Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 64
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2017-жылдын 15-августу, № 93 (2818)) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Негизги ооруларды дарылоо үчүн калкты натыйжалуу, коопсуз, илимий негизделген дары каражаттары менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын тизмеги, ошондой эле бул тизмекке киргизилген дары каражаттарына бааларды түзүү методикасы бекитилет.".
2-берене.
"Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2017-жылдын 15-августу, № 93 (2818)) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-берене менен толукталсын:
"6-1-берене. Медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо
"2. Калкты натыйжалуу, коопсуз, илимий негизделген медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жашоодо өтө маанилүү медициналык буюмдардын тизмеги, ошондой эле бул тизмекке киргизилген медициналык буюмдарга бааларды түзүү методикасы бекитилет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 15-февралынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти