Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-январындагы № 21 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы тарабынан Ведомстволук күзөттү инспекциялоо тартиби жөнүндө нускама
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын ведомстволук күзөттүн, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын объекттеринен тышкары, объектилерин, алардын уюштуруу-укуктук түрлөрүнө жана менчик түрлөрүнө карабастан, инспекциялоо тартибин, ошондой эле ведомстволук күзөттүн штаттык саны болбогон объекттерде мүлктүн ишеничтүү сактыгын камсыз кылууну текшерүүнү жүргүзүү тартибин белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ички иштер органдарынын объекттерде күзөттү жана материалдык баалуулуктарды сактоону уюштурууну изилдөө боюнча укук бузууларга көмөкчү себептерди жана шарттарды табууга жана жоюуга, ошондой эле ведомстволук күзөт кызматын уюштурууну жана күзөт техникалык каражаттарын кеңири киргизүү жолу менен андан ары өркүндөтүү, күзөттүн ишеничтүүлүгүн жогорулатууга, күзөттөтүлгөн объекттердин менчик ээлерине практикалык жардам көрсөтүүгө багытталган иши ведомстволук күзөттү инспекциялоо деп түшүнүлөт.
2. Инспекциялоону уюштуруу
3. Ведомстволук күзөт кайтарган объекттерди инспекциялоо "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын маселелерин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актыларга, бул Нускамага, күзөт ишин аткарууну регламенттеген башка документтерге, ошондой эле объекттерди кайтаруу боюнча кызматын көрсөтүү тууралуу келишимге ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Күзөттөгү объекттерди инспекциялоону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы (мындан ары - Күзөт кызматы) уюштурат жана анын аймактык бөлүмдөрү жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Инспекциялоо календардык жылда бир жолу жүргүзүлөт. Объектте укук бузуу жасалган учурда, укук бузууну жасоого көмөкчү болгон кемчиликтерди табуу максатында кезексиз инспекциялоо жүргүзүлөт.
6. Инспекциялоону жүргүзүүгө милициянын участкалык инспекторлору, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрт коопсуздугу боюнча агенттигинин инспекторлору жана объекттин менчик ээсинин өкүлдөрү милдеттүү түрдө тартылат.
7. Күзөт кызматынын аймактык бөлүмдөрү квартал сайын инспекциялоонун жыйынтыктарын жалпылайт жана жергиликтүү бийлик органдарына инспекциялоонун жыйынтыгы жөнүндө маалымат беришет. Күзөт кызматы инспекциялоонун жыйынтыктарын жалпылайт жана кызыккан органдар менен бирдикте күзөт системасын өркүндөтүү жөнүндө маселени чечет, кайтаруудагы объекттердин менчик ээлери үчүн сунуштарды даярдайт жана иштеп чыгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Инспекциялоону жүргүзүүнүн жана жыйынтыктарды тариздөөнүн тартиби
8. Инспекциялоого даярдануу тартибинде кызматкерлер инспекциялануучу ведомстволук күзөттүн ишин регламенттөөчү нормативдик документтер, ал эми ички иштер органдарында - зарыл учурда тиешелүү форма боюнча кирүүгө уруксаат алып, объекттеги оперативдик кырдаал менен таанышып чыгууга милдеттүү.
9. Кайтаруудагы объектти инспекциялоо ведомстволук күзөттү уюштуруудагы жана анын иштөөсүндөгү кемчиликтерди табуу максатында текшерилүүчү объекттин өкүлүнүн катышуусу менен өтөт. Инспекциялоодон өтүп жаткан ведомстволук күзөттүн кызматкерлерине кайтаруудагы объекттин өкүлү катары чыгууга жол берилбейт.
10. Объектте инспекциялоочулар күзөт системасында кемчиликтерди табууга жана жоюуга, объекттин техникалык бекемдигине, күзөт-өрт сигнал каражаттарын кармоого жана эксплуатациялык тейлөөгө, укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча баалуулуктарды сактоого өзгөчө көңүл бурушат.
Бул максатта төмөнкүлөр текшерилет:
1) Күзөт объектиндеги бекитилген системанын тууралыгы; күзөттүн штаттык саны, жеке курамдын комплекттүүлүгү; посттордун саны жана алардын жакындыгы; күзөт кадрларын тандоо жана тарбиялоо боюнча иштин абалы; объектте кайтарууну уюштурууну, кызмат өтөө тартибин, күзөт кызматкерлеринин укуктарын жана милдеттерин аныктаган кызматтык документтердин (нускамалар, посттордун дислокациясы, иш тартиби ж.б.) бар экендиги жана сапаттуулугу; аз сыйымдуулуктагы концентраттардын жардамы менен сигналдык күзөт каражаттарын, сактоонун экинчи жана үчүнчү чегиндеги сигналдык күзөт түзүлүштөрү менен объекттерди кайтаруу.
2) Объекттердин техникалык бекемдиги (эшиктердин абалы, ишеничтүү бекиткичтердин, кассалардын, сактоочу жайлардын ж.б. товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо үчүн жайлардын терезелеринде темир торлордун бар экендиги, алардын ушул максатта колдонууга жарамдуулугу), өрткө каршы абал (өрт өчүрүүчү каражаттардын бар экендиги жана абалы, аларды алуу мүмкүндүгү), тосмолорду күтүү, жарыктандыруу, өрт-күзөт сигналынын техникалык каражаттары, телефон байланыштары жана алардын эксплуатациялык тейлөөнү уюштуруу; күзөт кызматын ыңгайлуу кызмат жайлары менен камсыздандыруу, анын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгектенүү шарттарын түзүү (унаа каражаттарын текшерүү үчүн эстакадалардын, унаа үчүн дарбазалардын механикалык иштеткичинин жана фиксаторунун, объектти кароонун коопсуз жол каттамдарынын бар болуусу жана абалы).
3) Күзөттө сакчы жана кароолчу иттерди колдонуу, алардын кызматтык сапаттары, аларды кармоо багуу, иттерди үйрөтүүнү жана машыктырууну уюштуруу, эркин кайтарылуучу блокпосттордун жана алар үчүн питомниктердин жана вольерлердин болушу анын абалы, посттор, алардын кызматынын наряд журналынын бар экендиги.
4) Өткөрмө жана ички объект режимдери, алардын товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышы боюнча талаптарга ылайык келиши жана уюштурулушу; өткөрмө жана ички объект режимдерин регламентациялоочу документтердин бар болуусу; контролдоо-өткөрмө пункттарынын түзүлүшү жана жабдылышы, өткөрмөлөрдүн үлгүлөрүнүн, материалдык жооптуу адамдардын колдорунун, мөөрлөрдүн, штамптардын жана оттисктердин бар болушу; белгиленген туруктуу, убактылуу, бир гана жолу колдонулуучу жана материалдык өткөрмөлөрдүн эсебин алуу, берүү жана сактоо тартибин, ошондой эле материалдык баалуулуктарды алып чыгуу, алып кирүү эрежелерин сактоо; өткөрмө режимине мүнөздүү болгон укук бузууларды табуу жана аларды жоюу боюнча көрүлгөн чараларды аныктоо, өткөрмө жана ички объект режимдерин, өрт коопсуздугу чараларын сактоо, чылым чегүү үчүн жайлардын бар болуусу.
5) Материалдык баалуулуктардын сакталышын, аларды сактоо тартибин камсыз кылуу; объекттерде катталган укук бузууларын талдоо, келтирилген зыян; өткөрмө жана ички объект режимдерин бузгандарга, уурдалган материалдык баалуулуктар менен кармалган адамдарга карата материалдарды тариздөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кайтаруудагы объекттин менчик ээсинин көргөн чаралары.
6) Кайтарылуучу объектте жана ага чектеш аймактагы укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иши; укук бузуулардын каналдарына бөгөт коюу жана жабуу боюнча иштин абалы; укук бузуу боюнча кармалган адамдардын эсебин алуу.
7) Ведомстволук күзөттүн кызмат өтөөсүн уюштуруу; постторду кабыл алуу жана өткөрүп берүү тартиби, постто аткычтардын, күзөтчүлөрдүн үзгүлтүксүз туруусунун убактысы; күзөт кызматкерлеринин объектти кайтаруу боюнча өзгөчө милдеттерди билүүсү; сигнал берүү, байланыш, өрт өчүрүүнүн колдо болгон каражаттарын жана курал-жаракты пайдалана билүү; аскерлешкен күзөттүн башчылар курамынын жана объекттин күзөт начальниктеринин кызмат милдеттерин билүүсү; кызматты контролдоону жүзөгө ашыруу.
8) Жекече курам ичиндеги кызматтык даярдык жана тарбиялоо иши; аткычтарды, күзөтчүлөрдү кызмат өтөөгө уюштуруу жана даярдоо системасы; окутуунун программаларынын жана сабактардын расписаниесинин бар болушу, аларды аткаруу; үйрөтүү-машыктыруучу атууларды өткөрүү; нускамаларды өткөрүү, алардын сапаты; эмгек тартибинин абалы.
9) Курал-жарактын жана ок-дарылардын бар экендиги, эсеби, сакталуусу, абалы, ведомстволук күзөт үчүн каралган нормаларга алардын ылайыктуулугу; курал-жаракты жана ок-дарыларды берүү кабыл алуу тартиби.
10) Күзөт кызматын материалдык-техникалык камсыздандыруу; күзөт кызматкерлерин тиешелүү формадагы кийим, атайын жана посттон кийүүчү кийим, кызмат жайлары менен камсыздандыруу; аскерлешкен жана кароол күзөтүнүн кызматкерлери тарабынан кызмат өтөө учурунда белгиленген кийим формасын сактоосу.
11. Инспекциялоонун жыйынтыктары боюнча тиркемеге ылайык эки нускада акт түзүлөт, алардын ар бирине инспекциялоого катышкан адамдар кол коет.
Актта күзөттүн түрүнүн товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо шарттарына, объекттердин техникалык бекемдигине жана өрт коопсуздугуна ылайык келүүсү жөнүндө тыянактар чыгарылат. Тыянактардын негизинде табылган кемчиликтерди жоюу жана мындан ары күзөт системасын өркүндөтүү боюнча кайтаруудагы объекттин менчик ээси менен макулдашылган, конкреттүү сунуштар аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен киргизилет. Акттын бир нускасы зарыл чараларды көрүү үчүн кайтаруудагы объекттин менчик ээсине берилет.
12. Инспекциялоо процессинде кайтаруудагы объекттин менчик ээсине объектти сактоо үчүн эң натыйжалуу техникалык күзөт каражаттарын тандоодо, кызматкерлерди сигнал берүү каражаттарын эксплуатациялык тейлөөнү ишке ашыруу эрежелерине үйрөтүүнү уюштурууда практикалык жардам көрсөтүлөт.
13. Инспекциялоо жүргүзүүдө актыларда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча мөөнөт аяктагандан кийин, мурда аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча контролдук текшерүү жүргүзүлөт.
Тиркеме
АКТ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
20____-ж. "____" ______________________, шаар (район, посёлок, айыл)
Мен, _________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(кызмат орду, күзөт бөлүмү, наамы, аты-жөнү)
_________________________________________________________________________ катышуусунда
(инспекциялоого катышкандардын)
_____________________________________________________________________________________
(кызмат орду, администрациянын өкүлүнүн жана башка жактардын аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________________
20__-жылдын "____" ________________ тартып 20__-жылдын "____" ____________________ чейин
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(мекеменин аталышы , дареги)
ведомстволук (аскерлешкен, кароолдук, жеке) күзөткө инспекциялоо жүргүздүм.
Текшерүүдө төмөнкүлөр аныкталды: (ведомстволук күзөттү инспекциялоо, объекттеги
товардык-материалдык баалуулуктардын сакталышын текшерүү жыйынтыктары, кызматты
уюштуруунун жана күзөт техникалык каражаттарын тейлөөнүн жана эксплуатациялоонун оң
тажрыйбасы, аныкталган кемчиликтер, киргизилген сунуштар, күзөт кызматын уюштурууда
аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча мурунку актыга киргизилген сунуштардын аткарылышы
ж.б. баяндалат).
Кемчиликтерди жоюу мөөнөтү - ___________________________________________ ичинде (күн, ай).
(керектүүсүн чийип коюу керек)
Акт _____ нускада түзүлдү.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу мөөнөтү күзөткө алынган мекеменин ээси менен макулдашылды
жана аткарууга алынды.
Инспекция жүргүзгөн адамдын
колу: _________________________________________________________________________________
Күзөткө алынган объектинин ээсинин өкүлүнүн
колу: _________________________________________________________________________________
Инспекциялоого катышкан башка адамдардын
колу: _________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)