Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 92
"Айыл чарбасын каржылоо - 6" долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына 2018-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү жана айыл чарба кооперациясын мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Айыл чарбасын каржылоо - 6" долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- "Айыл чарбасын каржылоо - 6" долбоорун ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин каражаттарынан субсидиянын биринчи траншын каржыласын;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда субсидиялардын экинчи жана үчүнчү транштарын каржылоо үчүн зарыл каражаттарды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо - 6" долбоорунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
"Айыл чарбасын каржылоо - 6" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына 2018-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба кооперативдерин арзан жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 36 ай.
Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга республикалык бюджети, коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин каражаттары.
Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2018-жылдын февралы.
Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик уюмдар.
Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында 2018-жылдын ичинде өсүмдүк өстүрүүнү жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке адамдарына жеңилдетилген пайыздык ставка менен берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди берүү үчүн коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын 2018-2020-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидиялайт.
Кредиттерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Берилген кредиттерди кайтарууда коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер бардык тобокелдиктерди өздөрүнө алышат жана зайымчыларды тандоонун ички процедураларынын негизинде жүргүзүшөт.
Коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер ушул Долбоордун алкагында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кепилдиги менен чарба субъекттерин каржылоого укуктуу.
Коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер зайымчылардын карыздарын кайра каржылоого укуктары жок.
Долбоорго катышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер зайымчыларга төмөндөгүдөй негизги жалпы шарттарда кредит берүүгө милдеттүү:
Максаттуу тармак | Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылык, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү |
Аяккы пайыздык ставка | жылына 10 пайыз - "мал чарбачылык" жана "өсүмдүк өстүрүү" тармактары үчүн; жылына 6 пайыз -"айыл чарба азыктарын кайра иштетүү" тармагы үчүн; жылына 8 пайыз: - бак өстүрүүчүлүк менен алектенген субъекттер үчүн; - ушул тиркеменин 2-главасында көрсөтүлгөн тизмеге ылайык асыл тукум мал сатып алуучу субъекттер үчүн |
Кредиттин мөөнөтү | 36 айдан ашык эмес |
Жеңилдетилген мезгил | Карыздардын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу |
Айылдык аксакалдар кеңешинин жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын негизинде жеке кредиттер боюнча 100 (жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү жана топтук кредиттер боюнча 500 (беш жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 12 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Ошону менен бирге, бул максаттар үчүн багытталган жалпы сумма берилген кредиттин жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпоосу керек.
Коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик мекемелерге өз чыгымдарынын эсебинен Долбоордо көрсөтүлгөн убакыттан кыйла узак мөөнөт белгилөөгө уруксат берилет.
Кредит бөлүүдө кластердик өндүрүш системасын киргизүүчү, кластерди уюштуруучу жана региондордогу айылдардын адистешүүсүн эске алып кошумча нарктын чынжырчасында катышкан чарба субъекттерге артыкчылык берилет.
Эгерде потенциалдуу зайымчылардын күрөө менен камсыз кылуусу жетишсиз болсо алар "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кепилдик фонду" ААК) кепилдик алуу үчүн арыз менен кайрылууга укуктуу.
"Кепилдик фонду" ААКынын кепилдиги кредиттик келишим боюнча субъекттин камсыз кылынбаган бөлүгүнө берилет.
Кепилдиктер Финансы-кредиттик уюм менен "Кепилдик фонду" ААКынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим түзгөн коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик уюмдарга берилет.
Бул тармак үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 50 пайызынан ашпашы керек, анын ичинен 10 пайыздан кем эмеси асыл тукум малын сатып алуу үчүн жумшалууга тийиш.
Бул тармакка төмөнкүдөй субъекттер кирет:
- топоз өстүрүүнү кошкондо, бодо мал өстүргөн;
- кой, эчки, жылкы, коён өстүргөн;
- канаттууларды (тоок, өрдөк каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүргөн;
- аары балын жана аары момун өндүрүүнү кошкондо бал аарысын өстүргөн;
- балык өстүргөн жана балык питомниктеринин жана балык фермаларынын иши;
- чочко өстүргөн.
Асыл тукум малга төмөнкүдөй породалар кирет:
- бодо мал (ала-тоо, карала, аулие-ата, ошондой эле голштин, джерсей, симменталь, айшир, герефорд, голланд, ярослав, холмогорск уйлары), топоздор жана аттар;
- кой (уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай жана меринос).
Ушул Долбоордун алкагында бул тармактын субъекттери бир зайымчыга 3 (үч) млн сомго чейин кредит ала алышат. Асыл тукум мал жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн мал алып жаткан субъекттер, менчигинин түрүнө карабастан - жеке жактар да, юридикалык жактар да 10 (он) млн сомго чейин кредит ала алышат.
Бул тармактын субъекттери кыш мезгилинде тоют сактоо үчүн шарттарды кошкондо айыл чарба жаныбарларын кармоо жана өстүрүү үчүн баардык зарыл болгон шарттарга ээ болушу керек.
Өз продукцияларын жеткирип берүүгө иштетүүчү ишканалар менен келишимдерди (контракттарды) түзгөн субъекттерге артыкчылык берилет.
Мал сатып алуу үчүн кредит алган субъекттер сатып алынган жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган документин 3 айдын ичинде берүүгө милдеттүү.
Коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик уюмдар ушул Долбоордун алкагында зарыл болгон учурда субъекттер берген маалыматтардын тууралыгы жөнүндө кошуналарынан жана айылдаштарынан сурамжылоого укуктуу.
Бул тармак үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан ашпоого тийиш, анын ичинен бак өстүрүүчүлүккө 50 пайыздан ашпайт.
"Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагына төмөнкүлөр кирет:
- дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;
- жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- бак өстүрүүчүлүк, көчөт өстүрүүчүлүк;
- күнөскана чарбачылыгын жүргүзүү;
- мөмө жана жер-жемиш өстүрүү;
- тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү;
- сактоо жана кампага коюу.
Ушул Долбоордун алкагында кредит алуу үчүн өсүмдүк өстүрүүчүлүктө иштеген субъекттерде жеке менчик же ижарага алынган айыл чарба багытындагы жери жана ушундай жери бардыгын ырастаган документи (күбөлүк, ижара келишими, сатып алуу-сатуу келишими ж.б.) милдеттүү түрдө болушу керек.
"Өсүмдүк өстүрүү" тармагынын субъекттери үчүн кредиттин максималдуу суммасы боюнча чектөөлөр коюлган эмес.
"Өсүмдүк өстүрүү" тармагынын субъекттери, бул тармак өзгөчө жана сезондуу болгондуктан кезексиз кредит ала алышат.
Бул тармактагы артыкчылыктуу багыт болуп экспортко чыгарылуучу айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнү каржылоо, ошондой эле күнөскана чарбачылыгын жүргүзүү жана тамчылатып сугаруу системасын киргизүү боюнча долбоорлорду каржылоо саналат.
Бул тармак үчүн жумшалуучу каражаттар каржылоонун жалпы суммасынын 25 пайызынан кем эмесин түзүшү керек.
Бул тармакка төмөнкүлөр кирет:
- айыл чарба продукцияларын (дан, чанактуу эгиндер, бодо малдын жана кой-эчкинин эти, териси, сүтү ж.б.) иштетүү;
- балык жана балык азыктарын иштетүү жана консервалоо;
- жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү иштетүү жана консервалоо;
- өсүмдүк жана малдын майын өндүрүү;
- айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют өндүрүү;
- минералдык сууларды кошпогондо, айыл чарба продукцияларынан тамак-аш азыктарын өндүрүү (анын ичинде айыл чарба азыктарынын экинчи жолу иштетилүүчү чийки затынан);
- айыл чарбасы үчүн жер семирткичтерди жана азот кошулмаларын өндүрүү;
- айыл чарба азыктарын упаковкалоо, жыюу жана сактоо, анын ичинде жашылча кампалары;
- айыл чарба малын жана канаттууларын союу цехтери;
- айыл чарба азыктарын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатууну уюштуруу боюнча логистикалык борборлор.
Биринчи категориядагы субъекттерге 20дан ашык жумушчу оруну болгон ишканалар кирет жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн көлөмү 150 (жүз элүү) млн сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит ала алышат.
Экинчи категориядагы субъекттерге 20га чейинки жумушчу оруну болгон ишканалар кирет жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн көлөмү 10 (он) млн сомдон ашпаган кредит ала алышат.
Ушул Долбоордун алкагында негизги жана жүгүртүү каражаттарын, ошондой эле эмгек акы фондун каржылоону камтыган өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн.
Бул тармактын субъекттери Кыргыз Республикасынын резиденти болуусу жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын салык кызматында жана Социалдык фондунда талаптагыдай катталуусу керек.
Бул тармактагы артыкчылыктуу субъекттер болуп төмөндөгүлөр саналат:
- экспортко багытталган айыл чарба продукцияларынын ээлери;
- жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен айыл чарба продукцияларын (чийки заттарын) берүүгө келишимдерди (контракттарды) түзгөндөр.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоосу бар болгон учурда кайра иштетүүчү ишканалардын ушул Долбоордун алкагында параллель каржылоо алышына жол берилет.
Жеңилдетилген кредиттерди берүүдө коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коммерциялык банктардын/финансы-кредиттик мекемелердин кредит берүүсүнүн ай сайынкы көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери кабыл алынат:
- проценттик ставканын көлөмүнө карабастан, субсидиялоонун ставкасы жылына 8,33 пайызды түзөт;
- 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 14,93. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 7,41 эсептик коэффициенти боюнча 2018-жылы, бир бөлүгү - 5,72 эсептик коэффициенти боюнча 2019-жылы жана бир бөлүгү - 1,8 эсептик коэффициент боюнча 2020-жылы которулат;
- 24 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти - 10,76. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 7,26 эсептик коэффициенти боюнча 2018-жылы, бир бөлүгү - 3,51 эсептик коэффициенти боюнча 2019-жылы которулат;
- 12 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялар - субсидиялоонун 6,60 эсептик коэффициенти боюнча 2018-жылы которулат.
Субсидиялардын ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелип чыгат. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүүнүн мөөнөтүнө жараша ар кандай болушу мүмкүн, бирок 8,33 пайызды түзгөн субсидиялоонун ставкасы өзгөрүүсүз калат.
Эсептик коэффициенттерге ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик мекемелерге үч транш менен которулат, анын ичинен:
- биринчи транш - субсидиялар ар бир айдын аягында, коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер өткөн айда иш жүзүндө беришкен кредиттик каражаттардын суммасына которулат;
- экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
- үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
Долбоорго катышууга каалоосун билдирген коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер ушул токтом күчүнө киргенден кийин 10 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү республиканын облустары боюнча бөлүү менен кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүп берүүлөрү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүүлөрү керек.
Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында аны ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер кредит берүүнүн шарттары жөнүндө, ошондой эле бул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталуучу мезгил/убакыт жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында, коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин маалымат такталарында жана расмий сайттарында жарыялоого тийиш.
Коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик уюмдар өз каражаттарынан комиссиялык же башка жыйымдарды албастан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү шарттарда кредиттерди беришет:
- пайыздык ставка "өсүмдүк өстүрүү" жана "мал чарбачылык" тармактары үчүн жылдык 10 пайызды түзөт;
- пайыздык ставка "айыл чарба продукциясын кайра иштетүү" тармагы үчүн жылдык 6 пайызды түзөт; асыл тукум малды ушул тиркеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеге ылайык сатып алган субъекттер үчүн жылдык 8 пайызды түзөт;
- кредитти төлөө мөөнөтү - 36 айдан ашык эмес;
- кредит боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө кредиттик макулдашууга ылайык карыздын негизги суммасын төлөө боюнча 6 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт берүү менен жүргүзүлөт.
Долбоордун алкагында субсидия алуу үчүн коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер айдын 10уна чейин, ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн айдагы кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө беришет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиянын суммасын эсептөөнү эсептешүү коэффициенттерине ылайык жүргүзөт жана субсидиянын траншын коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик мекемелерге которуу үчүн тиешелүү айга финансылык планды даярдайт.
Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү айдын аягына чейин которулат.
Коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишине көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишке ашырат.
Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды башка максатка пайдалануу тобокелдиги бар.
Аталган тобокелдикти азайтууну коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер белгиленген тартипте ишке ашырат.
Кредиттик каражаттардын башка максатка пайдалануусу белгилүү болгондо, коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер тиешелүү актыны түзүп, зайымчыдан кредиттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга жана кредитти алган күндөн баштап жылдык 30 пайыз өлчөмүндөгү пайыздык ставканы коюуга тийиш. Мындай учурда коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер алынган субсидиянын каражаттарын берилген кредиттик суммалардан эсептик коэффициенттерди эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенишет.
Коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер субсидиянын каражаттарын башка максатка пайдалануу тобокелдигин азайтуу максатында:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин субсидияны максатка ылайык пайдалануу ишин белгиленген тартипте көзөмөлдөйт;
- коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер Долбоорго ылайык жайгаштырылган кредиттердин көлөмү боюнча ар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчётторду берип турушат;
- субсидиянын каражаттарын коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер башка максатта пайдалануусу аныкталганда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптуу тартипте андан аркы субсидиялоону токтотууга жана субсидиянын траншына айыпты (которгон күндөн баштап) жылдыгы 30 пайыздык өлчөмдөгү пайыздык ставка боюнча эсептөө жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Эсептелген айыптардын суммасы жана которулуп берилген субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарылып берилүүсү керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан милдеттенмелерди толук эмес аткаруу тобокели:
- Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү ай аяктаганга чейин республикалык бюджеттен субсидия боюнча биринчи транштын суммасын банктардын жана ФКМдин алыш-бериш эсептерине субсидиялоонун эсептик коэффициенттерине жана субсидияны которуу тартибине ылайык которот;
- субсидиянын экинчи жана үчүнчү транштарын төлөп берүү үчүн каражаттар "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда каралат.
Кредиттик каражаттарды толук эмес ылгап алуу тобокели:
- Долбоорго көп коммерциялык банктарды жана финансы-кредиттик мекемелерди тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык субсидиялоонун эсептик коэффициенттерин жана субсидияларды төлөө тартибин эске алуу менен Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жалпы көлөмү гана чектелет;
- коммерциялык банктар жана финансылык-кредиттик уюмдар фермердик, дыйкан чарбалардын жана кооперативдердин мүчөлөрүнө топтук кредит берүү механизмин колдонууга укуктуу.
Табигый катаклизмдер коркунучу:
- табигый катаклизмдерден улам зайымчылар тарабынан кредиттердин кайтарылбай калуу тобокели пайда болгон учурда коммерциялык банктар жана финансылык-кредиттик уюмдар аны азайтуу боюнча чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча көрүшөт.
Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануунун мониторингин коммерциялык банктар жана финансылык-кредиттик уюмдар төмөнкүдөй жүргүзүшөт:
- зайымчылар кредит алган учурдан баштап 2 айдын ичинде кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарга документтүү ырастоолорду (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар жана/же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү жөнүндө төлөм документтери жана башкалар) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланганы жөнүндө отчётторду берүүгө тийиш;
- зайымчыдан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө отчётту алгандан кийинки 3 айдын ичинде коммерциялык банктардын/финансылык-кредиттик уюмдардын ыйгарым укуктуу кызматкерлери текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчётту тариздөө менен, жерине барып мониторинг жүргүзүшөт. Кредит максатсыз пайдаланган учурларда тийиштүү акт түзүлүшү керек жана аталган кредит боюнча пайыздык ставка кредит берилген күндөн баштап жылдык 30 пайызга чейин көбөйтүлүүгө тийиш.
Зайымчылар коммерциялык банктарга/финансылык-кредиттик уюмдарга кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгын ырастаган төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- зайымчынын жашаган/катталган жери боюнча тиешелүү айыл өкмөтүнүн чарба китебиндеги сатып алынган малдын катталгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн милдеттүү белгиси менен, малды сатып алуу-сатуу контрагынын/келишиминин көчүрмөсү же малдын сатып алынгандыгын ырастаган маалымкат;
- сатып алынган үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар (мындан ары - КММ), ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөгөндүгүн ырастаган төлөм документтердин, контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын көчүрмөлөрү (каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчёт менен кошо берилүүгө тийиш).
Төмөнкү учурларда:
- кредит алуу мөөнөтү менен агротехникалык иштерди жүргүзүүнүн оптималдуу мезгилинин ортосунда ажырым болгондо кредит берилген күнгө чейинки эки айдан эрте эмес таризделген дата менен актоочу документтерди кабыл алууга жол берилет;
- үрөндү, минералдык жер семирткичти жана КММны сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү, ошондой эле жеке жак статусуна ээ адамдардын ортосунда техниканын кызматын көрсөтүү боюнча бүтүмдөр түзүлгөн учурда сатуучунун акча каражатын алгандыгы жөнүндө тил катын тиркөө менен жана аталган тил катта паспорттук маалыматтарын, сатылган үрөндүн же башка продукциянын/көрсөтүлгөн кызматтын санын, сортторун көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүн башчысы күбөлөндүргөн контракт/сатуу-сатып алуу келишими же кызмат көрсөтүүгө контракт/келишим актоочу документ боло алат;
- алыскы айылдардын тургундары КММны биргелешип ыйгарым укуктуу адам аркылуу сатып алышкан учурда мындай ар бир кредиттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчётто КММны биргелешип алгандыгы көрсөтүлөт жана автомай куюучу станциялардан алынган бардык төлөм документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет.
Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында коммерциялык банктар жана финансылык-кредиттик уюмдар Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр боюнча зайымчылардын кредитти максаттуу пайдалануулары жөнүндө агрегирленген маалыматты беришет:
- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн ишканалардын, анын ичинде айыл чарба кооперативдеринин жана кайра иштетүү (иштетүү) ишканаларынын саны;
- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында ийгиликтүү иштеп жаткан ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
- мурда иштебей токтоп турган, кайра ишке киргизилген ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
- өндүрүштүн жана сатуунун жалпы көлөмү;
- жалпы экспорттун көлөмү;
- Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында жабдууларды сатып алууга пайдаланылган финансылык каражаттардын саны, түрү жана суммасы;
- Долбоордун алкагында кайра иштетүү ишканаларына тапшырылган айыл чарба продукцияларынын көлөмү.