Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-июлу № 313
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомунун редакциясына ылайык)
"Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентте:
- 8-главасы жана 5-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |