Редакцияот 30.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 30-октябры № 717

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 "Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 "Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак-оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби жөнүндө нускамада:

44-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- анын үй-бүлөлүк зомбулук жасагандыгынын фактысы боюнча ага карата сот актысы бар.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Исаков