Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 23-марты № 180
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 221-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 15-майындагы N 38 (3110) жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген "Санитардык-коргоо зоналарын жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде:
- 1-пункту "адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна" деген сөздөрдөн кийин "химиялык, физикалык, биологиялык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктунун биринчи абзацы "атмосфералык абага" деген сөздөрдөн кийин "Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоону заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдеринде белгиленген маанилерге чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пункту "анын чегинде" деген сөздөрдөн кийин ", турак жай курулуштарында" деген сөздөр менен толукталсын;
- 25-пункту "Долбоордук документтер" деген сөздөрдөн кийин "санитардык ченемдерге жана эрежелерге шайкештигин баалоого жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 37-пунктунда:
экинчи абзацы "турак үйлөрдү" деген сөздөрдөн кийин ", аскер контингенттерин жайгаштыруу үчүн казармаларды, түрмөлөрдү (колония-поселениелерди)" деген сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- билим берүү уюмдарын;
"- адистештирилген дарылоо-профилактикалык уюмдарды, ооруканаларды;";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- туризм жана эс алуу объектилерин.";
- 38-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өнөр жайдын тамак-аш тармагынын объектилерин, азык-түлүк сырьесунун жана тамак-аш азыктарынын дүң кампаларын, жылчыксыз айнек жана (же) темир тараларга салынган тамак-аш азыктарын жана тамак-аш продуктуларын сактоочу кампалардан сырткары;";
төртүнчү абзацы "комплекстерин" деген сөздөрдөн кийин ", бул ишкананы суу менен камсыздоочулардан сырткары;" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- адамдын тамак-ашына багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчү объектилерди.";
- 39-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Өнөр жай объектисинин же өндүрүшүнүн санитардык-коргоо зонасынын (СКЗ) чегинде төмөнкүлөрдү жайгаштырууга уруксат берилет: нөөмөттөгү авариялык кызматкер үчүн турак эмес жайды, вахталык метод менен иштөөчүлөрдүн (эки жумадан ашык эмес) болуусу үчүн жайларды, башкаруу имаратын, конструктордук бюролорду, административдик багыттагы имараттарды, илимий-изилдөө лабораторияларын, бейтапканаларды, жабык типтеги спорттук-ден соолукту чыңдоочу курулмаларды, мончолорду, кир жуугуч жайларды, соода жана коомдук тамактануу объекттерин, мотелдерди, мейманканаларды, гараждарды, коомдук жана жеке транспортту сактоочу аянтчаларды жана курулмаларды, өрт өчүрүү делолорун, жергиликтүү жана транзиттик коммуникацияларды, электр берүү линияларын, электр подстанцияларын, мунай зат жана газ түтүктөрүн, техникалык суу менен жабдуу үчүн артезиан скважиналарын, техникалык суу даярдоо үчүн суу муздатуучу курулмаларды, канализациялык насос станцияларын, айлантма суу менен жабдуу курулмаларын, автомай куюу станцияларын, автомобилдерди техникалык тейлөө станцияларын, коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө объекттерин, жер алдындагы булактын санитардык коргоо зонасын сактаганда жана гидрогеологиялык негиздөө шарттарында бул объектти суу менен камсыздоочу чарбалык-тиричилик суу менен камсыздоонун жер алдындагы булактарын, тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн пайдаланылбаган техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүчү айыл чарба жерлерин, ишканаларды, алардын негизги өндүрүшкө салыштырмалуу өтө коркунучтуу эмес булгоочу заттары менен саркындылары бар өзүнчө имараттарын жана курулмаларын (СКЗда жайгаштырылуучу объектте курамы боюнча негизги өндүрүшкө окшош саркындылар болгондо, мында милдеттүү талап СКЗнын чегинде жана анын чегинен сырткары суммалык эсепке алууда гигиеналык ченемдерден ашырбоо), аймактарды жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн питомниктерин.";
- 49-пункту "ченемдик талаптары" деген сөздөрдөн кийин "жана "Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын жол берилген чектүү концентрациялары" гигиеналык ченемдери" деген сөздөр менен толукталсын;
- 50-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50. Жер астындагы, жарым-жартылай жер астындагы токтотмо-гараждар жана турак үйдүн алдына жайгашкан же турак үйдүн жертөлө кабаттарына курулган (курулган, кошулуп курулган) токтотмо-гараждар үчүн кирип-чыккан жеринен жана желдетүүчү шахталардан баштап билим берүүчү жана дарылоо-алдын алуучу уюмдардын, турак үйлөрдүн, жашоочу жайлардын, эс алуу аянтчаларынын аймагына чейинки аралык регламенттелет, ал атмосфералык абадагы булгануулардын таралышын жана физикалык таасир этүүнүн деңгээлин эсептөөнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынат.";
- 53-пункту "жол берилген" деген сөздөрдөн кийин "булгоочу заттардын 0,1 БЧК" деген сөздөр менен толукталсын;
- 58-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"58. Ушул санитардык эрежелердин 1-тиркемесинин 2-таблицасында келтирилген ажырымдар шаар куруу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды (I. II. III категориядагы объекттер) долбоорлоо-изилдөө жаатында лицензиялары бар уюмдар тарабынан өткөрүлгөн атмосфералык абада булгануулардын таралышын эсептөөнүн жана физикалык таасир этүү деңгээлинин жыйынтыктары боюнча өзгөрүшү мүмкүн.";
- 64-пунктундагы "бирок ушул санитардык эрежелердин 1-тиркемесинин 2-таблицасында көрсөтүлгөндөрдөн кем эмес" деген сөздөр "бирок ушул Санитардык эрежелердин 1-таблицасында көрсөтүлгөндөрдөн кем эмес" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо" санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге 1-тиркемеде:
- 1-главасында:
2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 35-пунктча менен толукталсын:
"35) 1000 м3 баштап суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен газ түтүктөрүндө, кен чыккан жерлерде, магистралдык газ түтүктөрүнүн газ бөлүштүрүүчү станцияларында жайгашкан жаратылыш газын суюлтуучу түзүлмөлөр.";
3-пунктунда:
- 28-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28) Меркаптандын одоризациялоочу түзүлмөлөр менен магистралдык газ түтүктөрүнүн газды бөлүштүрүүчү станциялары.";
- 42-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 43-пунктча менен толукталсын:
"43) 250дөн 1000 м3 чейинки суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен газ түтүктөрүндө, кен чыккан жерлерде, магистралдык газ түтүктөрүнүн газ бөлүштүрүүчү станцияларында жайгашкан жаратылыш газын суюлтуучу түзүлмөлөр.";
4-пунктунда:
- 14-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын:
"20) 50дөн 250 м3 чейинки суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен газ түтүктөрүндө, кен чыккан жерлерде, магистралдык газ түтүктөрүнүн газ бөлүштүрүүчү станцияларында жайгашкан жаратылыш газын суюлтуучу түзүлмөлөр.";
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пунктчалар менен толукталсын:
"7) 50 м3 чейинки суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен газ түтүктөрүндө, кен чыккан жерлерде, магистралдык газ түтүктөрүнүн газ бөлүштүрүүчү станцияларында жайгашкан жаратылыш газын суюлтуучу түзүлмөлөр.
8) Баштапкы даяр заттардан тиричилик химиялык товарларды өндүрүү жана аларды сактоо кампалары.";
- 2-главасында:
4-пунктунда:
7, 9 жана 13-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 16 жана 17-пунктчалар менен толукталсын:
"16) Иштелип бүткөн аккумуляторлордон жылына 20 миң тоннага чейинки көлөмдө кайра иштетилген коргошунду өндүрүү.
17) Кесилген жана сырдалган металлдан жасалган буюмдарды өндүрүү.";
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-9-пунктчалар менен толукталсын:
"6) Куюучу цехтер жок болгондо жана сымапты колдонбостон электр өнөр жайы үчүн приборлорду өндүрүү.
7) Координаттык-сүрүүчү станокторду өндүрүү.
8) Полиграфиялык комбинаттар.
9) Кесилбеген жана сырдалбаган металлдан жасалган буюмдарды өндүрүү.";
- 4-главасында:
4-пунктунда:
- 1 жана 4-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) 3-4-кооптуулук классындагы заттарды сууда аралаштыруу жана эритүү методу менен бетонго кошулмаларды, курулуш эритмелерин жана ушуларга окшош продуктуларды өндүрүү (кургак чийки заттар боюнча жылына 50дөн 100 миң тоннага чейин).";
- глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. V классы - санитардык-коргоо зонасы 50 м
3) 3-4-кооптуулук классындагы заттарды сууда аралаштыруу жана эритүү методу менен бетонго кошулмаларды, курулуш эритмелерин жана ушуларга окшош продуктуларды өндүрүү (кургак чийки заттар боюнча жылына 50 миң тоннага чейин).
2) Чоподон жасалган буюмдарды өндүрүү.
3) Суткасына 1000 даанага чейинки кубаттуулугу менен пескоблок жана брусчатка өндүрүүчү ишканалар.
4) Жылына 5 миң тоннага чейинки кубаттуулугу менен табигый таштарды иштетүүчү ишканалар.";
- 6-главасында:
4-пунктунун 4-6, 8 жана 9-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктунда:
13-пунктчасындагы "аз серияда чыгаруу боюнча өндүрүш" деген сөздөр "өндүрүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-17-пунктчалар менен толукталсын:
"14) 50дөн ашык жумушчу орундуу тигүү өндүрүшү.
15) Байпак өндүрүү.
16) Спорт буюмдарын өндүрүү.
17) Фурнитураларды өндүрүү.";
- 8-главасында:
4-пунктунда:
- 9-14-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
"16) суткасына 5 тоннага чейинки кубаттуулугу менен эт ыштоочу жана суткасына 10 тоннага чейинки балык ыштоочу кайра иштетүү ишканалары жана цехтери.":
5-пунктунда:
- 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Кубаттуулугу суткасына 5 тоннага чейинки этти, суткасына 10 тоннага чейинки балыкты ыштабастан кайра иштетүү, алкоголдук продукцияны, алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү жана куюу, бөтөлкөдөгү ичүүчү сууну куюу, муздак сыгылган рафинаддалбаган өсүмдүк майларын өндүрүү боюнча цехтер.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 16-20-пунктчалар менен толукталсын:
"16) Сүт жана май чыгаруу өндүрүштөрү.
17) Сыр жасоочу өндүрүштөр.
18) Саатына 2 тоннага чейинки өндүрүмдүүлүктөгү тегирмендер.
19) Кондитердик өндүрүштөр.
20) Нан заводдору жана нан бышыруу өндүрүштөрү.";
расмий тилдеги текстинде 10-главасынын 3-пунктунун 2-пунктчасындагы "тепловые электростанции" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-главасында:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. I класс - санитардык коргоочу зона 1000 м
1) 12 миң баштан ашык чочко багуу комплекстери (чочко фермалары).
2) Жылына 400 миңден ашык тоок жана 3 млн. ашык бройлер кармоочу канаттуулар фабрикалары.
3) 2000 баштан ашык бодо мал жана 6000ден ашык жаш бодо мал багылуучу комплекстер жана фермалар.
4) Кыкты жана тезекти ачык сактоочу жайлар.
5) 1000 баштан ашык жапайы айбанаттар багылуучу фермалар.";
2-пунктунда:
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) 500дөн 1000 башка чейинки жапайы айбанаттар багылуучу фермалар.";
- 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Кыкты жана тезекти жабык сактоочу жайлар (жеке, тиричиликтик, жеке ишкердик ишти жүргүзүүгө байланышпаган башка максаттар үчүн колдонулуучу объекттерден тышкары).";
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
"10) 30 миң баштан ашык кой багуу фермалары.";
- 3-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) 100дөн 500 башка чейин жапайы айбанаттар багылуучу фермалар.";
4-пунктунда:
- 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) 5 миң башка чейинки кой багуу фермалары.";
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
"4) Күнөскана жана парник чарбалары.";
- 12-главасында:
1-пунктунда:
- 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) 1-2-класстардагы коркунучтагы өндүрүштүн жана керектөөнүн уулуу калдыктарын жайгаштыруу, зыянсыздандыруу, көмүү боюнча полигондор.",
- 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Сибирь жарасы менен ооруган мал көмүлгөн жайлар, чуңкурларга көмүү менен мал көмүлгөн жайлар.";
- 5-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пунктчасы "таштанды күйгүзүүчү" деген сөздөрдөн кийин ", таштанды сорттоочу" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) 40 га ашык аянттагы аралаш жана салттуу көмүү көрүстөндөрү.";
2-пунктунда:
- 1 -пунктчасы "таштанды күйгүзүүчү" деген сөздөрдөн кийин ", таштанды сорттоочу" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) 3-4-класстардагы коркунучтагы өндүрүштүн жана керектөөнүн уулуу калдыктарын жайгаштыруу, зыянсыздандыруу, көмүү боюнча полигондор.",
- 3-пунктунун 5-пунктчасы "Жүк автомобилдерин" деген сөздөрдөн мурда "10дон ашык посту бар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктунда:
- 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Жеңил автомобилдерди (5 посттон ашык) жана жүк ташуучу автомобилдерди (10 посттон ашпаган) техникалык тейлөө станциялары, сырдоо-темирчилик иштери менен.";
- 4-пунктчасындагы "шаар аралык" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктчасы "автотранспортко куюучу" деген сөздөрдөн кийин "50дөн 100 м3 чейинки суюлтулган газды сактоо көлөмү менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-10 жана 16-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-пунктча менен толукталсын:
"17) Транспорт каражаттарына суюлтулган жаратылыш газын жана/же суюлтулган жаратылыш газ станциясынын аймагында регаздаштыруу жолу менен алынган кысылган жаратылыш газын куюуга гана арналган 50дөн 100 м3 чейинки суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен криогендүү автомай куюу станциялары.";
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. V класс - санитардык коргоочу зона 50 м
1) Тамак-аш азыктарын (эт, сүт, кондитердик, жашылча, жемиш, суусундуктар), дары-дармек каражаттарын, өнөр жай жана чарбалык товарларды сактоо үчүн кампалар.
2) Коомдук транспорт токтоп туруучу-бурулуучу аянттар.
3) Жабык көрүстөндөр жана мемориалдык комплекстер, кремациядан кийин көмүүчү көрүстөндөр, колумбарийлер, айыл көрүстөндөрү.
4) Сыйымдуулугу 500 орунга чейинки туруктуу орнотулган трибуналуу, спорт оюндарын өткөрүүчү ачык типтеги дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу курулмалар.
5) Жеңил автомобилдерди техникалык тейлөө станциялары (5ке чейинки посту бар), сырдоо-темирчилик иштерисиз.
6) Өзүнчө турган гипермаркеттерге, супермаркеттерге, соода комплекстерине, соода-көңүл ачуу комплекстерине, азык-түлүк жана өнөр жай товарларынын базарларына келгендер үчүн автомашиналарды токтотуучу жайлар ушул Санитардык эрежелердин 1-тиркемесинин 2-таблицасына ылайык орнотулат.
7) Көгүчкөнканалар.
8) Жеңил транспорт каражаттарына суюк мотор отунун куюуга гана арналган, отун таркатуучу 3төн көп эмес колонкалары бар, анын ичинде коштогон товарларды саткан дүкөнү, кафе жана дааратканалары бар автомай куюу станциялары.
9) Автомобилдерди жуугуч жай (5 постко чейин).
10) Химиялык тазалоо
11) Суюк жана катуу отун менен иштеген мончо-кир жуучу комбинаттар, кир жуучу жайлар, мончолор жана сауналар.
12) Май куюулардын саны 500 автомобиль/суткадан ашык эмес автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар (компрессорлор жайдын ичинде же контейнерлердин ичинде), коштоочу товарларды саткан дүкөнү, кафе жана дааратканалары менен.
13) Транспорт каражаттарына суюлтулган жаратылыш газын жана/же суюлтулган жаратылыш газ станциясынын аймагында регаздаштыруу жолу менен алынган кысылган жаратылыш газын куюуга гана арналган 50 м3 ашык эмес суюлтулган жаратылыш газын сактоо көлөмү менен криогендүү автомай куюу станциялары, анын ичинде коштоочу товарларды саткан дүкөнү, кафе жана дааратканалары менен.
14) Транспорт каражаттарына суюлтулган көмүр суутек газын гана куюуга арналган автомобилдик газ куюу станциялары, анын ичинде коштоочу товарларды саткан дүкөнү, кафе жана дааратканалары менен.
15) Аянты 1000 м2 маданий-эс алуу жана көңүл ачуу борборлору.
16) Ачык өз алдынча турган спорт аянтчалары, аттракциондор, автодромдор, картингдер.
17) Диний табынуу объекттери.
Автотранспорт токтотуучу жайлардан жана гараждардан ар түрдүү багыттагы имараттарга чейинки аралыкты ушул Санитардык эрежелердин 1-тиркемесинин 2-таблицасына ылайык колдонуу керек.
|
| "2-таблица |
Жеңил автотранспортту сактоо үчүн курулмалардан курулуш объекттерине чейинки аралык
Аралыгы эсептеле турган объекттер | Аралык, м | ||||
Ачык автотранспорт токтотуучу жайлар жана сыйымдуулугу менен паркингдер, машина-орундар | |||||
10дон аз | 11-50 | 51-100 | 101-300 | 300дөн көп | |
Турак үйлөрдүн фасаддары жана капталдары (терезелер менен) | 10 | 12 | 25 | 35 | 50 |
Турак үйлөрдүн капталдары (терезеси жок) | 10 | 10 | 15 | 25 | 35 |
Билим берүү уюмдарынын аянттары, эс алуу, оюн жана спорт үчүн аянтчалар жана балдар аянтчалары | 25 | 50 | 50 | 50 | 50 |
Адистештирилген дарылоо-алдын алуучу уюмдардын, ооруканалардын, ачык спорт курулмаларынын, калктын жалпы пайдалануучу жана эс алуучу жайлары (бакчалар, скверлер, парктар) | 25 | 50 | эсептер боюнча | эсептер боюнча | эсептер боюнча |
";
- 13-главасында:
1-пунктунда:
- 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Жылына 150 миң тоннадан ашык жүк айландырууда ачык кампалар жана кампа элеваторлорун, тышкы чөйрөгө жүктөрдүн чаңын чыгарбоочу пневмотранспорттук же башка орнотмолорду колдонуу менен апатиттик концентратты, фосфориттик унду, цемент жана башка чаңдоочу жүктөрдү түшүрүүчү жер, транспорттук-технологиялык схемаларсыз.";
- 2-пунктчасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктунда:
- 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Жылына 150 миң тоннадан ашык жүк айландырууда ачык кампалар жана кампа элеваторлорун, тышкы чөйрөгө жүктөрдүн чаңын чыгарбоочу пневмотранспорттук же башка орнотмолорду колдонуу менен апатиттик концентратты, фосфориттик унду, цемент жана башка чаңдоочу жүктөрдү түшүрүүчү жер, транспорттук-технологиялык схемаларсыз.";
- 4-пунктчасы "химиялык жүктөрдү" деген сөздөрдөн кийин ", 550дөн 1000 м3 чейинки көлөмдөгү суюлтулган жаратылыш газын" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктунда:
- 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Жылына 5 миң тоннага жетпеген жүк айландырууда ачык кампалар жана кампа элеваторлорун, тышкы чөйрөгө жүктөрдүн чаңын чыгарбоочу орнотмолорду колдонуу менен чаңдоочу жүктөрдү (апатиттик концентратты, фосфориттик унду, цементти) түшүрүүчү жер, транспорттук-технологиялык схемаларсыз.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) 250дөн 550 м3 чейинки көлөмдөгү суюлтулган жаратылыш газын кайра жүктөөчү жана сактоочу жерлер.";
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) 50ден 250 м3 чейинки көлөмдөгү суюлтулган жаратылыш газын кайра жүктөөчү жана сактоочу жерлер.";
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) 50 м3 чейинки көлөмдөгү суюлтулган жаратылыш газын кайра жүктөөчү жана сактоочу жерлер.".