Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 97 токтому менен бекитилген |
2018-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) өнүктүрүү СТРАТЕГИЯСЫ
1. КИРИШҮҮ
1.1. Стратегияны иштеп чыгуу зарылдыгынын негиздемеси
Саясий жана соттук реформаларды алдыга жылдыруу
2010-жылы Кыргыз Республикасы бийликтин парламенттик бутагынын саясий ролуна олуттуу күч берүү менен демократиялык өнүгүүнүн жаңы этабына чыккан. 2010 жана 2016-жылдары өткөрүлгөн бүткүл элдик референдумдарда Кыргызстандын жарандары өлкөнүн жетекчилигинин конституциялык реформаларды алдыга жылдыруу боюнча саясий курсун колдошкон. Бул тандоонун натыйжасында максималдуу даражада мамлекеттик бийлик органдарындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук системасынын негиз болуучу принциптерин ишке ашырууга кепилдик болгон бийликтин бардык бутактарынын ортосундагы теңдештик бекемделген.
Масштабдуу соттук реформа башталган. Сот адилеттигинин, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу системасын түзүү боюнча, судьяларга тартиптик таасир этүү чаралары боюнча жаңы ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. Сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча негизги кодекстердин жаңы пакети кабыл алынган. Судьяларды тандоо жана дайындоо жол-жоболору өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы түзүлгөн.
Өлкөдөгү натыйжалуу соттук реформа укук коргоо органдарынын системасын реформалоо менен коштолушу керек. Алсак, Кыргыз Республикасынын Президенти 2016-жылдын 18-июлунда № 161 "Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койгон, буга ылайык республиканын укук коргоо органдарынын арасында функциялар рационалдуу кайра бөлүштүрүлгөн. Мурун экономикалык укук бузуулар жана экономикалык кылмыштар боюнча кылмыш иштерди Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тергешкен. Жогоруда аталган Жарлыкты аткаруунун натыйжасында экономикалык укук бузуулар боюнча изин суутпай издөө жана экономикалык кылмыштарды тергөө функциясы бир органга - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (мындан ары - ЭККМК, Кызмат) берилген.
Бул чечимди жарандык коомдун жана ишкердиктин өкүлдөрү жакшы кабыл алышты, анын натыйжасында укук коргоо органдарынын функцияларынын кайталанышы кыскартылган, бул олуттуу түрдө бизнестин ишине негизсиз, кээде мыйзамсыз кийлигишүүнү азайткан. Мындан тышкары, белгиленген тартип мамлекеттик административдик рыноктун жана анын субъекттеринин чөйрөсүндөгү коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.
Республиканын прокуратура органдарындагы тергөө функцияларын жоюуга байланыштуу ЭККМКнын жоопкерчилиги олуттуу түрдө жогорулады. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизгенден кийин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым укуктук ченемдери жазык-процесстик мыйзамдарга имплементацияланган эмес, бирок ченемдик укуктук актылардын иерархиясына ылайык Негизги Мыйзамдын жогорку юридикалык күчүн эске алып, мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү функциялары, жогорку кызмат адамдарын кошпогондо, финансы полициясынын органдарына өттү.
Натыйжалуу жыйынтыктарга жетүү үчүн ЭККМК өзүнүн ишин реформалоого, коррупцияга каршы ийгиликтүү жана жемиштүү күрөшүү үчүн ресурстарды кайрадан бөлүштүрүүгө муктаж.
Ушул Стратегияда сунушталган ЭККМКны реформалоонун жолдору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасында чагылдырылган программалык максаттарга толугу менен ылайык келет, тагыраак айтканда: 19-кадамга - "Укук коргоо системасын трансформациялоо" жана 20-кадамга - "Комплекстүү күрөшүү жана коррупцияны алдын алуу".
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жыйынынын жыйынтыктары боюнча укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарына кыска мөөнөттүн ичинде жеке менчикке кол тийбестиктин конституциялык принцибин коргоону күчөтүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоолор менен, мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлинде коррупциянын бардык көрүнүштөрү менен чечкиндүү күрөшүүгө багытталган бардык чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Бизнести колдоого жана рыноктун муктаждыгына ылайык келүүгө багыттоо
Акыркы чейрек кылымда Кыргыз Республикасы пландуу экономикадан рыноктук мамилелерге өттү. Өлкөбүз глобалдуу дүйнөлүк чарба процесстерине интеграциялануусун улантып жатат. Бирок республикадагы экономика заманбап технологиялык талаптардан, продукциялардын сапатынын атаандаштык деңгээлинен дагы деле артта калууда, сырьелорго көз каранды болуп, тышкы рынокко чыгууда кыйынчылыкка учурайт. Мурунку режимдерден мураска калган саясий туруксуздук жана коррупциянын жогорку деңгээли, айрым контролдогон мамлекеттик органдардын мыйзамсыз иши ири чет өлкөлүк инвестициялардын келүүсү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, натыйжалуу инфратүзүмдү жана экспортко багытталган продукцияны өндүрүүгө мүмкүндүк берген жок. Жогоруда аталган факторлордон башка бизнестин өнүгүшү үчүн олуттуу көйгөй болуп көмүскө экономика саналат, ал өндүрүүчүлөрдүн ортосунда тең эмес атаандаштык шарттарын түзөт.
Негизги аткаруучу орган катары ЭККМК боло турган экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча таасирдүү улуттук доктринаны иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болду. Аталган көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүнүн дагы бир чарасы болуп мамлекеттик органдар менен бизнес-түзүмдөрдүн ортосундагы талаш маселелерди чечүү үчүн коммуникациялык аянтча катарында координациялык кеңешти түзүү эсептелет.
ЭККМКнын жаңы ролун жана милдеттерин аныктоо
Финансы полициясынын органдарынын учурдагы ишинде текшерүү объекттерин администрациялоонун жана терс кесепеттерди нейтралдаштыруунун формалдуу ыкмаларына негизделген иштин эскирген методдору колдонулат. ЭККМКнын иш арсеналында экономикалык кылмыштарды алдын алууга, мамлекеттик бийлик системасында коррупциялык схемаларды табууга жана жоюуга багытталган превентивдүү чаралар жок. Тийиштүү ыкчам иш-чараларын иштеп чыгуунун натыйжалуулугу төмөн болушунун себеби өздүк курамдын аналитикалык жана методикалык даярдык деңгээлинин начардыгында. Экономиканын өнүгүшүнө терс таасир эткен ири коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча системалуу, комплекстүү иш жок.
ЭККМКнын ыкчам ишинин кубаттуулугу системасыз, натыйжасыз пайдаланылат, бул ата мекендик бизнести жандандырууга жана өнүктүрүүгө таасир тийгизе албаган маанисиз жана сапатсыз натыйжаларга алып келет. ЭККМКнын азыркы жумушу мамлекеттик системадагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн жаңы жагдайларын жана жогорку талаптарын жетишсиз даражада эске алат.
Жүктөлгөн милдеттерди ыкчам жана сапаттуу чечүүгө жөндөмдүү болгон системага финансы полициясынын органдарын реформалоо боюнча таасирдүү чараларды көрүү зарылдыгы бышып жетилди. ЭККМК өлкөнүн имидждик жагымдуулугуна зор салым кошууга жана өлкөнүн позициясын "Transparency International" жана "Doing Business" эл аралык рейтингдеринде жакшыртууга жөндөмдүү болгон органга айлануусу зарыл. ЭККМК Кыргыз Республикасынын "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасын жана "Жаңы доорго кырк кадам" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун алкагында өзүнүн ишин болушунча активдештирүүсү керек.
ЭККМК алдына коюлган максаттарга ийгиликтүү жана натыйжалуу жетүү үчүн ак ниет бизнестин кызыкчылыктарын ишеничтүү коргоочусу жана мамлекеттик, муниципалдык бийликтердин бардык деңгээлдеринде ар түрдүү коррупциялык көрүнүштөргө каршы натыйжалуу инструменти болгон ЭККМК ролун жана маанисин күчөтүү зарыл. Коомго болгон мамиленин парадигмасын өзгөртүү, жумушта жогорку натыйжаларга жетүү жана натыйжалуу административдик-башкаруу системасын түзүү жолу менен ЭККМКга калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу керек.
Кызматтын жоюлушу боюнча коркунучтар жана жаңы кайра түзүүлөрдүн вектору
ЭККМКнын ишине коомчулуктун ишениминин төмөн деңгээли жана өлкөнүн бизнес коомдоштугу тарабынан начар бааланышы ЭККМК мамлекеттин финансы-экономикалык кызыкчылыктарын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызыкчылыктарын ишеничтүү коргоону камсыздоо боюнча коомчулуктун, мамлекеттин суроо-талабын канааттандырбайт деп эсептөөгө болот.
Буга байланыштуу ушул Стратегия менен ЭККМК ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралардын программасын иштеп чыгуу каралып жатат. Мындай документти иштеп чыгуу зарылчылыгы ата мекендик экономикада түзүлгөн жана чечкиндүү чараларды кабыл алууну талап кылган объективдүү жагдайлар менен түзүлдү. Мезгилдин талабына ылайык экономикалык кылмыштардын бардык көрүнүштөрүн жоюуга ЭККМК дайыма багыт алып турушу керек. ЭККМК мыйзамсыз пайда алууга жана мыйзамсыз байып кетүүгө каршы ийгиликтүү күрөшкөн натыйжалуу мамлекеттик орган болууга тийиш.
1.2. Стратегияны иштеп чыгуу логикасы
Методология
Стратегиянын максаттарынын негизги пункттарын, тактап айтканда:
өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоону, бизнести коргоону (коррупцияга каршы күрөшүү, жөнгө салынбаган көмүскө экономиканын үлүшүн максималдуу төмөндөтүү аркылуу) эске алуу менен ушул Стратегияны иштеп чыгууда ЭККМК жумушунун натыйжаларына, өнүгүшүнө таасир эткен көрсөткүчтөрдүн жана чоңдуктардын кеңири спектри боюнча көп деңгээлдүү изилдөөнүн төмөнкү методу колдонулду:
- тышкы чөйрөнү талдоо: макроайлананы жана микроайлананы,
- ички чөйрөнү талдоо.
Макроайлананы изилдөөдө төмөнкү тышкы чөйрөнү түзгөндөр эске алынган: экономиканын абалы, укуктук жөнгө салуу, саясий процесстер, социалдык жана укуктук аң-сезим, ошондой эле жарандардын маданияты, технологиялык өнүгүүнүн деңгээли, инфратүзүм.
Микроайлананы изилдөөдө ЭККМК башка мамлекеттик органдар, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ичинен өнөктөштөр, бизнес коомдоштук жана донорлор менен өз ара аракеттенүүсүнүн абалы иликтенген.
ЭККМКнын болгон мүмкүнчүлүктөрүн өзүнө камтыган, жеке ресурстардын санын, сапатын аныктаган ички чөйрө, ушул Стратегияны ишке ашырууда таянууга мүмкүн болгон болжолдуу ачылбаган дарамет абдан кылдат талдоого алынган.
ЭККМКнын ички, тышкы чөйрөсүн талдоонун натыйжалары жогоруда айтылган максаттарды аныктоо менен стратегиялоо жолун тандоо үчүн негиз болгон кырдаалдык талдоону жүргүзүүгө жардам берди.
Кызыкдар тараптардын (бизнестин, өнөктөштөрдүн, донорлордун, коомчулуктун) катышуусу
ЭККМК алдында турган милдеттерди жана көйгөйлөрдү аныктоо боюнча Стратегиянын негизги багыттарын иштеп чыгууга, ошондой эле аларды ЭККМКнын ишине киргизүү жана колдонуу үчүн башкаруунун принциптүү жаңы ыкмаларын, методдорун иштеп чыгууга кызыкдар тараптардын өкүлдөрү тартылган.
Стратегиянын долбоорун талкуулоого Кыргызстандын ишкерлер жана юристтер ассоциацияларынын өкүлдөрү, ЭККМКнын Коомдук кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер катышкан.
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту менен бирге бир катар көп тараптуу жолугушуулар өткөрүлгөн, семинар уюштурулган, анда Стратегиянын мазмунуна камтылган бардык кызыкдар тараптардын сунуштары, пикирлери жана эскертүүлөрү талкууланган жана эске алынган.
Эл аралык тажрыйбаны эске алуу
ЭККМКнын эл аралык кызматташтыгы азыркы убакытка чейин Укуктук жардам жөнүндө конвенция (Минск, Кишинев) боюнча Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өнөктүк органдарынын жана Шериктеш мамлекеттердин салыктык (финансылык) текшерүү органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин ишинин алкагында өз ара аракеттенүү менен көрсөтүлгөн, анын катышуучулары болуп Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Тажикстан Республикасы, Россия Федерациясы, Украина саналат. СТОККда Грузия, Латвия, Эстония жана Өзбекстан Республикасы байкоочулар болуп эсептелет.
Биргеликте иштөө, саналып өткөн өлкөлөрдүн экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү тажрыйбасында колдонулган иштердин ыкмалары жана методдору жөнүндө так, деталдуу көз карашты түзүүгө мүмкүндүк берди.
Басымдуу көпчүлүгү, атап айтканда Азербайжан, Армения, Молдова, Казакстан, Украина, Грузия, Латвия жана Эстония сыяктуу мамлекеттердин салыктык (финансылык) текшерүү органдары фискалдык функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик органдын (мамлекеттик кирешелер комитеттери, агенттиктери, финансы министрлиги) курамына кирет.
Россия Федерациясында салыктык (финансылык) текшерүү органы болуп Ички иштер министрлигинин Экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы саналат. Тажикстанда ушул сыяктуу орган Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттиктин курамдык бөлүгү болуп саналат, ал эми Өзбекстан Республикасында бул орган Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Департамент саналат.
Аналитикалык, божомолдук жана пландык мүнөздө берилген ыйгарым укуктардын, мүмкүнчүлүктөрдүн, ошондой эле алдын алуу чараларды жана ыкчам аракет көрүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн ичинен кыйла таасирдүү болуп Беларусь Республикасынын финансылык текшерүү органы саналат. Бул Департамент Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин курамдык бөлүгү болуп саналат, буга финансылык мониторинг жана финансылык контролдоо департаменттери дагы кирет.
Бирок, белорусь модели Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу принциптерине карама-каршы келип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын шарттарында колдонууга туура келбейт.
ЭККМК - Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча ведомство болуп саналган жалгыз орган. ЭККМК институционалдык трансформация планында өнүгүүнүн жаңы, сапаттуу деңгээлине чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Кыргыз Республикасы ЕАЭБдин гана эмес, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында дагы жаңы чакырыктарга, коркунучтарга туура келген, заманбап талаптарга жооп берген жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн реалдуу механизми болгон укук коргоо органынын жаңы моделин сунуштай алат.
II. КЫРДААЛГА ЖАЛПЫ ТАЛДОО
2.1. Кызматтын 5 жыл ичиндеги ишин жалпы талдоо (экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү)
ЭККМКнын 2012-жылдан тартып 2017-жылга чейинки мезгилдеги ишин талдоо
№ 1 таблица
№ | Жылдар | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 |
1 | Бети ачылган фактылар | 517 | 1096 | 1103 | 1021 | 1218 | 1600 |
2 | Келтирилген зыян (млн. с.) | 653,2 | 1165,9 | 1667,8 | 2256,8 | 2728,8 | 4294,1 |
3 | Өндүрүлгөн сумма (млн.с.) | 243,1 | 620,4 | 1323,7 | 1391,1 | 1858,9 | 2333,5 |
4 | Казыналыктын аймактык бөлүмдөрү аркылуу | 222,5 | 402,4 | 870,2 | 1192,2 | 1480,3 | 1331,5 |
5 | Козголгон кылмыш иштери | 356 | 700 | 779 | 740 | 890 | 1182 |
№ 2 таблица
Жогоруда келтирилген таблицаларда ЭККМКнын ишиндеги бардык негизги көрсөткүчтөр, анын ичинде ведомство түзүлгөн учурдан тартып мамлекеттик бюджетке келтирилген зыянды өндүрүп алуу (накталай акча каражаттары менен) боюнча көрсөткүчтөрдүн динамикасынын жогорулаганы белгиленген. Бирок, жыйынтыктар боюнча келтирилген динамика жетишсиз болуп саналат.
Коррупцияга каршы күрөшүү
ЭККМК Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координациялык кеңешмесинин коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча мүчөсү болуп саналат. Бул функцияга ылайык, ЭККМК мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга, экономикалык мыйзам бузууларга жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнүн абалы, ошондой эле бул багыттагы абалды оңдоо боюнча сунуштар жөнүндөгү маселелерди күн тартибине кошуу үчүн сунуш киргизет.
Ведомстволук ченемдик укуктук актылар боюнча коррупцияга каршы инвентаризациялоо жүргүзүлүп жатат. ЭККМК Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү болуп эсептелет. Мунун негизинде, ЭККМК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында коррупцияга түрткү берген факторлорду аныктоо максатында сунуштарын жана эскертүүлөрүн киргизет.
Ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат жиберилип турат. Жогоруда аталган токтомду аткаруу максатында ЭККМКнын төрагасынын 2016-жылдын 22-июнундагы № 72 буйругу менен ЭККМКда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген.
№ 3 таблица
№ | Жылдар | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 |
1 | Бети ачылган фактылар | 120 | 295 | 292 | 223 | 245 | 338 |
2 | Келтирилген зыян (млн. с.) | 197,6 | 268,9 | 242,3 | 202,3 | 147,4 | 351,5 |
4 | Сотко өткөрүлүп берилген | 42 | 56 | 52 | 38 | 30 | 76 |
5 | Кызматтык кылмыштар | 71 | 171 | 167 | 112 | 141 | 222 |
6 | Пара | 5 | 19 | 23 | 15 | 18 | 28 |
Отчеттук мезгилде коррупциялык көрүнүштөрдүн негизги саны төмөнкү министрликтерде жана ведомстволордо аныкталган:
№ 4 таблица
2012 | 2013 | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | Бардыгы | |
Салык кызматынын органдары | 9 | 19 | 12 | 9 | 29 | 3 | 81 |
Бажы кызматынын органдары |
| 2 | 13 | 7 | 6 | 2 | 30 |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | 30 | 94 | 78 | 59 | 59 | 82 | 402 |
Ички иштер органдары | 5 | 7 | 6 | 11 | 6 | 9 | 44 |
Каттоо кызматынын органдары | 5 | 18 | 15 | 8 | 12 | 31 | 89 |
Саламаттык сактоо органдары | 10 | 15 | 9 | 12 | 9 | 32 | 87 |
Билим берүү органдары | 6 | 16 | 18 | 25 | 28 | 37 | 130 |
Энергетикалык чөйрө | 7 | 17 | 14 | 18 | 7 | 15 | 78 |
Сот органдары | 1 | 1 | 1 | 5 | 1 | 3 | 12 |
Таблицаларда келтирилген статистикалык маалыматтар ЭККМКнын ишиндеги натыйжалардын динамикасы он жагына өзгөргөндүгүн айгинелеп турат.
2.2. Экономикалык кылмыштуулуктун жалпы абалын элестетүүнүн кемчилиги
ЭККМКнын ишиндеги көрсөткүчтөр жыл сайын жакшыргандыгына карабастан экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн жыйынтыктары жетишсиз.
Бул абал республикадагы экономиканын жана финансынын макро, микродеңгээлдеги абалынын жана ааламдык ченемдеги абалынын жалпы көрүнүшүн түзүүгө жөндөмдүү болгон талдоо, божомолдоо жана мониторинг кызматынын жоктугунун натыйжасы болуп саналат. Бул жагдай ыкчам-издөө ишин жүргүзүүнүн таасири аз эскирген ыкмаларын, ыкчам кызматкерлердин ишин баалоонун формалдык, пландык ыкмаларын колдонуунун себеби болуп саналат.
2.3. Экономикалык тренддер жана экономикалык кылмыштуулуктун перспективалары
Заманбап маалыматтык технологиялар жеке адамдарга жана коомго таасир этүү үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берет. Маалыматтык технологиянын өнүгүшүнүн терс натыйжаларынын бири кылмыштуулуктун жаңы формаларынын пайда болушу жана өнүгүшү болуп саналат. Тармактык глобалдашуунун өсүү динамикасын көңүлгө алганда - ар кайсы маалымат булактарында Интернет тармагына дүйнө боюнча 2 миллиардга жакын персоналдык компьютер туташтырылган, ал эми глобалдык тармакка туташтырылган уюлдук телефондордун санына эсеп жетпейт -мындан экономикалык кылмыштуулуктун көпчүлүк түрү кибермейкиндик деп аталган аймакка өтөт деген жыйынтык чыгарууга болот.
Кыргыз Республикасынын "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасынын концепциясына ылайык, "...Бардык өлкөлөрдүн экономикасы глобалдык трансформацияны башынан өткөрүп жатат - инновациялардын натыйжасында эмгек рыногу, өндүрүш процесстери жана ыкмалары өзгөрүп жатат, мурун болбогон жаңы технологиялык товарлар жана кызматтар пайда болууда.", "Таза Коом" республикасынын жарандарынын маалыматты, санариптик инфратүзүмдү жана санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү бардык жерде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну шарттайт, өз учурунда ал санариптик экономиканын негизин түзүп, өлкөнүн атаандашууга жөндөмүнүн, калктын бакубаттуулугунун өсүшүнө дем берет жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт.
Санариптик трансформациянын жүрүшүндө кылмыштуу элементтер сөзсүз түрдө активдүү иштей баштайт жана жалпы коомдук-мамлекеттик мамилелердин жана айрым экономикалык мамилелердин жаңы стандарттарына ылайыкташуу максатында түрүн өзгөртөт.
Кыргыз Республикасынын "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасынын талаптарына ылайык келүү үчүн атайын чаралар комплексин жүзөгө ашыруу зарыл. Кыска убакыттын ичинде заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен жасалган экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө дараметин жогорулатуусу зарыл.
2.4. Келечектеги чакырыктарга, коркунучтарга шайкештиги жана ылайык келиши
Азыркы күндө ЭЭКМК заманбап материалдык-техникалык жабдуу түрүндөгү ресурстук потенциалга; маалыматтык технологияны, финансы рыногун жана банк системасын талдоо жана мониторинг жүргүзүү ыкмасын билген кадрларга ээ эмес; экономикалык кылмыштуулуктун жана коррупциянын заманбап жана келечектеги чакырууларына толук түрдө ылайык келбейт.
Мындан тышкары, көмүскө экономиканын үлүшүн баалоо предметине системалык түрдө изилдөө жүргүзүүнүн жыйынтыгын ишке колдонуу зарылчылыгы бар, ал өз учурунда ыкчам ишти пландоо жана жүзөгө ашыруудагы жалпы түшүнүктү калыптандырууну камсыз кылат жана экономиканын бардык сектору боюнча ЭЭКМК ишин баалоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Кызыкдар мамлекеттик органдардын (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ж.б.) катышуусу менен пландаштырылып жаткан Координациялык аянт бул багыттагы иштерди өз алдынча алып бара алат.
Ушул Стратегияны жүзөгө ашыруу программасында жогоруда аталган бардык маселелердин чечилиши каралган.
III. КЕЛЕЧЕКТИН ОБРАЗЫ ЖАНА МАКСАТ КОЮУ
3.1. ЭККМКнын философиясы жана келечектеги миссиясы
Жарандык коомдун жана бизнестин заманбап талаптарына, рыноктук мамилелердин тездик менен өнүккөн реалияларына жетиштүү түрдө ылайыкташуу, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга чечкиндүү каршы туруу максатында ЭККМК миссиясын жаңылоо боюнча төмөнкүдөй жаңы сапаттарга жетүүнү камсыз кылган чаралардын комплексин кабыл алуусу зарыл:
- ЭККМК - рыноктун адилеттүүлүгүнүн кепили;
- ЭККМК - менчиктин коопсуздугунун кепили;
- ЭККМК - кийлигишүүлөрдөн коргоонун кепили;
- ЭККМК - мамлекеттик экономикалык кызыкчылыктарды коргоонун кепили.
Рыноктун адилеттүүлүгүнүн кепили
Рыноктук мамилелердеги бардык субъекттерге болгон коркунучтун кеңири спектринен коргоо кепили, алардын өз ара мамилесинин теңдигинин кепили, алардын ортосунда пайда болгон каршы пикирлерди ыкчам чечүү өлкөнүн экономикасын пландуу өнүктүрүүнүн негиздүү шарты болуп саналат.
Ушул Стратегияны ишке ашыруунун натыйжасында ЭККМК ата мекендик ишкердиктин гана эле эмес, чет өлкөлүк инвесторлордун дагы кызыкчылыктарын коргоо кепили болууга жөндөмдүү органга айланышы керек. Рыноктун адилеттүүлүгү экономиканын байкалбаган сегментине каршы катуу, компромисси жок күрөшүү менен дагы камсыздалышы керек, бул акырында бардык экономикалык мамилелердин катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүп, ак ниет атаандаштыкты камсыздайт.
Менчиктин коопсуздугунун кепили
Кыргыз Республикасынын экономикасы 2010-жылга чейинки узак мезгилдин ичинде көптөгөн кечеңдетүүчү факторлордун, биринчи кезекте - менчиктин кайрадан бөлүштүрүлүшү менен коштолгон саясий туруксуздуктун айынан өзүнүн өнүгүүсү үчүн нормалдуу шарттары болгон жок.
2010-жылдагы апрель революциясына чейинки саясий режимдердин башкаруу мезгилинде республикадагы экономикалык мамилелер өндүрүштүк ишканаларды, банктарды көп сандаган рейдерлик басып алуулар менен коштолгон.
Иштин мындай абалы Кыргызстандын инвестициялык жактан кызыктыруучулугуна өтө эле терс таасир эткен жана олуттуу сандагы инвестициялык долбоорлордун кетип калышына себеп болгон.
Жеке менчикке кол тийбестиктин конституциялык принциптерин камсыздоо ири инвестициялардын келүүсү үчүн экономиканын өнүгүүсүнүн фундаменталдуу негизи жана жакшы таянычы болуп саналаарын эске алганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин аткаруу үчүн ЭККМК менчиктин ар кандай формаларын рейдерлик басып алуулардан, мыйзамсыз кол салуулардан ишеничтүү коргоочусу болушу керек.
Кол салуулардан корголуучулук кепили
Мамлекеттик (муниципалдык) бийликтин ак ниет эмес өкүлдөрү тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн, көмүскө коррупциялык схеманын болушу, уюшкан кылмыштуулук тарабынан кысым жана ак ниет эмес бизнес, ошондой эле башка бирөөнүн бизнесине мыйзамсыз ээ болуу коркунучу - бул бизнеске болгон басымдын масштабын жана анын өнүгүшүн кечеңдеткен негизги себептерди аныктаган факторлордун жыйындысы.
ЭККМК ишке болгон стилин жана мамилесин коррупциялык элемент, ак ниет эмес бизнес жана уюшкан кылмыштуулук тарабынан ар кандай кол салуулардан бизнестин корголушунун толук кепилдигин жана абалын камсыздагыдай кылып өзгөртүшү керек.
Мамлекеттик экономикалык кызыкчылыктарды коргоо кепили
Тышкы коркунучтарга жана ички опурталдарга туруктуу өздүк, динамикалуу өнүгүп келе жаткан экономика ар бир мамлекеттик түзүлүштүн жашоо-турмушунун негизи болуп саналат.
Тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо жана анын чыгымдалуучу бөлүгүнүн контролго алынышы республиканын мамлекеттик экономикалык кызыкчылыгын коргоонун башкы кепилинин бири катары дайыма ЭККМКнын назарында болушу керек.
3.2. Чоң/глобалдуу максат
ЭККМКны өзгөртүп түзүү
Ушул Стратегияны ишке ашырууда ак ниет бизнестин ишенимдүү өнөктөшү, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу, мамлекетке зыян келтирген экономикалык кылмыштарга максимум каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттин натыйжалуу таянычы болуп саналган органга ЭККМКны өзгөртүп түзүүнү башкы максаты катары коёт.
ЭККМК тарабынан байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын масштабдарын камтуусун кеңейтүү
Кыргыз Республикасында байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын маселелери Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан жыл сайын изилденет. Статистикалык маалыматтарга ылайык Кыргыз Республикасынын ИДПсы 2015-жылы 430,5 миллиард сомду түзгөн, ал эми байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү 102,3 миллиард сом болгон, башкача айтканда ИДПнын 23,8%ын түзгөн.
Республиканын Улуттук статистикалык комитетинин кыйла соңку мезгилдеги расмий маалыматтары жок болгондуктан, ЭККМКнын 2017-жылдагы ишинин 4,2 миллиард сом суммасына мамлекетке келтирилген аныкталган зыян түрүндөгү натыйжаларынын байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын көлөмүнүн көрсөткүчү менен болгон катышы ЭККМКнын республикадагы байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын жалпы көлөмүнүн 4,1%ын камтыганын белгилөөгө мүмкүндүк берет. Бул жагдай финансы полициясынын бул көрүнүштү азайтуу боюнча иштери тиешелүү деңгээлде өткөрүлбөгөнүн же үстүртөн, тиешелүү түрдөгү максаттуу талдоосуз жүргүзүлгөнүн көрсөтүп турат.
3.3. Тапшырмалар (аналитикалык, ыкчам, тергөө, коммуникативдик)
ЭККМКнын аналитикалык иштерге жооптуу иштеп жаткан бөлүмдөрү болгон кадрларынын даярдыгы жок жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан ички чөйрөнүн деңгээлинде, б.а. ЭККМКнын ишинин чегинде гана ишти талдашат, божомолдошот жана пландашат.
Ушул Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүндөгү кайра түзүүлөр экономикалык процесстерге жана микро, макродеңгээлдердеги коррупциялык көрүнүштөргө байкоо жүргүзүүгө жөндөмдүү болгон күчтүү аналитикалык борборду түзүүгө алып келиши керек. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ж.б. сыяктуу бардык компетенттүү органдардан толук жана туура маалыматты ушул борборго туруктуу топтоонун механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.
Өздүк аналитикалык борборду түзүү өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө коркунуч туудурган кыйла кооптуу факторлорду табуу, ири коррупциялык схемаларды аныктоо жана бузуу, көмүскө экономиканын көлөмүнүн реалдуу төмөндөшүнө, анын ичинен өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлинин жана жалпысынан мамлекеттин ИДПсынын жогорулашына күчтөрдү топтоо үчүн ЭККМКнын ыкчам кубаттуулугун максимум натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Ушул Стратегияда каралган ЭККМКда башкаруу системасынын түзүмдүк өзгөрүүсү кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагындагы процесстердин натыйжалуулугун көтөрөт, ошондой эле кылмыш иштерин териштирүүнүн жана материалдарды кароонун жүрүшүндө процесстик чечимдерди кабыл алуу убактысын кыйла кыскартат.
Иш кагаздарын жүргүзүүнүн ички автоматташтырылган системасын киргизүү, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракет системасына ("Түндүк") кошуу менен рыноктун ак ниет жана ак ниет эмес субъекттери боюнча өздүк маалыматтар базасын түзүү аркылуу "Таза Коом" Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо программасына ЭККМКны интеграциялоо бир жагынан ЭККМКнын бардык бөлүмдөрүнүн өндүрүштүк процесстерин интенсификациялоого, экинчи жагынан өзүнүн аналитикалык ишинде башка мамлекеттик органдардын маалыматтар базасын пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Бизнести коргоо функцияларын толук аткаруу, экономиканы көмүскө сектордон чыгарууга, "Таза Коом" улуттук программасынын фундаменталдуу принциптерин ишке ашырууну камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн ЭККМК "Ак ниет бизнес/Ак ниет эмес бизнес" маалыматтык базасын түзүшү керек. Бул маалыматтык ресурсту алуу ачык болгондуктан, жалган ишкерлердин, шектүү кредиттик жана иштиктүү окуялары бар ишкерлердин активдүүлүгүн жок кылууга мүмкүндүк болот.
3.4. Башкаруу системасынын модели
ЭККМКнын учурдагы башкаруу системасы тергөөгө чейинки баскычты жана тергөө баскычын караган колдонулуудагы жазык-процесстик мыйзамдардын базасында түзүлгөн. Жалпысынан система төмөнкүдөй иштин эки негизги багытына бөлүнгөн: ыкчам-издөө иштери (ыкчам иштер боюнча башкармалык, 2-3 административдик-аймактык түзүмдү камтыган райондор аралык бөлүм) жана кылмыштарды териштирүү (борбордук аппараттын тергөө башкармалыгы, облустук тергөө бөлүмдөрү).
Иштин натыйжаларын талдоо азыркы колдонулуудагы башкаруу системасынын жетишсиз натыйжалуулугун көрсөтөт жана аны түп-тамырынан кайра түзүүнү талап кылат.
ЭККМК менеджментинин системасы колдонулуудагы жазык процессинин этаптарын бөлүштүрүү принциптеринде түзүлгөн системадан ыкчам-издөө жана териштирүү функцияларынын өз ара интеграциясы менен экономиканын багыттары жана мамлекеттик органдардын блоктору боюнча иштин сектордук принцибинде түзүлгөн системага өзгөртүлүшү керек.
Экономикалык кылмыштуулуктун жалпы картинасын кыйла толук сүрөттөп берүү үчүн түзүлүп жаткан аналитикалык кызматты макрочөйрө деңгээлинде финансыга жана экономикага мониторинг жүргүзүү функциялары менен күчөтүү зарыл.
3.5. Негизги проблемалар
Азыркы мезгилде ЭККМКнын ыкчам бөлүмдөрү күчтүн жана каражаттардын, кесиптик көндүмдүн жана билимдин чектелгенинен улам көмүскө экономикада болуп жаткан процесстерди катуу ыкчам көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү жок.
Биринчиден, жалпысынан алганда экономикалык мыйзам бузууларга каршы күрөшүү системасыз мүнөзгө ээ, негизги күч-аракет кесепеттерге каршы күрөшүүгө багытталган, ыкчам бөлүмдөрдүн иштеринин натыйжалуулугунун негизги критерийлери жасалган кылмыштарды жана фактыларды аныктоо болгондуктан алдын алуучу иштер, ошондой эле профилактикалык иш-чаралар аз жана жарым-жартылай өткөрүлөт. Практика көрсөткөндөй коррупциялык жана көмүскө схемалар жыйынтыгында мурункудай эле абалда калып, мыйзам бузууларга аралашкан кызмат адамдары гана алмашкандыктан коррупциялык көрүнүштөр менен мындай багытта күрөшүү натыйжасыз.
Экинчиден, азыркы учурда ыкчам бөлүмдөрдө мамлекеттик иштердин бардык багыттары боюнча коррупциялык көрүнүштөргө каршы комплекстүү жана системалуу күрөшүү жана алдын алуу боюнча көз караштары, көндүмдөрү жана тажрыйбалары жок.
Ишкердик субъекттери көп учурда уюшкан кылмыштуулуктун терс таасирине кабылып жаткан фактысын эске алганда, бул маселеде ЭККМКнын ыкчам курамынын дарамети жетпей жатканын белгилөөгө болот. ЭККМКнын ыкчам-тергөө аппаратынын мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү бизнести системалуу түрдө опузалоо, бизнести рейдерлик басып алуу, мүлктү тартып алуу ж.б. коргоого мүмкүндүк берет.
Үчүнчүдөн, кибермейкиндиктеги, электрондук банкинг чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо жана аларга каршы күрөшүү, электрондук система аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү, электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча иштерде ж.б. кандайдыр бир тажрыйба жок.
Төртүнчүдөн, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (изин жашыруу) фактыларынын бетин ачуу, бөгөт коюу жана териштирүүгө багытталган ЭККМКнын республиканын финансылык чалгындоо органдары менен коммуникативдик өз ара аракеттери жетиштүү деңгээлде эмес. Натыйжалуулукту жогорулатуу ЭККМКнын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен кызматташуу маселелерин талап кылат. ЭККМКнын коммуникативдик мейкиндигин эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды колдонуу жолу менен кеңейтүү зарыл.
Негизги максат - көмүскө экономиканы камтууну кеңейтүү
Жогоруда аталган негизги проблемалардан улам ЭККМК тарабынан аныкталган көмүскө экономиканын көлөмү абдан аз. Өнүктүрүү максатында ЭККМК байкоого алынбаган (көмүскө) экономиканын үлүшүн камтуу аймагын 2017-жылдагы 4,1%дан 2023-жылы 10%га чейин көбөйтүүгө багытталган иштиктүү чараларды көрүүгө тийиш.
IV. ЭККМКнын ИЧКИ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫН ОПТИМАЛДАШТЫРУУ
4.1. ЭККМКнын тергөө-ыкчам ишинин учурдагы абалы
2017-жылы тергөөчүлөрдүн өндүрүшүндө жалпы 2427 кылмыш иши болгон, анын ичинен 867 кылмыш иши же териштирилген кылмыш иштеринин 35,7%ы өндүрүш менен аяктаган. Аягына чыгарылган кылмыш иштеринен:
- 508 кылмыш иши же 21%ы сотко өткөрүп берилген;
- 359 кылмыш иши же 14,7%ытоктотулган.
Ар түрдүү негиздер боюнча 1070 кылмыш иши же 44%ы өндүрүш менен убактылуу токтотулган.
Териштирүү аягына чыгарылган кылмыш иштери жана баш тартылган материалдар боюнча аныкталган зыяндын суммасы 1400921188 сомду түзүп, анын ичинен 1122615287 сом өндүрүлгөн, бул 80,1% түздү.
ЭККМКны башкаруу системасындагы негизги проблемалар
ЭККМКнын тергөө-ыкчам иштериндеги негизги проблемалуу учурлары болуп төмөнкүлөр саналат:
- өндүрүшү токтотулган кылмыш иштеринин жогору пайызы;
- мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүүнүн төмөн пайызы.
Иштерди териштирүүнүн жана материалдарды кароонун жүрүшүндө өндүрүш процесстеринин узакка созулушу маанилүү маселелерден болуп саналат.
Кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун аныктоо методикасы башка проблемалардан болуп саналат. Козголгон кылмыш иштеринин саны азыркы кезде ЭККМКнын ыкчам кызматкеринин ишинин көрсөткүчү болуп эсептелет, тергөөчүнүн ишинин натыйжалуулугу сотко өткөрүлгөн кылмыш иштеринин саны боюнча бааланат. Материалдарды тергөө бөлүмдөрүнө өткөрүү процесси төмөнкүдөй ыкмада жүргүзүлөт: ыкчам кызматкер топтолгон материалдар боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн аларды тергөөчүгө өткөрүп берет. Кылмыш иши козголгондон кийин ыкчам кызматкер бул иштен четтейт жана аталган кылмыш ишин ыкчам коштоого катышпайт.
Кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттарын легалдаштыруу (адалдоо) фактылары боюнча республиканын финансылык чалгындоо органдарынын материалдарын ишке ашырууга толук түрдө көңүл бурулбай жатат.
Азыркы учурда аналитикалык иш ЭККМКнын ички чөйрөсүн гана камтыйт, иштин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү "белгилеп гана коюу системасына" негизделет, ал иштин чыныгы абалын чагылдырбайт жана берилген тапшырмаларга карата формалдуу мамиле болуп саналат. Аналитикалык бөлүмдүн болгон дарамети ЭККМКга жүктөлгөн жоопкерчиликтин микро жана макродеңгээлдерин камтууга жөндөмсүз.
Төмөнкүлөр жок:
- өндүрүшү аякталган жана териштирүү процессинде турган кылмыш иштери жана материалдар тууралуу маалыматтарды аккумуляциялоочу ЭККМКнын маалыматтык базасынын автоматташтырылган өздүк системасы;
- тергөө ишинде маалыматтык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү;
- тергөө-ыкчам тобунун ишинде системалуу натыйжаларга жетүү үчүн процессуалдык чечимдердин ылдамдыгын жана тактыгын эске алуучу, өндүрүш процессинин механизмин деталдаштырууну жөнгө салуучу ЭККМКнын ички нускамалары.
Көбүнчө бул шарттардан улам тергөөчү кылмыш ишин сапаттуу жана толук өз алдынча териштирип, жыйынтыгын чыгара албайт, бул түпкү натыйжаларга терс таасирин тийгизет.
4.2. ЭККМКнын миссиясын жаңыртуу боюнча зарыл чаралар
Тергөө-ыкчам иштерин башкаруу системасын оптималдаштыруу
Ыкчам бөлүмдөрдү тергөө аппаратынын бөлүмдөрү менен бириктирүү аркылуу башкаруунун түзүмүн төмөнкүдөй өзгөртүү:
- ЭККМКнын штаттык түзүмүн оптималдаштыруу;
- топ-тайпаларын түзүү;
- локалдуу маалыматтык тармакты киргизүү;
- экономика секторлору жана блоктор, ошондой эле мамлекеттик бийликтин органдары боюнча тергөө-ыкчам бөлүмдөрүн түзүү;
- ыкчам бөлүмдөр менен тергөө аппаратынын дараметин бириктирүү белгилүү деңгээлде өндүрүш процесстеринин ылдамдыгын жогорулатат жана иштин натыйжалуулугун арттырат;
- иштин жүгүн азайтуу аз эпизоддуу, бир типтүү кылмыш иштерин териштирүү боюнча процессуалдык иш-аракеттерин аткаруу убактысын так регламенттөө менен кадамдык нускамаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Кылмыш иштерин териштирүүдө таасирдүү жыйынтыктарга жетүү, ошондой эле экономикалык укук бузууларды аныктоодо, бөгөт коюуда жана алдын алууда жарандардын кызматташуусун өбөлгөлөө үчүн ЭККМКга күбөлөрдү коргоонун жумушчу механизмин киргизүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 1 чечимине ылайык:
- процессуалдык чечимдерди кабыл алууну узакка создуктурууга жана кылмыш иштерин негизсиз токтотуп турууга жол бербөө үчүн тергөө-ыкчам бөлүмдөрүнүн өндүрүш процесстерин так регламенттөө боюнча уюштуруучулук-административдик жана контролдоо чараларын кабыл алуу;
- Жазык укугунун негизги принциптеринин бири - коррупция жана мамлекеттик каражаттарды уурдоо фактылары боюнча жасалган кылмыш иштери үчүн жазалоонун болбой койбостук принцибин ишке ашыруу боюнча ар тараптуу толук чараларды кабыл алуу. Мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын ар бир учуру боюнча аны толук өндүрүп алуу чараларын кабыл алуу.
- ЭККМКнын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштү жоюу максатында Ички териштирүү жана коопсуздук башкармалыгы коррупцияга каршы жүрүм-турум моделин коллективге жайылтуу сыяктуу укук бузууларды алдын алуу жана эскертүү боюнча чаралардын үзгүлтүксүз иштеген программасын иштеп чыгууга тийиш.
Экономикалык жана кызматтык кылмыштуулуктун жалпы картинасын түзүү. "Көрөгөч иш" жөндөмүнө ээ болуу
ЭККМКнын ишинин бардык аспекттерине талдоо, божомолдоо жана мониторинг жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү бөлүмдү түзүү мамлекеттик бийликтин бардык бутактарында коррупциялык көрүнүштөрдү натыйжалуу алдын алууга, бөгөт коюуга, ошондой эле өлкөдөгү байкоого алынбаган (көмүскө) экономиканын анык деңгээлин ченөө үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга так маалыматтарды берүүгө мүмкүндүк берет.
Экономикалык процесстердеги проблемалык маселелерди аныктоо, мамлекеттик органдардын системасында коррупциялык схемаларды жана түзүмдөлгөн коррупциялык тобокелдиктерди белгилөө ыкчам-тергөө бөлүмдөрүнүн (топ-тайпаларынын) ишинин техникалык тапшырмасына киргизилет. Иштин бул участогунун маанилүүлүгүн эске алып, бөлүм кызматтан төмөн эмес статуска ээ болууга тийиш.
ЭККМКнын "көрөгөчтүгүн" камсыз кылууга жөндөмдүү талдоо, божомолдоо жана мониторинг жүргүзүүнүн толук кандуу кызматын түзүү ыкчам-тергөө бөлүмдөрүнө (топторуна) убактылуу факторду пайдаланууну рационалдаштыруу жана чыныгы чоң натыйжаларды көрсөтүү менен конкреттүү милдеттерди коюуга мүмкүндүк берет.
Коммуникациялык мейкиндикти түзүү
ЭККМКнын коммуникациялык чөйрөсүнө Кыргыз Республикасынын бардык бийлик бутактарынын мамлекеттик органдары кирет. Ошону менен бирге аталган мамлекеттик органдар менен документ жүргүзүү кагаз түрүндө жүзөгө ашырылат, бул чечим кабыл алуунун ылдамдыгына жана сапатына терс таасирин тийгизип келет.
Өнөктөштөр менен коммуникацияларды жакшыртуунун максаттары жана ага жетүүнүн жолдору (зарыл чаралар)
Автоматташтырылган документ жүргүзүү күнүмдүк ыкчам-тергөө жана башка милдеттерди чечүү үчүн аталган өз ара аракеттенүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет. Ал үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү ("Түндүк") системасы аркылуу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасына кошулуу.
- "Таза коом" санариптик трансформациялоонун өлкөлүк программасын активдүү киргизүү жана аны андан ары ишке ашыруу ЭККМКнын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка мамлекеттик органдар-өнөктөштөр менен ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
ЭККМКнын алдында эл аралык кызматташтыкты активдештирүү, чет өлкөлөрдүн ушул сыяктуу кызматтары менен өз ара жардамдашуу жөнүндө эки тараптуу келишимдерди түзүү, маалымат жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле заманбап мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүү, анын ичинде:
- байкоого алынбаган (көмүскө) экономиканын үлүшүн аныктоо боюнча изилдөөлөр;
- жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ушул сыяктуу органдары менен эки тараптуу келишимдерди түзүү;
- тажрыйба алмашуу жана өз ишине мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды киргизүү боюнча иш-чаралар аркылуу коммуникациялык чөйрөсүн кеңейтүү милдеттери турат.
4.3. Коомдун жана бизнестин ишенимин калыптандыруу (зарыл чаралар)
Коомдун жана бизнестин ишеним даражасын жогорулатуу боюнча тегерек столдорду, ачык эшик күндөрүн өткөрүү, жалпыга маалымдоо каражаттарында ЭККМКнын ишинин натыйжасын жарыялоо жана башка иш-чаралар түрүндө көрүлгөн кадамдар белгилүү жыйынтыктарды берүүдө. Бирок калктын учурдагы ишеним деңгээлин эске алуу менен ЭККМКнын өздүк курамы тарабынан көрүлгөн аракеттери дагы эле жетишсиз.
Стратегияны ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү жүргүзүү зарыл:
- ЭККМКнын ишин чагылдыруу боюнча медиа-кампанияларды кварталдык негизде өткөрүү;
- экономикалык жана коррупциялык кылмыштуулукту кеңири масштабдуу алдын алуу боюнча программаны, анын ичинде эң эле актуалдуу жана резонанстуу кылмыш иштерин териштирүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо жолу менен ишке ашыруу;
- ЭККМКнын ичиндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнү активдештирүү боюнча программаларды кабыл алуу;
- "Ак ниет бизнес/Ак ниет эмес бизнес" маалыматтык базасын түзүү;
- жаңы коммуникативдик аянтчаны ("ЭККМКнын бизнес/инвесторлор менен диалогу" тегерек столду") уюштуруу боюнча үзгүлтүксүз тажрыйбаны киргизүү.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 1 чечимин аткаруу максатында:
- ЭККМКнын жарандарды үзгүлтүксүз кабыл алган кызматкерлеринин иш-бөлмөлөрүндө видео-байкоо системаларын орнотуу;
- ЭККМКнын системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү максатында ЭККМКнын кызматкерлерин декларациялык кампанияларга үзгүлтүксүз 100% катышуусун камсыз кылуу.
V. СТРАТЕГИЯНЫ БАШКАРУУ
5.1. Кадрдык потенциал
ЭККМКнын кадрдык потенциалын жогорулатуу жана чыңдоо органдын алдында коюлган максаттарга жетүүнүн жана тергөө-ыкчам милдеттерин натыйжалуу чечүүнүн негизги факторлорунан болуп саналат.
Туруктуу, натыйжалуу, мобилдүү кадрдык ресурстарды түзүү үчүн финансылык полиция органдарында кызмат өтөөнүн беделин жогорулатууга багытталган кечиктирилгис чаралардын комплексин кабыл алуу зарыл. Аталган комплекс өзүнө төмөнкүдөй милдеттүү блокторду камтууга тийиш.
Социалдык камсыздоо:
- мезгили-мезгили менен индексациялоо аркылуу эмгек акыны жогорулатуу;
- өбөлгөлөөнүн жана мотивациялоонун бонустук системасын өнүктүрүү;
- ведомстволук турак-жайды куруу;
- кызматкерлердин балдарын мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо;
- кызматкерлерди дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси менен камсыздоо.
Эмгек шарттарын жакшыртуу:
- ЭККМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн административдик имараттарынын инфраструктурасын жакшыртуу, куруу жана оңдоп-түзөө;
- ЭККМКнын автопаркын толуктоо жана жаңылоо;
- тергөө-ыкчам бөлүмдөрүн атайын байланыштын заманбап түрлөрү жана башка атайын каражаттар менен камсыздоо.
Кесиптик квалификацияны жогорулатуу:
- кадрдык иштер жана кесиптик даярдоо бөлүмүнүн базасындагы окуу борборун жабдуу;
- иш стажына жараша максаттуу аудиториялар менен окутуу программаларын ишке ашыруу;
- окуу процессине ата мекендик жана чет өлкөлүк тренерлерди тартуу;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Салыктык (финансылык) текшерүү органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин базалык адистештирилген окуу жайларында окууга заказдар.
Кызматка дайындоо жана көтөрүлүү
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралдагы № 1 чечимине ылайык орто жана улук звенодогу жетекчилерди кызматка дайындоо, бошотуу жана көтөрүү маселелери ЭККМКнын жетекчилигинин туруктуу контролунда болот.
5.2. ЭККМКнын ченемдик-укуктук базасын жаңылоо боюнча сунуштар
ЭККМКнын ишинин натыйжасынын начардыгына көбүнчө жетиштүү ченемдик-укуктук базанын жоктугу себеп болот. Буга байланыштуу Стратегияны ишке ашыруу процесси төмөнкү ченемдик укуктук актылардын пакетин демилгелөөнү талап кылат.
1. "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башкаруу системасын оптималдаштыруу жана бекитүү жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын штаттык санын көбөйтүү жөнүндө" токтому.
5. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
6. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
5.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченем жаратуу ишине сунуштар
Кыргыз Республикасынын санариптик экономикага өтүүсү, электрондук өкмөт программасын, "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу мамлекетти жана коомду экономикалык, коррупциялык жана башка кылмыштуулуктун терс көрүнүштөрүнөн тазалоого багытталган социалдык маанилүү кадам болуп саналат.
Бирок, бардык жерди санариптештирүү экономикалык жана кызматтык кылмыштуулуктун кибермейкиндикке өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
Буга байланыштуу кылмыш-жаза мыйзамдарын кылмыштын жаңы курамдары менен толуктоо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. ЭККМКтин кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте бажы, салык, банк, бюджет чөйрөлөрүн жана башка чөйрөлөрдү жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөөсү зарыл.
5.4. Ресурстук камсыздоо
Стратегияны ишке ашыруу тийиштүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар менен каржыланат.
5.5. Мониторинг жана баалоо
Стратегияны ишке ашыруунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баалоо ЭККМКнын ведомстволук буйругу, зарыл болгон учурда башка кызыкдар мамлекеттик органдарга макулдашуу менен бекитилүүчү Стратегияны ишке ашыруу планында белгиленген сапаттык жана сандык индикаторлордун жардамы менен ишке ашырылат..
Стратегияны ишке ашыруу процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо квартал сайын алардын жыйынтыктарын ЭККМКнын төрагасынын деңгээлинде талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жыл сайын отчет берүү менен жүргүзүлөт. Бул Стратегиянын максаттарынан мүмкүн болушунча четтеп кетүүнү алдын алууга жана Ишке ашыруу планына керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Коомчулукту жана бизнес өкүлдөрүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо процессине тартуу максатында Стратегияны ишке ашыруунун орто аралык жыйынтыктары ЭККМКнын расмий веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде кыйла белгилүү интернет-басылмаларында жарыяланат.
5.6. Стратегияны ишке ашырууда мүмкүн болгон тобокелдиктер
Мүмкүн болгон ички жана тышкы таасирлер төмөнкүлөр:
- объективдүү саясий процесстерден улам макрочөйрөнүн өзгөрүшү;
- ЭККМКнын жетекчилигинин алмашуусуна байланыштуу микрочөйрөнүн өзгөрүшү, башкаруунун орто деңгээлиндеги кадрлардын туруксуздугу;
- Стратегиянын планын ишке ашырууну каржылоого байланышкан проблемалар;
- башка мамлекеттик органдар тарабынан анын аткарылышына бөгөт коюу;
- ЭККМКнын өздүк курамынын жаңы стандарттарга ылайыкташууга каалоосунун жоктугу ж.б.
Стратегиянын кооптуу тышкы таасирлерге туруктуулугу анын башкы максаты - ЭККМКнын бүткүл дараметинин бизнести коргоого, чет элдик инвестициялар үчүн Кыргызстандын экономикасынын жагымдуулугун жогорулатууга, системалык коррупцияга реалдуу каршы күрөшүүгө багытталгандыгы менен кепилденген. Белгиленген максаттардын маанилүүлүгү аныктама боюнча Стратегиянын туруктуулугунун маанилүү кепилдигин түзөт.
VII. СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАРЫ
Күтүлгөн натыйжаларга төмөнкүлөр кирет:
- бизнести жана жеке менчикти реалдуу жана натыйжалуу коргоо;
- жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик органдардын ишинде коррупцияны төмөндөтүү.