Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттары
VI. Башка кызмат көрсөтүү тармагында
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 675, 2014-жылдын 26-декабрындагы № 735, 2015-жылдын 9-февралындагы № 45, 2015-жылдын 8-июлундагы № 465, 2017-жылдын 16-январындагы № 20, 2017-жылдын 29-июнундагы № 412, 20 июня 2018 года № 295, 2018-жылдын 31-декабрындагы № 645, 2019-жылдын 5-мартындагы № 102, 2019-жылдын 18-мартындагы № 130, 2019-жылдын 30-майындагы № 244, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 125, 2023-жылдын 22-мартындагы № 161 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
VI. Башка кызмат көрсөтүү тармагында | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Суу алдындагы техникалык, суучулдар иштерин жана дайвингди уюштуруу жана жүргүзүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 9-глава, 8-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу, өрт, радиациялык коопсуздук, суу объектилериндеги адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - КР ӨКМ), Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борбору (мындан ары - КР ӨКМге караштуу Суучулдар кызматы). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты маалымат такталарында жана расмий веб-сайтта берилген |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Менчигинде суу объектилери бар же пайдаланган жарандар (жеке жактар: КРнын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор); 2) Юридикалык жактар же жеке ишкерлер: - тейлөөчү гидротехникалык курулмалар; - суу объектилерин пайдаланган пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана башка ден соолукту чыңдоо мекемелери; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алууга кызыкдар болгон башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана мекемелер |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Аткарылган кызматтардын (жумуштун) актысы |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жандуу кезек күтүү тартибинде ишке ашырылат; - жарандардын жеңилдик берилген категориядагы топтору кезексиз тейленет; - бардык жарандардын имаратты жана санитардык-гигиеналык жайларды тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, анын ичинде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн да пандустар, кармагычтар менен (имараттар, жайлар) жабдылышы зарыл; - күтүүчү жай, даараткана, телефон, жылуулук, суу түтүгү бар; - окуу китептери, проектор, көрсөтмө куралдар адабияттар менен жабдылган окуу класстары; - көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу маалыматтар жайгаштырылган маалымат тактасы; - кайрылуу үчүн (үстөл, отура турган жер, арыз берүүчү үчүн керектүү документтердин тизмегин көрсөтүү менен арыз жазуунун үлгүлөрү) кабылдама бар; - мамлекеттик кызмат арыз ээсинин тандоосу менен мамлекеттик же расмий тилде көрсөтүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1) Арыз берүү үчүн кезек күтүү мөөнөтү 30 мүнөттөн көп эмес. 2) Арызды кабыл алуунун жана кароонун мөөнөтү 3 иш күнүнөн көп эмес. 3) Суу алындагы техникалык, суучулдар иштерин жана дайвингди уюштуруу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү жасай турган иштердин көлөмүнө карата жана кызмат көрсөтүүгө карата түзүлгөн келишимге негизделип аныкталат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: КР ӨКМден: расмий web-сайты: www.mes.gov.kg; электрондук почта: mchs@elcat.kg; дареги: 723500, Ош шаары, Р.Муминова көчөсү, 720055, Бишкек шаары, А.Токтоналиев көчөсү 2/1; министрдин кабылдамасы: тел.: (0312) 54-79-86, (03222) 2-33-46. Коомдук кабылдама: (03222) 2-27-66 (Ош ш); КР ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борбору (Суучулдар кызматы): дареги: 724319, Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, КР ӨКМдин Аскер шаарчасы; тел.: (0312) 44-63-81; электрондук почта: vodolaz_kg@mail.ru. КР ӨКМдин иштөө графиги: иш күндөрү 08.30дан 17:30га чейин, түшкү тыныгуу 12.00дөн 13:00гө чейин. КР ӨКМге караштуу Суучулдар кызматынын иштөө графиги: иш күндөрү 09.00дөн 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин. Кызмат көрсөтүүнү алуунун ыкмалары, шарттары, мөөнөттөрү, мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн тартиби жөнүндө маалымат берүү, даректери, телефон номерлери (банк реквизиттери), ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ушул стандарты расмий web-сайтта жана маалымат тактасында берилген |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат таратуунун ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөп же атап берүү) | КР ӨКМдин расмий сайты: www.mes.gov.kg; электрондук почта: mchs@elcat.kg; vodolaz_kg@mail.ru; телефон/факс аркылуу: КР ӨКМ, тел.: (03222) 2-33-46 (Ош ш.), (0312) 54-79-86 (Бишкек ш.). Кошумча: КР ӨКМге караштуу Суучулдар кызматы (0312) 44-63-81. Маалымат тактасы |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Келүүчүлөрдү жеке кабыл алуу жарандардын кайрылуулары боюнча журналга каттоо менен жүргүзүлөт. Келүүчүлөрдү кабыл алуучу кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кызматтык жана функциялык милдеттерди, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Келүүчүлөрдү кабыл алуучу кызматкердин үстөлүндө кызматкердин аты-жөнүн, кызмат ордун маалымдаган тактача болот же кызматкердин маалымат берүүчү бейджин тагып алат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар ж.б.) менен пикир алышуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. Пикир алышуу мамлекеттик же расмий тилде ишке ашырылат. Келүүчүгө пикир алышуунун тилин тандоо укугу берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | 1) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди тапшыруусу керек: - ыйгарым укуктуу орган тарабынан кол коюлган, эркин формада жазылган жазуу жүзүндөгү арыз (юридикалык жактар үчүн - мөөр коюлган расмий бланкта); - алдыда турган иш объекттери жөнүндө техникалык маалымат жана зарыл жумуштарды сүрөттөө; - юридикалык жактын реквизиттери (анын ичинде юридикалык жактын почталык дареги, турган жери) жана банк реквизиттери (алыш-бериш эсебинин номери, банктын аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери - СИН); Чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин топтомун (мамлекеттик же расмий тилде) легалдаштырылган түрдө берет. Документтердин бардык көчүрмөлөрү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. 2) Берилүүчү документтер оңдоосуз, булганбаган жана түшүнүктүү болуусу зарыл. Электрондук почтанын дарегине жиберүү аркылуу алгач арыз берүүчүнүн сканерден өткөрүлгөн документтерин тапшырууга жол берилет. (Мында кызмат көрсөтүүгө карата түзүлгөн келишимге кол койгон учурда арыз ээси арыздын жана объект жөнүндө техникалык маалыматтын түп нускасын тапшырат). 3) Арыз ээси келишимдин шарттарын макулдашат жана кол коет, ошондой эле түзүлгөн келишимдин шарттарына, Кыргыз Республикасындагы мыйзамдар менен белгиленген расмий прейскурантка ылайык КР ӨКМге караштуу Суучулдар кызматынын алыш-бериш эсебине толук же алдын ала төлөйт. 4) Кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү (же анын ишенимдүү адамы) объектиге тоскоолдуксуз жетүүнү камсыздоого, өз алдынча аракеттенүү жана иштин жыйынтыгын кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу адамды бөлүүгө милдеттүү. 5) Ишти аткаруунун аякташы менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү (же анын ыйгарым укуктуу адамы) иштин жыйынтыгын кабыл алууга жана аткарылган иштердин актысына кол коюуга, ошондой эле кызмат көрсөтүүгө карата түзүлгөн келишимде каралган тартипте кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн калган бөлүгүн толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, расмий web-сайтта жана маалымат тактасында берилген баалардын прейскурантына ылайык аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызматтар стандартына ылайык аткарылган мамлекеттик кызмат: - керектөөчүгө келишимдин шарттарына ылайык толук мамлекеттик кызмат көрсөтүү; - кызматты өз убагында көрсөтүү; - келишим боюнча жактардын милдеттенмелерди толук аткарышы; - кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырланышына жол бербөө; - сылык жана сыпайы мамиле кылуу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүүгө арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу бөлүгүндө жарым-жартылай кызмат көрсөтүү. Арыз берүүчүнүн окууга арызын жана тизмекке ылайык керектүү документтерди баштапкы кабыл алуу vodolaz_kg@mail.ru электрондук почтасына сканерден өткөрүлгөн документтерди жөнөтүү аркылуу ишке ашырылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда мүмкүн: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына дал келбеген учурда; - керектөөчү тараптан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген учурда; - алдыдагы жасала турган иштер суучулдун ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келүүчү жана суучулдар ишинде коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча нускамаларды бузуучу өзгөчө татаал болгон учурда |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда керектөөчү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу. Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү КР ӨКМдин же КР ӨКМге караштуу Суучулдар кызматынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колун камтууга тийиш жана берилген күнү көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну каттоодон өткөрөт жана 1 иш күнүнүн ичинде жетекчинин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана доолорду кароо КР ӨКМдин же КР ӨКМге караштуу Суучулдар кызматынын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү чечимди кайсы деңгээлде болсо да көзөмөлдөөчү органда же сотто Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын кайрадан каралуу мезгилдүүлүгү дайыма үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жаратылышты коргоо, рекреациялык, илимий, эстетикалык, тарыхый-маданий жана агартуучу маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш музейлеринин, экологиялык визит борборлорунун, бекитилип берилген аң уулоо жерлеринин объекттерине баруу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 3-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органы (мындан ары - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик жаратылыш парктары, буга "Ала-Арча" паркы кирбейт; "Ысык-Көл" биосфералык аймагы; токой чарбалары. Аймактык органдардын, жаратылыш коруктарынын жана парктарынын тизмеси алардын байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалымат такталарында, сайттарында -www.nature.kg жайгашат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык жана жеке жактар. Жашы жете электер өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы объекттерге чоң кишилердин коштоосу менен барат |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Токой кодекси "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө"; 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун объекттерине, жаратылыш музейлерине, экологиялык визит борборлоруна керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү шарттары төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайда. Аймактык органдарда жылытылган жайда күтүү үчүн орундуктар, көчүрүүчү аппараттар болот; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу пандустар, туткалар менен жабдылган; - жарандардын жеңилдиги бар категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жердеги такталарында кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон докуметтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Жеңилдиктери бар жарандардын тизмеги маалымат тактасында кызмат көрсөтүү жерлеринде жайгашып жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында өз учурунда жаңыланып турат. Кызмат көрсөтүү берилген аймакта керектөөчүлөр үчүн төмөнкүлөр жеткиликтүү болууга тийиш: - ажатканалар, - ичүүчү суунун булактары, - таштандыны таштоо үчүн жабдылган жерлер, - автотранспорт токтоп турушу үчүн орундар; - келгендердин эс алуусун уюштуруу жана от жагуу үчүн орундар. Жүрүш-туруш эрежелери, өрткө каршы жана жеке коопсуздук эрежелери жөнүндө маалымат келгендерге инструктаж жүргүзүү учурунда берилет, ошондой эле кызмат көрсөтүлүүчү аймакта орнотулган маалымат такталарына жайгаштырылууга тийиш |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Наркты төлөөдөгү убакыттын чеги - 5 мүнөт; Келгендерге инструктаж жүргүзүү - 15 мүнөт. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Акы ар бир күн үчүн төлөнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жеке барганда иштин графигине ылайык айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, коруктардан, парктан, "Ысык-Көл" биосфералык аймагынан; токой чарбалардан; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан - www.nature.kg; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Бериле турган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келүүчүлөргө маалымдоо төмөнкүдөй болушу мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон боюнча, адис менен жеке байланышкан учурларда); - электрондук форматта e-mail боюнча: ecokg@aknet.kg ("суроолор - жооптор") айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында - www.nature.kg). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты берүү кайрылган ар кандай жакка акысыз негизде кепилдик кылынат. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты таратуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары; - басылмалар; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты -www.nature.kg; - аймактык органдарда болгон такталар, буклеттер жана брошюралар; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы аркылуу; - телефон аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иштин режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарында, сайтында www.nature.kg жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Бардык коруктарда жана парктарда маалымат такталары болууга тийиш, алардын мазмунуна жана өз учурунда жаңыртылып турушуна экологиялык жактан агартуу жана экотуризм үчүн жооптуу кызматкерлер көз салып турат. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабыл алуучу кызматкерлеринин жекече табличкалары (бейдждер) болууга тийиш, анда аты-жөнү жана кызмат орундары көрсөтүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, мээримдүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең билүүгө умтулуу, баарлашып жаткан адамды угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди таразалап жана далилдей билүү. Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербеген, көз карандысыздыкты жана жарандарга карата объективдүүлүктү камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон жактар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын) үчүн байланыш түзүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жетишилген формада жүргүзүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Алуучу жана ага берилген кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу үчүн келген адам корукка же парктарга кайрылууга тийиш. Эгерде топто 20дан ашык киши болсо, баруу же кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө жеринде өзү кезекке туруу принциби боюнча же алдын ала жазуу жүзүндөгү табыштама боюнча жүргүзүлөт. Табыштама эркин формада коруктун, парктын администрациясына же айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине жазылат. Акы төлөө коруктун же парктын эсептешүү эсебине которуу менен, же касса аркылуу накталай түрдө жүргүзүлөт. Юридикалык же жеке жактар баруу үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны берүүгө тийиш. Эгерде чоң топтордун барышына уруксат берүү жөнүндө айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий каты бар болсо, алар белгиленген тартипте так отчеттуулуктагы каттоо журналында катталат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы прейскуранта чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарында, сайтында – www.nature.kg жайгаштырылат жана өз учурунда жаңыртылып турат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз учурунда болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кодулоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта билдирилген шарттарга шайкеш келиши; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтердин жеткиликтүүлүгү, аларды келген адамдардан талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы; - кызматкерлер тарабынан техникалык коопсуздук боюнча инструктажды өткөрүү; - керектөөчүлөр тарабынан даттануулардын болушу же жоктугу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү табыштаманы берүү жана каттоо стадиясында жарым-жартылай электрондук форматта жүргүзүлөт. Жаратылыш аймактарына топ менен барууга табыштама электрондук почта - ecokg@aknet.kg боюнча жөнөтүлүшү мүмкүн. Жооптуу кызматкер табыштаманы каттайт жана табыштаманын ээсине табыштаманы кабыл алуу же негизделген баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт. Кызмат көрсөтүүнүн өзү жаратылыш аймактарына барган учурда расмий уруксатты жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө жөнүндө квитанцияны көрсөткөн учурда берилиши мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - бара турган аймак санитардык ченемдер боюнча ылайыксыз деп жарыяланганда; - керектөөчү жүрүш-туруштун, өрт жана жеке коопсуздуктун белгиленген эрежелерин бузганда; - чоң кишилер коштобогондо жашы жете элек балдарга; - эгерде бул жаратылыш аймагы табыштамачыга зарыл болгон учурда расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн жабык болсо |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай берилбеген учурда табыштаманын ээси айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колтамгасын жана датаны камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин кароосуна жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну карап чыгуунун жана жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашууга тийиш эмес. Кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же ал сапатсыз көрсөтүлгөн учурда алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен кайра каралышы керек |
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттик токой питомниктеринде өстүрүлгөн жыгачтарды багуу иретинде кыюудан, токойду калыбына келтирүүчү кыюудан, санитардык кыюудан кийин жыгачты жана көчөт материалдарын сатуу Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 4-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органы (мындан ары - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти. Токой чарбалары, өз алдынча баланстагы токойчулуктар жана жаратылыш парктары. Токой чарбаларынын аймактык органдарынын, өз алдынча баланстагы токойчулуктардын жана жаратылыш парктарынын тизмеси алардын байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте, айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук жана аймактык органдарынын маалымат такталарына, сайтына - www.nature.kg жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | 18 жаш куракка толгон жеке жактар; - юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Токой кодекси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө"; 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Токойду жайгаштыруу долбооруна ылайык токойду багуу иретинде кыюудан, токойду калыбына келтирүүчү, санитардык кыюудан кийин жыгачты жана токой чарбаларынын бекитилген тапшырма-пландарына ылайык өстүрүлгөн токой көчөттөрүн сатып алуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Келгендерге кызмат көрсөтүү (продукция алууга накладной жана кассалык кириштөө ордерине квитанция берүү) төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда. Уюмдарда күтүү үчүн орундуктар, жылытуу, суу түтүктөрү, телефон жана короодогу ажаткана болот; - кезек күтүү принциби боюнча; - жарандардын жеңилдикке ээ категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат тактасында кызмат көрсөтүү жерлеринде жайгашып жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында - www.nature.kg жайгаштырылат жана өз учурунда жаңыланып турат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жарандардан документтерди кабыл алуудагы убакыттын чеги - 20 мүнөт; - арызды толтуруу, кызмат көрсөтүүнүн наркын кассага төлөө - 30 мүнөт; - кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү - кыюуларды жүргүзүүнүн мөөнөтүнө жараша эки айга чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан - www.nature.kg; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарына жеке кайрылган учурда; - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен; - телефон аркылуу. Бериле турган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр - продукция сатып алуу жөнүндө жеке жана юридикалык жактарга маалымдоо төмөнкүдөй болушу мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон боюнча, факсимилдик, жеке байланышкан учурларда); - электрондук форматта (айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтындагы суроо-жооптор - www.nature.kg). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат кайрылган жакка акысыз негизде берилет. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты таратуу жөнүндө төмөнкүчө чагылдырылышы мүмкүн: - айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, буклеттеринде, брошюраларында мамлекеттик жана расмий тилдерде; - телефон аркылуу; - басылмалардын жарыяларында жана республиканын региондорунда калк, коомдук уюмдар менен жолугушууларда. Аймактык органдардын даректери, телефон номерлери, сайттарынын, электрондук почтасынын даректери кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирдикте айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, расмий сайтында www.nature.kg жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат табличкалары болот. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабыл алуучу кызматкерлеринин жекече табличкалары (бейдждер) болууга тийиш, анда аты-жөнү жана кызмат орундары көрсөтүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, мээримдүү, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең билүүгө умтулуу, баарлашып жаткан адамды угуп жана анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди таразалап жана далилдей билүү. Айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, көз карандысыздыкты жана жарандарга карата объективдүүлүктү камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдерди сактоого тийиш. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон жактар (угуу, керүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын) үчүн байланыш түзүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага берилген кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Продукцияны сатып алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөрдү аткарышы зарыл: - кызмат көрсөтүү жөнүндө арыз менен аймактык токой чарбаларына жана жаратылыш парктарына кайрылууга; - юридикалык жактар продукция үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө кепилчилиги бар ишеним катты жана эсеп-фактураны накталай эсептешүү менен акы төлөө жөнүндө квитанцияны берүүгө; - жеке жак паспортту, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты (эгерде арыз ээси кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн ишенимдүү адамы болсо) жана кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны берүүгө. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүгө ал түпкү натыйжаны ала турган дата маалымдалууга тийиш. Бардык талап кылынган документтердин үлгүлөрү жана формалары маалымат тактасындагы кызмат көрсөтүү жерлеринде жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында www.nature.kg жайгашып, өз учурунда жаңыланып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы прейскурантта чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык органдарынын такталарында, сайтында www.nature.kg жайгаштырылат жана өз учурунда жаңыртылып турат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз учурунда болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча кодулоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартта билдирилген шарттарга шайкеш келиши; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтердин жеткиликтүүлүгү, аларды келген адамдардан талап кылуу; - түпкү натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн үмүт-тилектерине шайкештиги; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы; - керектөөчүлөр тарабынан даттануулардын болушу же жоктугу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Табыштаманы берүү жана каттоо стадиясында жарым-жартылай. Продукция сатып алууга табыштама электрондук почта боюнча жөнөтүлүшү мүмкүн. Жооптуу кызматкер табыштаманы каттайт жана табыштаманын ээсине табыштаманы кабыл алуу же негизделген баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүнү берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - эгерде табыштаманын ээси ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе; - эгерде ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук эмес пакети берилсе. Жыгачтарды токой жайгаштыруу долбооруна ылайык токойду багуу иретинде кыюу, токойду калыбына келтирүүчү, санитардык кыюу процессинде жүргүзүлгөн көлөмдүн чектеринде гана сатууга болот. Токой көчөттөрүн токой чарбаларынын бекитилген тапшырма-планына ылайык өстүрүлгөн сандагы чектерде гана сатууга болот. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүүлөр талаптагыдай берилбеген учурда табыштаманын ээси айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү алуучунун фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колтамгасын жана датаны камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу айлана-чөйрөнү коргоо тармагында саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну карап чыгуунун жана жоопту алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же ал сапатсыз көрсөтүлгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен кайра каралышы керек |
| 4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | ЖАМКнын түзөтүү мекемелерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 2-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жазык-аткаруу тутумунун маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы (мындан ары - ЖАМК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кызмат көрсөтүүнү алууга төмөнкүлөр укуктуу: - жеке адамдар; - юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Жазык-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралыңдагы № 99 "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Техникалык параметрлерге ылайык ЖАМКнын түзөтүү мекемелерине жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо (суу түтүгүн өткөрүү) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат арыздын негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнү алуучулар арыз берүүчүлөр ЖАМКнын ведомстволук мекемелерине кайрылса болот. Кызмат төмөнкү шарттарда көрсөтүлөт: - санитардык-эпидемиялык ченемдерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш бөлмөлөрдө; - бардык жарандарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДЧМА), өзгөчө майыптык кресло-коляскада жүргөн ДЧМА имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз кириши үчүн имараттарды, бөлмөлөрдү кармагыч, пандустар менен жабдуу; жер-жерлерде кезек күтүү принциби боюнча. Мекеме күтүү жайы, жылыткыч, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылат. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДЧМА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. Келүүчүлөр үчүн ыңгайлуу болуш кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги, арыздын үлгүлөрү, ошондой эле кыска жана узак мөөнөттүү жолугушуу үчүн бөлмөлөрдү тиричилик жактан камсыздоо ченемдеринин тизмеги жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу мөөнөтү - 10 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүү мөөнөтү - үч иш күнгө чейин; Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын алуу мөөнөтү - дайыма |
Мамлекеттик кызмат алуучуларды маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жарандар ЖАМКда же ЖАМКнын ведомстволук мекемелеринде ала алышат. Маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат кайрылган адамга берилиши кепилденет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, кызматкерлер менен жеке кезиккенде); - электрондук форматта; - мамлекеттик жана расмий тилдеги маалымат такталарында; Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими ЖАМКнын сайтында жайгашат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат көрсөтүүчү бардык мекемелерде аны көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болушу керек. Кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттенмелерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн маектешүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз берүүчү ЖАМКнын ведомстволук мекемелерине кайрылышы керек. Мында арыз берүүчү төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл: - өздүгүн күбөлөндүргөн документтерди берүүгө; - жашаган жери тууралуу маалымкат берүүгө; - белгиленген үлгүдөгү арыз жазууга; - мекеменин кассасына кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөп, аш төлөнгөндүгү жөнүндө кириш ордеринин квитанциясын алууга. Белгиленген үлгүдөгү арыздардын бланктарын жарандар ЖАМКнын мекемелеринен акысын ала алышат. Арыздар каттоо журналына жазылат (журнал - көктөлгөн жана номер коюлган, начальниктин, башкы бухгалтердин колу коюлган жана мекеменин мөөрү менен бекитилген), жазуулар арыз берген адамдын колу менен тастыкталат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ЖАМКнын буйругу менен бекитилет. Баалардын тизмеги маалымат такталарында жана расмий сайтта жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - алуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүү стандартында белгиленген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү жана өз убагында болушу; - кызмат көрсөтүүнү алып жаткан адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлардын, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графигинин, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин так жана сыпайы болушу, зарыл болгон документтерди толтурууда жардам берүү жана кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (көрсөтүлгөн кызматтын) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө ылайык келиши |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта жарым-жартылай арыз берүү этабында көрсөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн: - арыз ээси тарабынан зарыл болгон документтердин толук тизмеси берилбеген учурда; - техникалык чектөөлөр боюнча |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз берүүчү ЖАМК мекемесинин начальнигине оозеки же жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет, ага арыз берүүчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы жазылып, кол коюлат. Ыйгарым укуктуу кызматкер арызды бир иш күндүн ичинде каттоого алып, мекеменин начальнигинин кароосуна жөнөтөт. Арыздар жана дооматтар бекитилген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз берүүчү тарабынан жооп алуу мөөнөтү, ал катталган мезгилден тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда арыз берүүчү жазаларды аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын борбордук органына кайрадан арыз берүүгө укуктуу. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимге канааттанбаган же кызмат көрсөтүү сапатсыз берилген учурда арыз берүүчү көзөмөлдөөчү прокурорго, сот органдарына кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызматтын стандартын кайра карап чыгуу мөөнөттөрү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу зарыл |
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Эл аралык патенттик классификациялоо, универсалдуу ондук классификациялоо боюнча теманы классификациялоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси), 9-глава, 5-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Кыргызпатент). Ведомстволук уюм - Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана (мындан ары - МПТК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Эл аралык патенттик классификациялоо, универсалдык ондук классификациялоо боюнча теманы классификациялоо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө күтүүнүн төмөнкүдөй шарттары каралган: - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген имаратта; - бардык керектөөчүлөргө санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө), ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДМЧА) тоскоолдуксуз кирүүлөрү үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган жайларда шарт түзүп берүү; - бул имаратта күтүү ордунун, жылытуу системасынын, телефондук байланыштын жана интернет тарамынын болушу; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезек күтүү принциби боюнча; - жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, оруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА) кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды жана башка документтерди кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет; - медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж адамдар үчүн (угуу жана көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл системасынан жабыркаган ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) сүйлөшүү жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалыматтык такталарда, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат алуучунун документтерин кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин. Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө кабарлама - арыз келип түшкөн учурдан тартып 15 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн (теманы классификациялоо) жалпы мөөнөтү - 1 саатка чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын кагаз же электрондук түрдө берүү - 5 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчү алган мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй алууга болот: - жазуу түрүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке сүйлөшүүдө); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (gptb.patent.kg, fund.patent.kg); - маалыматтык такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - Кыргызпатенттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн коомдук кабылдамасынан; - башка маалыматтык булактардан. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаты; - Кыргызпатенттин расмий сайты (patent.kg); - ведомстволук уюмдардын расмий сайттары (gptb.patent.kg, fund.patent.kg); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg); - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке сүйлөшүүдө); - Кыргызпатенттин коомдук кабылдамасы; - такталар, буклеттер, брошюралар; - башка маалыматтык булактар. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде кызмат көрсөтүү стандарты Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын такталарында, расмий сайттарында жайгаштырылат. Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын иш графиги: - дүйшөмбү-жума саат 9.00дөн 18.00гө чейин; - түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин; - дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр менен иштеген кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке төш белгилери (бейдждери) бар. Келүүчүлөр менен сүйлөшүүдө кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызыкчылыктардын талаш-тартыштарын болтурбоо үчүн жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыздоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей турган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдар (угуу жана көрүү жана таяныч-кыймыл системалары чектелгендигине байланыштуу ДМЧА) менен сүйлөшүү аларга түшүнүктүү болгондой жана кызмат жеткиликтүү формада көрсөтүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди көрсөтөт: - белгиленген үлгүдөгү арызды; - арыз кагаз түрүндө берилген учурда, өздүгүн тастыктаган документти; - акча каражатын төлөгөндүгү же банктан которгондугу жөнүндө документти. Бланкты-арызды толтуруу боюнча үлгү кызмат көрсөтүлүүчү жерде, маалыматтык такталарда, Кыргызпатенттин расмий сайтында (patent.kg), ведомствого караштуу уюмдардын сайттарында (gptb.patent.kg, fund.patent.kg) жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) жайгаштырылган. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүгө төмөнкүлөр зарыл: - КРда аккредиттелген, ыйгарым укуктуу тастыктоочу борбор тарабынан берилген электрондук колтамганын болушу (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын расмий сайтынан Пайдалануу эрежелерин карагыла); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталуу жана жеке иш бөлмөгө кирүү. Керектөөчү жеке иш бөлмөсүнөн электрондук арыздын статусун көзөмөлдөй алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнбөйт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет; - кызмат көрсөтүү стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук тиешелүүлүгү, динге ишенүү, жашы, саясий жана башка көз карашы, билими, келип чыгышы, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайы боюнча басмырлоону болтурбоо; - жеткиликтүүлүк (басма жана электрондук форматтарда); - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызматкерлердин мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө сыпайы жана адептүү болушу, кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө кеңеш берүүлөрү; - даттануулар жана сунуштар китебинин өтүнмө берүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы - portal.tunduk.kg аркылуу кызмат көрсөтүү толугу менен электрондук форматта көрсөтүлөт. Эскертүү: арыз ээси электрондук түрдө өтүнмө жөнөтүү үчүн portal.tunduk.kg порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 4 (веб-барактын функциялык мүмкүнчүлүктөрү веб-сайт аркылуу салыктарды жана жыйымдарды электрондук түрдө төлөө менен кошо, электрондук ыкма менен гана электрондук кызмат көрсөтүүнүн бардык циклын ишке ашырууга мүмкүндүк берет). Кагаз сактагычтарын пайдаланууну же ведомствого жеке келүүсүн караштырган эч кандай башка административдик жол-жобо каралган эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү ылайыксыз көрсөтүлгөн учурда, керектөөчү кызмат көрсөтүү алынган органдын (МПТК) жетекчилигине оозеки же жазуу түрүндөгү даттануу арызы менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат алуучунун атынан анын мыйзамдуу өкүлү даттана алат. Жазуу түрүндөгү даттануу арызы эркин берилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, дарегин, телефон номерин, ошондой эле даттануунун себебин, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Даттануу арыздарын жана дооматтарды кароо КРнын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда кызмат көрсөтүүнү керектөөчү сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Суу пайдалануучуларга суу берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерди мелиорациялоо, жердин күрдүүлүгү, жер жана суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), Суу ресурстарын, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура объекттерин башкаруучу, алардын абалына жана пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүчү жана жөнгө салуучу, бирдиктүү мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу боюнча аткаруучу-тескөөчү жана координациялоочу функцияларды жүргүзүүчү Суу чарба жана мелиорация департаменти (мындан ары -Департамент) жана анын аймактык бөлүмдөрү. Аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, байланыш маалымат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Департаменттин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарына жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Сугат жерлерин пайдалануу укугуна акты бар жеке жана юридикалык жактар, суу пайдалануучулар, ошондой эле өнөр жай керектөөчүлөр жана энергетика секторунун ишканалары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Суу кодекси (5-бап); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" (4-тиркеме); - 2011-жылдын 6-июлундагы № 372 "Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата тарифтерин бекитүү жөнүндө" |
5 | Көpcөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Керектөөчүлөрдү сугат суу менен суу пайдалануу планына жана өтүнмөлөрдүн негизинде суунун талап кылынган көлөмүнө ылайык камсыздоо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Суу берүү керектөөчүлөрдүн келишимдерине/өтүнмөлөрүнө ылайык түздөн-түз жеринде (ирригациялык тармактарда) жүзөгө ашырылат. Кызмат көрсөтүү (келишим, өтүнмө) төмөнкүдөй шарттарда таризделет: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган имарат, жайлар; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылуусу, суу түтүктөрү жана телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Керектөөчүдөн өтүнмөнү кабыл алуу үчүн чектелген убакыт - 15 мүнөт. Өтүнмө таризделген күндөн тартып кызмат 3 жумушчу күндүн ичинде көрсөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндөгү маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: www.agroprod.kg; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Департаментке жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жеке кайрылганда; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Департаментте жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.agroprod.kg); - маалыматтык такта, брошюра, буклет; - жекече кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректери, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштөө режимдери, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн такталарына, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Департаментте жана анын аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат тактача илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак-ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат алуу үчүн вегетациялык мезгил башталганга чейин мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө типтүү келишим түзүп, төмөнкү документтерди көрсөтүү зарыл: - жер участогуна (үлүшкө) болгон жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүгү; же - юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгү; - инсандыгын тастыктаган документ (паспорт). Юридикалык жактар анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документин (ишеним кат) берет. Суу алуу үчүн табыштама, кызмат көрсөтүүнү алганга чейин 3 жумуш күн эрте берилет. Табыштаманы тариздөөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө типтүү келишим; - кызмат көрсөтүү үчүн алдын ала акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (алдын ала төлөмдүн пайызы келишимде көрсөтүлөт); - инсандыгын тастыктаган документ ( паспорт). Юридикалык жактар анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документин (ишеним кат) берет. Кызмат көрсөтүү үчүн акы иш жүзүндө аткарылгандан кийин төлөнөт. Керектөөчү тарабынан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле зарыл болгон бардык документтердин үлгүлөрү жана формалары агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарына жана сайттарына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн баасы (тарифтери) монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат кызмат көрсөтүү жерлеринде маалымат такталарына жана Департаменттин, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: - арыз ээсинин ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбестиги; - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербегенде; - суу алууга же башка адамдын атынан чыгууга укугу жок болгондо; - форс-мажор жагдайлар (сел агымдары, суу ташкындары; өрт өчүрүүдө, кургакчыл жана суу аз болгон жылдары белгиленген лимитке ылайык) |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралып туруусу керек |
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын башчыларынын жана жеке адамдардын деңгээлинде расмий визиттердин форматында протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 9-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдары |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Чет өлкөлүк мамлекеттердин башчылары, парламенттердин спикерлери жана аларга теңдештирилген чет өлкөлүк мамлекеттердин адамдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчылары, чет өлкөлүк мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, чет өлкөлүк мамлекеттердин атайын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана аларга теңдештирилген адамдары, тактын мураскорлору жана королдордун үй-бүлө мүчөлөрү, өкмөттөр аралык жана парламенттер аралык комиссиялардын кош төрагалары, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чакырылган башка расмий адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Расмий визиттердин алкагында бекитилген визит программасына ылайык протоколдук, уюштуруучулук, логистикалык жана башка иш-чараларды аткаруу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучулары төмөнкүлөр менен камсыз кылынат: - коопсуздуктун белгиленген ченемдерине жана санитардык ченемдерге жооп берген, байланыш каражаттары, интернет жана телевизор, ошондой эле кондиционер жана вентиляция системасы менен камсыз кылынган жашап туруу үчүн жайлар; - расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн керек болгон аппаратура, жабдуу жана оргтехника менен камсыз кылынган жайлар; - "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мейман күтүү форматынан келип чыккан, коопсуздуктун ченемдерине жооп берген транспорт; - мейман күтүү форматынан келип чыккан башка шарттар. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынын аймагында контролдук-өткөрмө режими иштейт, контролдук-өткөрмө пункту (кайтаруу посту) бар, аймак жана анда жайгашкан объекттер күнү-түнү кайтаруу менен камсыз кылынган. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга ыңгайлуулук үчүн объекттердин турган жерин көрсөтүү менен (Конгресс-холл, конок үйлөр, сүзүү бассейни, теннистик корт жана башка объекттер) маалыматтык такчалар (көргөзмөлөр) жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кызмат көрсөтүүнү алууга табыштаманы (визиттин программасы менен тапшырма) кабыл алуу жана тариздөө 1 календардык күндүн ичинде аткарылат. Кызмат көрсөтүүнү берүү узактыгы: визиттин программасына ылайык |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынан; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынан Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүчү уюмдардын байланыш дайындары, жайгашкан жери жана алардын жумуш графиги жөнүндө маалымат төмөнкүдөй веб-сайттарда жайгашат www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоо алкагында алуучулардын эске алуусуна маалымат жеткирилет: - кызмат көрсөтүүнү алуу шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын болгондугун жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы саналат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жазуу жүзүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде факсимилдик байланыш каражаттары жана электрондук почта аркылуу; - оозеки түрүндө (жеке байланышта, электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдардын веб-сайттарында көрсөтүлгөн телефон боюнча; - www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg сайттарынан. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат акысыз негизде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана ведомстволорго караштуу уюмдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун кесиптик-этикалык жүрүм-турумунун ченемдерин жана талаптарын сактоого тийиш |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага берилген кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат купуя болуп саналат жана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алууга негиз болуп "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык бекитилген визиттин программасы, же болбосо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси тарабынан бекитилген, визиттин форматына жараша тийиштүү иш-чаралардын планы саналат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү акысыз |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - коопсуздук талаптарын сактоо; - кызматкерлер тарабынан кесиптик-этикалык ченемдерди сактоо; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү визиттин бекитилген программасы менен жазуу жүзүндөгү табыштаманы (тапшырманы) кызмат көрсөтүүнүн жөнөтүүчүсү алган фактысы боюнча берилет, алар анын ичинде купуялуулуктун талаптарын сактоо менен факсимилдик байланыш жана электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүү бекитилген визиттин программасына ылайык белгиленген тартипте берилет. Кызмат көрсөтүү белгиленген тартипте бекитилген визиттин программасы болгондо, табыштаманы кабыл алуу, маалымат менен алмашуу жана натыйжасы даяр экендиги тууралуу (жашап турууга жана расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн жайларды берүү, транспортту берүү бөлүгүндө) кабарлоо баскычында берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынын объекттеринде кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү болгон жана/же жашап турган учурда коопсуздукту жана санитардык ченемдерди сактоону камсыз кылууга жол бербеген форс-мажордук, анын ичинде жаратылыш мүнөздөгү жагдайларга байланыштуу; - эгерде арыз берүүчү ушул стандарттардын 3-пунктунда көрсөтүлгөн керектөөчүлөрдүн категориясына кирбеген учурда; - келген мамлекет менен макулдашылган визиттин бекитилген программасы жок болгон учурда |
17 | Даттануу тартиби | Алуучуга кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, ал оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведомстволорго караштуу уюмдарынын жетекчилигине болгон бузууларды көрсөтүү менен же жоюлууга тийиш кемчиликтерди баяндоо менен кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнүн алуучусунун жана анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн даттануулары жана кайрылуулары болгондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведомстволорго караштуу уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери өздөрүнүн компетенциясынын чегинде даттанууларды карашат жана даттанууда көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча токтоосуз чараларды көрүшөт. Объективдүү себептер боюнча даттанууларда же кайрылууларда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши мүмкүн болбогон учурда кызмат көрсөтүүнүн алуучусуна же анын мыйзамдуу өкүлүнө тийиштүү түшүндүрмөлөр берилет. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаганда арыз берүүчү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты мезгилдүүлүгү үч жылда бир жолудан кем эмес кайра кароого жана түзөтүүгө жатат |
8. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын, башка расмий делегациялардын башчыларынын жана жеке адамдардын деңгээлиндеги расмий визиттердин форматында иш-чараларды, ошондой эле маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 10-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдары |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн натыйжасы болуп керектөөчүнүн суроо-талабына жараша түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жашоо, тамактануу, санитардык-гигиеналык кызмат көрсөтүүлөр, ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү, залдарды тейлөө, иш-чараларды өткөрүүгө жайды берүү, транспорттук жана техникалык тейлөө, маданий-массалык иш-чараларды тейлөө саналат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө акты менен тастыкталат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар түзүлгөн келишимдин суроо-талабына жана шарттарына жараша төмөнкүлөр менен камсыз кылынат: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген, байланыш каражаттары, интернет жана телевидение, кондиционерлөө жана вентиляция системасы менен камсыз кылынган жашап туруу үчүн жайлар; - расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн керектүү аппаратура, жабдуу жана оргтехника менен камсыз кылынган жайлар; - бекитилген менюга ылайык тамак-аш; - таштандыларды таштоо үчүн жабдылган орундар; - берилүүчү жайларга жанаша турган аймактарда сырткы жарыктандыруу; - коопсуздук ченемдерине жооп берген транспорт; - автотранспортторду токтотуучу орундар; - кызмат көрсөтүүнүн жөнөтүүчүсүнүн ведомстволорго караштуу уюмдарынын спецификасына жараша башка кызмат көрсөтүүлөр. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынын аймагында контролдук-өткөрмө (кайтаруу посту) бар, күнү-түнү кайтаруу камсыз кылынган. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга ыңгайлуулук үчүн объекттердин турган жерин көрсөтүү менен (Конгресс-холл, конок үйлөрү, сүзүү бассейни, теннистик корт жана башка объекттер) маалыматтык такчалар (көргөзмөлөр) жайгаштырылат. Жүрүм-турум, өрт жана жеке коопсуздуктун эрежелери жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынын аймактарында жана имараттарында орнотулган маалыматтык стенддерде жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн, анын ичинде электрондук форматта табыштаманы (катты) кабыл алуу, тариздөө жана кароо 1 календардык күндүн ичинде аткарылат. Кызмат көрсөтүүнү берүүнүн узактыгы: түзүлгөн келишимге ылайык же факты боюнча |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдарынан алууга болот. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берген уюмдардын байланыш дайындары, жайгашкан жери жана алардын жумуш графиги жөнүндө маалымат төмөнкүдөй веб-сайттарда жайгашат: www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучулардын эске алуусуна төмөнкүдөй маалымат жеткирилет: - кызмат көрсөтүүнү алуу шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - табыштаманы толтуруунун тартиби жөнүндө (белгиленген үлгүгө ылайык); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы жана төлөө тартиби жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын болгондугун жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы саналат |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жазуу жүзүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде факсимилдик байланыш каражаттары жана электрондук почта аркылуу; - оозеки түрүндө (жеке байланышта, электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдардын веб-сайттарында көрсөтүлгөн телефон боюнча; - www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg сайттарынан. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат акысыз негизде берилет Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй түрдө алууга болот: - жазуу жүзүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде, анын ичинде факсимилдик байланыш каражаттары жана электрондук почта аркылуу; - оозеки түрдө (жеке байланышта, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдардын веб-сайттарында көрсөтүлгөн телефондору боюнча); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында; - www.ud.gov.kg, http//residence.kg, http//residence2.kg сайттарында: - маалыматтык стенддерде, буклеттерде жана брошюраларда. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат акысыз негизде берилет |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен баарлашууда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана ведомстволорго караштуу уюмдардын кызматкерлери жалпыга кабыл алынган этиканын ченемдерин сактоого: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принципиалдуу болууга, маектешкен адамын уга билүүгө тийиш. Келүүчүлөр менен маектешүү мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага берилген кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат купуя болуп саналат жана тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл: - арыз берүү (расмий кат, электрондук форматта суроо-талап); - кызматты жеткирүүчүлөр менен келишимдин шарттарын макулдашуу; - кызмат көрсөтүүнү берүүгө макулдашылган келишимге кол коюу; - келишимдин шарттарына ылайык алдын ала акы төлөө жана алдын ала акы төлөө фактысын ырастоочу документти көрсөтүү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы талап кылынган кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө жараша болот жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте макулдашылган прейскурантка ылайык аныкталат. Бекитилген прейскурант Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана ведомстволорго караштуу уюмдардын стенддеринде жана веб-сайттарында жайгаштырылат. Жайгаштырылган прейскурант актуалдуу абалда колдоого алынып жана жаңыртылып турат. Кызмат көрсөтүүнүн акыркы наркы аткарылган жумуш жөнүндө актысында көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү көлөмүн эске алуу менен таризделет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - кызматкерлер тарабынан жүрүм-турумдун кесиптик-этикалык ченемдердин сакталышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күткөн маалыматына шайкеш келиши; - келүүчүлөр үчүн арыздануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү жөнүндө терс пикирлердин болбогондугу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү электрондук документтердин форматында белгиленген таризде табыштаманы кабыл алуу, маалыматтар менен алмашуу, табыштаманы кароонун натыйжалары боюнча кабарлоо баскычында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта берилет. Кызмат көрсөтүү электрондук формат сыяктуу эле жазуу жүзүндө табыштаманы, анын ичинде факсимилдик байланыш каражаттары жана электрондук почта аркылуу берген фактысы боюнча көрсөтүлөт. Табыштаманы кароонун жыйынтыктары боюнча арыз берүүчүгө арыз боюнча чыккан чечим, кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө алуу үчүн андан ары талап кылынган аракеттер жөнүндө, ал эми баш тартылган учурунда - ушул чечимге даттануу тартиби тууралуу маалыматты камтыган кабарлама табыштама алынган ыкма менен жиберилет. Кызмат көрсөтүү керектөөчү менен жөнөтүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - суроо-талап кылынган күнгө карата жашап турууга жана иш-чараларды өткөрүүгө бош жайлар, автотранспорттук каражаттар (башка кызмат көрсөтүүнү алуучулар ээлеп койсо, мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүгө пайдаланса, оңдоодо болсо) жок болгон учурда; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволорго караштуу уюмдардын объекттеринде болгон жана/же жашап турган кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө коопсуздукту жана санитардык ченемдерди сактоону камсыз кылууга жол бербеген форс-мажордук, анын ичинде жаратылыштык мүнөздөгү жагдайларга байланыштуу; - арыз берүүчү иш-чаранын катышуучуларынын тизмесинде болбогон учурда (аталган негиз мамлекеттик маанидеги иш-чарага катышуу үчүн табыштаманы бергенде гана колдонулат); - керектөөчү кызмат көрсөтүү үчүн наркты төлөөдөн баш тартса |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда алуучу оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведомстволорго караштуу уюмдардын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчү адамдын атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү кабыл алуучунун аталышы, дареги, телефонун номуру, ошондой эле анын дооматынын маңызы, колу жана дата камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер бир жумушчу күндүн ичинде арыздарды каттайт жана жетекчиликке кароого жөнөтөт. Арыздарды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз берүүчүгө жоопторду жөнөтүү мөөнөтү каттоо күнүнөн тартып 14 (он төрт) күндөн ашпоого тийиш. Арыз боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведомстволорго караштуу уюмдардын чечимине соттук тартипте даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты, үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Милдеттүү пландык оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарынан тышкары, жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча гидротехникалык иштерди аткаруу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-глава, 11-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) жана анын ведомстволук бөлүнүшү, аймактык органдарды кошуп (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүнүшү) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кызмат көрсөтүү болжолдонгон жер тилкесине ээлик кылуу укугун ырастаган документтери бар жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын Суу кодекси; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин суу чарба жана мелиорация департаменти жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | - гидрокурулмаларды, каналдарды жана гидропостторду куруу жана оңдоо; - каналдарды, дренаждык системаларды, суткалык жана декадалык жөндөө бассейндерин механикалык тазалоо; - сел өткөрүүчү, дюкер жана акведук курулмаларды куруу жана оңдоо; - ачык жана жабык коллектордук-дренаждык системаларды куруу; - жабык дренажды жана канализацияны агызуу; - каналдарды, дренаждарды жана коллекторлорду камыштан тазалоо; - скважиналарды бургулоо; - инерттүү материалдарды ташуу; - тереңдиктеги насосторду монтаждоо жана демонтаждоо. Аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча аткарылган иштин актысы түзүлөт |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Келүүчүлөрдү кабыл алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; - келүүчүлөр, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгон санитардык-гигиеналык бөлмөлөр (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр, региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүндүгү болбогондо - короодогу) ыңгайлуу пандус, кармоочтор менен жабдылат; - жандуу кезек принциби боюнча. Кезексиз тейлене турган жарандардын категорияларынын тизмеги агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык органдарынын маалымат такталарында, ошондой эле агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн жана анын аймактык бөлүмүнүн расмий сайттарында өз убагында жаңыртылып жайгаштырылат. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Кызмат көрсөтүү керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жана түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык тиешелүү жерде жүзөгө ашырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Керектөөчүнүн өтүнмөсүн кабыл алуунун чектүү убактысы - 15 мүнөт. Кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзүү - 1 иш күнү. Кызмат кол коюлган келишимге ылайык, керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин түрүнө жараша, өтүнмө таризделген күндөн тартып 3-90 иш күндүк мөөнөттө берилет, атап айтканда: - гидрокурулмаларды, каналдарды жана гидробекеттерди куруу жана оңдоо - 90 иш күнгө чейин; - каналдарды, дренаждык системаларды, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин механикалык тазалоо - 90 иш күнгө чейин; - сел өткөрүүчү курулмаларын, дюкер жана акведук куруу жана оңдоо - 90 иш күнгө чейин; - ачык жана жабык коллектордук-дренаждык системаларды куруу - 30 иш күнгө чейин; - жабык дренажды жана канализацияны агызуу - 30 иш күнгө чейин; - скважиналарды бургулоо - 90 иш күнгө чейин; - каналдарды, дренаждарды жана коллекторлорду камыштан тазалоо - 30 календардык күнгө чейин; - инерттүү материалдарды ташуу - 30 календардык күнгө чейин; - тереңдиктеги насосторду монтаждоо жана демонтаждоо - 30 календардык күнгө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан жана расмий сайтынан (www.agroprod.kg); - жеке кайрылууда жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн расмий сайтынан (www.water.gov.kg); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн аймактык бөлүмдөрүнөн; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмүнүн, анын ичинде агроөнөр жай комплекси |
|
| чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн аймактык органдарынын маалымат такталарынан, китепчелерден, буклеттерден; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же болбосо адис менен жеке байланышта). Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн аймактык органдарынын тизмеси, алардын контакттары, электрондук почтасынын даректери жана иш графиктери, жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар менен бирге төмөнкү веб-сайттарда жайгаштырылат: (www.agroprod.kg), (www.water.gov.kg). Мамлекеттик кызмат тууралуу маалымдоонун алкагында алуучуларга төмөнкүлөр билдирилет: - кызматты алуунун шарттары жана жоболору; - мамлекеттик кызматтын стандартынын болушу жана аны менен таанышуу ыкмасы. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган саналат |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - расмий сайттар (www.agroprod.kg), (www.water.gov.kg); - маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар; - электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; - жеке сүйлөшүү же телефон аркылуу байланышуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат акысыз жайылтылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (иш милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин аткарылышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. Пикир алмашуу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага берилген кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кардар алышы үчүн төмөнкүдөй документтерди бериши керек: - кызматты колдонуучунун колу коюлган жумуштун түрүн көрсөтүү менен кызмат алууга арыз; - жеке жактар үчүн - адамдын ким экенин күбөлөндүрүүчү документ; - юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - керектөөчүнүн арызына ылайык иштерди аткара турган жер тилкесине ээлик кылууну тастыктаган документтердин көчүрмөсү жана салыштыруу үчүн түп нускасы |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде жүргүзүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы талап кылынган иштердин түрүнө жараша баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн аймактык органдарынын сайттарында жана маалымат тактасында жайгаштырылат (www.agroprod.kg), (www.water.gov.kg). Төлөө шарттары: төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын өз убагында берилиши; - коопсуздуктун талаптарын аткаруу; - кызматты алып жаткан адамдарды басмырлоого жол бербөө; - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүү шарттарынын шайкештиги; - көрсөтүлгөн кызматтын сапатына керектөөчүнүн канааттануусу; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы; - аягындагы жыйынтыктардын (алынган кызмат көрсөтүүлөрдүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө жооп берүүсү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Керектөөчү кызмат көрсөтүү пунктуна жеке өзү кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер: - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербеген учурда; - берилген документтердеги маалыматтардын чындыкка дал келбеши; - кызмат көрсөтүүнүн наркын керектөөчү төлөбөгөндө; - эгерде техника агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн аймактык органынын пландуу иштерин аткаруунун алкагында колдонулган учурда |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн аймактык органдарынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнүн жана анын аймактык органдарынын жетекчиси даттанууну кароо боюнча тиешелүү чараларды көрбөгөн учурда, керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: даттануу берилген мамлекеттик органдын аталышы, арыз ээсинин аты-жөнү, анын дареги (жеке жактар үчүн), уюмдун аталышы жана анын жайгашкан жери (юридикалык жактар үчүн), арыз ээсинин байланыш маалыматтары, ошондой эле даттануунун маңызы, тиркелген документтердин тизмеги, кызмат керектөөчүнүн колу жана дата коюлат. Жазуу жүзүндө берилген кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү аны каттоого алган күндөн баштап 14 иш күндөн ашпайт. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын жана ведомстволук бөлүмүнүн кабыл алган чечимдерине канааттанбаган учурда арыз ээси сотко даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилде үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-мартындагы № 102 токтому менен стандарттардын VI бөлүмүнө киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык 9-главанын кайталанат.
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Садок курулмаларын орнотуу жана пайдалануу үчүн карта-схеманы иштеп чыгуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 9-главасынын 7-пункту |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерди мелиорациялоо, жердин күрдүүлүгү, жер жана суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана балык чарбасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (8-берене). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 "Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Садок курулмаларын орнотуу үчүн балык чарбалык корутундуну карта-схемасы жана изилдөөнүн жыйынтыктары менен берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт : - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандар имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканага, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кире алган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда; - кезек күтүү тартиби боюнча. Имараттарда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болбогон учурда - короодогу), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Жарандардын жеңилдикке ээ категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгерде алар имаратка кире албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү пайдаланууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Арызды кабыл алуунун эң узак мөөнөтү - 20 мүнөт. Келишимди түзүүнүн эң узак мөөнөтү - 40 мүнөт. Садок курулмаларын орнотуу боюнча балык чарбалык экспертизанын корутундусун баардык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен кошо даярдоого (келишимде көрсөтүлгөн форс-мажор кырдаалдардан башка учурларда) 3төн 10 иш күнгө чейин убакыт керектелет. Чүй облусунда болжолдуу убакыт - 3 иш күн; Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында - 6 иш күн; алыскы түштүк региондорунда (Ош, Жалал-Абад, Баткен) - 10 иш күн. Жерине баруу арыз ээсинин финансылык каражатынын же Департаменттин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүсүнөн түшкөн финансылык каражаттын эсебинен, ар бир облустан кеминде 5 арыз түшкөн учурда болот. Документтердин пакетин берүүнүн эң узак мөөнөтү - 15 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартталышы үчүн жооптуу мамлекеттик органда керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалымат берүү (керектүү маалыматтын тизмеси) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалыматты төмөнкү даректен алууга болот: - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан (www.agroprod.kg); - алдын ала жазылуу боюнча, жазуу жана/же оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жолукканда). Тактап айтканда, берилүүчү маалымат: - бланктарды толтуруу тартиби жөнүндө (үлгүлөр); - акыны төлөө тартиби жөнүндө (накталай, которуу жолу); - кызмат көрсөтүүнү алуу жол-жобосу тууралуу. Маалымат жазуу, оозеки (телефон аркылуу, өзүнө жолукканда) же электрондук түрдө берилет. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору (мүмкүн болгон бардык ыкмалар сүрөттөлөт же аталат) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - радио, телекөрсөтүү, информациялык сайттар; - гезиттер; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты www.agroprod.kg; - коомдук кабылдама; - маалыматтык такталар, буклеттер, телефондук маалымдама жана брошюралар. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын даректерин, телефон номерлерин жана иш режимин, кызмат көрсөтүү стандартын агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; www.agroprod.kg сайтынан; жалпыга маалымдоо каражаттарынан алууга болот |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен сүйлөшүү | Келүүчүлөр менен сүйлөшкөндө кызматкерлер адептин төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимди ойлонуштуруп, аргументтөө. Бардык кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдардын бузулушуна жол бербеген, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-адептик ченемдерди сактоого тийиш. Эл менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болууга тийиш. Өзгөчө муктаждыктары бар (угуу жана көрүү боюнча ДМЧА) адамдар менен сүйлөшүү аларга жеткиликтүү жана түшүнүктүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын балык чарба чөйрөсүндөгү мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Жеке жак үчүн: - документтердин пакетин даярдоого арыз; - ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү ; - көлмө-суу жөнүндө маалыматтар; - кызмат үчүн акы төлөнгөнү жөнүндө квитанция (чек). Юридикалык жак үчүн: - уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү; - көлмө-суу жөнүндө маалыматтар; - кызмат үчүн акы төлөнгөнү жөнүндө квитанция (чек) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүлөр үчүн баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Прейскурант мамлекеттик кызмат стандарты менен кошо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маалымат такталарына жана www.agroprod.kg сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык туура жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, билими, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат арызды электрондук түрдө алуу жагында гана каралган |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун негиздери: - кызмат алуу үчүн кайрылган адамдын мындай кызмат алуу укугунун же башка адамдын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугунун жоктугу; - тапшырылган документтерде туура эмес маалыматтын болушу; -балык чарба чөйрөсүндөгү ченемдер жана талаптар менен карама-каршылыктар |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу же анын өкүлү белгиленген тартипте балык чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсинин жоопту алуусунун мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануулар жана дооматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, керектөөчү агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин үстүнөн сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 130 токтому менен стандарттардын VI бөлүмүнүн 10-главасына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик жана расмий тилдердеги номурлоодо айырмачылыктар бар. | ||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Спорт оюндарына катышуучу аттарды үйрөтүү жана даярдоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-глава, 13-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдын толук аталышы | Жаштар, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жарандыгына карабастан жеке жактар, ошондой эле уюштуруу жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-бөлүгүнүн 45-беренеси; - "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 27, 35-беренелери; - "Улуттук оюндар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси; - "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-беренелери; - "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кызмат өзүнө кошот: - классикалык жана улуттук спорттук түрлөр боюнча мелдештерге катышуу үчүн спортчуларды жана аттарды даярдоо; - спорттук аттардын жаш жылкыларын даярдоо (аттарды биринчи жолу адамга жана минүүгө көндүрүү, атты башкаруу каражаттарына көндүрүүгө үйрөтүү); - спорттук аттарды кармоо кызматтары (атканада бөлүп кармоочу жай, суутуу, тоюттандыруу жана жаюу) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүүчү мекеме белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарга жооп берген спорттук объекттер менен жабдылган (ипподром, аткана, суутуучу аянттар). Имараттарда суу түтүгү, жылуулук, телефон байланышы менен жабдылган, дааратканалар болот. Жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнүн болушу. Таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн имараттар жана бөлмөлөр пандус, кармоочтор менен жабдылган. Кызмат көрсөтүүдө төмөнкүлөр камсыздалат: - болжолдуу 3x3 метр аттык акыр; - жумшактыгы сакталган жетиштүү өлчөмдөгү таарынды. Акырларды ар күнү бөлүштүрүү, күн бою кыктардан тазалоо; - 3 маал жем берүү (чөп чектелбеген, тоют рецепт менен сулу жана сулусуз, рационун алдын ала сүйлөшүүгө болот. Тоют ар бир атка өз алдынча аныкталат); - күн сайын суутуу; - ачык манеж; - аткана, ветеринардык кароо, баардык эмдөөлөр график боюнча; - аттар үчүн конкурдук тоскоолдуктардын бардык топтому; - тажрыйбалуу окутуучу-машыктыруучулардын (инструкторлордун) болушу |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуунун жана арыздарды тариздөө үчүн белгиленген убакыт - 30 мүнөт; Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 күндөн 1 жылга чейин (керектөөчүнүн өтүнмөсүнө ылайык) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөндөгүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү тийиштүү мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - жазуу түрүндө; - электрондук форматта goskomsport05@mail.ru электрондук дарегинен; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар порталынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен түздөн-түз байланышканда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучуларга төмөнкүдөй маалыматтар берилет: - кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын бар экендиги жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; - бланктарды (үлгүлөр) толтуруунун тартиби жөнүндө маалымат; - акы төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай, которуу). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.sport.gov.kg); - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү порталы (gosuslugi.mineconom.kg); - маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - түздөн-түз кайрылуу жана телефон менен байланыш; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы мекемелердин коомдук кабылдамалары. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы кызмат көрсөтүүчү жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү бардык мекемелерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө кошо тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болууга тийиш. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейжиктери) болууга тийиш. Калк менен баарлашууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлери этиканын негизги төмөнкүдөй принциптерин сактоого тийиш: - сылык, ак ниет, сыпайы; - сабырдуу, принципиалдуу болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, баарлашкан адамды уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алуучу чечимдерди тең салмактоого жана жүйөөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык иш-милдеттер) жана жарандарга карата этиканы, ийкемдүүлүктү жана калыстыкты камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кардар алышы үчүн төмөнкүдөй документтерди бериши керек: - эркин формадагы арыз; - атка ветеринардык маалымдама; - ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; - юридикалык жак үчүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү; - кызмат көрсөтүлүүчү жерде керектөөчү менен кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлөт. Келишимге кол коюлгандан кийин керектөөчүлөр акы төлөөсү керек. Акы төлөө Кыргыз Республикасынын бардык банк мекемесинде накталай эмес (же мекеменин кассасында накталай) ишке ашырылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт: - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - пайдалануучу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, улуту жана туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, билими, ата-теги, мүлктүк жана башка абалы боюнча, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан стандартта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүлөрдүн бул стандарттардын белгиленген талаптарына ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ылайыктуу график, маалыматтык колдоонун (басылма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүү; - акыркы натыйжанын күтүлүүчү натыйжага шайкеш келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жана жеткиликтүү жерге коюлушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү кызмат көрсөтүүчү мекемеге өз алдынча кайрылганда берилет. Кызмат электрондук форматта арыз берүү этабында жарым-жартылай (керектөөчүлөр арыздын электрондук формасын толтуруп алса болот) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтынан көрсөтүлөт (www.sport.gov.kg) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Керектөөчүгө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 12-пунктунда белгиленген документтерди көрсөтпөгөндө; - келишимдин шарттары бузулганда; - атканалар толуп калганда; - келишимдин мөөнөтү бүткөндө; - керектөөчүнүн мекеменин ички тартибинин эрежелерин бузганда |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда арыз берүүчү белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз берүүчү оозеки же жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагына кирген жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле колтамгасы жана датасы көрсөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө берилген кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү аны каттоого алган күндөн баштап 14 иш күндөн ашпайт. Кызмат көрсөтүүдө талаш маселе келип чыккан учурда керектөөчү жетекчиликке кайрылууга акысы бар. Кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда керектөөчү чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты ар бир 3 жылда кеминде бир жолу каралып чыгууга тийиш |
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Спорт оюндарына катышуучу аттарга ветеринардык жардам көрсөтүү жана стационардык ветеринардык дарылоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-глава, 12-пункт |
2 | Кызматты көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); "Күлүк" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (мындан ары - Мекеме) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Мамлекеттик кызматты алууга кызыкдар болгон (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден жана ишканалардан сырткары) спорттук аттарга ээлик кылган жарандыгына карабастан жеке жактар, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (45-беренесинин 5-пункту); "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (5, 27, 35-беренелер); "Улуттук оюндар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2-берене); "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2 жана 3-беренелери); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Кызматтын жыйынтыгы болуп төмөнкүлөр саналат: - текшерүүнүн жыйынтыгы менен спорттук аттарды дарылоо маселеси боюнча консультация алуу; - спорттук аттарды толук айыктырууга багытталган комплекстүү ветеринардык терапияны өткөрүү (амбулатордук же стационардык) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Келүүчүлөр белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген имараттарда кабыл алынат. Имараттарда суу түтүгү, жылытуу, телефон байланышы менен жабдылган, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы) болот. Жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө, чайканмаларга) тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү камсыз кылынган; Таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн имараттар жана бөлмөлөр пандус, кармоочтор менен жабдылган. Кызмат көрсөтүүчү мекемеде төмөнкүлөр болот: - ветеринардык кабинет жана тиешелүү жабдуулар; - аттарды убактылуу тургузууга жана кармоого, аттарды жүктөө/түшүрүүгө тиешелүү шарттар; - дарылоо жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүү үчүн белгиленген ветеринардык-санитардык ченемдерге жооп берген имараттар; - аттар үчүн атайын жабдылган спорттук аянт же чуркоо жолчосу; - тиешелүү квалификациядагы ветеринардык адистер. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана арыздарды тариздөө үчүн убакыт - 30 мүнөткө чейин; Кызматты көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 жумушчу күндөн (текшерүү) 1 календардык жылга чейин (керектөөчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде, ветеринардын байкоосу алдындагы стационардык дарылоо) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле Мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан (www.sport.gov.kg); - жазуу жүзүндө; - электрондук түрдө goskomsport05@mail.ru дарегинен; - Мекемеде жайгаштырылган маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар порталынан; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен түздөн-түз байланышканда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучуларга төмөнкүдөй маалыматтар берилет: - кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарынын бар экендиги жана аны менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; - бланктарды (үлгүлөрдү) толтуруунун тартиби жөнүндө; - акы төлөө тартиби жөнүндө маалымат (накталай, которуу). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуунун ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.sport.gov.kg); - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн порталынан; - маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден; - түздөн-түз кайрылуу жана телефон менен байланышуу аркылуу; - Мекеменин коомдук кабылдамасынан. Мекеменин дареги, телефон номерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Мекемеде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар бар. Мекеменин калк менен иштеген бардык кызматкерлеринде аты-жөнү жана кызматы көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейжиктери) бар. Калк менен пикир алмашууда Мекеменин кызматкерлери этиканын негизги төмөнкүдөй принциптерин сактоого тийиш: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүүгө, баарлашкан адамды уга билүүгө жана анын көз карашын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алуучу чечимдерди тең салмактоого жана жүйөлөштүрүүгө тийиш. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функциялык иш-милдеттер) жана жарандарга карата этиканы, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыз кылган, таламдардын кагылышуусуна жол бербеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдарга (көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга), улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарга, ооруктун эмгекчилерине жана аларга теңештирилген адамдарга, кош бойлуу аялдарга, жашы жете элек балдарды коштоп жүргөндөргө кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү алышы үчүн төмөнкүдөй документтерди бериши керек: - эркин формада түзүлгөн арызды; - ким экендигин ырастаган документтеринин көчүрмөлөрүн; - уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн (юридикалык жак үчүн); - аттын документтерин (паспортун жана/же асыл тукумдугу жөнүндө күбөлүгү/асыл тукум карточкасын. Кызматты көрсөтүүчү Мекеменин тийиштүү кызматкери берилген документтерди салыштырып текшергенден кийин: - кызматты көрсөтүү үчүн кайрылган жеке жак мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөйт жана төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны берет; - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коёт, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөйт жана төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны берет. Акы төлөө накталай эмес же накталай түрдө (кызматты көрсөтүүчү мекеменин кассасында) же Кыргыз Республикасынын бардык банк мекемесинде ишке ашырылат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизде жүргүзүлөт төмөнкүлөргө ылайык: - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштер) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарына жана расмий сайтына жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн ушул стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүнө ылайык аныктыгы жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүгү, жарандардан стандартта аталган кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон документтерди гана талап кылуу; - жынысы, расасы, тили, этностук таандыгы, туткан дини, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, ата-теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүлөрдүн бул стандарттардын белгиленген талаптарына ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричилик жактан ыңгайлуу болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ылайыктуу график, маалыматтык колдоонун (басылма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин ийкемдүүлүгү жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө кеңеш берүү; - акыркы натыйжанын күтүлүүчү натыйжага шайкеш келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китептеринин болушу жана жеткиликтүү жерге коюлушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат Мекемеге жеке кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат электрондук форматта көрсөтүлбөйт. Ошону менен бирге керектөөчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтында жайгаштырылган электрондук формадагы арызды колдонсо болот (www.sport.gov.kg) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Керектөөчүгө кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда белгиленген керектүү документтерди көрсөтпөгөндө; - спорттук аттарды стационардык кармоо үчүн бош орундар жок болгондо (атканалардын жык толушу); - келишимдин шарттары бузулганда; - келишимдин мөөнөтү бүткөндө; - кызматтын наркы төлөнбөгөндө |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз берүүчү оозеки же жазуу жүзүндө Мекеменин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана арыз ээсинин аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле кол тамгасы жана датасы көрсөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндө берилген кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жооп берүүнүн мөөнөтү аны каттоого алган күндөн баштап 14 иш күндөн ашпайт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты үзгүлтүксүз ар бир үч жылда кеминде бир жолу каралып чыгууга тийиш |
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы тажрыйбалык үлгүлөрдү жаратуу жана даярдоо боюнча кызмат көрсөтүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-глава, 15-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Кыргызпатент). Ведомстволук уюм - Кыргызпатенттин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "ИБ" ММ) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Интеллектуалдык иш жана инновациялардын натыйжаларынын тажрыйбалык үлгүлөрдү (прототиптерди) түзүү жана даярдоо, ошондой эле чиймелерди түзүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - ойлоп табуучулук ишти жүзөгө ашыруу үчүн заманбап кеңсе техникасы, санариптик жабдуулардын комплекти жана жумушчу орундар менен жабдылган жайларда (лабораториялар, устаканалар ж.б.): - белгиленген санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук талаптарына жооп берген жайда; - бардык керектөөчүлөргө, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган санитардык гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган; - жайларда күтүү үчүн орундар, жылытуусу, телефон байланышы жана интернет тармагы бар; - келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык кезек күтүү принциби боюнча. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА) кош бойлуу аялдар кезексиз тейленет же болбосо жарандар өз алдынча жайга көтөрүлө албаса, кызматкер арызды жана башка документтерди кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Жарандардын жеңилдик берилген категорияларынын тизмеги маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Керектөөчүнүн документтерин кагаз же электрондук түрдө кабыл алууга кызмат көрсөтүүнүн чектелген убакыты - 5 мүнөткө чейин. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлоо - арыз келип түшкөн учурдан тартып 30 мүнөткө чейин. Келишим түзүү - 1 саат (консультация, тааныштыруу). Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы пайдаланылган жабдуулардын санына жараша келишимдин шарттарына ылайык белгиленет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы прототиптерди түзүү үчүн жабдуулардын тизмеги маалымат такталарында, расмий сайттарда жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүдөй алууга болот: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (ic.patent.kg, fund.patent.kg); - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - Кыргызпатенттин жана "ИБ" ММдин коомдук кабылдамасынан; - башка маалымат булактарынан. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары; - Кыргызпатенттин расмий сайты (patent.kg); - ведомстволук уюмдардын расмий сайттары (ic.patent.kg; fund.patent.kg); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg); - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда) адис аркылуу; - Кыргызпатенттин жана "ИБ" ММдин коомдук кабылдамасы; - такталар, буклеттер жана брошюралар; - башка маалымат булактары. Даректери, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарында жайгаштырылат. Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын иш графиги: дүйшөмбү-жума, саат 9.00дөн 18.00гө чейин; түшкү тыныгуу, саат 12.30дан 13.30га чейин |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен иштеген кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке төш белгилери (бейджи) бар. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылык, ак ниет, сыпаа, сабырдуу, принциптүү, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешип жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөгө, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууга, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоого тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктары бар адамдарга (ДМЧА, пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада кызмат көрсөтүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди көрсөтөт: - эскиздик долбоорлорду берүү менен белгиленген үлгүдөгү арыз; - арыз кагаз түрүндө берилген учурда, инсандыгын ырастоочу документ; - акы төлөгөндүгү жөнүндө документ. Кызмат көрсөтүлгөндүгү жөнүндө билдирүүнү арыз ээси алгандан кийин акы толук көлөмдө төлөнөт. Арыздын бланкын толтуруу үлгүсү кызмат көрсөтүлүү жеринде, маалымат такталарында, Кыргызпатенттин расмий сайтында (patent.kg), Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын сайттарында (ic.patent.kg, fund.patent.kg) жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында (portal.tunduk. kg) жайгаштырылган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта алуу үчүн керектөөчүгө төмөнкүлөр зарыл: - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган, ыйгарым укуктуу күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген электрондук колтамганын болушу (Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын расмий сайтынан Пайдалануу эрежелерин карагыла); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында катталуу жана жеке кабинетке кирүү. Пайдалануучу жеке кабинетинен электрондук арыздын статусун көзөмөлдөй алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда); - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (portal.tunduk.kg); - Кыргызпатенттин (patent.kg) жана анын ведомстволук уюмдарынын расмий сайттарынан (ic.patent.kg, fund.patent.kg); - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; - "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин коомдук кабылдамасынан. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - керектөөчүнүн каалоосу боюнча кызмат көрсөтүү мамлекеттик же расмий тилде берилет; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында аныкталгандай кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш-курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүү шарттарынын бул стандарт менен белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандар үчүн ылайыктуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылык, сыпаа жана адептүү болушу, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл жол-жобосунун жүрүшүндө консультация берүү; - жеткиликтүү жерде кагаз түрүндө жана электрондук форматта жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин болушу |
15 | Электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талапты (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө ишке ашырылат. Келишимдин долбоору кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн жеке кабинетине таанышуу жана кол коюу үчүн электрондук Кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жиберилиши мүмкүн. Эскертүү: кызматты алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталда каттоодон өтүшү керек. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3 (веб-баракчада арызды электрондук формада толтуруу жана мамлекеттик орган тарабынан кагазга басып чыгарбастан кароого кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгү бар) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бербесе; - келишимге өз убагында кол коюлбаса; - жабдуу техникалык мүмкүнчүлүктөргө ылайык келбесе; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган буюмдарды же алардын бөлүктөрүн даярдоо; - акы төлөнбөсө. Кызмат көрсөтүүдөн баш тартылган учурда төлөнгөн сумма тажрыйбалык үлгүнү даярдоо башталган учурга чейин кайтарылып берилет |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөтүүчү органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү даттана алат. Жазуу түрүндөгү даттануу эркин формада берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралып турат |