Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 626 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 313 токтому менен бекитилген |
Медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн жол-жоболорун, медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүүдөн баш тартуунун негиздерин белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- арыз ээси - медициналык буюмунун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө өтүнмө менен кайрылган юридикалык жак;
- медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду - медициналык буюмдун сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документте белгиленген талаптарга ылайыктыгын күбөлөндүрүүчү, медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоонун жыйынтыгында берилүүчү документ;
- ЕАЭБ - Евразия экономикалык бирлиги;
- партияны идентификациялоо - медициналык буюмдардын партиясынын товарды коштоочу документтерге ылайыктуулугун аныктоо;
- медициналык буюмдардын сапаты жана коопсуздугу боюнча ченемдик документ - медициналык буюмдардын сапатына, коопсуздугуна, аларды ташууга жана сактоого, ошондой эле аларды сыноо методикасына талаптардын комплексин белгилөөчү документ (эл аралык, аймактык), улуттук стандарт, уюмдун стандарты;
- медициналык буюмдун үлгүсү - техникалык жана клиникалык сыноолорду жүргүзүү үчүн арналган медициналык буюм;
- партия - бир жиберүүчүдөн бир транспорттук документ боюнча келген медициналык буюмдардын сериясынын бөлүгү;
- медициналык багыттагы буюмдун сериясы - медициналык багыттагы буюмдун курамынын бир же андан ашык сандык тобу, же бир типтеги, моделдеги, түрдөгү, өлчөмдөгү, курамдагы, бирдей шартта жасалган, белгилүү чектердеги бирдей касиеттерге жана сапаттарга ээ медициналык багыттагы буюмдар.
3. Медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо медициналык буюмдардын конкреттүү сериялары (партиялары) сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документтин талаптарына ылайыктыгын аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
4. Медициналык буюмдарды колдонуунун потенциалдуу опурталын эске алуу менен медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоого төмөнкүлөр алынат:
1) катталган медициналык буюмдар:
- стерилдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча колдонуунун потенциалдуу тобокелинин классына карабастан стерилдүү медициналык буюмдар;
- адамдын каны жана ички организми менен контактта болуучу, коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча колдонууда 1 жана 2а класстардагы потенциалдуу тобокелдүү медициналык буюмдар;
- коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча колдонууда 2б жана 3-класстардагы потенциалдуу тобокелдүү медициналык буюмдар;
2) Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосу жок алып келүүгө жана колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмесине киргизилген медициналык буюмдар.
2-глава. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүү тартиби
5. Медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоону Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуучу тармактык бөлүмү жүргүзөт.
6. Медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
- арыз ээси тарабынан медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүү жөнүндө арыз берүү жана берилген документтердин комплекттүүлүгүн текшерүү;
- медициналык буюмдардын партиясын идентификациялоо;
- медициналык буюмдардын үлгүлөрүн алуу;
- берилген документтердеги маалыматтарды, ошондой эле медициналык буюмдардын маркаланышы жана упаковкасы сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документке ылайыктыгын талдоо;
- медициналык буюмдардын үлгүлөрүнүн сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документке ылайыктыгын сыноо;
- медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө чечим кабыл алуу жана корутунду берүү.
7. Арыз ээси медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо үчүн ыйгарым укуктуу органга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык формада кагаз жүзүндө жана маалыматтык системаларды пайдалануу менен электрондук форматта, төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз берет:
- фармацевттик ишке лицензиянын көчүрмөсү (лицензияны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде маалымат базасына киргизүү менен бир жолу берилет);
- алып кирүүчү медициналык буюмдар үчүн товарларга бажы декларациясынын көчүрмөсү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келчү медициналык буюмдардан башкаларга;
- товарды коштоочу документтер (алып келүүчү медициналык буюмдар үчүн);
- берүүгө контракт же келишим (алып келүүчү медициналык буюмдар үчүн);
- сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документ (алар ыйгарым укуктуу органдын маалымат базасында жок болсо);
- медициналык буюмду чыгаруучу берген медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө документ (сапат сертификаты/талдоо сертификаты/аналитикалык паспорт/анализдин протоколу/сыноолордун протоколу). Эгерде медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө документ чет тилде жазылса, анда анын мамлекеттик жана/же расмий тилге котормосу күбөлөндүрүү менен берилет;
- медициналык буюмдардын өндүрүүчүнүн сапаттык менеджмент системасынын сертификаттарынын көчүрмөлөрү (ИСО 13485) (сертификаттын жарактуулук мөөнөтүндө бир жолу берилет);
- өндүрүлгөн өлкөдө же башка өлкөлөрдө медициналык буюм катары жүгүртүлөөрүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосу жок алып келүүгө жана колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмесине киргизилген медициналык буюмдар үчүн).
8. Ыйгарым укуктуу орган арызды кабыл алгандан кийин ушул тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толуктугун текшерет жана документтер толук эмес берилген учурда өтүнмөнү алган күндөн тартып бир иш күндүн ичинде ал жөнүндө арыз ээсине билдирет.
9. Арыз ээси укуктуу органга медициналык буюмдун сапатына баа жүргүзүүгө өтүнмө берүүдө туура маалыматты берүүгө милдеттүү.
10. Укуктуу орган арызды кабыл алган күндөн тартып үч иш күндөн кечиктирбей медициналык буюмдардын партиясын арызда көрсөтүлгөн медициналык буюмдардын партиясына таандык экендигин (медициналык буюмдун аталышы, модификациясы, саны, сериясы, жарактуулук мөөнөтү, медициналык буюмдун өндүрүүчүсү медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө берилген арыздагы маалыматтарга жана товарды коштоочу документтерге туура келишин) идентификациялайт.
11. Медициналык буюмдардын партиясын идентификациялоодо төмөнкүлөр да текшерилет:
- медициналык буюмдарды ташуу жана сактоо шарттары аткарылганы;
- медициналык буюмдардын партиясынын упаковкалары бузулбаганы.
12. Медициналык буюмдарды сактоо шарттары сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документтин талаптарына ылайык болуусу керек.
13. Идентификациялоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган медициналык буюмдардын партиясы идентификацияланганы жөнүндө ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча актты түзөт.
14. Медициналык буюмдардын партиясын идентификациялоодо жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган медициналык буюмдардын сапаты жана коопсуздугу боюнча ченемдик документте каралган көрсөткүчтөр боюнча медициналык буюмдарды сыноо үчүн керектүү болгон санда контролдук үлгүлөрдү алат. Медициналык буюмдардын партиясын идентификациялоо жана үлгүлөрүн алуу арыз ээсинин катышуусунда дүң кампада, өндүрүүчүнүн даяр продукциялар кампасында жүргүзүлөт.
15. Медициналык буюмдардын үлгүлөрүн алууда сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документте каралган көрсөткүчтөр боюнча сыноо үчүн керектүү санда медициналык буюмдардын контролдук үлгүлөрү алынат.
16. Ыйгарым укуктуу органдын белгиси коюлган медициналык буюмдардын контролдук үлгүлөрү дүң кампада, өндүрүүчүнүн даяр продукциялар кампасында негизги продукциядан бөлөк, сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документтин талаптарына ылайык шартта алты ай бою сакталат, бул мөөнөт бүткөндөн кийин сатылууга тийиш.
17. Сактоонун өзгөчө шартын талап кылган медициналык буюмдардын, ошондой эле жарактуулук мөөнөтү кыска (1 жылдан аз же бир жыл болгон) медициналык буюмдардын контролдук үлгүлөрү алынбайт.
18. Медициналык буюмдардын үлгүлөрүн алуу ыйгарым укуктуу орган белгилеген форма боюнча, үлгүлөрдү алуу актысы менен эки нускада таризделет, анын бирөөсү арыз ээсине берилет.
19. Медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоо мезгилинде арыз ээси/өндүрүүчү медициналык буюмдардын партиясын чарбалык иш жүргүзгөн жердеги кампанын атайын бөлүнгөн зонасында (бөлмөсүндө) башка продукциядан бөлүп жайгаштырат.
20. Берилген документтердеги маалыматтарга талдоо жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө документте көрсөтүлгөн маалыматтардын сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документте айтылган маалыматтарга ылайыктыгын текшерет.
21. Ыйгарым укуктуу орган арызды алган күндөн тартып беш иш күнгө чейинки мөөнөттө медициналык буюмдардын алынган үлгүлөрүнүн упаковкасы, маркаланышы медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоодо макулдашылган сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайыктыгына баалоо жүргүзөт.
22. Суроолор жана берилген документтер менен медициналык буюмдардын үлгүлөрүнүн ортосунда айырмалар болгон учурда ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине/өндүрүүчүгө суроо-талап жиберет.
Арыз ээсинин/өндүрүүчүнүн ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабына жооп даярдоого жана берүүгө кетирген убакыты медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүү мөөнөтүнө кирбейт.
23. Суроо-талап жиберилген күндөн тартып он беш иш күндүн ичинде арыз ээсинен жооп алынбаган учурда ыйгарым укуктуу орган медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
24. Медициналык буюмдарга сыноолор аккредитацияланган сыноо лабораторияларында жүргүзүлөт. Медициналык буюмдарга сыноолор жыйырма иш күнгө чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.
25. Медициналык буюмга сыноолорду өткөрүү үчүн көрсөткүчтөрдүн тизмеси сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документтердеги көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат.
26. Сапатын жана коопсуздугун баалоого бир аталыштагы медициналык буюмдардын үчтөн ашык сериясы же бир медициналык буюмдун ар кандай модификациялары бир убакытта келип түшкөн учурда медициналык буюмдун бир сериясына (бир модификациясына) сыноо тандалмалуу жүргүзүлөт. Натыйжасы оң болгондо, калган сериялардын (миодификациялардын) сапатына жана коопсуздугуна баалоо упаковкасындагы жана маркасындагы көрсөткүчтөрү боюнча өткөрүлөт.
Мында, медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундуну ыйгарым укуктуу орган медициналык буюмдун келген бүткүл сериясына (модификациясына) берет.
27. Эгер бир эле сериядагы медициналык буюмдун мурунку келишине сыноо протоколу түзүлгөн күндөн тартып алты ай өтө элек болсо ошол эле сериядагы медициналык буюмдун келишине сыноо жүргүзүлбөйт.
28. Алып келүү кыйындыгына жана ташуунун өзгөчө шарттарына, атайын жабдуулардын жана көмөкчү каражаттардын, медициналык буюмдардын үлгүлөрүнүн жоктугуна байланыштуу сыноолорду өткөрүү мүмкүн болбогондо ыйгарым укуктуу орган сапатты жана коопсуздукту баалоо боюнча сыноолорду өндүрүү процессинде жүргүзүлгөн сыноолор менен айкалыштыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Сапатты жана коопсуздукту баалоодо, эгерде акыркы сыноо жүргүзүлгөн убактан бери үч жылдык мөөнөт өтө элек болсо, биргелешкен сыноолордун протоколдору пайдаланылат.
29. Өндүрүүчүлөрдөн же расмий дистрибьюторлордон түздөн-түз алынып келүүчү медициналык буюмдар, төмөнкү документтердин бири болсо сыноого жатпайт:
- сапат менеджментинин системасынын сертификаты (ИСО 13485);
- өндүрүштү инспекциялоо актысы жана медициналык буюмду рынокто жүгүртүүдө акыркы эки жылда ага карата рекламациялар болбосо.
30. Медициналык буюмдардын партиясы аз болсо сыноо жүргүзүлбөйт. Аз партия деп эсептелген медициналык буюмдардын көлөмүн ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
31. Ыйгарым укуктуу орган арыз менен берилген документтерди талдоонун, медициналык буюмдардын партиясын идентификациялоонун, медициналык буюмдардын үлгүлөрүн баалоонун, медициналык буюмдардын үлгүлөрүн лабораториялык сыноолордун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу орган бекиткен формада медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоонун актысын түзөт.
32. Ыйгарым укуктуу орган медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзгөн жооптуу адамдарынын колу коюлган корутундуну арыз ээси сапатка жана коопсуздукка баалоо жүргүзгөндүк үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдө акы төлөгөндөн кийин, медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоо актысынын оң жыйынтыгынын негизинде берет.
33. Сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду конкреттүү медициналык буюмга же бир өндүрүүчү тарабынан жасалган, медициналык буюмдун бир тобуна кирген, сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документтин көрсөткүчтөрү боюнча баалоо жүргүзүлгөн медициналык буюмдарга таризделет.
34. Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду жана ага тиркеме ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Тартиптин 2 жана 3-тиркемелерине ылайык формалар боюнча берилет.
35. "Баяндама", "Упаковка", "Маркалоо" көрсөткүчтөрү боюнча, медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна таасир этпеген шайкеш келбегендиктер аныкталса, ыйгарым укуктуу орган өндүрүүчү негиздеме берген шартта медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундуну берүү тууралуу чечим кабыл алат.
36. Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча ыйгарым укуктуу орган медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду менен кошо сыноолордун протоколунун көчүрмөсүн берет.
37. Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду медициналык буюмду эксплуатациялоо мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болот. Эгерде медициналык буюмду эксплуатациялоо мөөнөтү чектелбесе, сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду беш жыл мөөнөт менен берилет.
38. Медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоо жол-жоболорун жүргүзүүнүн мөөнөтү медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүү жөнүндө арыз алынган күндөн тартып он иш күндөн ашпоосу керек.
39. Арыз ээсинин талабы боюнча ыйгарым укуктуу орган сапат жана коопсуздук жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн бир иш күндүн ичинде, сапат жана коопсуздук жөнүндө корутундунун көчүрмөсүнүн бланкында берет жана ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Сапат жөнүндө корутундуга тиркемелер болгондо, алардын көчүрмөлөрү да сапат жана коопсуздук жөнүндө корутундунун көчүрмөсүнүн бланктарында берилет.
40. Медициналык буюмдун сапаты жөнүндө корутундунун бланкы жана ага тиркеме төрттөн кем эмес коргоо даражалары деңгээли жана типографиялык номери (бланктын катар номери) бар тыкыр отчеттуулуктагы бланктар болуп эсептелет. Ыйгарым укуктуу орган сапат жана коопсуздук жөнүндө корутундунун бланктарынын жана ага тиркемелердин эсебин жүргүзөт.
41. Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундуну жоготуп алганда арыз ээси жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү кулактандыруунун жарыяланышын камсыз кылат.
42. Ыйгарым укуктуу орган медициналык буюмдун сапаты жөнүндө корутундунун дубликатын арыз ээсине эки иш күнгө чейинки мөөнөттө, анын арызынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү кулактандыруунун жарыяланганын далилдөөчү маалыматтардын негизинде берет.
43. Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун дубликаты сапат жана коопсуздук жөнүндө корутундунун бланкында жаңы номер менен, дубликаттын берилген күнү көрсөтүлүп, "Дубликат" деген белги коюлуп таризделет.
44. Сапатын жана коопсуздугун баалоо жол-жоболору жүргүзүлүп жаткан медициналык буюмдарды медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундусун алганга чейин сатууга жана пайдаланууга тыюу салынат.
45. Ыйгарым укуктуу орган сапат жана коопсуздук жөнүндө берилген корутундулардын реестрин электрондук түрдө түзөт жана жүргүзөт, ошондой эле алардын сакталышын камсыздайт.
3-глава. Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүүдөн баш тартууга негиздер
46. Ыйгарым укуктуу орган медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди төмөнкү учурларда кабыл алат:
- ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук болбогондо;
- арыз менен берилген документтерди талдоонун, медициналык буюмдардын партиясын идентификациялоонун, медициналык буюмдардын үлгүлөрүн баалоонун, медициналык буюмду лабораториялык сыноолордун жыйынтыктары боюнча медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоо актысы терс жыйынтык бергенде;
- медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугу боюнча жол-жоболорду жүргүзүүгө акы төлөнбөгөндө.
47. Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынганда ыйгарым укуктуу орган баш тартуунун негизин көрсөтүү менен арыз ээсине медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди берет.
48. Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен макул болбогон учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын иш-аракеттерине административдик иштер жана административдик жол-жоболор жаатындагы мыйзамга ылайык, ошондой эле сот тартибинде даттанууга укугу бар.
|
| Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибине 1-тиркеме |
Форма
|
| _______________________________________ ыйгарым укуктуу органдын аталышы _______________________________________ дареги |
Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө АРЫЗ
1. ______________________________________________________________________________
(уюмдун (арыз ээсинин) аталышы)
_________________________________________________________________________________
(ИУРК жана ИСН коду)
юридикалык дареги: ________________________________________________________________
телефону: _______________________________ факс: ___________________________________
кимдин атынан: ___________________________________________________________________
аты-жөнү
төмөнкү медициналык буюмдун (буюмдардын) сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнү суранат:
Медициналык буюмдун (буюмдардын) аталышы, модификациясы | Партиянын өлчөмү | Ченөө бирдиги | Серия (партия) | Жарактуу мөөнөтү | Өндүрүүчүнүн аталышы жана өлкөсү |
|
|
|
|
|
|
2. Мен төмөнкүлөргө милдеттенем:
- медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо тартибин сактаганга;
- продукциянын медициналык буюмдардын сапаты жана коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык эместиги аныкталганда ал продукцияны реализациялоого жол бербөө боюнча чара көрүүгө;
- медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоого байланышкан баардык чыгымдарды төлөөгө.
3. Төмөнкү документтер тиркелет: _____________________________________________________
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
Арыз ээси | ___________________ колу | _________________________________ аты-жөнү |
М.О. 20__-ж. "__" ________________
|
| Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибине 2-тиркеме |
Форма
_________________________________________________________________________ ыйгарым укуктуу органдын аталышы, дареги
№ ________
Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө КОРУТУНДУ
№ __________________
Жарактуулук мөөнөтү 20__-ж. "__" ___________ 20__-ж. "__" ___________ чейин
Продукция _________________________________________________________________________
(медициналык буюмдун аталышы, модификациясы, сериянын
__________________________________________________________________________________
(партиянын) номери, жарактуу мөөнөтү, партиянын өлчөмү, ченөө бирдиги)
Өндүрүүчү ________________________________________________________________________
(продукцияны өндүрүүчүнүн аталышы жана өлкөсү, дареги)
Сапаттын жана коопсуздуктун ченемдик документте белгиленген талаптарына ылайык келет ______________________________________________________________________
(сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документ көрсөтүлөт)
Арыз ээси _________________________________________________________________________
(арыз эсинин аталышы жана дареги)
Корутунду төмөнкүлөрдүн негизинде берилди _________________________________________________________________
(медициналык буюмдун сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документтин талаптарына ылайыктыгын тастыктаган документтер жөнүндө маалымат)
Кошумча маалымат _________________________________________________________________
(товарды коштоочу документтер жөнүндө маалымат, контракт, каттоо күбөлүгүнүн номери)
Ыйгарым укуктуу органдын медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзгөн жооптуу адамы
| ___________________________________ аты-жөнү, кызмат орду | ________________ колу |
Ыйгарым укуктуу органдын медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүлүшү үчүн жооптуу адамы
| ___________________________________ аты-жөнү, кызмат орду | ________________ колу |
М.О.
|
| Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибине 3-тиркеме |
Форма
Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундуга тиркеме
№ ________
бланктын № ________
Сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду колдонулуучу медициналык буюмдардын тизмеси
№ | Медициналык буюмдардын аталышы, сериясы (партиясы), жарактуу мөөнөтү | Саны (өлчөө бирдиги) |
|
|
|
|
|
|
Ыйгарым укуктуу органдын медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзгөн жооптуу адамы
| _______________________________ аты-жөнү, кызмат орду | _______________ колу |
Ыйгарым укуктуу органдын медициналык буюмдун сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүлүшү үчүн жооптуу адамы
| _______________________________ аты-жөнү, кызмат орду | _______________ колу |
М.О.