Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-октябры № 580
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кесиптик башталгыч билим берүүнү жана жалпы орто билим берүүнү өркүндөтүү максатында, "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын макетин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине тиркеме |
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасынын ТҮЗҮМҮ
№ | Сабактар циклдеринин коддору (СЦ) | Сабактардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонуучу натыйжалары | Негизги жалпы билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен | Жалпы орто билим берүүнүн базасында (11-кл.) Сыйымдуулук(**) (кредит-саат) | Жалпы орто билим албастан | Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн сабактардын тизмеси | Калыптануучу компетенциялардын коддору | |
2 жыл | 3 жыл | 10 ай | 2 жыл | |||||
1 | ЖБСЦ* | Жалпы билим берүүчү сабактардын цикли, анын ичинде | *1768 с. (10-кл.; 11-кл.) | *2006 с. (10-кл.; 11-кл.) | 64 с. 2 кр/64 с. | 240 с. | 1. Кесиптик кыргыз/орус/чет тили. 2. Коопсуз жана сергек жашоо мүнөзү. 3. Жаштарды аскерге чейинки даярдоо | ЖК 1-6 |
Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: - билүүгө: - көндүмгө ээ болууга: | ||||||||
2 | СКК | Сабактардын кесиптик компоненти | 1232 с. | 2434 с. | 50 кр/1500 с. | 2532 с. |
|
|
3 | СЖТЦ** СЖКЦ** | Сабактардын жалпы техникалык цикли. Сабактардын жалпы кесиптик цикли. Сабактардын циклинин базалык бөлүгүн өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: - билүүгө: - көндүмгө ээ болууга: |
|
|
|
| Кесиптерге даярдоо профилине ылайык жалпы техникалык, жалпы кесиптик циклдин сабактары | ЖК 1-6 КК 01-0N |
4 | СКЦ** КМ 01-0N | Сабактардын кесиптик цикли Базалык бөлүк: кесиптик модулдар |
|
| 20 кр/600 с. |
| Кесиптик модулдар; Сабактар аралык курс | ЖК 1-6 КК 01-0N КМ 01-0N ДАК-01-0N |
Кесиптик модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында, окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: - билүүгө: - көндүмгө ээ болууга: | КР КУА боюнча IV деңгээл | КР КУА боюнча IV-V деңгээл | ||||||
5 | ВБ | НКБП вариативдүү бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат) | Кесиптик компоненттен 10% | Кесиптик компоненттен 10% |
| ЖК 1-6 КК 01-0N ВБ 01-0N | ||
6 | ӨО; ӨП | Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык көндүмдөр жана жөндөмдөр НКБП менен аныкталат) | Сабактардын кесиптик компонентинен 50-60% | Сабактардын кесиптик компонентинен 50-60% | Сабактардын кесиптик компонентинен 50-60% 28-30 кр./840-900 с. | Сабактардын кесиптик компонентинен 50-60% |
| ЖК 1-6 КК 01-0N |
7 | ДТ*** | Дене тарбия | 68 с. | 136 с. | 2 кр/60 с. | 108 с. |
|
|
8 | МЖА*** | Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация | 6 с. | 6 с. | 1 кр/30 с. | 30 с. |
|
|
9 | БАРДЫГЫ | НКБПнын жалпы сыйымдуулугу | 3000 с. | 4440 с. | 55 кр/ 1650 с. | 2880 с. |
|
|
10 |
| Жумалык жүктөмү | 36 с./39 с. | 36 с./39 с. | 39 с. | 36 с. |
|
|
Эскертүү:
(*) - 2-3 жылдык окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүү даярдоосуна кирген сабактардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;
(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым сабактардын сыйымдуулугу даярдалып жаткан жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;
(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик сабактардын алкагында эске алынат.
Жалпы орто мектептин базасында (11-кл.) даярдалып жаткан кесиптер боюнча кредит-сааттарга которуу жана пилоттук лицейлерде жүргүзүлгөн апробациянын жыйынтыгы боюнча аларды түзөтүү мүмкүн.
КР Квалификациялардын улуттук алкагына (КУА) ылайык жумушчу квалификациялардын IV деңгээли боюнча (жалпы орто билим берүү менен интеграцияланган кесиптик башталгыч билим берүү) сыйымдуулукту кредитке/саатка которуу каралган эмес.".