Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 707
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы "өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин "баалуу кагаздардын эмитенти" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктундагы "түрү менен көлөмү" деген сөздөр "түрү, көлөмү, жүгүртүү мөөнөтү жана башка параметрлер" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Муниципалдык баалуу кагаздар документсиз формада чыгарылат. Документсиз баалуу кагаздар - энчилүү баалуу кагаздар, алар боюнча укуктар баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринин эсебинде жазуу менен же депозитарийдеги депо эсебинде жазуу менен күбөлөндүрүлөт.";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бир жылдан кем жүгүртүү мөөнөтү менен баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу, анын шарты боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарткан каражаттардын суммасы чыгарылган жылда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тындырууга жарамдуу болгон суммадан ашпоого тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. Баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган каражат башка баалуу кагаздарга салынууга мүмкүн эмес.";
- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим баалуу кагаздардын эмиссиясынын төмөнкү параметрлерин камтууга тийиш:
- эмиссиянын номерин;
- баалуу кагаздардын түрүн;
- сунуштун түрүн (ачык же жеке (персоналдык сунуш аркылуу);
- бир баалуу кагаздын номиналдык наркын;
- чыгарылган баалуу кагаздардын санын;
- эмиссиянын көлөмүн;
- баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөтүн жана тартибин;
- тындыруунун мөөнөтүн жана тартибин;
- баалуу кагаздар боюнча кирешелерди аныктоонун жана төлөөнүн тартибин;
- баалуу кагаздардын ээлеринин укуктары жана баалуу кагаздар менен күбөлөндүрүлгөн укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин;
- бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген муниципалдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин пайда болуу, аткаруу же токтотуу үчүн маанилүү эмиссиянын башка олуттуу шарттары.";
- 17-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана эмиссиянын шарттарын бекитүү жөнүндө чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат;";
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Муниципалдык баалуу кагаздарды айкын чыгаруу жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат.
Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө жарыяланган маалымат төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:
- баалуу кагаздарды чыгаруунун максаты;
- муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жылына баалуу кагаздарды чыгаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджети;
- баалуу кагаздарды чыгаруу учурунда карыздын суммалык чоңдугу;
- аяктаган кийинки үч финансылык жыл ичинде бюджеттин аткарылышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тууралуу маалымат;
- ачык сатууга сунушталган муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмү, саны жана түрү, номиналдык наркы;
- муниципалдык баалуу кагаздар боюнча кирешелер (пайыз, дисконт);
- муниципалдык баалуу кагаздарды сатуунун башталган жана аяктаган күнү, аларды жүгүртүүнүн мөөнөтү, муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруунун тартиби жана күнү;
- муниципалдык баалуу кагаздарды каттоо датасы;
- муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу шарттары менен таанышууга мүмкүн болгон жер;
- муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштырууга катышкан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары жөнүндө маалымат.
Муниципалдык баалуу кагаздар жеке эмиссия (жеке сунуш) аркылуу жайгаштырылган учурда жарыяланган маалымат эмиссиянын жалпы шарттарын гана камтышы мүмкүн.";
- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу тартиби аукцион өткөрүү же жеке эмиссия (жеке сунуш) аркылуу ишке ашырылат.
Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечими менен муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу тартиби аныкталат.
Аукцион баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишти жүргүзүү укугуна лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын арасындагы лицензияланган соода аянтында жүргүзүлөт.
Жеке эмиссия (жеке сунуш) учурунда чыгаруу жөнүндө чечимде мындай адамдардын тизмесин түзүү аркылуу муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу шартталган адамдар чөйрөсү көрсөтүлөт.";
- 20-пункту күчүн жоготту деп таанылсын:
- расмий тилдеги текстинин 22-пунктундагы "размещению" деген сөз "размещения" деген сөз менен алмаштырылсын, "аукциона по" деген сөздөр алып салынсын;
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары тууралуу отчетту 7 күндүн ичинде карайт жана өзүнүн корутундусун берет.";
- 24-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 28-пунктундагы "эмиссия проспектисинде" деген сөздөр "баалуу кагаздардын эмиссия шартында" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "дем алыш күндөргө" деген сөздөр "дем алыш күнүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы муниципалдык баалуу кагаздардын ээлеринин каалоосу боюнча аларды мөөнөтүнөн мурда тындыруу мүмкүнчүлүгүн кароого укуктуу. Мында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде тындыруу наркы жана мөөнөтүнөн мурда тындырууга көрсөтүлүшү мүмкүн болбогон мөөнөт аныкталууга тийиш.
Мөөнөтүнөн мурда эмитент тарабынан тындырылган баалуу кагаздар жүгүртүүгө кайрадан чыгарылышы мүмкүн эмес жана баалуу кагаздар ээлеринин реестриндеги баалуу кагаздарды тындыруу эсебине чегерилүүгө тийиш.";
- 30-пунктундагы "сатууда" деген сөз "жайгаштырууда" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Муниципалдык баалуу кагаздар менен эсептешүү боюнча оператор эмитент аныктаган банк болуп саналат.";
- 32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
32. Муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну каттоодон баш тартуу, чыгарууну токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
Муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы каттоочу органга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
- каттоодон өткөрүүгө арыз;
- баалуу кагаздардын эмиссиясынын шарттары;
- жергиликтүү кеңештин чечими жана баалуу кагаздарды чыгарууга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдугу.";
- 44-пунктундагы "эмиссия проспектисинде" деген сөздөр "баалуу кагаздардын эмиссия шарттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Исаков |