Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-майы № 298
Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 5-беренесине ылайык, ошондой эле макулдашуулардын негизинде келишүүчү тараптардын ортосунда кирешеге жана капиталга кош салык салууну жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун күчү 2012-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 298 токтому менен бекитилген |
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларын (Конвенцияларын) (мындан ары - Салыктык макулдашуулар) ишке ашыруунун тартибин, кирешеге жана мүлккө кош салык салууну жок кылуу, макулдашкан мамлекеттин резидентин коргоо жана экинчи макулдашылган мамлекеттин басмырлоочу салык алуусунан жеңилдик алуу жагынан аныктайт.
2. Салыктык Макулдашуулар конкреттүү Салыктык Макулдашуунун шартына жараша кирешеге жана капиталга (мүлккө) салыктарга карата колдонулат. Кыргыз Республикасында мындай салыктар болуп кирешеге салык жана пайдага салык, чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алган, Кыргыз Республикасында туруктуу уюштурууга байланыштуу эмес кирешесине салык эсептелет.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн салыктар жалпы кирешеге жана кирешенин элементтерине, жалпы капиталга жана капиталдын элементтерине салыкты; кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ажыратуудан түшкөн кирешеден салыкты, капиталдын өсүшүнөн салыкты; ишканалар төлөөчү эмгек акыдан же маянадан киреше боюнча салыкты камтыйт. Эмгек акы фондунан чегерүү эмгек акынын жалпы суммасынан салык катары каралбайт.
4. Макулдашуучу мамлекеттердин биринде салык мыйзамдары өзгөргөн учурда, Салыктык Макулдашуу Салыктык Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин Салыктык Макулдашууга кошумча же мурда айтылган салыктардын ордуна алынчу бирдей же олуттуу окшош бардык салыктарга карата колдонулат.
5. Кыргыз Республикасында тигил же бул жактын резидентинин статусу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аныкталат.
6. Салыктык Макулдашуудан келип чыккан "макулдашуучу мамлекеттин резиденти" деген термин ушул макулдашуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган жерине, туруктуу турган жерине, башкаруучу жерине же ушул мүнөздөгү башка критерийлерине жараша салык салынууга тийиш болгон жакты билдирет, жана бул мамлекетти жана анын ар кандай администрациялык бөлүктөрүн же жергиликтүү бийлик органын да камтыйт.
Макулдашуучу мамлекетте ушул макулдашуучу мамлекеттеги булактардан же анда жайгашкан капиталдан (мүлктөн) алынган кирешеге гана карата салык салынууга тийиш болгон жактар резидент болуп саналбайт.
7. Эгерде бир макулдашуучу мамлекеттин резиденти киреше алса же мүлккө (капиталга) ээ болсо, аларга тиешелүү Салык Макулдашуусунун жоболоруна ылайык, экинчи макулдашуучу мамлекетте салык салынса, биринчи мамлекет төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
1) бул резиденттин кирешесине салыктан ушул экинчи макулдашуучу мамлекетте төлөнгөн салыкка барабар сумманы кемитүүгө;
2) бул резиденттин мүлкүнө (капиталына) салыктан мүлккө (капиталга) салыкка барабар сумманы кемитүүгө.
Бул кемитүүлөр кандай болгон күндө да ушул экинчи макулдашуучу мамлекетте колдонулган салык ставкалары боюнча кирешелерге же мүлккө (капиталга) эсептеле турган кирешелерге же мүлккө (капиталга) салыктардын суммасынан, башкача айтканда, кемитүү берилгенге чейин эсептелген кирешеге же мүлккө (капиталга) салыктардан ашууга тийиш эмес.
8. Эгерде, тиешелүү Салык Макулдашуусунун жоболоруна ылайык, макулдашуучу мамлекеттин резидентинин алынган кирешелери же мүлкү (капиталы) ушул макулдашуучу мамлекетте салыктан бошотулса, ал ошого карабастан макулдашуучу мамлекеттин резиденттин кирешесинин же мүлкүнүн (капиталынын) калган бөлүгүнө салыктардын суммасын эсептөөдө анын кирешесинин же мүлкүнүн (капиталынын) салык салуудан бошотулган суммасын эске алышы мүмкүн.
9. Салыктык максаттарда макулдашуучу мамлекеттин резидентин каттоо Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылышы керек.
10. Тиешелүү Салык Макулдашуусунда каралган салык жеңилдиктерин берүү үчүн туруктуу мекемени түзбөстөн Кыргыз Республикасында иш жүргүзүп жаткан жана Кыргыз Республикасы ал резиденти болуп саналган мамлекет менен түзгөн Салык Макулдашуусунун жоболоруна ылайык салык жеңилдиктерине укугу бар макулдашуучу мамлекеттин резиденти Кыргыз Республикасынын аймактык салык кызматына кирешени төлөгөн жактын катталган жери боюнча Жобонун 1-тиркемесинде берилген форма менен арыз берүүгө тийиш.
Андай арыз ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн тартипке ылайык толтурулат.
11. Макулдашуучу мамлекеттин резиденти дивиденддер, проценттер жана роялти боюнча салыктык жеңилдик алуу үчүн контракттарды, уюштуруу документтерин тапшырышы керек.
Зарыл болсо тийиштүү аймактык орган кошумча маалыматтарды сурашы мүмкүн.
Киреше төлөөчү Кыргыз Республикасынын резиденти соода операциялары жүргүзүлгөн фактылар чагылдырылган бухгалтердик документтерди (счет-фактура, эсептик-төлөө, банктык жана башка документтер) көрсөтүшү керек.
12. Эгер Кыргыз Республикасы менен Салык Макулдашуусун түзгөн мамлекеттин резиденти болгон чет өлкөлүк компанияда Салык Макулдашуунун жоболорунда каралган жеңилдиктерге укугу болсо, анда ал төлөнгөн салыктын суммасын кайра алуу максатында салык төлөгөн жак катталган жердеги Кыргыз Республикасынын аймактык салык органына Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча арыз берүүгө тийиш.
13. Бул арыздагы бардык акчанын суммалары төлөнгөн (которулган) валютада көрсөтүлөт. Салыктык жеңилдиктер кирешени алуучу эмес, алардын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан берилиши мүмкүн. Андай учурда ыйгарым укуктуу жак нотариуста таризделген ыйгарым укугун көрсөтүшү керек. Мында жогоруда көрсөтүлгөн формадагы арыз тийиштүү аймактык салык органына салык кармалган күндөн тартып доонун мөөнөтү өткөнгө чейин берилиши керек. Ал мөөнөт бүткөндөн кийин берилген арыздар кароого алынбайт.
14. Кыргыз Республикасынын салык органдары менен чет өлкөлүк юридикалык жактардын ортосунда пикир келишпестик болсо, андай жактар тарабынан берилген, бардык тастыктоочу документтери тиркелген арызы Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан каралат.
15. Салыктык Макулдашуу түзүлгөн мамлекетте иштеген жана ал мамлекетте салыктык жеңилдик алуу укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн дарегине тийиштүү Салыктык Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын резиденттерин бул макулдашылган мамлекеттерде кирешеге же мүлккө (капиталга) салык төлөөдөн бошотуу жөнүндө жана кирешеге же мүлккө (капиталга) төлөнгөн салыкты кайра алуу жөнүндө арыздын формасы тууралуу суроо-талаптарын жибере алышат.
|
Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобого 1-тиркеме |
1. Резидент эмес юридикалык жак.
Резидент эмес-чет өлкөлүк юридикалык жактын толук аталышы же резидент эмес жеке адамдын Ф.А.А.
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Резиденти болгон өлкөдөгү толук дареги:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Резиденти болгон өлкө ________________ өлкөнүн коду _____________
Резиденти болгон өлкөдөгү салык органында катталган номери _______ _______________________________________________________________________
2. Эгерде бар болсо, ыйгарым укуктуу орган. Толук аталышы, ыйгарым укуктары, дареги, телефону жана резиденти болгон өлкөнүн салык органындагы каттоо номери ____________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. Киреше булактары жөнүндө маалымат
Киреше төлөөчү жактын толук аталышы
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Киреше төлөөчү салыктык агенттин толук дареги
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
ИНН ______________________________________________________________
Кирешенин түрү ___________________________________________________ _______________________________________________________________________
Контрактын номери ________________________________________________
контрактын күнү __________________________________________________
Салыкты кармаганга чейинки кирешенин толук суммасы _______________ _______________________________________________________________________
(суммасы цифра менен жана сөз менен)
a) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча Салыктын ставкасы
кармалууга тийиш болгон салыктын суммасы
__________________________________________ _________________
b) Макулдашуу боюнча кармалууга тийиш Салыктын ставкасы
болгон салыктын суммасы
__________________________________________ _________________
c) Кармалбай турган салыктын жалпы суммасы
(а) сабынын маалыматтары минус b) сабынын маалыматтары) __________ _______________________________________________________________________
4. Киреше алуучунун сертификаты
Муну менен төмөнкүлөрдү ырастайм:
а) аталып жаткан киреше Кыргыз Республикасы менен
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(өлкө)
ортосундагы Макулдашууда (Конвенцияда) аныкталгандай туруктуу уюштурууга же туруктуу базага таандык эмес;
b) айтылып жаткан кирешени иш жүзүндөгү алуучумун;
c) бул кирешеге
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(өлкө)
салык салынууга тийиш;
d) арызда айтылган маалымат туура жана толук. Келечекте болушу мүмкүн болгон ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык органдарына өз учурунда маалымдоого милдеттенем;
е) ушул Арыздын 3-пунктунда көрсөтүлгөн киреше болгон күнгө карата компания - арыз ээси иш жүзүндө төлөй турган компаниянын капиталынын ______ кем эмес пайызына (добуш укугуна) ээ болгон.
Юридикалык Ф.А.А.
жактын
М.О.
_____________________________
_____________________________
_____________________________
Кызмат орду __________________________________
Колу _________________________________________
Толтурулган дата жана орду _______________________________________
5. Арыз ээси резиденти болгон мамлекеттин компетенттүү же ыйгарым укуктуу органы ________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ арыз ээси _______________________ ж. бою чындыгында эле резиденти болуп
(өлкө)
тургандыгын ырастайт.
Кыргыз Республикасы менен ____________________________ ортосундагы
(өлкө)
Макулдашуунун максатында
Арызда көрсөтүлгөн
кирешелер
(белгиленет)
Резиденти болгон тийиш
өлкөдө салык салынууга
Резиденти болгон тийиш эмес
өлкөдө салык салынууга
Юридикалык Ф.А.А.
жактын
М.О.
_____________________________
_____________________________
_____________________________
Кызмат орду __________________________________
Колу _________________________________________
Толтурулган дата жана орду _______________________________________
6. Кыргыз Республикасынын салык/компетенттүү органынын чечими (бул арыз боюнча кайсы орган чечим кабыл алаары көрсөтүлөт)
_______________________________________________________________________
Бул арызда көрсөтүлгөн маалымат Кыргыз Республикасы менен ________
_________________________ ортосундагы Макулдашуунун (Конвенциянын)
____________ статьясынын жоболоруна ылайыктыгын жана Макулдашуунун
жоболоруна ылайык көрсөтүлгөн кирешеден кармалууга тийиш болгон
салыктын суммасы _________________________________________________ _______________________________________________________________________ ______________________________________________________ экенин ырастайт.
(суммасы цифра жана сөз менен)
Жетекчи __________________________________________________________
Ф.А.А. __________________________________________________________
Колу __________________________
М.О. Толтурулган дата ______________
| Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобого 2-тиркеме |
1. Арыз үч нускада толтурулат, алар төмөнкүлөргө арналган:
1-нуска - салык агенти эсепке алынган жердеги салык органына;
2-нуска - арыз ээси резиденти болгон өлкөдөгү анын компетенттүү же ыйгарым укуктуу органына;
3-нуска - өзү үчүн арыз толтурула турган жакка.
2. Арыздын биринчи жана экинчи пункттарын резидент эмес юридикалык жак жана жеке адам толтурат.
3. Биринчи пунктта арыз ээсинин төмөнкүдөй реквизиттери көрсөтүлөт:
1) резидент эмес юридикалык жактын аталышы, же резидент эмес жеке адамдын фамилиясы, аты-жөнү;
2) резиденти болгон өлкө;
3) резиденти болгон өлкөнүн салык органындагы дареги жана каттоо номери.
Эгерде бул арызды ыйгарым укуктуу адам толтурса, ыйгарым укуктуу адамдын реквизиттерин көрсөтүү зарыл.
4. Арыздын экинчи пунктун ыйгарым укуктуу өкүлү толтурат, эгер андай бар болсо.
5. Арыздын үчүнчү пунктун салык агенти толтурат. Бул пунктта анын бардык реквизиттери жана киреше жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) контракт түзүлгөн күн жана номери;
2) кирешенин суммасы;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык кармалууга тийиш болгон салыктын ставкасы жана суммасы.
6. Төртүнчү пунктта арыз ээси (резидент эмес юридикалык же жеке жак) маалымат туура жана толук көрсөтүлгөнү жөнүндө ырастоо берүүгө тийиш. Ошондой эле иш жүзүндө кирешени алуучу экендигин жана бул киреше Кыргыз Республикасындагы туруктуу уюштуруу аркылуу алынбагандыгын жана резиденти болгон өлкөдө салык салына тургандыгын ырастайт.
7. Бешинчи пунктта резиденти болгон өлкөнүн компетенттүү же ыйгарым укуктуу органы ушул мамлекет менен түзүлгөн Салыктык Макулдашууга ылайык арыз ээсинин резиденттигин ырастоого, ошондой эле көрсөтүлгөн кирешеге резиденти болгон өлкөдө салык салына тургандыгы жөнүндө ырастап, колу жана мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүүгө тийиш. Бул бөлүмдө макулдашуучу мамлекеттин компетенттүү же ыйгарым укуктуу органынын аталышы көрсөтүлөт.
8. Алтынчы пунктта Кыргыз Республикасынын салык же компетенттүү органы зарыл маалыматты текшергенден кийин арызда көрсөтүлгөн маалымат Салыктык Макулдашуунун жоболоруна ылайык келе тургандыгын ырастайт жана Кыргыз Республикасынын бюджетине кармалуучу салыктын суммасын жазат да, аларды колу жана ушул мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрөт, мында күбөлөндүргөн адамдын фамилиясы, аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлөт.
9. Бул Арызда бардык акча каражаттары төлөмдүн валютасы менен көрсөтүлөт.
| Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобого 3-тиркеме |
1. Чет өлкөлүк юридикалык жактын (резидент эместин) жана резиденти болгон өлкөнүн толук аталышы __________________________________________
2. Кыргыз Республикасы менен _____________________________________ _______________________________________________________________________
(өлкөнүн аталышы, Макулдашуунун толук аталышы)
ортосундагы Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешеден төлөм булагынан кармалган салыктын суммасын ___________________________________________ кайра берүүнү өтүнөм.
3. Салык агентинин аталышы жана дареги (ишкананын аталышы же салыкты кармаган адамдан Ф.А.Ж.) ________________________________________
4. Кирешени төлөө (которуу) датасы _______________________________
5. Салыкты кармаганга чейинки кирешенин суммасы __________________
6. Кармалган салыктын суммасы ____________________________________
7. Кайра берилүүгө тийиш болгон салыктын суммасы _________________
Кайра берилүүчү сумманы төмөнкүдөй эсепке которууну өтүнөм № _____ _______________________________________________________________________
(банктын аталышы жана реквизиттери)
Муну менен көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын ырастайм.
Арыз толтурулган дата ___ жылдын "___"______________ ____________
(колу)
Компетенттүү же ыйгарым укуктуу орган ____________________________ _________________________________________төмөнкүлөрдү ырастайт:
а) _________________________________________________________ менен _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(өлкөнүн аталышы, Макулдашуунун толук аталышы)
ортосундагы Макулдашуу жагынан чындыгында эле арыз ээсинин ____________ туруктуу жайгашкан жери бар.
б) арыз ээси Кыргыз Республикасында алган кирешеге _______________ _______________________________________________________________________
(өлкөнүн аталышы)
________________________________________________ салык салынууга тийиш.
Толтурулган дата ___-жылдын "___"____________ _________________
(колу)
М.О.
Компетенттүү органдын чечими
Шарттуу банктык аманатта жайгаштырылган сумманы тескөөгө укук берилет (берилбейт)______________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(сумма цифра жана сөз менен)
Салык кызматынын начальниги: _____________________________________
(ф.а.ж.)
_____________________________________
(колу)
М.О. 20___ -жылдын "___"__________________