Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № 21
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы тарабынан Ведомстволук күзөттү инспекциялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы тарабынан Ведомстволук күзөттү инспекциялоо тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Атамбаев |