Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы № 41
Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 72, 2022-жылдын 19-октябрындагы N 580 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын түзүү үчүн бирдиктүү мамилени камсыздоо максатында, "Билим берүү жөнүндө", "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макети тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын МАКЕТИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 72, 2022-жылдын 19-октябрындагы N 580 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-бөлүк. Жалпы жоболор
1. Бул Кесиптик башталгыч билим берүүнүн кесип боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты
________________________________________________________________________________________
(кесиптин коду, толук аталышы көрсөтүлөт)
Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыкты.
2. Бул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик билим берүү стандарты - негизги билим берүү программаларынын мазмунунун билим берүү минимумун, бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатына карата базалык талаптарды, окуучулардын жол берилген окуу жүктөмүнүн чегин аныктоочу ченемдердин жана эрежелердин жыйындысы;
интеграцияланган программа - буга чейин тездетилген мөөнөттөр боюнча алган билиминин натыйжаларын таануу менен окутуу каралган программа;
компетенция - окуучунун (билим алуучунун) белгилүү бир чөйрөдө натыйжалуу продуктивдүү ишмердиги үчүн зарыл болгон билимди алууда аны даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
кредит (кредит-сааттар) - негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу ченеми;
квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыздоого багытталган жана квалификациялардын ылайык келүүсүн тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуучу критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөштүрүлгөн сыпаттамасы;
кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары окшош же жакын болгон) жана окшош эмгек функцияларын жана аларды аткаруу үчүн тиешелүү компетенцияларды болжолдоочу кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн жыйындысы;
негизги кесиптик билим берүү программасы - конкреттүү деңгээл, багыт же адистик боюнча билим берүүнүн мазмуну;
жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техникалардын жана технологиялардын илимий негиздерин өздөштүрүүнү камсыздоочу предметтердин жыйындысы;
жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүнө же белгилүү бир тармактын кесибине (өндүрүштүн түрү) багытталган предметтердин жыйындысы;
кесиптик цикл - түздөн-түз кесип боюнча даярдоону камсыздаган предметтердин жыйындысы;
кесиптик стандарт - кесиптик иштин конкреттүү түрүнүн алкагында анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды аныктоочу жана ишинин түрүнө карабастан, кайсы уюмдун штатында болбосун өз ордун мыйзамдуу ээлөө үчүн ылайык келиши милдет болгон кызматкердин квалификациясынын сапаттык деңгээлин сыпаттоочу негиз болуучу документ;
окутуунун натыйжалары - окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин окуучулардын иштөөсү үчүн анын кандай билим алгандыгына, түшүнүүсүнө жана жөндөмүнө карата күтүүлөргө байланыштуу ырастоо;
сабактардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыгы бар негизги кесиптик билим берүү программасынын бөлүгү же окуу сабактарынын жыйындысы.
3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Бул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
ВБ - вариативдүү бөлүк;
МЖА - мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация;
ЖК - жалпы компетенциялар;
СЖБЦ - сабактардын жалпы билим берүү цикли;
НКБП - негизги кесиптик билим берүү программасы;
СЖКЦ - сабактардын жалпы кесиптик цикли;
СЖТЦ - сабактардын жалпы техникалык цикли;
ӨО; ӨП - өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика;
СКЦ - сабактардын кесиптик цикли;
КМ - кесиптик модулдар;
ДТ - дене тарбия;
СЦ - сабактардын цикли.
2-глава. Колдонуу чөйрөсү
5. Бул Мамлекеттик билим берүү стандарты
_______________________________________________________________________________________
(Тизме боюнча коду, кесиптин толук аталышы көрсөтүлөт)
кесиби боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет, лицензиясы жана Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар, уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык билим берүү уюмдары тарабынан окуу, уюштуруу-усулдук документтерди иштеп чыгуу, кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.
6. ____________________________________________________________________________________
(Тизме боюнча коду, кесиптин толук аталышы көрсөтүлөт)
кесиби боюнча ушул Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары төмөнкүлөр болуп саналат:
- кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу укугуна ээ болгон билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;
- аталган кесип боюнча негизги билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар;
- тийиштүү кесиптик ишмердүүлүктүн чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;
- негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;
- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыздоочу жана кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитацияны жана сапатын контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3-глава Кесиптик башталгыч билим берүүнүн кесибинин жалпы мүнөздөмөсү
7. _____________________________________________________________________________________
(Тизме боюнча коду, кесиптин толук аталышы көрсөтүлөт)
кесиби боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары
_______________________________________________________________________________________
(аталган кесип боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн мүмкүн болуучу
формалары көрсөтүлөт:
күндүзгү;
күндүзгү - сырттан (кечки);
экстернат).
8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.
Абитуриентте тапшыруу учурунда төмөндө көрсөтүлгөн документтердин бири болушу керек:
- орто жалпы билими жөнүндө аттестат;
- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүк;
- Кыргыз Республикасынын квалификацияларынын улуттук алкагына ылайык келген квалификацияны ыйгаруу жана таануу жөнүндө күбөлөндүрүүчү башка документ;
- зарыл учурларда кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар орто жалпы билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.
9. ____________________________________________________________________________________
(Тизме боюнча коду, кесиптин толук аталышы көрсөтүлөт)
кесиби боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү орто жалпы билим берүүнүн базасында күндүзгү окутуу формасы боюнча
______________________________________________________________________________________
(окутуунун мөөнөттөрү көрсөтүлөт)
кем эмести түзөт.
Окутуунун башка мөөнөттөрү "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкү негизги билим берүү программалары ишке ашырылат:
- 2-3 жылдан кем эмес окутуу мөөнөтү менен негизги жалпы билим берүүнүн базасында орто жалпы жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;
- 1-2-жыл окутуу мөөнөтү менен орто жалпы билим алуусуз, аскерге чейинки даярдоонун программасын кошуу менен негизги жалпы билим берүүнүн базасында кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- 1 жылдан кем эмес окутуу мөөнөтү менен орто жалпы билим берүүнүн базасында кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- 1 жылдык окутуу мөөнөтү менен кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.
Кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруу органдары, эгерде окуучу кесипти кыйла кыска мөөнөттүн ичинде өздөштүрө алса, анда окуучунун арызы боюнча окутуу мөөнөтүн кыскарта алат.
Өзгөчө учурларда (ооруса, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө кызмат өтөөгө чакырылса) окуучунун арызы боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн ыйгарым укуктуу органы окуучу окутуунун максаттарына жетүүсү үчүн окутуу мөөнөтүн узарта алат.
10. Негизги кесиптик билим берүү программасынын Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине тиркеме) окуу жылындагы сыйымдуулугу (стандарттуу окутууда 10 ай) өз алдынча ишти жана аттестациянын бардык түрүн эске алуу менен 48ден кем эмес кредитти түзөт (48 кр х 30 саат = 1440 саат), окутуу мөөнөтү 10 айды түзгөн кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу 60тан ашык эмес кредитти түзөт. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.
Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минималдуу 36 академиялык саат, максималдуу - 39 саат).
Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт.
Күндүзгү окутуу формасы боюнча аудиториялык сабактардын бир жумадагы көлөмү кесиптин спецификасын, ар бир окуу сабагынын/кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80%дан кем эмес бөлүгүн (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, алардын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт) Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын эске алуу менен аныкталат.
Күндүзгү-сырттан (кечки) билим алуу формасы боюнча (анын ичинде түзөтүү мекемелеринин алдындагы окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.
Каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында окутуу мөөнөтү 1 жылдан ашкан учурда 10 жумадан кем эмести жана окутуу мөөнөтү 1 жылды түзгөн учурда кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмести түзөт.
Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика негизги кесиптик билим берүү программасынын жалпы көлөмүнүн окуу убактысынын 50-60%ын түзөт.
Өндүрүштүк практика кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын милдеттүү бөлүгү болуп саналат жана окуучуларды практикага багыттаган даярдоону камсыздоочу окуу сабактарынын түрүн билдирет. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкү түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика ишмердүүлүгүнүн багыты окуучуларды даярдоо профилине ылайык келген уюмдарда жүргүзүлүшү керек.
11. ____________________________________________________________________________________
(Тизме боюнча коду, кесиптин толук аталышы көрсөтүлөт)
кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары:
- окутуу жаатында (окутуу жаатында кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары түзүлөт) болуп саналат;
- инсанды тарбиялоо жаатында (инсанды тарбиялоо жаатында кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары түзүлөт) болуп саналат:
12. Экономикалык ишмердүүлүктүн түрү жана чакан түрү:
______________________________________________________________________________________
(экономикалык иштин түрү көрсөтүлөт, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү" мамлекеттик классификаторуна же Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын 6-майындагы № 10 токтому менен күчүнө кирген Сабактардын жалпы республикалык классификаторуна - СЖРК 009-2019 ылайык ушул кесип таандык болгон экономикалык ишмердүүлүктүн түрү көрсөтүлөт).
13. Кесиптик ишмердүүлүктүн тармактары:
______________________________________________________________________________________
(квалификациялардын улуттук алкагына, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарына ылайык бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн тармактары көрсөтүлөт)
камтыйт: _____________________________________________________________________________
(кесиптик стандартка ылайык кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрү көрсөтүлөт (бар болсо)
14. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектилери болуп
______________________________________________________________________________ саналат.
(түрлөрдүн жана/же сабактардын классификатору көрсөтүлөт)
15. Бүтүрүүчү даярданып жаткан кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрү иш берүүчүлөр менен биргеликте жана квалификациялардын улуттук алкагына ылайык бул багыттагы билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары иштеп чыгуучу билим берүү программасынын мазмуну менен аныкталышы керек.
16. Бүтүрүүчү даярдалууга тийиш болгон кесиптик ишмердүүлүктүн милдеттеринин тизмеси кесиптик ишмердүүлүктүн тийиштүү тармагындагы классификациялык талаптардан жана кесиптик стандарттан түзүлөт.
Эгерде кесиптик ишмердүүлүктүн милдеттеринин тизмеси жок болсо, ал Мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоорун иштеп чыгуучу тарабынан иш берүүчүлөрдүн милдеттүү катышуусунда түзүлүшү керек (милдет 14-пунктта көрсөтүлгөн кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрүнө ылайык көрсөтүлөт).
17. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн _________________________________ кесиби боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү:
- кесиптик ишмердүүлүккө даяр;
- башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окуусун улантууга даяр.
4-глава. Негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруунун шарттарына карата жалпы талаптар
18. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары кесиби боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгат. Негизги кесиптик билим берүү программасы кесиби, квалификациялардын улуттук алкактары, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен кесиптик стандарттары боюнча тийиштүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыгат.
Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүн эске алып, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын сунуштарына ылайык мезгил-мезгили менен негизги кесиптик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгышат жана зарылчылыкка жараша жаңылашат, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыздоо боюнча стратегияны иштеп чыгуу;
- негизги кесиптик билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;
- окуучулардын билиминин жана көндүмдөрүнүн деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын так жана макулдашылган критерийлердин негизинде баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыздоо;
- ишке ашырылуучу негизги кесиптик билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыздоо, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону туруктуу жүргүзүү;
- өзүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжалары, пландары, инновациялар жөнүндө коомчулукка маалымдоо.
19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоону камтууга тийиш.
20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген баалоо системасынын негизинде окуу жылынын жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестация) окутуунун толук курсу аягына чыкканда, көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлөт.
Мамлекеттик аттестациялык сыноолордун башка түрлөрү билим берүү уюму тарабынан окуу программасынын талаптарынын чегинде өз алдынча аныкталат.
22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тийиштүү негизги кесиптик билим берүү программасынын этап-этаптык же аяккы талаптарына ылайык келүүсүн учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар окуучулардын компетенцияларынын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базалары кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
23. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасы окуучунун тандоосу боюнча сабактардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгү боюнча сабактарды камтууга тийиш. Окуучулардын тандоосу боюнча сабактардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.
24. Окуу жылында каникулдардын жалпы узактыгы окутуу мөөнөтү 3-2 жылды түзгөн учурда 10 жумадан кем эмес жана окутуу мөөнөтү 1 жылды (10 ай) түзгөн учурда кыш мезгилинде эки жумадан кем эмес болот.
25. Негизги кесиптик билим берүү программасын иштеп чыгууда кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын түзүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өзүн-өзү башкаруу, системалуу аракеттенүү мүнөзүндөгү компетенциялар).
26. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:
- социомаданий чөйрөнү түзүүгө,
- инсандын ар тараптуу өнүгүүсү жана социалдашуусу, окуучулардын саламаттыгын сактоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө,
- билим берүү процессиндеги тарбиялоо компонентинин өнүгүүсүн өбөлгөлөө, анын ичинде өзүн-өзү башкаруу, окуучуларды коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын, илимий коомчулуктардын ишине катышуусу.
27. Билим берүү уюму окуучуларды негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүдө алардын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген сабактар окуучулар үчүн милдеттүү, ал эми алардын суммардык эмгек сыйымдуулугу окуу планында каралган көлөмдөн аз болбошу керек экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.
28. Билим берүү уюмдары негизги кесиптик билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңдик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыздоого, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.
29. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү жагында негизги билим берүү программасын өздөштүрүүдө натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.
30. Окуучулар белгиленген мөөнөттө негизги билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды аткарууга милдеттүү.
31. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.
32. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө окуучу билим берүү уюмунан сабактарды тандоо жана алардын келечектеги кесипке таасир этүүсү боюнча консультацияларды алууга укугу бар.
5-глава. Негизги кесиптик билим берүү программасына карата талаптар
33. __________________________________ кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 9 жана 15-пункттарында көрсөтүлгөн негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болууга тийиш:
- жалпы:
ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзү жөнүндө билимдерди пайдаланууга жөндөмдүү;
ЖК-2. Өзүнүн оозеки жана жазуу речин кесипкөй баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде логикалык жактан түзүүгө жөндөмдүү;
ЖК-3. Кесиптик ишмердүүлүктө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууга жөндөмдүү;
ЖК-4. Командада иштөөгө, кесиптештер, жетекчилик, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлашууга жөндөмдүү;
ЖК-5. Жеке ишмердүүлүгүн пландоого жана уюштурууга жөндөмдүү;
ЖК-6. Кесиптик ишмердүүлүктө базалык ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдонууга жөндөмдүү.
- кесиптик: _______________________________________
Кесиптик компетенциялар кесиптик ишмердүүлүктүн саналып өткөн түрлөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Кесиптик компетенциялардын тизмеси кесиптик ишмердүүлүктүн тийиштүү тармагындагы квалификациялардын улуттук алкагынын негизинде түзүлөт.
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасы ушул Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине тиркемеде каралган окуу циклдерин жана бөлүмдөрдү өздөштүрүүнү болжолдойт.
34. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасы ушул макетке тиркелүүчү түзүмгө ылайык иштелип чыгат (Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине тиркеме).
35. Сабактардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары тарабынан белгиленген базалык (милдеттүү) жана вариативдүү бөлүккө ээ. Вариативдүү бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана региондук эмгек рыногунун суроо- талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүгүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууда базалык бөлүгүнүн мазмуну менен аныкталуучу даярдыгын тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
36. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруунун шарттарына, бүтүрүүчүнү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине талаптар кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү уюмдары тарабынан аныкталат.
6-глава. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо
37. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучунун маалыматтар базаларына жана китепкана фонддоруна жеткиликтүүлүгү менен камсыздалышы керек, алар негизги кесиптик билим берүү программасындагы сабактардын толук тизмеси боюнча түзүлөт.
Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык колдонмолордун тизмеси окуу-методикалык бирикме тарабынан лицензиялык талаптарга ылайык аныкталат.
38. Негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен окуучулардын камсыздалуусу лицензиялык талаптарга ылайык келиши керек. Окуу маалыматынын булактары заманбап талаптарга жооп берүүгө тийиш.
39. Билим берүү процессинде мыйзамдык актылар, ченемдик документтер, кесиптик багыт берүүчү мезгилдүү басылмалардын материалдары колдонулушу керек.
40. Билим берүү уюму кесиптик окутууну ар кандай формада, анын ичинде аралыктан окутуу режиминде уюштуруу үчүн шарттарды камсыздоого милдеттүү.
7-глава. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо
41. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун окуучуларга сабактарды, сабактар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн өткөрүүнү камсыздоочу тийиштүү материалдык-техникалык базасы болушу керек.
_______________________________________________________________________________________
(материалдык-техникалык камсыздоо, анын ичинде полигондор, өндүрүштүк устаканалар, технологиялык лабораториялар, студиялар, ошондой эле бир окуучуга шаймандардын, окуу инвентарларынын, зарыл чыгымдалуучу материалдардын катышы көрсөтүлөт)
42. Негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.
______________________________________________________________________________________
(окутуунун натыйжаларын текшерүү формалары жана аларга карата талаптар белгиленет)
Эскертүү:
(*) "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси менен зарыл учурларда негизги орто билими жок адамдарга кесип алуу үчүн шарттар түзүлөрү белгиленген.
|
| Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине тиркеме |
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасынын ТҮЗҮМҮ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы N 580 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Сабактар циклдеринин коддору (СЦ) | Сабактардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонуучу натыйжалары | Негизги жалпы билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен | Жалпы орто билим берүүнүн базасында (11-кл.) Сыйымдуулук(**) (кредит-саат) | Жалпы орто билим албастан | Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн сабактардын тизмеси | Калыптануучу компетенциялардын коддору | |
2 жыл | 3 жыл | 10 ай | 2 жыл | |||||
1 | ЖБСЦ* | Жалпы билим берүүчү сабактардын цикли, анын ичинде | *1768 с. (10-кл.; 11-кл.) | *2006 с. (10-кл.; 11-кл.) | 64 с. 2 кр/64 с. | 240 с. | 1. Кесиптик кыргыз/орус/чет тили. 2. Коопсуз жана сергек жашоо мүнөзү. 3. Жаштарды аскерге чейинки даярдоо | ЖК 1-6 |
Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: - билүүгө: - көндүмгө ээ болууга: | ||||||||
2 | СКК | Сабактардын кесиптик компоненти | 1232 с. | 2434 с. | 50 кр/1500 с. | 2532 с. |
|
|
3 | СЖТЦ** СЖКЦ** | Сабактардын жалпы техникалык цикли. Сабактардын жалпы кесиптик цикли. Сабактардын циклинин базалык бөлүгүн өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: - билүүгө: - көндүмгө ээ болууга: |
|
|
|
| Кесиптерге даярдоо профилине ылайык жалпы техникалык, жалпы кесиптик циклдин сабактары | ЖК 1-6 КК 01-0N |
4 | СКЦ** КМ 01-0N | Сабактардын кесиптик цикли Базалык бөлүк: кесиптик модулдар |
|
| 20 кр/600 с. |
| Кесиптик модулдар; Сабактар аралык курс | ЖК 1-6 КК 01-0N КМ 01-0N ДАК-01-0N |
Кесиптик модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында, окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: - билүүгө: - көндүмгө ээ болууга: | КР КУА боюнча IV деңгээл | КР КУА боюнча IV-V деңгээл | ||||||
5 | ВБ | НКБП вариативдүү бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат) | Кесиптик компоненттен 10% | Кесиптик компоненттен 10% |
| ЖК 1-6 КК 01-0N ВБ 01-0N | ||
6 | ӨО; ӨП | Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык көндүмдөр жана жөндөмдөр НКБП менен аныкталат) | Сабактардын кесиптик компонентинен 50-60% | Сабактардын кесиптик компонентинен 50-60% | Сабактардын кесиптик компонентинен 50-60% 28-30 кр./840-900 с. | Сабактардын кесиптик компонентинен 50-60% |
| ЖК 1-6 КК 01-0N |
7 | ДТ*** | Дене тарбия | 68 с. | 136 с. | 2 кр/60 с. | 108 с. |
|
|
8 | МЖА*** | Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация | 6 с. | 6 с. | 1 кр/30 с. | 30 с. |
|
|
9 | БАРДЫГЫ | НКБПнын жалпы сыйымдуулугу | 3000 с. | 4440 с. | 55 кр/ 1650 с. | 2880 с. |
|
|
10 |
| Жумалык жүктөмү | 36 с./39 с. | 36 с./39 с. | 39 с. | 36 с. |
|
|
Эскертүү:
(*) - 2-3 жылдык окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүү даярдоосуна кирген сабактардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;
(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым сабактардын сыйымдуулугу даярдалып жаткан жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;
(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик сабактардын алкагында эске алынат.
Жалпы орто мектептин базасында (11-кл.) даярдалып жаткан кесиптер боюнча кредит-сааттарга которуу жана пилоттук лицейлерде жүргүзүлгөн апробациянын жыйынтыгы боюнча аларды түзөтүү мүмкүн.
КР Квалификациялардын улуттук алкагына (КУА) ылайык жумушчу квалификациялардын IV деңгээли боюнча (жалпы орто билим берүү менен интеграцияланган кесиптик башталгыч билим берүү) сыйымдуулукту кредитке/саатка которуу каралган эмес.