Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 302
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы
№ 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды
каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу
Ченемдик укуктук актыдагы карама-каршылыктарды четтетүү, ошондой эле транспорт каражаттарын кайра каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- мамлекеттик тилдеги тексттин 22-пунктунун он сегизинчи абзацындагы "кыймылсыз" деген сөз "кыймылдуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 24-пунктунун он экинчи абзацындагы "кыймылсыз" деген сөз "кыймылдуу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 68-пунктунун үчүнчү абзацындагы "1" цифрасы "0,3" цифралары менен алмаштырылсын;
- 69-пунктунун биринчи абзацындагы "1" цифрасы "0,3" цифралары менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 3-июлунан тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |