Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 618 токтому менен бекитилген
|
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баалуу кагаздарын (мындан ары - муниципалдык баалуу кагаздар) чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун тартибин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баалуу кагаздардын эмитенти чыгарган баалуу кагаздар муниципалдык баалуу кагаздар болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Муниципалдык баалуу кагаздар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мөөнөттүү карыздык милдеттенмелери болуп саналат жана жергиликтүү жамааттардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын акча каражатын тартуу максатында чыгарылат. Чыгарылган муниципалдык баалуу кагаздардын айкын түрү, көлөмү, жүгүртүү мөөнөтү жана башка параметрлер жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Муниципалдык баалуу кагаздардын ар бир чыгарылышы боюнча жергиликтүү кеңеш өзүнчө бөлөк чечим кабыл алат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Муниципалдык баалуу кагаздар алардын ээлерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан баалуу кагаздарда көрсөтүлгөн акча каражатын же, ушул баалуу кагаздардын эмиссиянын шартына жараша башка мүлктү эмиссия шартында каралган мөөнөттө мүлк укугун жана/же белгиленген пайыздарды алууга укугун күбөлөндүрүүгө тийиш.
5. Муниципалдык баалуу кагаздын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул кагаз менен жарандык-укуктук бүтүм түзө алат.
6. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Муниципалдык баалуу кагаздар менен салык салуунун аткарымдык тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталат.
8. Экинчи базарда муниципалдык баалуу кагаздар менен жарандык-укуктук бүтүм жасоого жумушчу күндөрүндө аларды жүгүртүү маалында гана уруксат берилет.
II. Муниципалдык баалуу кагаздардын
эмиссиясы тууралуу чечим кабыл алуу
II. Муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясы тууралуу чечим кабыл алуу
9. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим жана баалуу кагаздар эмиссиясынын шартын бекитүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдугу менен жергиликтүү кеңештин чечими боюнча кабыл алынат.
10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы жергиликтүү кеңештин кароосуна коюунун алдында муниципалдык баалуу кагаздар эмиссиясынын көрсөткүчтөрүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашат.
III. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун тартиби
11. Муниципалдык баалуу кагаздар мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана акы төлөнүүчүлүк шарттарында чыгарылат.
12. Муниципалдык баалуу кагаздар документсиз формада чыгарылат. Документсиз баалуу кагаздар - энчилүү баалуу кагаздар, алар боюнча укуктар баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринин эсебинде жазуу менен же депозитарийдеги депо эсебинде жазуу менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин корутундусу чыкканга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баалуу кагаздардын кийинки чыгарылышын ишке ашырууга тыюу салынат.
14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана чыгара алат.
15. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бир жылдан кем жүгүртүү мөөнөтү менен баалуу кагаздарды чыгарууга укуктуу, анын шарты боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарткан каражаттардын суммасы чыгарылган жылда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тындырууга жарамдуу болгон суммадан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
15-1. Баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган каражат башка баалуу кагаздарга салынууга мүмкүн эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим баалуу кагаздардын эмиссиясынын төмөнкү параметрлерин камтууга тийиш:
- эмиссиянын номерин;
- баалуу кагаздардын түрүн;
- сунуштун түрүн (ачык же жеке (персоналдык сунуш аркылуу);
- бир баалуу кагаздын номиналдык наркын;
- чыгарылган баалуу кагаздардын санын;
- эмиссиянын көлөмүн;
- баалуу кагаздарды жайгаштыруунун мөөнөтүн жана тартибин;
- тындыруунун мөөнөтүн жана тартибин;
- баалуу кагаздар боюнча кирешелерди аныктоонун жана төлөөнүн тартибин;
- баалуу кагаздардын ээлеринин укуктары жана баалуу кагаздар менен күбөлөндүрүлгөн укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин;
- бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген муниципалдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин пайда болуу, аткаруу же токтотуу үчүн маанилүү эмиссиянын башка олуттуу шарттары.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун тартиби өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана эмиссиянын шарттарын бекитүү жөнүндө чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоо;
- баалуу кагаздарды жайгаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгы тууралуу отчет берүү;
18. Муниципалдык баалуу кагаздарды айкын чыгаруу жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат.
Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө жарыяланган маалымат төмөнкүдөй маалыматты камтууга тийиш:
- баалуу кагаздарды чыгаруунун максаты;
- муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жылына баалуу кагаздарды чыгаруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджети;
- баалуу кагаздарды чыгаруу учурунда карыздын суммалык чоңдугу;
- аяктаган кийинки үч финансылык жыл ичинде бюджеттин аткарылышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тууралуу маалымат;
- ачык сатууга сунушталган муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмү, саны жана түрү, номиналдык наркы;
- муниципалдык баалуу кагаздар боюнча кирешелер (пайыз, дисконт);
- муниципалдык баалуу кагаздарды сатуунун башталган жана аяктаган күнү, аларды жүгүртүүнүн мөөнөтү, муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруунун тартиби жана күнү;
- муниципалдык баалуу кагаздарды каттоо датасы;
- муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу шарттары менен таанышууга мүмкүн болгон жер;
- муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштырууга катышкан баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары жөнүндө маалымат.
Муниципалдык баалуу кагаздар жеке эмиссия (жеке сунуш) аркылуу жайгаштырылган учурда жарыяланган маалымат эмиссиянын жалпы шарттарын гана камтышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жана жүгүртүүнүн тартиби
19. Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу тартиби аукцион өткөрүү же жеке эмиссия (жеке сунуш) аркылуу ишке ашырылат.
Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечими менен муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу тартиби аныкталат.
Аукцион баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишти жүргүзүү укугуна лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын арасындагы лицензияланган соода аянтында жүргүзүлөт.
Жеке эмиссия (жеке сунуш) учурунда чыгаруу жөнүндө чечимде мындай адамдардын тизмесин түзүү аркылуу муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу шартталган адамдар чөйрөсү көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
20. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21. Муниципалдык баалуу кагаздарды жүгүртүү муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана аларды тындыруу күнүнө бир күн калганда токтотулат. Муниципалдык баалуу кагаздар эгерде муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун шартында башкача белгиленбесе, экинчи базарда эркин жүгүртүлүшү мүмкүн.
22. Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу бүткөндөн кийин 7 (жети) күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыгы тууралуу отчет берүүгө милдеттүү.
Көңүл буруңуздар!
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр берилген документтин 22-п. орус тилиндеги редакциясына киргизилди
23. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары тууралуу отчетту 7 күндүн ичинде карайт жана өзүнүн корутундусун берет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
24. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25. Муниципалдык баалуу кагаздарды ээлөөгө укук баалуу кагаздар ээлеринин тизмесинде сатып алуучунун өздүк эсеби боюнча кириштен жазуу түшүрүлгөн учурдан баштап сатып алуучуга өтөт.
V. Муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруунун тартиби
26. Муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруу - бул номиналдык наркы боюнча мурда чыгарылган муниципалдык баалуу кагаздарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сатып алуу. Муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруу аларды чыгаруу тууралуу чечимге ылайык акчалай түрүндө же башка мүлк түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
27. Баалуу кагаздарды тындыруу боюнча милдеттенме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын алдыдагы милдеттенмелерин кошкондо, зайым натыйжасында тартылган каражаттарды эсепке албастан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жылдык кирешесинин көлөмүнөн 20 пайыздан ашык болбоого тийиш.
28. Муниципалдык баалуу кагаздарды тындыруу баалуу кагаздардын эмиссия шартында көрсөтүлгөн күнү жүргүзүлөт. Эгерде тындыруу күнү дем алыш күнүнө туура келип калса, тындыруу андан кийинки жумушчу күнү жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы муниципалдык баалуу кагаздардын ээлеринин каалоосу боюнча аларды мөөнөтүнөн мурда тындыруу мүмкүнчүлүгүн кароого укуктуу. Мында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде тындыруу наркы жана мөөнөтүнөн мурда тындырууга көрсөтүлүшү мүмкүн болбогон мөөнөт аныкталууга тийиш.
Мөөнөтүнөн мурда эмитент тарабынан тындырылган баалуу кагаздар жүгүртүүгө кайрадан чыгарылышы мүмкүн эмес жана баалуу кагаздар ээлеринин реестриндеги баалуу кагаздарды тындыруу эсебине чегерилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштырууда жана тындырууда эсептешүүлөрдүн тартиби Муниципалдык баалуу кагаздар менен эсептешүүлөр боюнча эмитент менен оператор ортосунда келишимде аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Муниципалдык баалуу кагаздар менен эсептешүү боюнча оператор эмитент аныктаган банк болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Муниципалдык баалуу кагаздарды каттоо
32. Муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну каттоодон баш тартуу, чыгарууну токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
Муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясын каттоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы каттоочу органга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
- каттоодон өткөрүүгө арыз;
- баалуу кагаздардын эмиссиясынын шарттары;
- жергиликтүү кеңештин чечими жана баалуу кагаздарды чыгарууга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдугу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан муниципалдык баалуу кагаздарды каттоодон өткөрүү чыгарылышты каттоого табыштама берген күндөн 14 (он төрт) календардык күндө ишке ашырылат.
34. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну каттоодон баш тартуу үчүн негиздер төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамын, ошондой эле баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бузуу;
- муниципалдык баалуу кагаздар эмиссиясынын каттоого берилген көрсөткүчтөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбей калуу;
- ушул жобонун талаптарын сактабай коюу.
Муниципалдык баалуу кагаздарды каттоодон баш тарткан учурда каттоодон өткөрүүчү орган ушул Жобонун 33-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына баш тартуунун себебин жазуу түрүндө маалымдоого милдеттүү.
35. Муниципалдык баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоодон өткөргөндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык мамлекеттик каттоо номуру ыйгарылат.
36. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамда белгиленген тартипте муниципалдык баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесин жүргүзүүнү уюштурууга милдеттүү, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишимдин негизинде баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесин жүргүзүү боюнча иш жүргүзүү укугуна лицензиясы болгон баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу тарабынан жүргүзүлөт.
37. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык муниципалдык баалуу кагаздар боюнча отчет берип турат.
38. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карыздык милдеттенмелеринин эсебин жүргүзөт.
VII. Муниципалдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчилик жана кепилдик
39. Муниципалдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тартат.
40. Муниципалдык баалуу кагаздар жергиликтүү бюджетте ачык-айкын кирешелүү статьялар менен камсыздалат.
41. Муниципалдык баалуу кагаздар эмиссиянын шартында каралган учурларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн муниципалдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчиликти камсыздандырууну жүргүзүүгө укуктуу.
42. Муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарганда бюджеттик мыйзамдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сакталышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырылат.
43. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалдык баалуу кагаздар боюнча мыйзамдын сакталышына контролдукту баалуу кагаздар базарын жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
44. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы баалуу кагаздардын эмиссия шарттарында камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жана муниципалдык баалуу кагаздарды чыгарууну, жайгаштырууну, жүгүртүүнү жана тындырууну жүргүзгөндө мыйзам ченемдерин бузгандыгы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 707 токтомунун редакциясына ылайык)