
4) Жүк ташуучу автотранспорт токтотмолору (парктары).
5) Суюк жана газ отунун жүк ташуучу жана жеңил автотранспортко куюучу 50дөн 100 м3 чейинки суюлтулган газды сактоо көлөмү менен автомай куюу станциялары.
6) Порталдык типтеги жүк ташуучу автомобилдерди жуугуч жай (өнөр жай жана коммуналдык-кампа зоналарынын аймактарына, шаарга кире бериштеги магистралдарга, автотранспорт ишканаларынын аймагына жайгаштырылат).
7) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) 300 машинага чейинки автобус жана троллейбус парктары.
12) Жаныбарларды кармоочу ветдарылоочу жайлар, вивариялар, питомниктер, кинологиялык борборлор, жаныбарларды убактылуу кармоо пункттары.
13) Таштанды жүктөөчү станциялар.
14) Тергөө изоляторлору, кабыл алып-бөлүштүргүчтөр.
15) Аянты 10 жана андан аз гектар болгон аралаш жана салттуу көмүү көрүстөндөрү.
16) (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17) Транспорт каражаттарына суюлтулган жаратылыш газын жана/же суюлтулган жаратылыш газ станциясынын аймагында регаздаштыруу жолу менен алынган кысылган жаратылыш газын куюуга гана арналган 50дөн 100 м3 чейинки суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен криогендүү автомай куюу станциялары.
5. V класс - санитардык коргоочу зона 50 м
1) Тамак-аш азыктарын (эт, сүт, кондитердик, жашылча, жемиш, суусундуктар), дары-дармек каражаттарын, өнөр жай жана чарбалык товарларды сактоо үчүн кампалар.
2) Коомдук транспорт токтоп туруучу-бурулуучу аянттар.
3) Жабык көрүстөндөр жана мемориалдык комплекстер, кремациядан кийин көмүүчү көрүстөндөр, колумбарийлер, айыл көрүстөндөрү.
4) Сыйымдуулугу 500 орунга чейинки туруктуу орнотулган трибуналуу, спорт оюндарын өткөрүүчү ачык типтеги дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу курулмалар.
5) Жеңил автомобилдерди техникалык тейлөө станциялары (5ке чейинки посту бар), сырдоо-темирчилик иштерисиз.
6) Өзүнчө турган гипермаркеттерге, супермаркеттерге, соода комплекстерине, соода-көңүл ачуу комплекстерине, азык-түлүк жана өнөр жай товарларынын базарларына келгендер үчүн автомашиналарды токтотуучу жайлар ушул Санитардык эрежелердин 1-тиркемесинин 2-таблицасына ылайык орнотулат.
7) Көгүчкөнканалар.
8) Жеңил транспорт каражаттарына суюк мотор отунун куюуга гана арналган, отун таркатуучу 3төн көп эмес колонкалары бар, анын ичинде коштогон товарларды саткан дүкөнү, кафе жана дааратканалары бар автомай куюу станциялары.
9) Автомобилдерди жуугуч жай (5 постко чейин).
10) Химиялык тазалоо
11) Суюк жана катуу отун менен иштеген мончо-кир жуучу комбинаттар, кир жуучу жайлар, мончолор жана сауналар.
12) Май куюулардын саны 500 автомобиль/суткадан ашык эмес автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар (компрессорлор жайдын ичинде же контейнерлердин ичинде), коштоочу товарларды саткан дүкөнү, кафе жана дааратканалары менен.
13) Транспорт каражаттарына суюлтулган жаратылыш газын жана/же суюлтулган жаратылыш газ станциясынын аймагында регаздаштыруу жолу менен алынган кысылган жаратылыш газын куюуга гана арналган 50 м3 ашык эмес суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен криогендүү автомай куюу станциялары, анын ичинде коштоочу товарларды саткан дүкөнү, кафе жана дааратканалары менен.
14) Транспорт каражаттарына суюлтулган көмүр суутек газын гана куюуга арналган автомобилдик газ куюу станциялары, анын ичинде коштоочу товарларды саткан дүкөнү, кафе жана дааратканалары менен.
15) Аянты 1000 м2 маданий-эс алуу жана көңүл ачуу борборлору.
16) Ачык өз алдынча турган спорт аянтчалары, аттракциондор, автодромдор, картингдер.
17) Диний табынуу объекттери.
Автотранспорт токтотуучу жайлардан жана гараждардан ар түрдүү багыттагы имараттарга чейинки аралыкты ушул Санитардык эрежелердин 1-тиркемесинин 2-таблицасына ылайык колдонуу керек.
|
| 2-таблица |
Жеңил автотранспортту сактоо үчүн курулмалардан курулуш объекттерине чейинки аралык
Аралыгы эсептеле турган объекттер | Аралык, м | ||||
Ачык автотранспорт токтотуучу жайлар жана сыйымдуулугу менен паркингдер, машина-орундар | |||||
10дон аз | 11-50 | 51-100 | 101-300 | 300дөн көп | |
Турак үйлөрдүн фасаддары жана капталдары (терезелер менен) | 10 | 12 | 25 | 35 | 50 |
Турак үйлөрдүн капталдары (терезеси жок) | 10 | 10 | 15 | 25 | 35 |
Билим берүү уюмдарынын аянттары, эс алуу, оюн жана спорт үчүн аянтчалар жана балдар аянтчалары | 25 | 50 | 50 | 50 | 50 |
Адистештирилген дарылоо-алдын алуучу уюмдардын, ооруканалардын, ачык спорт курулмаларынын, калктын жалпы пайдалануучу жана эс алуучу жайлары (бакчалар, скверлер, парктар) | 25 | 50 | эсептер боюнча | эсептер боюнча | эсептер боюнча |
13. Кампалар, причалдар жана жүктү кайра жүктөө жана сактоо жерлери, жүктөрдү жана кемелерди фумигациялоо, газдык дезинфекциялоо, дератизациялоо жана дезинсекциялоо өндүрүшү
1. I класс - санитардык-коргоочу зона 1000 м
1) Жылына 150 миң тоннадан ашык жүк айландырууда ачык кампалар жана кампа элеваторлорун, тышкы чөйрөгө жүктөрдүн чаңын чыгарбоочу пневмотранспорттук же башка орнотмолорду колдонуу менен апатиттик концентратты, фосфориттик унду, цемент жана башка чаңдоочу жүктөрдү түшүрүүчү жер, транспорттук-технологиялык схемаларсыз.
2) Суюлтулган газдардан (метан, пропан, аммиак, хлор ж.б.) суюк химиялык жүктөрдү, галогендердин, күкүрттүн, азоттун, көмүр суутектердин (метанол, бензол, толуол ж.б.), спирттердин, альдегиддердин өндүрүштүк бирикмелерин жана башка бирикмелерди кайра жүктөөчү жана сактоочу жер.
(абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Тазалоочу жана жууп-буулантуучу станциялар, дезинфекциялык-жуугуч ишканалар, кемелерди, цистерналарды тазалоочу пункттар, адистештирилген эритип топтогучтары бар балласттык жана жуугуч-мунай зат кармоочу сууларды кабыл алуучу кабыл алуу-тазалоочу курулмалар.
4) Причалдар жана жүктөрдү жана кемелерди фумигациялоону, газдык дезинфекциялоону, дератизациялоону жана дезинсекциялоону жүргүзүүчү жерлер.
2. II класс - санитардык-коргоочу зона 500 м
1) Жылына 150 миң тоннадан ашык жүк айландырууда ачык кампалар жана кампа элеваторлорун, тышкы чөйрөгө жүктөрдүн чаңын чыгарбоочу пневмотранспорттук же башка орнотмолорду колдонуу менен апатиттик концентратты, фосфориттик унду, цемент жана башка чаңдоочу жүктөрдү түшүрүүчү жер, транспорттук-технологиялык схемаларсыз.
2) Ачык кампалар жана көмүр жүктөөчү жерлер.
3) Ачык кампалар жана минералдык жер семирткичтерди, асбестти, акиташты, рудаларды (радиоактивдүүдөн башка) жана башка минералдарды (күкүрт, күкүрт колчеданы, гипс ж.б.) кайра жүктөөчү жер.
4) Чийки мунай затты, битумду, мазутту жана башка илээшкек мунай зат продуктуларын жана химиялык жүктөрдү, 550дөн 1000 м3 чейинки көлөмдөгү суюлтулган жаратылыш газын кайра жүктөөчү жана сактоочу жер.
5) Ачык жана жабык кампалар жана пека жана пека кармаган жүктөрдү кайра жүктөөчү жер.
6) Антисептик сиңирилген жыгач шпалдарды сактоочу жана кайра жүктөөчү жер.
7) Санитардык-карантиндик станциялар.
3. III класс - санитардык-коргоочу зона 300 м
1) Жылына 5 миң тоннага жетпеген жүк айландырууда ачык кампалар жана кампа элеваторлорун, тышкы чөйрөгө жүктөрдүн чаңын чыгарбоочу орнотмолорду колдонуу менен чаңдоочу жүктөрдү (апатиттик концентратты, фосфориттик унду, цементти) түшүрүүчү жер, транспорттук-технологиялык схемаларсыз.
2) Жабык кампалар, тарага салынган химиялык жүктү (жер семирткичтерди, органикалык эритмелерди, кислоталарды жана башка заттарды) кайра жүктөөчү жана сактоочу жер.
3) Жер бетиндеги кампалар жана магнезит, доломит жана башка чаңдоочу жүктөрдү түшүрүүчү ачык жерлер.
4) Чаңдоочу жана суюк жүктөрдүн (аммиак суусу, жер семирткичтер, кальцийлештирилген сода, лак, сырдоочу материалдар ж.б.) кампалары.
5) Ачык жер бетиндеги кампалар жана кургак кум, шагыл, таш жана башка минералдык-курулуш материалдарын жүктөөчү жерлер.
6) Кампалар жана шрот, жмых, копра жана башка чаңдоочу өсүмдүк продукцияларын ачык ыкма менен кайра жүктөөчү участкалар.
7) Кампалар, утиль сырьену кайра жүктөө жана сактоо.
8) Кампалар, нымдуу туздалган иштетилбеген терилерди (200 даанадан ашык) жана башка жаныбарлардан алынуучу сырьену кайра жүктөө жана сактоо.
9) Малды, жаныбарларды жана канаттууларды дайыма кайра жүктөөчү участкалар.
10) Кампалар жана балыкты, балык азыктарын жана кит союучу өндүрүш азыктарын кайра жүктөө.
11) 250дөн 550 м3 чейинки көлөмдөгү суюлтулган жаратылыш газын кайра жүктөөчү жана сактоочу жерлер.
4. IV класс - санитардык-коргоочу зона 100 м
1) Кампалар жана тери сырьесун кайра жүктөө (анын ичинде 200 даанага чейин нымдуу туздалган терилерди).
2) Кампалар жана эгинди жүктөөчү ачык жерлер.
3) Кампалар жана аш тузун жүктөөчү ачык жерлер.
4) Кампалар жана жүндү, жал куйрукту, жана башка ушул сыяктуу продукцияларды жүктөөчү ачык жерлер.
5) Чаңды сырткы чөйрөгө чыгарууну болтурбоочу кампа элеваторлорун жана пневмотранспорттук же башка орнотмолорду жана сактоочу жайларды колдонуу менен төгүп ташылуучу апатиттик концентратты, фосфорид унун, цементти жана башка чаңдоочу жүктөрдү кайра жүктөөнүн жана сактоонун транспорттук-техникалык схемалары.
6) 50ден 250 м3 чейинки көлөмдөгү суюлтулган жаратылыш газын кайра жүктөөчү жана сактоочу жерлер.
5. V класс - санитардык-коргоочу зона 50 м
1) Ачык кампалар жана нымдалган минералдык-курулуш материалдарын (кум, шагыл, таш ж.б.) кайра жүктөө.
2) Ныкталган жмыхты, чөптү, саманды, тамеки-махорка буюмдарын ж.б. сактоо жана кайра жүктөө участкалары.
3) Кампалар, тамак-аш азыктарын (эт, сүт, кондитер), жашылчаларды, мөмө-жемиштерди, суусундуктарды ж.б. кайра жүктөө.
4) Тамак-аш жүктөрүн (шарап, май, ширелер) сактоо жана куюу участкалары.
5) Рефрирежатордук кемелерди жана вагондорду жүктөө жана түшүрүү участкалары.
6) Дарыя причалдары.
7) Кампалар, иштетилбеген утиль сырьену кайра жүктөө жана сактоо.
8) 50 м3 чейинки көлөмдөгү суюлтулган жаратылыш газын кайра жүктөөчү жана сактоочу жерлер.
Эскертүү:
(1) I, II жана III класстагы 1-топко кампа элеваторлорун жана пневмотранспорттук же тышкы чөйрөгө жүктөрдүн чаңдарын чыгарууну болтурбоочу (I, II жана III класстардын I тобунда көрсөтүлгөн) башка орнотмолорду колдонуу менен транспорттук-технологиялык схемалар кирбейт.
|
| "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге 2-тиркеме |
Күкүрт суутекти камтыбаган жер бетиндеги магистралдык газ түтүктөрдөн алынуучу минималдуу аралык
Курулуш элементтери, көлмөлөр | 1 жана 2-класстагы түтүк өткөргүчтөр үчүн аралык (метр менен) | |||||||
1-класс (түтүктөрдүн диаметри, мм) | 2-класс (түтүктөрдүн диаметри, мм) | |||||||
300 чейин | 300-600 | 600-800 | 800-1000 | 1000-1200 | 1200 жогору | 300 чейин | 300 жогору | |
Шаарлар жана башка калктуу конуштар; жамааттык бактар жана дача поселкалары; теплица комбинаттары; жалпы эл чогулуучу өзүнчө коомдук имараттар | 100 | 150 | 200 | 250 | 300 | 350 | 75 | 125 |
Өзүнчө аз кабаттуу имараттар; айыл чарба талаалары жана жайыттар, талаа стандары | 75 | 125 | 150 | 200 | 250 | 300 | 75 | 100 |
Магистралдык сугат каналдары, суулар жана көлмөлөр; суу топтоо курулмалары | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 | 25 |
|
| "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге 3-тиркеме |
Суюлтулган көмүр суутек газдар үчүн түтүк өткөргүчтөрдөн алынуучу минималдуу аралыктар
Курулуш элементтери | Түтүктүн диаметри мм болгон м менен алынган аралык | |||
150 чейин | 150-300 | 300-500 | 500-1000 | |
Шаарлар жана калктуу конуштар | 150 | 250 | 500 | 1000 |
Дача поселкалары, айыл чарба жерлери | 100 | 175 | 350 | 800 |
Эскертүү:
1. Жер бетине төшөөдө минималдуу аралык I-класстагы түгүк өгкөргүчтөр үчүн 2 эсе жана II класстагы түтүк өткөргүчтөр үчүн 1,5 эсе көбөйөт.
2. Жогорку коррозиялык касиеттерге ээ болгон жаратылыш газын ташуучу магистралдык газ түтүктөрүнүн аралыктары ар бир конкреттүү учурдагы эсептөөлөрдүн негизинде, ошондой эле эксплуатациялоо тажрыйбасы боюнча аныкталат, бирок 2 километрден кем болбойт.
3. Газ түтүгүнүн турак жай курулушу аркылуу өтүшүнө тыюу салынат.
|
| "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге 4-тиркеме |
Компрессор станцияларынан алынуучу минималдуу аралыктар
Курулуш элементтери, көлмөлөр | Түтүктөрдүн диаметри мм менен алынган 1 жана 2-класстагы түтүк өткөргүчтөр үчүн м менен алынган аралык | |||||||
1-класс | 2-класс | |||||||
300 чейин | 300-600 | 600-800 | 800-1000 | 1000-1200 | 1200 жогору | 300 чейин | 300 жогору | |
Шаарлар жана поселкалар | 500 | 500 | 700 | 700 | 700 | 700 | 500 | 500 |
Суу түтүк курулмалары | 250 | 300 | 350 | 400 | 450 | 500 | 250 | 300 |
Коп кабаттуу турак жай имараттары | 100 | 150 | 200 | 250 | 300 | 350 | 75 | 150 |
Эскертүү.
Аралыктар компрессордук цехтин имаратынан тарта белгиленет.
|
| "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге 5-тиркеме |
Төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүнөн алынуучу минималдуу аралыктар
Курулуш элементтери | Аралык (м) менен |
Көп кабаттуу турак жай жана коомдук имараттар | 50 |
Аз кабаттуу турак жай имараттары, теплицалар, кампалар | 20 |
Суу түтүк насос станциялары, суу топтоочу жана тазалоочу курулмалар, артскважиналар(*) | 30 |
Эскертүү.
(*) Бул учурда суу менен жабдуу булагын санитардык коргоо зоналарынын 1, 2 жана 3-алкактарын уюштурууга талаптар эске алынышы керек.
|
| "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге 6-тиркеме |
Мунай затты ташуу үчүн магистралдык түтүк өткөргүчтөрдөн алынуучу минималдуу аралык
Курулуш элементтери | Түтүктүн диаметри мм болгондо м менен магистралдык түтүк өткөргүчтөрдөн алынуучу аралык | |||
300 чейин | 300-600 | 600-1000 | 1000-1400 | |
Шаарлар жана поселкалар | 75 | 100 | 150 | 200 |
Өзүнчө аз кабаттуу турак жайлар | 50 | 50 | 75 | 100 |
Гидротехникалык курулмалар | 300 | 300 | 300 | 300 |
Суу топтогучтар | 3000 | 3000 | 3000 | 3000 |
Эскертүү.
Жогорку коррозиялык касиетке ээ болгон мунай зат ташуучу магистралдык мунай зат түтүктөрүнөн, өтө уулуу, дүүлүктүрүүчү газдарды жана суюктуктарды ташуучу продукту түтүктөрүнөн аралык өлчөмдөрүн 3 эседен кем эмес милдеттүү түрдө көбөйтүүдө ар бир конкреттүү учурдагы эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат.
|
| "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге 7-тиркеме |
Мунай зат сордуруучу станциялардан алынуучу минималдуу аралыктар
Курулуш элементтери | Мунай зат сордуруучу станциялардан (МСС) алынуучу аралыктар м менен | ||
III категориядагы МСС | II категориядагы МСС | I категориядагы МСС | |
Шаарлар жана поселкалар | 100 | 150 | 200 |
Суу түтүк курулмалары | 100 | 150 | 200 |
Өзүнчө аз кабаттуу имараттар | 50 | 75 | 100 |
Эскертүү.
Мунай зат сактоочу жай үчүн санитардык-коргоочу зонанын чоңдугу жанаша аймактардын атмосферасы көмүр суутеги менен булгануусун эсептөөнүн жана реалдуу мүнөздөмөлөрүнүн негизинде ар бир конкреттүү учурда такталууга тийиш.
|
| "Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге 8-тиркеме |
Жаныбарларды кармоо жана көбөйтүү үчүн жайлардан (курулмалардан) турак жай курулушунун объектилерине чейинки аралык
Ченемдик аралык | Саны (даана) | ||||||
чочко | уй, бука | кой, эчки | ургаачы коёндор | канаттуулар | жылкы | нутрия, калтар түлкү | |
10м | 5ке чейин | 5ке чейин | 10го чейин | 10го чейин | 30га чейин | 5ке чейин | 5ке чейин |
20 м | 8ге чейин | 8ге чейин | 15ке чейин | 20га чейин | 45ке чейин | 8ге чейин | 8ге чейин |
30м | 10го чейин | 10го чейин | 20га чейин | 30га чейин | 60ка чейин | 10го чейин | 10го чейин |
40 м | 15ке чейин | 15ке чейин | 25ке чейин | 40ка чейин | 75ке чейин | 15ке чейин | 15ке чейин |