Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 10-ноябры № 618 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Баалуу кагаздардын рыногун өнүктүрүү, региондордун социалдык-эко-номикалык өнүгүүсүн тездетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандарын кошумча финансылык ресурстар менен камсыздоо максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу,жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө тиркелген
жобо бе-китилсин. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык баалуукагаздарды чыгарууда жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алуу сунуш-талсын. 3. "Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруужана жүгүртүү жөнүндө Убактылуу
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-октябрындагы № 692
токтому күчүн жо-готту деп табылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнөжана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов