Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген |
Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302, 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 436, 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, 2019-жылдын 17-июнундагы № 293, 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, 2020-жылдын 10-июлундагы № 378, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 475, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2021-жылдын 17-августу №138, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 , 2023-жылдын 14-августундагы № 407, 2024-жылдын 18-июнундагы № 318, 2024-жылдын 23-июлундагы № 405, 2024-жылдын 9-августундагы № 464 , 2024-жылдын 14-августундагы № 472 , 2024-жылдын 23-августундагы N 501, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 609, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100, 2025-жылдын 23-июнундагы № 358, 2025-жылдын 25-июнундагы № 363, 21 июля 2025 года № 435, 2025-жылдын 14-августундагы № 497, 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 580, 2025-жылдын 20-сентябрындагы № 595 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын бардык аймагында бирдей болгон автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду (мындан ары - транспорт каражаттарын), стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - түзүлүштөр жана жабдуулар) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана транспорт каражаттарын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибин аныктайт.
Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү тарабынан колдонулуучу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу жөнүндө маселелерге жайылтылбайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автомототранспорт каражаттары - адамдарды жана жүктөрдү жол менен ташууга арналган түзүлүштөр же ага орнотулган жабдуулар, ошондой эле автомобилдер, автомобилдик сүйрөткүчтөр, автобустар, кичи автобустар, мотоциклдер, мотоколяскалар, мотонарттар, мопеддер, квадрициклдер жана трициклдер, чиркегичтер, жарым чиркегичтер;
транспорт каражаттарын, ошондой эле түзүлүштөрдү жана жабдууларды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, эсептен чыгаруу (мындан ары - каттоо иш-аракеттери) - катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына (мындан ары - электрондук маалыматтар базасы) транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жана аларга болгон менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү аркылуу жүргүзүлгөн иш-аракеттер, ошондой эле каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, эсептен чыгаруу;
расмий өкүл (дистрибьютер, дилер) - даярдоочу завод - даярдоочу завод (анын соода үйү) менен дистрибьютердик же дилердик макулдашуусу (контракт же ниеттер протоколу), дистрибьютердин же дилердин статусун ырастаган өндүрүүчүдөн ырастоочу каты же сертификаты бар соода уюму;
өзү жүрүүчү технологиялык машина - курулушта, өнөр жайда, токой, айыл чарбасында пайдалануу үчүн арналган транспорт каражаты, анын ичинде комбайндар, жол-курулуштук, мелиоративдик, жер казуучу жана башка машиналар;
стационардык технологиялык түзүлүш жана жабдуу - ичинен күймө кыймылдаткычы менен же болбосо электр кыймылга келтиргичи бар, иш убагында ордунан жылдырууну талап кылбаган жана жолдордо, аларга жанаша участоктордо, өндүрүштүк жана айыл чарбалык объекттерде иштерди аткаруу үчүн арналган түзүлүш;
трактор - чиркелген же орнотулган машиналарды же куралдарды иш-аракетке келтирүү үчүн, стационардык машиналарды кыймылга келтирүү, чиркегичтерди сүйрөтүү үчүн арналган каз тамандуу же дөңгөлөк менен жүргөн транспорт каражаты;
транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспорту), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорту - 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында белгиленген тартипте таризделген транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспорту), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспорту;
транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу - катталган транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасына транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна уруксат берүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө тийиштүү жазууну киргизүү;
транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунан белгиленген үлгүдөгү көчүрмө - 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык белгиленген тартипте таризделген транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасынан транспорт каражаты, өзү жүрүүчү машина жана техниканын башка түрлөрү жөнүндө маалымат;
транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын бланктык продукциясы (мындан ары - атайын бланктык продукция) - бул транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга менчик укуктун бар экендигин ырастоочу, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү документтер үчүн так отчеттуулук бланктары: транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк; трактордун, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын техникалык паспорту; стационардык технологиялык түзүлүштүн жана жабдуунун техникалык паспорту; транспорт каражатынын паспорту;
көчмө тариздөө - транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистеринин транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жайгашкан жерине барып жүргүзгөн каттоо иш-аракеттери;
эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору - Кыргыз Республикасы жана тиешелүү мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү, алардын экономикаларын модернизациялоо жана өнүктүрүү, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында тиешелүү эл аралык келишимдерди түзүү жолу менен Кыргыз Республикасы чет мамлекеттер менен биргеликте эл аралык уюмдар формасында уюштурган өнүктүрүү фонддору.
транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн арналган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же төлөм уюмдарынын башка санариптик инструменттери;
сатуучу - жеке жак - транспорт каражатынын ээси;
сатып алуучу - төлөөнү жүзөгө ашыруучу жана транспорт каражатын сатып алуучу болуп саналган жеке жак;
адис - арыздарды кароого жана транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого ыйгарым укуктуу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери;
"Транспорт каражаттарынын регистри" АМС - транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык системасы;
"Face ID" бетти таануу сервиси - адамдын ким экендигин ырастоо максатында аны идентификациялоо үчүн бетти таануунун биометриялык технологиясы;
электрондук колтамга - электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган адамды аныктоо үчүн колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 475, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 18-июнундагы № 318, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 , 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бардык автомототранспорт каражаттары мамлекеттик катталууга тийиш:
кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. сантиметрден кем эмес; саатына 50 километрден ашык максимум конструктивдүү ылдамдыктагы;
500 килограммдан ашык жүк көтөрүмдүүлүктөгү жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн арналган электр кыймылдаткычтуу;
кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. сантиметрден ашык өзү жүрүүчү технологиялык машиналар (мындан ары - ӨТМ), тракторлор;
ичинен күймө кыймылдаткычы менен же болбосо 10 кВтдан ашык кубаттуулугу менен электр кыймылга келтиргичи бар, жолдордо, аларга жанаша участоктордо, өндүрүштүк жана айыл чарба объекттеринде жумуштарды аткаруу үчүн арналган стационардык технологиялык түзүлүштөр жана жабдуулар.
трактордук чиркегич жабдуу.
4. Каттоо иш-аракеттери транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш болгон транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, алардын мурда катталган жерине карабастан, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу ички иштер органынын айдап качылган жана уурдалган транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын базасы боюнча текшерилүүгө тийиш.
6. Белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жана аларды башка транспорт каражаттарына бекитилген мамлекеттик каттоо белгилери менен эксплуатациялоого тыюу салынат.
(2 абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо алар сатып алынган, бажылык таризделген же кайра каттоону талап кылган башка жагдайлар пайда болгон учурдан тартып он иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Каттоо маалыматтарын өзгөртүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документтеринде көрсөтүлгөн кандайдыр бир маалыматтар өзгөргөндө же ушул Эрежелерге ылайык аталган документтерге кошумча маалыматтарды киргизүү зарылдыгы пайда болгондо жүргүзүлөт.
Белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда транспорт каражатынын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Транспорт каражаттарын каттоонун, кайра каттоонун мөөнөтүн бузуу аныкталганда каттоо иш-аракеттери менчик ээси тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча органдын ыйгарым укуктуу кызматкери толтурган бузуу жөнүндө протокол жана айып пул төлогөндүгү жөнүндө квитанция берилгенден кийин жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, 2021-жылдын 17-августу №138 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулду деп эсептеген транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери же ишеним каттын негизинде менчик ээлеринин атынан транспорт каражаттарын колдонгон жана (же) башкарган адамдар бул жөнүндө жогору турган органга административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоонун ушул Эрежелерин сактабаган, ошондой эле транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар алардын күнөөсү боюнча өз убагында катталбаган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеке жоопкерчиликке тартылышат.
2. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоодо, кайра каттоодо, эсептен чыгарууда ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттер
10. Ыйгарым укуктуу орган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоодо, кайра каттоодо, эсептен чыгарууда төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзөт:
- транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун, ошондой эле соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн жана/же мурастоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде кыймылдуу мүлктөгү үлүшүн каттайт;
- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттайт, кайра каттайт жана эсептен чыгарат;
- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ээликтен ажыратуу боюнча келишимдерди күбөлөндүрөт;
- транспорт каражатынын паспортун, техникалык паспортту жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү берет, ошондой эле жоголгон, пайдаланууга жараксыз жана жарактуу мөөнөтү аяктаган күбөлүктөрдү алмаштырат;
- транспорт каражаттарына тийиштүү типтеги мамлекеттик каттоо белгилерин аныкталган кезектүүлүк боюнча берет, ошондой эле жоголгондордун жана пайдаланууга жараксыздардын ордуна башкасын берет;
- ушул Эрежелерде белгиленген тартипте каттоо документтеринде каттоо маалыматтарын өзгөртөт;
- электрондук маалыматтар базасын жүргүзөт;
- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды фотофиксациялоо менен визуалдык кароодон өткөрөт жана транспорт каражатынын, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын жана трактордун алты фотосүрөтүн электрондук маалыматтар базасына киргизет (тышкы көрүнүшүнүн төрт тарабы, кузовдун номери (VIN), одометр көрсөтүлгөн аянтча), зарыл болгон учурда транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну жалгыз кароо актысын берет;
- каттоо үчүн чыгаруу менен байланышкан бажы операциялары аяктагандан кийин документтердин түп нускалары жоголгон учурда бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтердин көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө корутунду чыгарат;
- түйүндөрдүн жана агрегаттардын номерленишинде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө корутунду чыгарат;
- жеке мүнөздөгү маалыматтар жана мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери, катталган транспорт каражаттары (номердик агрегаттар), түзүлүштөр жана жабдуулар, ошондой эле менчик ээлери же менчик ээлеринин атынан каттоо иш-аракеттерин жүргүзгөн адамдар жөнүндө маалым каттарды (электрондук маалыматтар базасынан көчүрмөлөрдү) берет;
- жеке мүнөздөгү маалыматтар жана мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздоодо сатуу үчүн номердик түйүндөргө жана агрегаттарга маалым каттарды берет;
- укук белгилөөчү документтерди жана мамлекеттик номердик каттоо белгилерин берүү менен транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга көчмө тариздөөнү жүргүзөт;
- электрондук маалыматтар базасы аркылуу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды айдап качуу, уурдоо же алардын издөөдө тургандыгы боюнча салыштырып текшерет;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик жана жарандык-процесстик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле банктык жана күрөөлөр боюнча башка уюмдардын, нотариалдык конторалардын каттары жана билдирүүлөрү боюнча транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизет;
- зарыл болгон учурда электрондук маалыматтар базасына, ошондой эле өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо документтеринин "өзгөчө белгилер" графасына автотранспорт каражатын ээликтен ажыратууда же пайдаланууга берүүдө жана Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттеринин аймактарында аны тескөөдө бажы органынын уруксатын алуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты киргизет;
- ушул Эрежелерге жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык башка иштерди аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтерине төмөнкүлөр кирет:
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
- техникалык паспорт;
- (4 абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту) ;
- транспорт каражатынын паспорту.
12. Транспорт каражатынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтерин берүү тартиби:
- жеке адамдарга таандык автомототранспорт каражаттарына транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк, ошондой эле автомототранспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу менен - транспорт каражатынын паспорту берилет;
- юридикалык жактарга таандык автомототранспорт каражаттарына транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк, ошондой эле автомототранспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу менен - транспорт каражатынын паспорту берилет;
- жеке жана юридикалык жактарга таандык ӨТМге, тракторлорго техникалык паспорт берилет;
- жеке жана юридикалык жактарга таандык түзүлүштөргө жана жабдууларга техникалык паспорт берилет.
Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтеринин үлгүлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 475, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү мамлекеттик каттоо белгилерине төмөнкүлөр кирет:
- транспорт каражаты үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгиси;
- транспорт каражаты үчүн энчилүү мамлекеттик каттоо белгиси;
- транспорт каражаты үчүн "Транзит" мамлекеттик каттоо белгиси;
- кызыл фондо ак түстөгү "D", "Т", "С", "НС" серияларындагы мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилери;
- көгүлтүр фондо ак түстөгү "D", "Т" серияларындагы мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилери;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Мамлекеттик каттоо белгилерин берүү тартиби:
- автомобилдерге, автомобилдик сүйрөгүчтөргө, автобустарга, чакан автобустарга сериясы жана номери боюнча бирдей мамлекеттик каттоо белгисинин эки нускасы берилет;
- мотоциклдерге, мотоколяскаларга, мотонарттарга, мопеддерге, квадрациклдерге, трициклдерге, чиркегичтерге, жарым чиркегичтерге тракторлорго, ӨТМге - мамлекеттик каттоо белгисинин бир нускасы берилет.
15. Катталган транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга ушул Эрежелерге ылайык каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери берилет.
Мамлекеттик каттоо номердик белгилери Кыргыз Республикасынын бекитилген КМС 1090:2023 стандартынын талаптарына ылайык даярдалат жана берилет.
Транспорт каражатынын каттоо маалыматы өзгөртүлгөн учурда, ошондой эле жоголгон же болбосо уурдалган мамлекеттик каттоо номердик белгилерин калыбына келтирүүдө бекитилген стандарттарга ылайык келбеген номердик белгилерди берүүгө, өткөрүп берүүгө же алмаштырууга жол берилбейт.
Мурдагы колдонулган стандарттар боюнча даярдалган өзгөчө цифралардын жана/же тамгалардын айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин алмаштырууда, Кыргыз Республикасынын КМС 1090:2023 стандартынын талаптарына ылайык келген номердик белгилер берилет. Бул учурда мындай номердик каттоо белгилери үчүн мурда төлөнгөн каражаттар кайтарылбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 "Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жободо каралган тартипте автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдан алынган электрондук сертификаты бар болгон учурда мамлекеттик каттоо номердик белгилерин кезексиз берүүгө жол берилет.
Катталган автомототранспорт каражаттарына ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө жазылган транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктө тиешелүү белги болгон учурда кошумча (алдынкы) энчилүү мамлекеттик каттоо белгисин орнотууга жол берилет.
Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоо номердик белгилерин кайталап берүүгө тыюу салынат. Аталган белгилер жокко чыгарылган жана ыйгарым укуктуу органга берилген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде жок кылынууга тийиш. Белгиленген тартипте пластиналардан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин символун механикалык кесип алуу менен жок кылынып, бул тууралуу милдеттүү түрдө акт түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга менчик укуктарын каттоо жана кайра каттоо
16. Транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн менчик ээлери тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилген каттоо документтеринде жана башка документтерде көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактарга гана катталат.
Жеке жактардын транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары алардын идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН) боюнча, ал эми юридикалык жактардыкы - юридикалык жактардын электрондук маалыматтар базасында көрсөтүлгөн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) боюнча катталат
Ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү аймактык бөлүмүнүн адистери тарабынан транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жайгашкан жерине баруу менен акы төлөнүүчү негизде каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө жол берилет.
(3 абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту) ;
Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон өтпөгөн эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддорунун транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары салык төлөөчүнүн каттоо картасында же Кыргыз Республикасынын салык органдары тарабынан өнүктүрүү фондуна берилген башка документте көрсөтүлгөн ИЖН боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 18-июнундагы № 318, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакциясына ылайык)
17. Жарандардын жеке менчигинде турган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар бир менчик ээсине гана катталат.
Менчик ээсинин каалоосу боюнча, жазуу жүзүндөгү арызы болгондо каттоо документиндеги "кош менчик ээси" графасына транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун кошо ээлик кылуучунун фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо) киргизүүгө жол берилет. Эки жана андан ашык менчик ээси болгон учурда электрондук маалыматтар базасына алар жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Электрондук маалыматтар базасында кош менчик ээси жөнүндө маалыматтар болгон учурда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу же кайра каттоо кош менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
18. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
19. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо паспортунун жана визасынын (жарактуу мөөнөтү алты айдан кем эмес болгон) же чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастоочу документинин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же болбосо калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талонунун) негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга транспорт каражаттарын каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген документте көрсөтүлгөн алардын жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, дипломатия кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык чиркегичтерге, мототранспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына берилүүчү мамлекеттик каттоо белгилери берилет.
211. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө транспорт каражатын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо документтеринде жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерде камтылган маалыматтарга шайкеш келүүсү боюнча сыртынан кароо жүргүзүлөт. Транспорт каражаты мурунку катталган же кайра катталган учурдан тартып 24 сааттын ичинде кайра катталган учурда кайрадан сыртынан кароо жүргүзүлбөйт.
Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери ыйгарым укуктуу орган тарабынан кармалат жана каттоо иш-аракеттери токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 580 токтомдорунун редакциясына ылайык)
212. Транспорт каражатын каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн алдында каттоого, кайра каттоого катышкан адамдар архивдик иш, калкты жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте фамилиясынын, аты-жөнүнүн берилген документтерге шайкештигине карата бетинин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоодон өтүшөт.
Кыймылдуу мүлктүн менчик ээсинин атынан ишеним берилген адам арыз берген учурда (ажыратуу укугу менен колдонуудагы ишеним кат болсо), ишеним берилген адамды (адамдарды) идентификациялоо да бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомдорунун редакциясына ылайык)
22. транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр берилет:
- идентификациялык жеке номер (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жарактуу визасы менен паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же болбосо тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каттоо документтери;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- Кыргыз Республикасына ташып киргизилген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн - транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар (мындан ары - ТД);
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага алып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лабораториясы тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;
- даярдоочу заводдун өндүрүү сертификаты (же болбосо мындай сертификат бар болгондо Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), инвойс, транспорт каражатынын паспорту, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн системасында маалыматтар жок болгондо жана/же транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) көчүрмө, чет мамлекеттин транспорт каражатынын техникалык паспорту же болбосо келген өлкөнүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражатын эсептен чыгаргандыгын ырастоочу документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана ушул Эрежелердин 25-пунктунда каралган башка документтер (Кыргыз Республикасында куралган жана/же өндүрүлгөн транспорт каражаттарын кошпогондо);
- даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалым каты же эсеп-фактурасы; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же ушул Эрежелердин 25-пунктунда каралган башка документ;
- Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
- каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдар жана төлөмдөр төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
- ушул Эрежелердин 10-пунктуна ылайык фотофиксациялоо менен визуалдык кароодон өткөрүү үчүн транспорт каражаты, түзүлүштөр жана жабдуулар.
Кароо актысынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт;
- документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери.
Алгачкы каттоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатынын электрондук паспорту болбогон учурда, Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык электрондук паспортту түзөт.
Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, ошондой эле ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен куралган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды алгачкы каттоодо ыйгарым укуктуу органга кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:
- ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды чогултуу процессин ырастаган документ;
- техникалык регламенттин талаптарына шайкештигине сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан берилген шайкештик сертификаты.
Кыргыз Республикасында куралган жана/же өндүрүлгөн транспорт каражаттарын алгачкы каттоодо ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр берилет:
- транспорт каражаттарын куроону жана/же өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу даярдоочу завод тарабынан берилүүчү жана анын аныктыгы үчүн даярдоочу завод жооптуу болгон төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган транспорт каражатынын сертификаты: уюмдун аталышы жана ИСН, идентификациялык номери (VIN), ТКнын маркасы, модели (латын тамгалары менен көрсөтүлөт), ТКнын тиби, ТКнын категориясы, орундардын саны, ТКнын куралган жана/же даярдалган жылы, шассинин (раманын) №, кузовдун (чиркегичтин) №, кузовдун тиби, түсү, кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү (см3), кыймылдаткычтын тиби, жүгү жоктогу салмагы (кг), толук салмагы (кг), кыймылдаткычынын кубаттуулугу кВТ;
- электрондук эсеп-фактура.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 475, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 18-июнундагы № 318, 2024-жылдын 14-августундагы № 472, 2024-жылдын 23-августундагы № 501, 2025-жылдын 14-августундагы № 497 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо менчик ээси өзгөргөн учурда жүргүзүлөт (сатуу, белекке берүү, мураска алуу, алмашуу ж.б. менен байланыштуу).
24. Кайра каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкүлөрдү беришет:
- идентификациялык жеке номерди (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номерин (юридикалык жак үчүн);
-ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жарактуу визасы менен паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же болбосо тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточкасы) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каттоо документтери;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (юридикалык жактар үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтерин;
- ушул Эрежелердин 25-пунктунда каралган башка документтерди;
- мамлекеттик менчикте турган транспорт каражатынын менчик ээси алмашканда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими;
- кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдар жана төлөмдөр төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
- ушул Эрежелердин 10-пунктуна ылайык фотофиксациялоо менен визуалдык кароодон өткөрүү үчүн транспорт каражаты, түзүлүштөр жана жабдуулар.
Кароо актысынын жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт;
- түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун;
- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилерин.
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана ыйгарым укуктуу орган үчүн бир нуска.
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 475, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-июлундагы № 405, 2024-жылдын 9-августундагы № 464, 2024-жылдын 23-августундагы № 501, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге төмөнкүлөр кирет:
- ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер;
- соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
- менчик укугу, мурастоо жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер.
Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматчысы транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу үчүн негиз болуп берилген документтердин түп нускаларын мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерлейт. Андан кийин үч жыл өткөн соң ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 475, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомдорунун редакциясына ылайык)
26. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
27. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
Бул эреже лизингдик бүтүмдөрдүн алкагында эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору тарабынан кийин үчүнчү жактарга лизингге берүү үчүн сатып алынган, ошондой эле мындай өнүктүрүү фонддору тарабынан күрөөгө коюлган транспорт каражаттарынан, түзүлүштөрдөн жана жабдуулардан өндүрүп алуунун натыйжасында алынган транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга жайылтылбайт (эгерде өнүктүрүү фонду күрөө боюнча өндүрүлгөн мүлктү кийин сатууга же башка жол менен аны үчүнчү жактардын пайдасына өткөрүп берүүгө ниеттенген болсо). Көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын катышуусуз түздөн-түз ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
28. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
29. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 22 жана 24-пункттарына ылайык берилген ким экендигин ырастоочу документтердин негизинде транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээсинин ким экендигин аныкташат.
Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн менчик ээсинин өкүлү кайрылганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн документтердин негизинде менчик ээсинин кызыкчылыктарын коргоого анын ыйгарым укуктары текшерилет.
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат.
Транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээси болуп сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген деп таанылган адам болсо, мындай адамдын атынан камкорчу же көзөмөлчү чыгат.
Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн же жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
30. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
31. Мурда салынган тыюулар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик жана жарандык-процесстик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле банк мекемелеринин, кредиттик-финансылык уюмдардын, күрөө келишимдерин күбөлөндүргөн нотариустардын каттары боюнча, ошондой эле күрөөлөрдү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кабарлоолорунун негизинде алып салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
311. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери каттоо ишине чейин жактын (арыз берүүчү, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) идентификациялык маалыматтарын Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмелеринен (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеси жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеси) бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Эгерде жак (арыз ээси, укук ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеге киргизилген болсо, ыйгарым укуктуу орган дароо жана бул адамга алдын ала билдирүүсүз транспорт каражатын каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүнү тоңдурууга милдеттүү.
Мында ыйгарым укуктуу орган убактылуу тоңдурулган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирет.
Транспорт каражатын каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жак (арыз берүүчү, менчик ээси, бүтүмдүн катышуучусу) Санкциялык тизмеден чыгарылганда улантылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Төмөнкү транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата каттоо иш-аракеттери жүргүзүлбөйт:
- мүлккө карата камакка алуу же чектөө коюу жөнүндө чечим болгондо;
- нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер;
- ушул Эрежелердин 22 жана 24-пункттарында каралган документтердин тизмеги толук эмес берилгенде;
- конструкциясы же конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе;
- өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары, тракторлордон, запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралгандар же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилгендер;
- "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган автотранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар;
- карандаш менен жазылган же оңдоолору, же болбосо кошуп жазуулары бар, сөздөрү чийилген, ошондой эле түшүндүрүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери ачык жана так жазылууга тийиш, жарандардын фамилиялары, аттары жана атасынын аттары толук, алардын жашаган жерин көрсөтүү менен, юридикалык жактардын аталыштары кыскартылбастан, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен). Документтердин түп нускаларын берүү мүмкүн болбогон учурларда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү боюнча, же болбосо электрондук көчүрмөлөр боюнча каттоого жол берилет (документтердин түп нускаларын берүү каралбаган өлкөлөрдөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ташып келүүдө);
- жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча айрым учурларда ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынан сырткары, мурда жараксыздалган транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- транспорт каражаты издөөдө турганда;
- Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн шайкештик сертификаты жок болгондо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги белгиленген каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер берилгенде;
- Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында транспорт каражатын идентификациялоо мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоосунун идентификациялык белгиси бар конструкциясынын түзүмдүк бөлүгүн алмаштырууда.
– транспорт каражатынын менчик ээси каза болгон учурда жана транспорт каражатын мурастоо тартибинде колдонуу укугу өткөрүп берилгенде транспорт каражатынын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарынын бирине), ошондой эле транспорт каражатынын менчик ээси аракетке жөндөмсүз же соттун тиешелүү чечиминин негизинде аракетке жөндөмдү чектелүү деп таанылган учурда транспорт каражатынын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, балдарынын бирине) же камкордукка алуучу/көзөмөлдүк кылуучу болуп дайындалган жакка башкаруу укугу өткөрүп берилген легалдаштырылган транспорт каражаттарынан тышкары, легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн жана регион графасында “10” коду менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо номердик белгилери бар транспорт каражаттары.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596 КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 138, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 18-июнундагы № 318, 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 580, 2025-жылдын 20-сентябрындагы № 595 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
33. Өз алдынча жасалган жеңил чиркегичтерди жана кайра жабдылган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын шайкештиги тууралуу күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.
34. Мурдагы колхоздордон мүлктүк үлүш укугу катарында жарандар тарабынан алынган, мурда катталбаган тракторлорду, ӨТМди, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген менчик укугун ырастоочу документтердин (маалымкаттардын) негизинде жүргүзүлөт.
35. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан берилүүчү ӨТМге, түзүлүштөргө жана жабдууларга каттоо документтери ошол бөлүнүштүн ыйгарым укуктуу адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
351. Каттоо документтерин, ошондой эле мамлекеттик каттоо белгилерин алуу фактысы катталган транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын реестринде менчик ээсинин же транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ишеним каттын негизинде менчик ээсинин атынан колдонгон жана (же) тескеген адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Каттоо иш кагаздарын жүргүзүү, транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтерин тариздөө мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт. Автомототранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн маалымдаректери 1968-жылдын 8-ноябрында Вена шаарында Жол кыймылы боюнча Бириккен улуттар уюмунун конференциясында кабыл алынган Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын талаптарына ылайык латын алфавитинин тамгалары менен кайталанат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери жөнүндө каттоо маалыматтары ыйгарым укуктуу органдын электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
Ыйгарым укуктуу орган ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык укук коргоо органдарынын, салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине жана башка кызмат адамдарына электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.";
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
38. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- алар түзүлгөн күндү жана жерди;
- бүтүмдүн маңызын, наркын жана шарттарын;
- тараптардын даректерин, маалымдаректерин жана колдорун (юридикалык жактар үчүн - мөөр менен күбөлөндүрүлгөн колдорун);
- транспорт каражаты боюнча маалыматтарды (маркасы, үлгүсү, модификациясы (тиби), чыккан жылы, түсү, шассинин (раманын), кузовдун (колясканын, чиркегичтин) өндүрүштүк катар номери, кыймылдаткычынын көлөмү жана кубаттуулугу, жүгү жок массасы, толук массасы, рулдук башкаруунун жайгашуусу);
- каттоо документинин сериясын, номерин, берилген күнүн
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 501 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилүүчү чет тилде түзүлгөн транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтер жана башка документтер мамлекеттик же расмий тилге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндө нотариустун же болбосо ушундай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү колу болууга тийиш.
40. Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, номердик агрегаттарды каттоо бажы органдары (ТД) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коштомо кагаз берүүгө ыйгарым укук берилген органдар тарабынан берилүүчү документтер болгондо гана жүргүзүлөт (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө (импорттодо) колдонулат).
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттарын каттоо Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лабораториялар тарабынан берилүүчү документ (транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк) болгондо гана жүргүзүлөт. Транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктү алууга юридикалык жактар же жеке ишкер катарында катталган жеке жактар гана арыз бере алышат.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-июлундагы N 435 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, 2025-жылдын 21-июлундагы № 435, 2025-жылдын 14-августундагы № 497 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
41. Коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан сатылган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатынын;
- тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругунун;
- гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн эсеп-нарядынын (форма-300);
- ведомствонун бөлүгүнүн командири тарабынан бекитилген техникалык абалдын актысынын.
42. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн:
- транспорт каражаты кароодон өткөрүлгөндөн кийин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;
- лотереяларды ойнотууда, спорттук иш-чараларды жана түрдүү шоу-программаларды өткөрүүдө жарандар транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды утуп алган учурда - белгиленген формадагы эсеп-маалымкатынын жана каттоо документтеринин негизинде;
- финансы же мамлекеттик органдардан ээси жок, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган ээси жок транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды комиссиялык дүкөндөр аркылуу саткан учурда, транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын документтери болгондо, ошондой эле документтери болбогондо эсеп-маалымкатынын арткы жагында "(документ көрсөтүлөт - соттун, салык кызматынын органдарынын, финансылык полициянын жана бажылык контролдоо органдарынын чечими) негизинде кабыл алынды жана сатылды" деген жазуу болууга тийиш, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
43. Кыргыз Республикасында катталган жана соттун чечими менен конфискацияланган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде жаңы менчик ээлерине жүргүзүлүшү мүмкүн.
44. Белекке же мураска алынган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, эгерде белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адамдар көрсөтүлсө, анда ал башка бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталууга тийиш.
Жубайлардын биргелешкен арызынын жана нике жөнүндө күбөлүктүн негизинде транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жубайлардын биринен экинчисине кайра каттоого уруксат берилет.
45. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоо каттоо документтерин алмаштыруу менен жүргүзүлөт.
Региону өзгөрбөстөн кайра каттоо учурунда, сатуучунун жана сатып алуучунун каалоосу менен транспорт каражаттарын кайра каттоо мамлекеттик каттоо белгилерин алмаштырбастан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Транспорт каражатын эсептен чыгарууда менчик ээсинин каалоосу боюнча мамлекеттик каттоо белгилери каттоо органында бир ай сакталат жана мурдагы ээсинин жаңы сатып алган транспорт каражатына ыйгарылышы мүмкүн.
Эскертүү: бул пункттун колдонулушу Кыргыз Республикасынын бекитилген КМС 1090:2023 стандартынын талаптарына ылайык келген мамлекеттик каттоо номердик белгилерине гана тиешелүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 358 токтомунун редакциясына ылайык)
46. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
46-1. Автоматташтырылган маалыматтык системада транспорт каражатынын ээсинин жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт чөйрөсүндө, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде белгиленген укук бузуулар үчүн айып пул боюнча карызы жөнүндө маалымат болгон учурда, транспорт каражатын кайра каттоонун алдында ээси болгон айып пулдарды төлөөсү зарыл.";
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
47. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
48. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
49. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Чет өлкөлүк уюмдарга жана алардын кызматкерлерине, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, расмий катталган качкындарга таандык транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга – ушул Эрежелерде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына берилүүчү мамлекеттик каттоо белгилери берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-июнундагы № 318 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
51. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөр төмөнкү учурларда киргизилет:
- транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун тиби же модели кайра жабдуунун же андагы агрегаттарды алмаштыруунун, ошондой эле анын түсүн өзгөртүүнүн натыйжасында өзгөргөндө;
- менчик ээсинин аты-жөнү өзгөргөндө;
- региону өзгөрбөстөн менчик ээсинин жашаган жери өзгөргөндө;
- региону өзгөрбөстөн юридикалык жактын аталышы же юридикалык дареги өзгөргөндө;
- мамлекеттик каттоо белгиси өзгөргөндө;
- ӨТМ, тракторлор, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра жабдылганда, ошондой эле алардагы агрегаттар алмаштырылганда жана түсү өзгөргөндө.
Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каттоо документтерин алмаштыруу же каттоо документтеринин "өзгөчө белгилер" графасына тиешелүү өзгөртүүлөр менен жазууларды киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.
52. Автомототранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра жабдылган учурда алардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- ушул Эрежелердин 24-пунктуна ылайык документтердин;
- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын конструкциясынын шайкештиги тууралуу күбөлүктүн;
- (жетинчи абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- менчигинин түрүнө карабастан сатууга укуктуу дүкөн же техникалык тейлөө станциясы тарабынан берилген жаңы орнотулган кузовго эсеп-маалым каттын же эсеп-фактуранын, нотариалдык тартипте же ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмүнүн кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн аларга менчик укугун өзгөртүү боюнча келишимдердин;
- юридикалык жактын кайра жабдуу жөнүндө тиешелүү буйругунун (юридикалык жактар үчүн).
Моделин өзгөртүү менен кайра жабдылган транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө менчик ээсине жаңы моделин, кузовдун жана шассинин номерлерин көрсөтүү менен каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
53. Түсү өзгөргөн учурда автомототранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- ушул Эрежелердин 24-пунктуна ылайык документтердин;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
54. Агрегаты алмаштырылган учурда автомототранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), юридикалык жак идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- ушул Эрежелердин 24-пунктуна ылайык документтердин;
- агрегатты Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ырастоочу документтин же агрегатты жараксыздоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалым катынын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
54-1. Рулдук башкаруунун жайгашуусуна карабастан, M1 категориядагы транспорт каражаттарынын (рамасыз жеңил автомобиль) кузовун алмаштырууга тыюу салынат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун менчик ээсинин арызы боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан кайра жабдуунун натыйжасында бошогон кузовду, раманы жана номердик агрегатты сатууга маалымкат берилет.
56. Транспорт каражатынын менчик ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн же транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтеринин;
- нике тууралуу күбөлүктүн же аталган өзгөрүүлөргө байланыштуу жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан менчик ээсине берилген башка документтердин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
57. Региону жана транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо белгиси өзгөрбөстөн менчик ээсинин (жеке жактын) жашаган жери өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн же транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтеринин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
58. Региону өзгөрбөстөн юридикалык жактын аталышы же дареги өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн же транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтеринин;
- юридикалык жакты каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюштуруу келишиминин жана/же уставдын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн;
- автомототранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө юридикалык жактын буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн.
Юридикалык жактын аталышынын же дарегинин же менчик ээсинин жашаган жеринин өзгөрүүсү каттоо жөнүндө күбөлүктө чагылдырылат жана каттоо документин алмаштыруу менен электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
59. Мамлекеттик каттоо белгиси өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн);
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин (юридикалык жак үчүн) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтеринин;
- жетүүнү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтердин;
- атайын бланктык продукция (зарыл болгон учурда) жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн квитанциялардын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
60. ӨТМ, тракторлор, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра жабдылган, ошондой эле алардагы агрегаттар алмаштырылган жана түсү өзгөргөн учурда, алардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- ушул Эрежелердин 24-пунктуна ылайык документтердин;
- райондун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан берилген кароо актысынын жана ӨТМди, тракторлорду, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жана пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө корутундунун;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- агрегаты алмашкан учурда - Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ырастоочу документтин же агрегаттын жараксыздыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалымкатынын жана номердик агрегаттарга менчик укугун ырастоочу документтердин.
Өз алдынча кайра жабдылган жана агрегаттардын түйүндөрүнөн куралган техникалар, түзүлүштөр жана жабдуулар куралган моделдин базалык негизине шайкеш келүүгө тийиш.
Техникалык кароонун жыйынтыктары боюнча акт түзүлөт жана райондун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыйгарым укуктуу орган түзгөн комиссия тарабынан ӨТМди, тракторлорду, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жана экплуатациялоо мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Каттоо документтерин жана мамлекеттик каттоо белгилерин калыбына келтирүү тартиби
61. Автотранспорт каражатынын жоголгон же уурдалган бир мамлекеттик каттоо белгисин төмөнкүлөрдүн негизинде кайра калыбына келтирүүгө жол берилет:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- жетүүнү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн болгон тийиштүү каттоо документтеринин;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-июлундагы № 378 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик каттоо белгисин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана мамлекеттик каттоо белгисин калыбына келтирүү же алмаштыруу жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн (юридикалык жактар үчүн).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 10-июлундагы № 378, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501, 2024-жылдын 8-октябрындагы № 609 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
62. Мамлекеттик каттоо белгилери жоголгондо, уурдалганда алардын менчик ээсине ушул Эрежелердин 61-пунктунда аталган документтер берилгенден кийин жана белгиленген төлөмдөр төлөнгөндөн кийин, чектөөлөр болбосо, жаңы мамлекеттик каттоо белгилери берилет, мында электрондук маалыматтар базасына бир мамлекеттик каттоо белгисин калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар киргизилет, ал эми жоголгон, уурдалган мамлекеттик каттоо белгилери жокко чыгарылды деп таанылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Транспорт каражаттары үчүн энчилүү же цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо белгилеринен тышкары, мамлекеттик каттоо белгилеринин экөө тең жоголгондо же уурдалганда мамлекеттик каттоо белгилерин кайра калыбына келтирүүгө жол берилбейт. Мындай учурда ушул Эрежелердин 61-пунктуна ылайык тиешелүү документтер берилгенден кийин жаңы мамлекеттик каттоо белгилерине алмаштырылат, ал эми жоголгон, уурдалган мамлекеттик каттоо белгилери, транспорт каражаттары үчүн энчилүү же цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо белгилеринен тышкары, жокко чыгарылды деп саналат.
64. ӨТМдин, тракторлордун, чиркегичтердин, жарым чиркегичтердин, мотоциклдердин, мотоколяскалардын, мотонарттардын, мопеддердин, квадрициклдардын, трициклдардын мамлекеттик каттоо белгиси жоголгон же уурдалган учурда, транспорт каражаттары үчүн энчилүү же цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо белгилеринен тышкары, ал жаңы мамлекеттик каттоо белгисине алмаштырылат.
Жасоого болбогон эски үлгүдөгү жоголгон же уурдалган мамлекеттик каттоо белгилери, энчилүү же цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо белгилери кайра калыбына келтирилбейт жана алар жалпы негиздерде мамлекеттик каттоо белгисинин жаңы үлгүсүнө алмаштырылат.
65. Транспорт каражатынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын жоголгон же уурдалган каттоо документтерин төмөнкүлөрдүн негизинде кайра калыбына келтирүүгө жол берилет:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- жетүүнү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүн болгон тийиштүү каттоо документтеринин;
- каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюштуруу документтеринин жана каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн (юридикалык жактар үчүн).
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
66. Транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтери жоголгон, уурдалган учурда бардык зарыл болгон документтер берилгенден кийин жана белгиленген төлөмдөр төлөнгөндөн кийин, чектөөлөр болбосо, жаңы каттоо документтери берилет, мында транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жөнүндө электрондук маалыматтар базасына жаңы берилген каттоо документтеринин маалыматтары киргизилет, ал эми жоголгон, уурдалган жана жараксыз абалдагы каттоо документтери жокко чыгарылды деп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Жараксыз абалдагы каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери төмөнкүлөрдүн негизинде алмаштырылат:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- жетүүнү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүүгө мүмкүн болгон тийиштүү каттоо документтеринин же мамлекеттик каттоо белгилеринин;
юридикалык жактар үчүн төмөнкүлөрдүн негизинде:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана мамлекеттик каттоо белгисин же каттоо документтерин алмаштыруу жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн;
- мамлекеттик каттоо белгисин же каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
6. Автомототранспорт каражаттарын каттоодо, кайра каттоодо жыйымдардын өлчөмү, аларды төлөө тартиби
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 293 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери тарабынан транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлерине каттоо жыйымдарын төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялардын берилиши контролдонот.
Автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо ушул Эрежелердин 69-пунктунда каралган учурлардан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйым алынат.
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жыйымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган жетекчиси тарабынан жыл сайын бекитилүүчү тарифтик торчо менен аныкталуучу автомототранспорт каражатын базардагы орточо наркынын 5 пайызын, ал эми аны кайра каттоодо - 0,3 пайызын түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
69. Төмөнкү автомототранспорт каражаттарын каттоодо жана кайра каттоодо нөлдүк өлчөмдөгү жыйым аныкталат:
- бюджеттик уюмдардын бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынган, ошондой эле конфискацияланган же мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн транспорт каражаттары;
- гуманитардык жардам линиялары боюнча алынган автомототранспорт каражаттары;
- алгачкы каттоо учурунан сырткары, мурас боюнча алынган автомототранспорт каражаттары;
- алгачкы каттоо учурунан сырткары, түз тууганчылык линиялары боюнча (күйөөсү-аялы, атасы-энеси-уулу-кызы) белекке берүү келишимдери боюнча алынган автомототранспорт каражаттары;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасына ташып келинген жана салыктарды, жыйымдарды, алымдарды жана төлөмдөрдүн башка түрлөрүн төлөөдөн бошотуу каралган автомототранспорт каражаттары;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана аларга теңештирилген башка өкүлчүлүктөргө, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автомототранспорт каражаттары, менчик укугу берилген учурга чейин;
- транспорт каражаттарын жогору турган уюмдан ага баш ийген филиалга кайра каттоодо;
- финансылык ижара келишимдери боюнча (лизинг) сатып алынуучу автомототранспорт каражаттары;
- банктык иштин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде сатып алынган Кыргыз Республикасынын банктарынын автомототранспорт каражаттары, менчик укугу берилген учурга чейин;
- юридикалык же жеке жактардан демөөрчүлүк жардам түрүндө бюджеттик уюмдар тарабынан алынган автомототранспорт каражаттары.
Кыргыз Республикасынын банктары же эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору тарабынан финансылык ижара (лизинг) келишимдери боюнча сатып алынуучу автотранспорт каражаттары.
Тартуучу дөңгөлөктү кыймылга келтирүү үчүн энергиянын бирден ашык булагын колдонгон гибриддик автомототранспорттук каражатты каттоо (кайра каттоо) үчүн ушул Эрежелердин 68-пунктунда белгиленген транспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдан 50 пайызга аз жыйым алынат.
Каттоо (кайра каттоо) үчүн жайымды төлөөдөн электр кыймылдаткычтары бар автомототранспорттук каражаттарынын ээлери бошотулат.
Кыргыз Республикасында куралган жана/же өндүрүлгөн транспорт каражаттарынын ээлери алгачкы каттоо үчүн жыйым төлөөдөн бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 302 , 2019-жылдын 17-июнундагы № 293, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 407, 2024-жылдын 18-июнундагы № 318, 2024-жылдын 14-августундагы № 472 , 2025-жылдын 25-июнундагы № 363 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
70. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу
71. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу менчик ээлеринин арыздарынын негизинде төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- транспорт каражаты, түзүлүш же жабдуу жараксыз болгондо. Мындай учурда электрондук маалыматтар базасына транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун жараксыздыгы жөнүндө жазуу киргизилет;
- сатып алуу-сатуу, алмаштыруу, белекке берүү келишимдери, сот органдарынын чечими боюнча транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун башка регионго чыгуусу менен менчик ээси өзгөргөндө (эгерде транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун менчик ээлери болуп эки жеке адам саналса, аны эсептен чыгаруу кошо ээлик кылуучулардын бирдей жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт);
- региону өзгөрүү менен дареги (жашаган жери) өзгөргөндө.
Юридикалык жактардын, жеке жактардын да менчигинде турган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун номерлерин жана агрегаттарын каттоо документтери менен салыштырып текшерүүдөн кийин гана жүргүзүлөт (жараксыз болгон учурлардан сырткары).
Транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун жайгашкан жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын адиси тарабынан түзүлгөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жалгыз кароо актысы болгондо же Кыргыз Республикасынын аймагында байланыш каражаттары аркылуу эсептен чыгарууга жол берилет.
Эгерде юридикалык же жеке жактарга таандык транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар региону өзгөрүү менен менчик укугун өзгөртүү үчүн берилсе, каттоо жөнүндө күбөлүктөргө эсептен чыгаруу жөнүндө каттоо бөлүмчөсүнүн белгилери коюлат. Мында мамлекеттик каттоо белгилери тапшырылат, анын ордуна "Транзит" белгиси берилет.
72. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлеринин жашаган жери боюнча (юридикалык жактын жайгашуусу) жана сатып алуучунун катышуусу менен аларды эсептен чыгаруу менчик ээси (юридикалык жактар үчүн - ыйгарым укуктуу өкүл), сатып алуучу (юридикалык жактар үчүн - ыйгарым укуктуу өкүл) жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан түзүлгөн жана кол коюлган сатып алуу-сатуу, белекке берүү же алмаштыруу келишимдеринин негизинде жүргүзүлөт. Каттоо жөнүндө күбөлүккө жаңы менчик ээсинин маалыматтарын (аты-жөнүн, паспортунун маалыматтарын, дарегин (жашаган жерин); юридикалык жактын аталышын, анын дарегин) көрсөтүү менен транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну эсептен чыгаруу жөнүндө жазуу киргизилет.
Менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга сатылган юридикалык жактардын транспорт каражаттарын, түзүлүштөрүн жана жабдууларын эсептен чыгаруу транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун мурунку жана жаңы менчик ээлеринин ортосунда түзүлгөн сатып алуу-сатуу, белекке берүү же алмаштыруу келишиминин негизинде, каттоо документтерине чыккан жери жана жаңы менчик ээси жөнүндө жазуу киргизүү менен жүргүзүлөт, ал эми мамлекеттик органдардын транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктары тарабынан сатып алуу-сатуу келишими ырасталган учурда жүргүзүлөт.
73. Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн белекке берүү келишиминин, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн же соттун чечиминин негизинде менчик ээсинин өзгөрүшүнө, ошондой эле сатууга (берүүгө) байланыштуу чыгып жаткан транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну эсептен чыгарууда каттоо жөнүндө күбөлүктө чыккан жери, жаңы менчик ээсинин аты-жөнү көрсөтүлөт.
Күрөөдө турган же иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча кандайдыр бир чектөөлөрү бар транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу ошол чектөөлөрдү койгон мекемелердин, уюмдардын жана адамдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
74. Соттор, тергөө, бажы органдары, финансы полициясы, калкты социалдык коргоо органдары, банктык уюмдар жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан менчик укугун өзгөртүү боюнча тыюу салынган же чектөөлөр коюлган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар эсептен чыгарылбайт.
Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлеринин туруктуу жашаган жери өзгөрбөстөн, ыйгарым укуктуу органдын ушул каттоо бөлүмү тарабынан тейленүүчү аймактын чегинен чыгарылып жаткан, ошондой эле башкаларга өткөрүп берүү жана сатуу укугусуз ишеним каттар боюнча, кайтарымсыз колдонуу келишимдери боюнча башка адамдарга берилип жаткан жеке адамдардын транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары эсептен чыгарылбайт.
Жараксыз транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар менчик ээсинин же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары бар ыйгарым укуктуу адамдардын арыздары боюнча эсептен чыгарылат, мында транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар кароодон өткөрүлбөйт.
Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздыгы боюнча эсептен чыгарууда менчик ээсинен каттоо документтери, мамлекеттик каттоо белгилери алынат. Каттоо документтери кезектүүлүккө ылайык өзүнчө делого тиркелет. Мында юридикалык жактар тиешелүү буйрукту, мамлекеттик мекемелер үчүн транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну эсептен чыгаруу актысын, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын беришет. Жараксыз транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлерине номердик түйүндөргө жана агрегаттарга аларды сатуу же андан ары колдонуу үчүн белгиленген формадагы маалымкаттар берилет.
75. Мамлекеттик каттоо белгилерин кабыл алган ыйгарым укуктуу органдын кызматкери ошол эле күнү аларды тапшырылган мамлекеттик каттоо белгилерин эсепке алуу боюнча атайын журналга каттайт.
Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоо белгилерин кайталап берүүгө тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды убактылуу эсепке коюу
76. Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттерден юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайра ташып кетүү жөнүндө милдеттенме менен алты айдан ашык мөөнөткө ташып киргизилген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды убактылуу эсепке алуу алар бажылык тариздөөдөн өткөндөн кийин жүргүзүлөт. Мында бажы документтеринде көрсөтүлгөн убактылуу жүрүү мөөнөтүнө каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери берилет.
Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден юридикалык жана жеке жактар тарабынан алты айдан ашык мөөнөткө ташып киргизилген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды убактылуу эсепке алуу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) жеке жактар - жүрүүгө жарактуу уруксаттын негизинде;
2) юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүнү ырастоочу документтердин негизинде.
Мында Кыргыз Республикасынын каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери убактылуу эсепке алууну узартуу укугу менен берилет.
Көрсөтүлгөн учурларда чет мамлекеттердин каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмүнө берилүүгө тийиш жана транспорт каражатын кайра ташып кетүү үчүн аны эсептен чыгарууда менчик ээсине кайтарылып берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 100, 2025-жылдын 21-июлундагы № 435 токтомдорунун редакциясына ылайык)
9. Катталган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды электрондук эсепке алуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө уникалдуу идентификациялык номери ыйгарылат, алар жөнүндө бардык зарыл болгон маалыматтар электрондук маалымат базасына киргизилет.
Түшкөн атайын бланктык продукцияны (мамлекеттик каттоо белгилерин, каттоо документтерин) сандык эсепке алуу электрондук маалымат базасында жүргүзүлөт.
Мамлекеттик каттоо белгилерин, каттоо документтерин чыгымдоону эсепке алуу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсепке алуу журналында жүргүзүлөт, анда берилген каттоо документтеринин жана мамлекеттик каттоо белгилеринин сериялары жана номерлери катар номерлер боюнча гана жазылат.
Толтурууда жарабай калган каттоо документтеринин бланктары, аларды экинчи жолу колдонуу мүмкүндүгүн болтурбоочу каражаттар жана ыкмалар менен жок кылынат, бул жөнүндө тийиштүү актыларды комиссия түзөт, аталган комиссиянын курамын ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук маалымат базасында айдап качкан жана уурдалган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жөнүндө маалыматтар эсепке алынат, алар түшкөн маалыматтарды эске алуу менен дайыма оңдолуп турат.
Картотекага жана мамлекеттик каттоо белгилеринин жана каттоо документтеринин бланктарын сактоо бөлмөсүнө чоочун адамдардын кирүүсүнө катуу тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайы)
10. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номердик каттоо белгилерин жок кылуу жана сатуу тартиби
(Глава КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрындагы № 596 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номердик каттоо белгилери алар жокко чыгарылган жана транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга тапшырылган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин символдорун пластиналардан механикалык кесип салуу аркылуу жок кылынууга тийиш.
79. Жок кылынган мамлекеттик каттоо белгилерин текшерүүнүн, эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
80. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номердик каттоо белгилерин сатуу конкурс (аукцион) өткөрүү аркылуу комиссиялык тартипте жүргүзүлөт.
81. Конкурска (аукционго) даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик номердик каттоо белгилерин утилдештирүү боюнча туруктуу иштеген комиссия (конкурстун уюштуруучусу) тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 , 2024-жылдын 23-августундагы № 501 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
82. Конкурстук (аукциондук) комиссия төмөнкүлөрдөн турат:
1) транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын эки кызматкеринен, алардын бири комиссиянын төрагасы, ал эми экинчиси комиссиянын катчысы болуп саналат;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринен;
4) коомдук уюмдардын эки өкүлүнөн.
Комиссия конкурс (аукцион) өткөрүү аркылуу металл сыныктарын кымбатыраак баада кабыл алуу сунушуна карата металл сыныктарын кабыл алган пункттарга милдеттүү түрдө алдын ала мониторинг жүргүзөт.
Конкурс (аукцион) ачык формада өткөрүлөт. Конкурстун (аукциондун) кадамынын чоңдугу баштапкы баанын эки пайызынын өлчөмүндө белгиленет.
Конкурс товардын аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, товардын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү тартибин, товарды пайдалануу укугуна баштапкы бааны жана конкурстун кадамын жарыялоо менен башталат.
Конкурстун жеңүүчүсү болуп металл сыныктарын жогорку баада кабыл алууну сунуштаган конкурстун катышуучусу таанылат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте аны менен келишим түзүлөт.
Конкурс өткөрүүнүн жол-жобосу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен ишке ашырылат (мөөнөтү, этаптары, зарыл болгон документтер, конкурсту өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
83. Сертификаты бар автотранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилери мамлекеттик номердик белгини тапшыргандан кийин ыйгарым укуктуу органда 1 жылга чейин сакталат.
1 жылдын ичинде менчик ээси кайрылбаган учурда, ушул Эрежелерде каралган жалпы негиздерде жок кылынууга тийиш.
11. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу тартиби
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
84. Транспорт каражатынын менчик ээси (жеке жана юридикалык жактар) өзүнүн ким экендигин ырастоочу документин (паспортун), ал эми юридикалык жактар юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгүн көрсөтүү менен транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу жөнүндөгү арыз менен ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
85. Берилген документтердин негизинде ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатын мамлекеттик каттоону убактылуу токтотуу жөнүндөгү маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизип, арыз менен кайрылган транспорт каражатынын менчик ээсине (же ишеним кат боюнча иш жүргүзгөн адамга) маалым катты колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
86. Транспорт каражатынын менчик ээси (же ишеним кат боюнча иштеген адам) ушул Эрежелердин 24-пунктунда каралгандай берилген документтердин негизинде транспорт каражатын мамлекеттик каттоону калыбына келтирүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
87. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоо убактылуу токтотулган учурдан тартып үч жылдык мөөнөт өткөндөн кийин, транспорт каражатын эсептен чыгаруу жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
88. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоону токтотуу, ошондой эле соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Транспорт каражаттарын жана аларга каратаменчик укуктарын онлайн режиминде мамлекеттик кайра каттоо тартиби
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
89. Транспорт каражатын онлайн-кайра каттоо кызматтарын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисине кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга жана "Face ID" бетти таануу сервиси аркылуу авторизациялоо үчүн аралыктан идентификациялоодон өтүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
90. Сатуучу жана сатып алуучу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоого арыз берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
91. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо төмөнкү учурларда мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза-процесстик жана жарандык-процесстик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле нотариалдык конторалардын, банктык жана күрөөлөр боюнча башка уюмдардын каттары жана кабарлоолору боюнча транспорт каражатына карата тыюу салуу же чектөөлөр болбогондо;
- транспорт каражаты каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге ылайык келгенде;
- агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине ылайык келгенде жана транспорт каражатына коюлган маркалоону өзгөртүү же аны жок кылуу белгилери болбогондо;
- "Транспорт каражаттарынын регистри" АМСте жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар жана туумдар боюнча транспорт - каражатынын ээсинин карыздары жөнүндө маалыматтар болбогондо;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Ушул Тартип кандайдыр бир оорлотуулардан бошотулган транспорт каражаттарына жайылтылат. Мында аныкталган оорлотууларды алып салууну сатуучу жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомдорунун редакциясына ылайык)
92. Сатуучу жана сатып алуучу бир транспорт каражатын кайра каттоодо транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоонун бир эле сервисин колдонууга милдеттүү (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же башка санариптик инструменттер).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
93. Сатуучу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде транспорт каражатын кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- сатуучунун ким экендигин ырастоо максатында "Face ID" сервиси аркылуу идентификациялоодон өтүү;
- "Транспорт каражаттарын кайра каттоо" кызматтарын тандоо;
- сатуучунун менчигинде бир нече транспорт каражаттары бар болгон учурда тизменин ичинен ажыратылып жаткан транспорт каражатын тандоо;
- эгерде сатуучу никеде турганда сатып алынган транспорт каражатынан ажыратып жатса, анда жубайы транспорт каражатынан ажыратууга макулдугун берүү үчүн транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде онлайн-идентификациялоодон өтүүсү зарыл;
- кайра катталып жаткан транспорт каражатынын наркын көрсөтүү;
- сатып алуучунун жеке идентификациялык номерин киргизүү.
Алдынкы капталдагы айнектерин күңүрттөөгө уруксаты болгон учурда уруксатты транспорт каражатынын жаңы ээсине өткөрүп берүүгө жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
94. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде каттоо арызынын электрондук формасы толтурулгандан кийин автоматтык режиминде сатуу-сатып алуу келишими генерацияланат, ал сатуучу тарабынан ага электрондук колтамга коюлат жана транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу сатып алуучуга кабарлоо менен жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
95. Сатып алуучу транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервисинде транспорт каражатын кайра каттоо үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- сатып алуучунун ким экендигин ырастоо максатында "Face ID" сервиси аркылуу идентификациялоодон өтүү;
- транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүн тандоо;
- автомототранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин жана энчилүү мамлекеттик каттоо белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органда сатып алынган сертификат болгондо сертификаттын номерин көрсөтүү;
- транспорт каражатын сатуу-сатып алуу келишимине электрондук колтамга аркылуу кол коюу;
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик каттоо номердик белгилерин алуудан мурда транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга фотого тартуу менен визуалдуу кароо үчүн транспорт каражатын көрсөтүү;
- кайра каттоо үчүн, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо номердик белгилери үчүн кызматтардын наркын төлөө. Төлөм электрондук формада жүргүзүлөт.
Төлөө системасынын оператору төлөө фактысын ырастаганда арыз жана сатуу-сатып алуу келишими транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси аркылуу "Транспорт каражаттарынын регистри" АМСке жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
96. Арыз "Транспорт каражаттарынын регистри" АМСке жөнөтүлгөндөн кийин кабыл алуу датасын жана убактысын көрсөтүү менен транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө сатуучуну жана сатып алуучуну транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо сервиси автоматтык режимде кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
97. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоо транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөттө жумуш убагында ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
98. Адис арызды кабыл алган учурдан тартып транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
- транспорт каражатынан ажыратуу боюнча келишимди күбөлөндүрүү;
- сатып алуучуга транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана транспорт каражатына мамлекеттик каттоо номердик белгисин берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
99. Электрондук колтамга коюлган жана транспорт каражатын сатуу-сатып алуу келишимдин тараптары кол койгон электрондук арызды алгандан кийин транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган сатып алуучуга транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик каттоо номердик белгисин берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
100. Сатып алуучу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүндө колдонуудагынын ордуна транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү, ошондой эле транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Электрондук формада кызматтарды көрсөтүү процессинде берилген маалымат (анын ичинде жеке маалыматтар) санкцияланбаган кирүүдөн, жок кылуудан, бурмалоодон, блок коюудан, чыгып кетүүдөн жана жеке максаттарда, ошондой эле ушул Тартипке каршы келген максаттарда колдонуудан корголууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
102. Келишим боюнча тараптар онлайн-кайра каттоонун алкагында аларга белгилүү болгон маалыматка санкцияланбаган кирүүсү жана жайылткандыгы үчүн "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
103. Сатуучу жана сатып алуучу транспорт каражатын онлайн-кайра каттоодо берилген документтердин аныктыгы жана маалыматтарды киргизгендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)