Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 295
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр ушул токтомдун тиркемесине ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 17-июлундагы N 60 жарыяланды
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Башка кызмат көрсөтүүлөр жаатында" VI бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-баптар менен толукталсын:
"
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын башчыларынын жана жеке адамдардын деңгээлинде расмий визиттердин форматында протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 9-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдары |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Чет өлкөлүк мамлекеттердин башчылары, парламенттердин спикерлери жана аларга теңдештирилген чет өлкөлүк мамлекеттердин адамдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчылары, чет өлкөлүк мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, чет өлкөлүк мамлекеттердин атайын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана аларга теңдештирилген адамдары, тактын мураскорлору жана королдордун үй-бүлө мүчөлөрү, өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комиссиялардын кош төрагалары, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чакырылган башка расмий адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Расмий визиттердин алкагында бекитилген визит программасына ылайык протоколдук, уюштуруучулук, логистикалык жана башка иш-чараларды аткаруу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучулары төмөнкүлөр менен камсыз кылынат: - коопсуздуктун белгиленген ченемдерине жана санитардык ченемдерге жооп берген, байланыш каражаттары, интернет жана телевизор, ошондой эле кондиционер жана вентиляция системасы менен камсыз кылынган жашап туруу үчүн жайлар; - расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн керек болгон аппаратура, жабдуу жана оргтехника менен камсыз кылынган жайлар; - "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мейман күтүү форматынан келип чыккан, коопсуздуктун ченемдерине жооп берген транспорт; - мейман күтүү форматынан келип чыккан башка шарттар. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынын аймагында контролдук-өткөрмө режими иштейт, контролдук-өткөрмө пункту (кайтаруу посту) бар, аймак жана анда жайгашкан объекттер күнү-түнү кайтаруу менен камсыз кылынган. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга ыңгайлуулук үчүн объекттердин турган жерин көрсөтүү менен (Конгресс-холл, конок үйлөр, сүзүү бассейни, теннистик корт жана башка объекттер) маалыматтык такчалар (көргөзмөлөр) жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнү алууга табыштаманы (визиттин программасы менен тапшырма) кабыл алуу жана тариздөө 1 календардык күндүн ичинде аткарылат. Кызмат көрсөтүүнү берүү узактыгы: визиттин программасына ылайык |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынан; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынан Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүчү уюмдардын байланыш дайындары, жайгашкан жери жана алардын жумуш графиги жөнүндө маалымат төмөнкүдөй веб-сайттарда жайгашат www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоо алкагында алуучулардын эске алуусуна маалымат жеткирилет: - кызмат көрсөтүүнү алуу шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын болгондугун жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы саналат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жазуу жүзүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде факсимилдик байланыш каражаттары жана электрондук почта аркылуу; - оозеки түрүндө (жеке байланышта, электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдардын веб-сайттарында көрсөтүлгөн телефон боюнча; - www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg сайттарынан. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат акысыз негизде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана ведомстволорго караштуу уюмдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун кесиптик-этикалык жүрүм-турумунун ченемдерин жана талаптарын сактоого тийиш |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага берилген кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат купуя болуп саналат жана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алууга негиз болуп "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык бекитилген визиттин программасы, же болбосо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси тарабынан бекитилген, визиттин форматына жараша тийиштүү иш-чаралардын планы саналат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - коопсуздук талаптарын сактоо; - кызматкерлер тарабынан кесиптик-этикалык ченемдерди сактоо; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү визиттин бекитилген программасы менен жазуу жүзүндөгү табыштаманы (тапшырманы) кызмат көрсөтүүнүн жөнөтүүчүсү алган фактысы боюнча берилет, алар анын ичинде купуялуулуктун талаптарын сактоо менен факсимилдик байланыш жана электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүү бекитилген визиттин программасына ылайык белгиленген тартипте берилет. Кызмат көрсөтүү белгиленген тартипте бекитилген визиттин программасы болгондо, табыштаманы кабыл алуу, маалымат менен алмашуу жана натыйжасы даяр экендиги тууралуу (жашап турууга жана расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн жайларды берүү, транспортту берүү бөлүгүндө) кабарлоо баскычында берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынын объекттеринде кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү болгон жана/же жашап турган учурда коопсуздукту жана санитардык ченемдерди сактоону камсыз кылууга жол бербеген форс-мажордук, анын ичинде жаратылыш мүнөздөгү жагдайларга байланыштуу; - эгерде арыз берүүчү ушул стандарттардын 3-пунктунда көрсөтүлгөн керектөөчүлөрдүн категориясына кирбеген учурда; - келген мамлекет менен макулдашылган визиттин бекитилген программасы жок болгон учурда |
17 | Даттануу тартиби | Алуучуга кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, ал оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведомстволорго караштуу уюмдарынын жетекчилигине болгон бузууларды көрсөтүү менен же жоюлууга тийиш кемчиликтерди баяндоо менен кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнүн алуучусунун жана анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн даттануулары жана кайрылуулары болгондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведомстволорго караштуу уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери өздөрүнүн компетенциясынын чегинде даттанууларды карашат жана даттанууда көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча токтоосуз чараларды көрүшөт. Объективдүү себептер боюнча даттанууларда же кайрылууларда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши мүмкүн болбогон учурда кызмат көрсөтүүнүн алуучусуна же анын мыйзамдуу өкүлүнө тийиштүү түшүндүрмөлөр берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда арыз берүүчү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолудан кем эмес кайра кароого жана түзөтүүгө жатат |
8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын башчыларынын жана жеке адамдардын деңгээлиндеги расмий визиттердин форматында иш-чараларды, ошондой эле маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 10-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдары |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн натыйжасы болуп керектөөчүнүн суроо-талабына жараша түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жашоо, тамактануу, санитардык-гигиеналык кызмат көрсөтүүлөр, ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү, залдарды тейлөө, иш-чараларды өткөрүүгө жайды берүү, транспорттук жана техникалык тейлөө, маданий-массалык иш-чараларды тейлөө саналат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө акты менен тастыкталат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар түзүлгөн келишимдин суроо-талабына жана шарттарына жараша төмөнкүлөр менен камсыз кылынат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, байланыш каражаттары, интернет жана телевидение, кондиционерлөө жана вентиляция системасы менен камсыз кылынган жашап туруу үчүн жайлар; - расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн керектүү аппаратура, жабдуу жана оргтехника менен камсыз кылынган жайлар; - бекитилген менюга ылайык тамак-аш; - таштандыларды таштоо үчүн жабдылган орундар; - берилүүчү жайларга жанаша турган аймактарда сырткы жарыктандыруу; - коопсуздук ченемдерине жооп берген транспорт; - автотранспортторду токтотуучу орундар; - кызмат көрсөтүүнүн жөнөтүүчүсүнүн ведомстволорго караштуу уюмдарынын спецификасына жараша башка кызмат көрсөтүүлөр. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынын аймагында контролдук-өткөрмө (кайтаруу посту) бар, күнү-түнү кайтаруу камсыз кылынган. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга ыңгайлуулук үчүн объекттердин турган жерин көрсөтүү менен (Конгресс-холл, конок үйлөрү, сүзүү бассейни, теннистик корт жана башка объекттер) маалыматтык такчалар (көргөзмөлөр) жайгаштырылат. Жүрүм-турум, өрт жана жеке коопсуздуктун эрежелери жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынын аймактарында жана имараттарында орнотулган маалыматтык стенддерде жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн, анын ичинде электрондук форматта табыштаманы (катты) кабыл алуу, тариздөө жана кароо 1 календардык күндүн ичинде аткарылат. Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн узактыгы: түзүлгөн келишимге ылайык же факты боюнча |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынан алууга болот. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берген уюмдардын байланыш дайындары, жайгашкан жери жана алардын жумуш графиги жөнүндө маалымат төмөнкүдөй веб-сайттарда жайгашат: www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучулардын эске алуусуна төмөнкүдөй маалымат жеткирилет: - кызмат көрсөтүүнү алуу шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - табыштаманы толтуруунун тартиби жөнүндө (белгиленген үлгүгө ылайык); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы жана төлөө тартиби жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын болгондугун жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы саналат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жазуу жүзүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде факсимилдик байланыш каражаттары жана электрондук почта аркылуу; - оозеки түрүндө (жеке байланышта, электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдардын веб-сайттарында көрсөтүлгөн телефон боюнча; - www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg сайттарынан. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат акысыз негизде берилет Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй түрдө алууга болот: - жазуу жүзүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде факсимилдик байланыш каражаттары жана электрондук почта аркылуу; - оозеки түрдө (жеке байланышта, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдардын веб-сайттарында көрсөтүлгөн телефондору боюнча); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg сайттарында: - маалыматтык стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат акысыз негизде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана ведомстволорго караштуу уюмдардын кызматкерлери жалпыга кабыл алынган этиканын ченемдерин сактоого: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болууга, маектешкен адамын уга билүүгө тийиш. Келүүчүлөр менен маектешүү мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага берилген кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат купуя болуп саналат жана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл: - арыз берүү (расмий кат, электрондук форматта суроо-талап); - кызматты жеткирүүчүлөр менен келишимдин шарттарын макулдашуу; - кызмат көрсөтүүнү берүүгө макулдашылган келишимге кол коюу; - келишимдин шарттарына ылайык алдын ала акы төлөө жана алдын ала акы төлөө фактысын ырастоочу документти көрсөтүү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы талап кылынган кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө жараша болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте макулдашылган прейскурантка ылайык аныкталат. Бекитилген прейскурант Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана ведомстволорго караштуу уюмдардын стенддеринде жана веб-сайттарында жайгаштырылат. Жайгаштырылган прейскурант актуалдуу абалда колдоого алынып жана жаңыртылып турат. Кызмат көрсөтүүнүн акыркы наркы аткарылган жумуш жөнүндө актысында көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү көлөмүн эске алуу менен таризделет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - кызматкерлер тарабынан жүрүм-турумдун кесиптик-этикалык ченемдердин сакталышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күткөн маалыматына шайкеш келиши; - келүүчүлөр үчүн арыздануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү жөнүндө терс пикирлердин болбогондугу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү электрондук документтердин форматында белгиленген таризде табыштаманы кабыл алуу, маалыматтар менен алмашуу, табыштаманы кароонун натыйжалары боюнча кабарлоо баскычында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта берилет. Кызмат көрсөтүү электрондук формат сыяктуу эле жазуу жүзүндө табыштаманы, анын ичинде факсимилдик байланыш каражаттары жана электрондук почта аркылуу берген фактысы боюнча көрсөтүлөт. Табыштаманы кароонун жыйынтыктары боюнча арыз берүүчүгө арыз боюнча чыккан чечим, кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө алуу үчүн андан ары талап кылынган аракеттер жөнүндө, ал эми баш тартылган учурунда - ушул чечимге даттануу тартиби тууралуу маалыматты камтыган кабарлама табыштама алынган ыкма менен жиберилет. Кызмат көрсөтүү керектөөчү менен жөнөтүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - суроо-талап кылынган күнгө карата жашап турууга жана иш-чараларды өткөрүүгө бош жайлар, автотранспорттук каражаттар (башка кызмат көрсөтүүнү алуучулар ээлеп койсо, мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүгө пайдаланса, оңдоодо болсо) жок болгон учурда; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдардын объекттеринде болгон жана/же жашап турган кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө коопсуздукту жана санитардык ченемдерди сактоону камсыз кылууга жол бербеген форс-мажордук, анын ичинде жаратылыштык мүнөздөгү жагдайларга байланыштуу; - арыз берүүчү иш-чаранын катышуучуларынын тизмесинде болбогон учурда (аталган негиз мамлекеттик маанидеги иш-чарага катышуу үчүн табыштаманы бергенде гана колдонулат); - керектөөчү кызмат көрсөтүү үчүн наркты төлөөдөн баш тартса |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда алуучу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведомстволорго караштуу уюмдардын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү адамдын атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү кабыл алуучунун аталышы, дареги, телефонун номуру, ошондой эле анын дооматынын маңызы, колу жана дата камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер бир жумушчу күндүн ичинде арыздарды каттайт жана жетекчиликке кароого жөнөтөт. Арыздарды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз берүүчүгө жоопторду жөнөтүү мөөнөтү каттоо күнүнөн тартып 14 (он төрт) күндөн ашпоого тийиш. Арыз боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведомстволорго караштуу уюмдардын чечимине соттук тартипте даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты, үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
".