Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 301
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- 2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жара карантиндик зона куруу жана жабдылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо сурансын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сауд тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы № 301 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашуу (мындан ары - Гранттык макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Гранттык макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 113-б буйругу менен жактырылган.
Сунушталган "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо" долбоору Кыргыз Республикасында социалдык-инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 3797,0 миң АКШ доллары суммасында каржыланат жана төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган:
- 1245,2 миң АКШ доллары суммасында "Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы жана Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы медициналык борборлорду жабдуулар менен жабдылоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуулар менен жабдылоо";
- 960,0 миң АКШ доллары суммасында "Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй облусунда карантиндик зонаны куруу";
- 1440,0 миң АКШ доллары суммасында "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылоо".
Мындан тышкары, Гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң АКШ доллары суммасында консультациялык жардам көрсөтүлөт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Гранттык макулдашуу ратификациялоону талап кылат.
Гранттык макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.