Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-июлу № 319
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-июлундагы № 319 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) (мындан ары - Каржылоо жөнүндө макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет жана финансы боюнча комитети - 2017-жылдын 30-октябрындагы чечими, Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети - 2017-жылдын 31-октябрындагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети - 2017-жылдын 31-октябрындагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-декабрындагы № 564-б буйругу менен жактырылган.
Каржылоо жөнүндө макулдашууга "Восток" магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоого жана жеке жылуулук пункттарын модернизациялоого инвестицияларды тартуу максатында кол коюлган. Аталган Каржылоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасына 6 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, 38 жылдык мөөнөткө, 0,75% пайыздык ставка менен 23,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит, ошондой эле 23,0 млн. АКШ доллары суммасында грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлөт. Мындан тышкары, Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасына Долбоордун потенциалын чыңдоого жана ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө багытталган (негизги долбоордук документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү, консультанттардын кызматтарын көрсөтүү жана потенциалын чыңдоо жана маалымдуулукту жогорулатуу үчүн кадрларды даярдоо) техникалык жардам көрсөтүлөт. Кредит жарым жылда бир жолу, ар бир жылдын 15-апрелинде жана 15-октябрында төлөнөт.
Каржылоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу бул каражаттар белгиленген тартипте "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомуна рекредиттеле тургандыгына байланыштуу мамлекеттик бюджетке оорчулук алып келбейт.
Мында "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому тарабынан кредиттин төлөнүшү "Восток" магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоонун жана жеке жылуулук пункттарын модернизациялоонун жыйынтыгында жылуулук энергиясынын жоготууларын азайтуунун натыйжасында түшкөн пайданы көбөйтүүнүн эсебинен ишке ашырылат.
Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерди алып келбейт.