Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-февралы № 89
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 298 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобонун 9-12-пункттарын чечмелөө (түшүндүрүү) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 298 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобонун 9-12-пункттарында белгиленген ченемдерди колдонуунун бир түрдүү практикасын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 298 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобонун 9-12-пункттарын чечмелөө (түшүндүрүү) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомду жетекчиликке алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 298 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобонун (мындан ары - Жобо) 9-12-пункттарын колдонуунун тартибин тактоо жөнүндө Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.
Жобонун 9-пунктуна ылайык Салыктык максаттарда макулдашуучу мамлекеттин резидентин каттоо Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарына, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 12-главасында көрсөтүлгөн негиздерге, мөөнөттөргө жана тартипке ылайык ишке ашырылышы керек.
Жобонун 10-пунктундагы "Тиешелүү Салык макулдашуусунда каралган салык жеңилдиктерин берүү" деген сөздөрдүн маанисин "Тиешелүү Салык макулдашуусунда каралган дивиденддер, проценттер жана роялти боюнча салыктык жеңилдиктерди берүү" катары түшүнүү зарыл.
"Салыктык жеңилдиктер" деген сөздөрдүн маанисин Салык макулдашуусунун тиешелүү беренелеринде каралган туруктуу мекеме түзбөстөн Кыргыз Республикасында иштеген макулдашуучу мамлекеттин резидентинин кирешесине карата салыктын төмөндөтүлгөн ставкасын (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салыктык ставкага салыштырмалуу) колдонуу мүмкүнчүлүгү катары түшүнүү зарыл, аны колдонуу макулдашуучу мамлекеттин мындай резидентине калган салык төлөөчүлөргө караганда кыйла ыңгайлуу абалда турууга мүмкүндүк берет. Салыктык жеңилдиктерге Салык макулдашуусунда каралган жагдайлар кирбейт, мында туруктуу мекеме түзбөстөн Кыргыз Республикасында иштеген макулдашуучу мамлекеттин резидентинин кирешесине ошол макулдашуучу мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
Туруктуу мекеме түзбөстөн Кыргыз Республикасында иштеген макулдашуучу мамлекеттин резидентинин салыктык жеңилдиктерди колдонуу укугу макулдашуучу мамлекеттин ушундай резиденти тарабынан салык агенти кирешеден салык кармап калган учурга чейин Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча арыз берүү аркылуу же макулдашуучу мамлекеттин ушундай резиденти тарабынан салык агенти кирешеден салык кармап калгандан кийин Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген форма боюнча арыз берүү аркылуу ишке ашырылат.
Жобонун 10-пунктун аткарууда Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча арыз туруктуу мекеме түзбөстөн Кыргыз Республикасында иштеген макулдашуучу мамлекеттин резиденти тарабынан Кыргыз Республикасы менен резиденти болуп саналган мамлекеттин ортосунда түзүлгөн Салык макулдашуусунун "дивиденддер", "проценттер" жана "роялти" деген беренелеринин жоболоруна ылайык макулдашуучу мамлекеттин резидентинин кирешелеринин окшош түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген ставкага салыштырмалуу салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы каралган учурда берилет.
Жобонун 11-пунктун аткарууда макулдашуучу мамлекеттин резиденти дивиденддер, проценттер жана роялти боюнча салыктык жеңилдиктерди алуу үчүн Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча түзүлгөн арыз менен бирге контракттарды жана уюмдаштыруучу документтерди берүүгө тийиш.
Жобонун 12-пунктун аткарууда макулдашуучу мамлекеттин резиденти төлөнгөн салыктын суммасын кайтарып алуу максатында киреше төлөөчү жактын катталган жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймактык салык органына Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген форма боюнча арыз берет.