Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы № 69
Эл аралык асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоо маселелери жөнүндө
Эл аралык асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоо жол-жоболорун иретке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды мамлекеттер аралык асыроону ишке ашыруучу чет өлкөлүк уюмдарды аккредитациялоо тартиби жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
1. Эл аралык асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун тартиби жөнүндө ушул жобо 2012-жылдын 10-августундагы № 166 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияга (мындан ары - Гаага Конвенциясы), Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык иштелип чыккан жана эл аралык асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
ыйгарым укуктуу орган - эл аралык асыроо боюнча Кыргыз Республикасындагы аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн аккредитациялоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
аккредитациялоо тууралуу күбөлүк - Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык асыроо боюнча Кыргыз Республикасындагы аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган берүүчү расмий документ;
чет өлкөлүк уюмдар - чет мамлекеттин аймагында эл аралык асыроо боюнча ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жана Гаага Конвенциясына ылайык аккредиттелген коммерциялык эмес уюмдар;
Кыргыз Республикасындагы аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгү - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган өкүлчүлүк (мындан ары - Өкүлчүлүк).
3. Аккредитациялоонун негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- эл аралык асыроо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын Өкүлчүлүктөрдүн сактоосун камсыздоо;
- Өкүлчүлүктөр үчүн бирдиктүү талаптарды белгилөө;
- аккредитациялоонун жалпы эрежелерин белгилөө;
- кабыл алган мамлекеттердин аймагында асыроочулардын үй-бүлөлөрүндөгү балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттарын контролдоону камсыздоо.
4. Аккредитациялоо төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- аккредитациялоо жол-жоболору жана критерийлери тууралуу маалыматтын жеткиликтүүлүгү;
- аккредитациялоону өткөрүүнүн ачыктыгы;
- аккредитациялоону өткөрүүдө басмырлоого жол бербөө;
- аккредитациялоо системасынын бирдиктүүлүгү жана бүтүндүгү.
5. Кыргыз Республикасынын жараны Өкүлчүлүктүн жетекчиси болот.
Өкүлчүлүктүн жетекчиси менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринин кызматкерлери жана кызмат адамдары менен эмгек (мөөнөтсүз, мөөнөттүү, айкалыштырып) жана жарандык укук мамилелерин түзүүгө укуксуз.
Окутуу-тарбиялоо, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык коргоо мекемелеринде, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн ушул сыяктуу мекемелерде иштеген кызматкерлер, балдарды асыроо боюнча иштеген Кыргыз Республикасынын органдарынын жана уюмдарынын кызмат адамдары жана кызматкерлери, алардын жубайлары жана жубайлардын экөөнүн тең жакын туугандары өкүлчүлүктүн кызматкери боло алышпайт.
6. Өкүлчүлүк үч жылдык мөөнөткө аккредиттелет.
7. Ыйгарым укуктуу орган аккредиттелген Өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялайт, мониторинг жүргүзөт жана контролдойт.
8. Ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий сайтына Өкүлчүлүктү аккредитациялоо тууралуу арыздарды кабыл алуу жөнүндө жарыяны жайгаштырат.
9. Аккредитациялоо жол-жобосунан өтүү үчүн Өкүлчүлүктүн жетекчиси ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди берет:
1) мамлекеттик же расмий тилдеги арыз;
2) Өкүлчүлүктүн уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;
3) Өкүлчүлүктүн жетекчиси тууралуу маалымат (паспорттун көчүрмөсү, резюме, жашаган жеринен маалымкат жана соттолбогондугу тууралуу маалымкат);
4) Өкүлчүлүктү аккредитациялоо жөнүндө арызды берген учурда 10 жылдан кем эмес чет мамлекеттин аймагында эл аралык асыроо боюнча иш жүргүзгөн аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
5) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы берген, чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
6) эл аралык асыроо маселеси боюнча кызматтарды көрсөтүүгө чет өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органы берген лицензиянын көчүрмөсү;
7) аккредиттелген чет өлкөлүк уюм көрсөткөн кызматтардын тизмеси, алардын наркын көрсөтүү менен;
8) аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси:
- асыроого берилген балдарды Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде консулдук эсепке алуу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте асыроого берилген баланын жашоо жана тарбиялануу шарттары тууралуу отчетту ыйгарым укуктуу органга берүү жөнүндө.
Ушул пункттун 4-8-пунктчаларында аталган документтер эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, анда белгиленген тартипте апостиль коюлушу же легалдаштырылышы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилдерине которулушу керек. Ушул пункттун 4-8-пунктчаларындагы аталган документтердин котормосу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагындагы нотариуста күбөлөндүрүлүшү керек.
Ушул пунктта аталган документтер ыйгарым укуктуу органга үч нускадагы көчүрмөсүн тиркөө менен бир нускада берилет.
10. Эгерде документтердин берилген пакети ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык келбесе, ыйгарым укуктуу орган аны аккредитациялоо жөнүндө арызды каттоодо Өкүлчүлүккө баш тартууга укуктуу.
11. Ыйгарым укуктуу орган Өкүлчүлүктү аккредитациялоо тууралуу арызды каттаган күндөн тартып 14 иш күндүн ичинде ушул Жобонун 9-пунктунда аталган документтердин көчүрмөсүн тышкы саясат, ички иштер, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - мамлекеттик органдар) документтердин көчүрмөсүн карал чыгууга жиберет.
12. Мамлекеттик органдар ушул Жобонун 9-пунктунда аталган документтердин көчүрмөсүн алган күндөн тартып 30 иш күндүн ичинде белгиленген компетенциянын чегинде карап чыгат жана ыйгарым укуктуу органга оң же терс корутундуну жиберет.
Мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде мамлекеттик органдардын документтерди карап чыгуу мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан 30 иш күнгө узартылат.
13. Өкүлчүлүктүн арыздарын карап чыгуунун жалпы мөөнөтү жана алар боюнча чечимди кабыл алуу 35 иш күндү түзөт.
Ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык 30 иш күнгө чейин арыздарды карап чыгуу мөөнөтүн узарткан учурда арыздарды карап чыгуунун жалпы мөөнөтү 65 иш күндү түзөт.
14. Мамлекеттик органдардын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын кызматкери корутунду даярдайт жана аны Өкүлчүлүктү аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине карап чыгууга киргизет.
Өкүлчүлүктү аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди чыгаруу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) Өкүлчүлүктүн эл аралык асыроо чөйрөсүндө аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун иши тууралуу туура эмес маалыматтарды бериши;
2) Өкүлчүлүктүн жана/же алардын жетекчисинин эл аралык асыроо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу маалыматтардын табылышы;
3) мамлекеттик органдардын терс корутундусу;
4) жагымсыз социалдык-экономикалык, саясий, экологиялык кырдаал, чет өлкөлүк уюмду каттаган мамлекеттин аймагында согуштук аракеттердин жүргүзүлүшү.
15) Өкүлчүлүктү аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу органдын чечими менен таризделет жана 5 иш күндүн ичинде кабыл алынат.
16) Өкүлчүлүктү аккредитациялоо тууралуу чечимди кабыл алган учурда ыйгарым укуктуу орган 3 иш күндүн ичинде Өкүлчүлүктүн жетекчисине ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү берет жана аккредиттелген Өкүлчүлүктөрдүн реестрине тиешелүү жазууну киргизет.
17) Өкүлчүлүктү аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алган учурда ыйгарым укуктуу орган 3 иш күндүн ичинде Өкүлчүлүктү аккредитациялоодон баш тартуунун себебин көрсөтүү жана аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечимдин көчүрмөсүн тиркөө менен Өкүлчүлүккө билдирет.
18) Аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди алган Өкүлчүлүк аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимди алган күндөн тартып бир жылдан кийин аккредитациялоодон баш тартууга алып келген себептерди жойгондо ыйгарым укуктуу органга кайрадан кайрылууга укуктуу.
19) Аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү жоготсо, кайрылган күндөн тартып 14 иш күндүн ичинде аккредитациялоо тууралуу күбөлүктүн дубликаты берилет. Аккредитациялоо тууралуу күбөлүктүн дубликатын берген күндөн тартып аккредитациялоо тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жараксыз деп эсептелет.
20. Өкүлчүлүктү аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуунун мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен төмөнкүдөй учурларда токтотула турат:
- ушул Жобонун 9-пунктунун 6-пунктчасында аталган лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуунун мөөнөтү аяктаганда;
- мамлекеттик жана сот органдарынын тиешелүү документтери менен ырасталган эл аралык асыроо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу маалыматтар алынганда;
- асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндөгү балдардын жашоо шарттары жана тарбиялануусу жөнүндө отчеттор өз убагында берилбесе;
- асыроочу чет өлкөгө кеткенде ал жашаган мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө (элчилигинде) же консулдук мекемесинде асыроого алынган бала консулдук эсепке алынбаса;
- Өкүлчүлүктүн иши тууралуу жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча аныкталган тартип бузуулар болсо;
- аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонууну токтото туруу зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жазуу жүзүндөгү эскертүүсү болсо.
Ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуунун мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде Өкүлчүлүккө аныкталган тартип бузууларды жоюу зарылдыгы тууралуу 1 айдын ичинде кабар берет.
21. Өкүлчүлүктү аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуунун мөөнөтү мамлекеттик органдардан жана Өкүлчүлүктөрдөн аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуунун мөөнөтүн токтото турууга алып келген себептерди жоюуну ырастаган документтерди (маалымкаттар, билдирүүлөр, каттар, чечимдер) алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жаңыртылат.
22. Аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- токтотуп турууга алып келген эреже бузууларды жана себептерди (жагдайларды) жойбосо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Өкүлчүлүктүн иши токтотулса;
- Өкүлчүлүктү аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуу мөөнөтү бүтсө жана аны жаңы мөөнөткө узартуудан баш тартылса;
- тиешелүү сот актысы күчүнө кирсе.
23. Өкүлчүлүктү аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуунун мөөнөтүн токтотуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 23-пунктунда аталган жагдайлар пайда болгон күндөн тартып 14 иш күндүн ичинде каралат.
24. Ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуунун мөөнөтүн токтотуу жөнүндө токтотуунун себептерин көрсөтүү менен Өкүлчүлүккө билдирет.
25. Аккредитациялоо тууралуу күбөлүктүн бүткөн мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө Өкүлчүлүктүн арызынын негизинде аккредитациялоо мөөнөтү бүткөнгө чейин 45 иш күндөн кечиктирбестен узартылат.
Ушул Жобонун 9-пунктунда аталган документтердин колдонулуу мөөнөтү аяктаган учурда Өкүлчүлүктүн арызына жаңыртылган колдонуу мөөнөтү менен документтер (күбөлүк, лицензия) тиркелиши керек.
26. Ыйгарым укуктуу орган Өкүлчүлүк берген арызды каттоо күнүнөн тартып аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн өз чечими менен узартат:
- ушул Жобонун 9-пунктунда аталган буга чейинки жана жаңыртылган документтердин негизинде;
- мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн корутундуларынын негизинде.
27. Ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн узартуу же узартуудан баш тартуу жөнүндө чечими Өкүлчүлүккө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде жиберилет.
28. Ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимине, ошондой эле аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн токтото туруу, токтотуу, жаңыртуу, узартуу жөнүндө чечимине кызыкдар тараптар административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттана алышат. Ыйгарым укуктуу органдын чечими Кыргыз Республикасынын аймагындагы сотко даттанылышы мүмкүн.
29. Ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо тууралуу күбөлүктү берүү, токтото туруу, токтотуу, жаңыртуу, колдонуу мөөнөтүн узартуу, аккредитациялоо тууралуу күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө чечими ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланат.
4. Аккредиттелген Өкүлчүлүктөргө мониторинг жүргүзүүнүн тартиби
30. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын аккредиттелген Өкүлчүлүктөргө мониторинг жүргүзөт, мониторинг жүргүзүүнүн жана аны өткөрүүнүн жыйынтыктарынын формасын белгилейт.
Мониторинг эл аралык асыроо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Өкүлчүлүктөрдүн сактоосу үчүн, ошондой эле эл аралык асыроо маселеси боюнча ишти өркүндөтүү максатында жүргүзүлөт.
Мониторинг төмөнкүдөй көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт:
- аккредиттелген Өкүлчүлүктөрдүн саны;
- узартылган, токтото турулган, жаңыртылган, токтотулган аккредитациялоо күбөлүктөрүнүн саны;
- ушул Жобонун 9-пунктунда аталган Өкүлчүлүктөрдүн документтеринин колдонулуу мөөнөтү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Ыйгарым укуктуу орган жазуу жүзүндөгү отчетту түзөт жана аны ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырат.
31. Аккредиттелген Өкүлчүлүктүн жетекчиси Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жеке курамынын юридикалык дареги, телефон номери өзгөргөндүгү тууралуу, аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун жана Өкүлчүлүктүн кайра уюшулгандыгы же жоюлгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу органга маалымдайт.
№ ________________
Ушул күбөлүк ____________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(өкүлчүлүктүн аталышы, юридикалык дареги)
________________________________________________________________________________
(балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими, чечимдин номери жана күнү)
1993-жылдын 29-майында Гаага шаарында кабыл алынган балдарды коргоо жана эл
аралык асыроого карата кызматташуу тууралуу конвенциянын ченемдерине ылайык
берилген ________________________________________________________________________
(күбөлүктү берген орган, берген күнү)
чет өлкөлүк уюмду аккредитациялоо тууралуу күбөлүктүн
негизинде _______________________________________________________________ берилди
(аккредиттелген чет өлкөлүк уюмдун аталышы)
жана Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык асыроо боюнча ишти жүргүзүүгө укук берет.
Күбөлүк 20__-ж. "___"______________ 20___-ж. "___"______________ чейин жарактуу
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси _____________________________
М.О.
___________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Реестрде каттаган күнү: 20___-жылдын "___" __________________.
Күбөлүктү колдонуу __________________________________________________ чейин узартылган.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими
____________________________________________________________________________________
(чечимдин номери, күнү)
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси _____________________________
М.О.
____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
Реестрде каттаган күнү: 20___-жылдын "___" __________________.