Загрузка документа…
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 токтому менен бекитилген |
Ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 150, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 217 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды (мындан ары - ыйгарым укуктар) Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ветеринардык практика менен алектенүүгө укуктуу жеке ветеринардык врачтарга жана параветеринардык адистерге (мындан ары - жеке ветеринардык адистер) өткөрүп берүү маселелерин регламенттейт.
2. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (аймактык бөлүнүштөр) менен жеке ветеринардык адистердин ортосунда келишимдик негизде жүргүзүлөт.
2-глава. Ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби
3. Жеке ветеринардык врачтарга ветеринария жаатындагы төмөнкү ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилет:
- бекитилген участоктордо ветеринардык-санитардык ченемдердин жана талаптардын сакталышын контролдоо;
- бекитилген участоктордо эпизоотияга каршы иш-чаралардын планын түзүү жана ишке ашыруу;
- патологиялык материалдардын сынамдарын тандап алуу жана аларды ветеринардык лабораториялардын текшерүүсүнө жөнөтүү;
– сыноо протоколун берүү;
– азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза;
– жаныбарларды жасалма уруктандыруу.
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагына ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ветеринардык коштомо документтерди тариздөө жана берүү.
– сыноо протоколун берүү;
– азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза;
– жаныбарларды жасалма уруктандыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 150, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 217 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Ыйгарым укуктар келишимге ылайык 1 жылдык мөөнөткө өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимде тараптардын укуктарынын жана милдеттеринин толук тизмеги көрсөтүлөт.
3-глава. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
6. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары:
- жеке ветеринардык адистер тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын ишке ашырылышына, ошондой эле бул максаттарга берилген, ушул Жободо жана келишимде көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланышын контролдоо (көзөмөлдөө);
- жеке ветеринардык адистерден өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу менен байланышкан белгиленген форма боюнча отчетторду сурап алуу;
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча отчетторду берүү формаларын жана тартибин аныктоо үчүн жеке ветеринардык адистерге берилүүчү материалдык каражаттардын тизмегин аныктоо;
- ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө типтүү келишимдин формасын бекитүү;
- ушул Жобо менен белгиленген учурларда жана тартипте өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өтө кооптуу жана социалдык маанилүү ылаңдардын тизмегине кирген жаныбарларды биопрепараттар жана өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашырууга арналган так отчеттуулук бланктары менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыз кылуу;
- жеке ветеринардык адистерге өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, укуктук жана башка жардам көрсөтүү;
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн жеке ветеринардык адистердин потенциалын жогорулатуу максатында кызыкдар тараптар менен бирге үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгууну уюштуруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жеке ветеринардык адистер тарабынан ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттер аткарылбаган учурда же Ветеринардык палатанын реестринен аны каттоону/чыгарууну токтото туруу учурларында өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан чакыртылып алынат.
8. Жеке ветеринардык адистин өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- тараптардын демилгеси менен;
- ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди келишимде белгиленген тартипте жана шарттарда аткаруудан баш тартууда;
- ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык.
4-глава. Жеке ветеринардык адистин өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын алкагындагы укуктары жана милдеттери
9. Жеке ветеринардык адис төмөнкүлөргө укуктуу:
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана анын аймактык бөлүнүштөрүнөн методикалык, уюштуруучулук, консультативдик жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка жардамды алууга;
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана анын аймактык бөлүнүштөрүнөн өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн арналган биопрепараттар жана так отчеттуулук бланктары менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоону талап кылууга;
- бекитилген участоктордо чектөөчү жана карантиндик иш-чараларды уюштурууга катышууга;
- келишимде каралган учурларда ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууга.
10. Жеке ветеринардык адистин милдеттери:
- ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө белгиленген форма боюнча отчетторду өз убагында берүүгө;
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды өз убагында жана толук көлөмдө аткарууга жана аларды үчүнчү жактарга бербөөгө;
- өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген биопрепараттарды, так отчеттуулук бланктарын жана материалдык баалуулуктарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоого;
- жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарына жана массалык ууланууларына шектенүүдө же аныктоодо ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө ыкчам маалымдоого;
- Ветеринардык врачтардын кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактоого;
- өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу учурунда жеке ветеринардык адис ага өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген пайдаланылбаган биопрепараттарды жана башка материалдык баалуулуктарды ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык бөлүнүшүнө кайтарып берет.
12. Айрым административдик аймактык бөлүнүштөрдө (айылдык аймактарда) жеке ветеринардык врачтар жок болгон учурларда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүнүштөрү ыйгарым укуктарды ушул Жобого ылайык жеке параветеринардык адиске өткөрүп берет.