Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 712
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-жыл., № 7-9, 722-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) сотко берилген доо арыздарынан, административдик иштин материалдарынын көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө арыздардан, соттук буйрукту берүү жөнүндө арыздардан, өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздардан, банкрот (кудуретсиз) деп табуу жөнүндө арыздардан, сот аткаруучунун токтомдорун, аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү арыздардан, апелляциялык даттануулардан, кассациялык даттануулардан, бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздардан, бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттун (арбитраждын) чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык жана кассациялык даттануулардан, эгерде эл аралык келишимдер менен башка каралбаса чет өлкөлүк соттордун чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздардан, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен башка каралбаса чет өлкөлүк соттордун чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык жана кассациялык даттануулардан;";
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен" деген сөздөр алып салынсын;
3) 6-статьяда:
-1-бөлүгү "Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча" деген сөздөрдөн мурда "Сотко доо арыздарын (административдик доолорду), апелляциялык даттанууларды, кассациялык даттанууларды жана башка арыздарды берген учурда же ага чейин жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-бөлүгүнүн 15-пунктунун бешинчи абзацындагы ", ошондой эле сот аткаруучулардын иштерине даттанууларды" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-бөлүгүнүн 17-пункту "бажы жана башка финансы органдары-" деген сөздөрдөн кийин "бажы төлөмдөрүн, антидемпингдик, компенсациялык, атайын алымдарды, пайыздарды, туумдарды мажбурлап өндүрүү жөнүндө; кыймылдуу буюмдарды ээсиз деп табуу жөнүндө; зыяндын ордун толтуруу менен байланышкан талаштар жана регресстик доолор боюнча; Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык салык төлөөчү үчүн юридикалык маанилүү кесепеттери бар ченемдик эмес актылар боюнча;" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-бөлүгүнүн 23-пунктундагы "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" жана "Банктарды консервациялоо, жоюу же банкрот кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана банк чөйрөсү жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 34-пункт менен толукталсын:
"34) Мамлекеттик зайымдык каражаттарды кайтарууну эсепке алуу жана камсыздоо боюнча операцияларды жүргүзгөн бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча, анын ичинде негизги суммалар боюнча, пайыздар жана бюджетке болгон айыптык санкциялар боюнча жана мамлекеттик зайымдык каражаттарды алышкан зайым алуучуларды алган милдеттенмелерин аткарууга мажбурлоо жөнүндө доо арыздары боюнча.";
- 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлктөн баш тарткан учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу орган аларга мураска болгон укук жөнүндө күбөлүктөрдү же дубликаттарды, ошондой эле күбөлүктөрдү жана алардын дубликаттарын алуу үчүн зарыл болгон бардык документтерди;";
4) төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-статья менен толукталсын:
"6-1-статья. Сотко берилүүчү арыздарга жана даттанууларга мамлекеттик алымды төлөөнү кийинкиге калтыруу жана мөөнөтүн узартуу
Сотко арыз же даттануу берген адам Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык мамлекеттик алымды төлөөнү кийинкиге калтыруу жана мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу.";
5) төмөнкүдөй мазмундагы 6-2-статья менен толукталсын:
"6-2-статья. Доонун наркын аныктоо кыйынчылык жаратканда мамлекеттик алымды кошумча төлөө
Доонун наркын аны көрсөтүп жаткан учурда аныктоо кыйынчылык жаратканда мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык ишти кароодо сот тарабынан биротоло аныкталат.";
6) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Мамлекеттик алымды төлөө жана кайтарып берүү тартиби
1. Мамлекеттик алым банктарга (филиалдарга) жана башка финансылык-кредиттик мекемелерге улуттук валютада накталай акча менен же болбосо банктагы төлөөчүнүн эсебинен которуу жолу менен төлөнөт, Мамлекеттик алымды алуу белгиленген формадагы квитанцияларды берүү аркылуу жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик алымдын өлчөмүн аныктоодо эсеп көрсөткүчүнүн минимум өлчөмүнүн белгиленген аз өлчөмү менен мамлекеттик алымды төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган эсептик көрсөткүчтүн минимум өлчөмү эске алынат.
2. Мамлекеттик алым процесстик мыйзамдарга ылайык соттук чыгымдарды жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулбаган доогерден жана жоопкерден өндүрүлөт.
3. Мамлекеттик алым ал салынуучу аракет ишке ашырылганга чейин, ошондой эле документтерди берүүдө төлөнөт. Сотко кайрылганда мамлекеттик алым доо арызын жана башка арыздарды жана даттанууларды бергенде алынат. Апелляциялык жана кассациялык даттанууларды бергенде мамлекеттик алымдын өлчөмү соттун биринчи инстанциясында төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын түзөт.
4. Төлөнгөн мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда толук же жарым-жартылай кайтарылып берилүүгө тийиш:
1) мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден көп өлчөмдө төгүлгөндө;
2) доогердин доодон баш тартуусу менен байланыштуу иш боюнча өндүрүштүн токтотулушу жөнүндө соттун аныктамасы же соттун, бейтарап соттун ошол эле предмет, ошол эле негиздер жөнүндө ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча чыгарылган мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар болгондуктан доо арызын алуудан баш тартылганда;
3) төмөнкүдөй негиздер боюнча доо арызын кайтарууда:
а) доогер тарабынан мыйзам же келишим менен белгиленген талашты чечүүнүн сотко чейинки тартиби сакталбаса же бул тартипти колдонуу мүмкүндүгү жоготулбаган болсо;
б) иш бул сотко караштуу болбосо;
в) арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;
г) кызыкдар адамдын атынан түшкөн арыз ага кол коюуга жана сотко тапшырууга ыйгарым укуктары жок адам тарабынан берилсе жана кол коюлса;
4) иш боюнча өндүрүш төмөнкүдөй негиздер боюнча токтотулса:
а) жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде иш каралууга жана чечүүгө жатпайт;
б) доогер тарабынан иштин ушул категориясы үчүн мыйзам менен белгиленген же талашты чечүүнүн тараптардын келишими менен каралган алдын ала сотко чейинки тартиби же соттон тышкары чечүү тартиби сакталбаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүндүгү жоголгон болсо;
в) доогер доодон баш тартса;
5) төмөнкүдөй негиздер боюнча доо арызы кароосуз калтырылса:
а) доогер тарабынан иштин ушул категориясы үчүн мыйзам менен белгиленген же талашты чечүүнүн тараптардын келишими менен каралган сотко чейинки тартиби сакталбаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүндүгү жоготулбаган болсо;
б) арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;
в) жоопкер доону тааныса;
б) ыйгарым укуктуу органдар нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартышса;
7) мамлекеттик алым төлөгөн адамдар юридикалык жактан маанилүү иштерди жасоодон баш тартса;
8) жашы жеткен балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никени бузууну каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөнсө, эгерде никени бузуу жубайлардын элдешүүсүнө же бирөөнүн келбей калышына байланыштуу болбой калса;
9) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүүдөн баш тартылса;
10) сот актысын кайра кароо жана даттанылуучунун сот актысын жоюу жөнүндө даттануулар канааттандырылса;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу башка учурларда.
Прокурор мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо боюнча ага берилген доолорду канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик алым мамлекеттик органдарды кошпогондо доо койгон адамдардан өндүрүлөт.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту менен каралган учурларда мамлекеттик алымдын ашыкча төлөнгөн суммасы кайра кайтарылат.
6. Сот тарабынан тынчтык макулдашуусунун бекитилиши, талашты бейтарап сотко өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүү менен байланыштуу же жоопкердин доону толук таануусу менен байланыштуу чечим чыгаруу менен байланышкан иштер боюнча өндүрүш токтотулган учурда мамлекеттик алым жарым-жартылай кайтарылат. Аталган учурларда тийиштүү соттук инстанцияга төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы кайтарылат.
Медиациялык макулдашуунун негизинде тынчтык макулдашууну түзүү менен доодон баш тартууга байланыштуу иштер боюнча өндүрүш токтотулган учурда мамлекеттик алым медиация жөнүндө мыйзамдарга ылайык кайтарылат.
7. Кызыкдар жак талашты маңызы боюнча чечүүчү сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин төлөнгөн мамлекеттик алымды кайтарып берүү жөнүндө сотко арыз берүүгө укуктуу. Мамлекеттик алымды кайтарып берүү соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды толук же айрым бөлүгүн кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналуучу жагдайлар аныктамада көрсөтүлөт.
8. Мамлекеттик алымды кайтаруу алым бюджетке түшкөн күндөн баштап бир жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин сотко арыз берилген шартта соттун аныктамасынын негизинде аны бюджеттен чегерген жердеги финансылык-кредиттик мекемелер аркылуу мамлекеттик салык органдары тарабынан жүргүзүлөт.
9. Мамлекеттик алым доогер өзүнүн талаптарын азайткан учурда кайтарылып берилбейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти