Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу № 331
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Сочи шаарында 2018-жылдын 14-майында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Сочи шаарында 2018-жылдын 14-майында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Сочи шаарында 2018-жылдын 14-майында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Сочи шаарында 2018-жылдын 14-майында кол коюлган протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 331 токтому менен жактырылган |
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Сочи шаарында 2018-жылдын 14-майында кол коюлган протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Сочи шаарында 2018-жылдын 14-майында кол коюлган протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин 8-беренесинин 1-пунктуна ылайык ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын Евразия экономикалык бирлигинин беш мүчө мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү ченеми Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифтерин колдонгон датадан баштап үч жылдык мөөнөткө белгиленген.
Ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемин колдонуу мезгили 2018-жылдын 12-августунда аяктайт, анткени Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифтерин 2015-жылдын 12-августунан тартып колдоно баштады.
Протоколдо 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин 8-беренесинин 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык союзунун Бирдиктүү бажы тарифтерин колдоно баштаган датадан баштап үч жылдын ичинде" деген сөздөрдү "2019-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мөөнөткө" деген сөздөр менен алмаштыруу аркылуу ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн колдонуудагы ченемдерин узартуу каралууда.
Таблицада ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү ченемдери:
| 2015-жылдын 12-августуна карата | 2017-жылдын 1-январына карата |
Армения Республикасы | 1,11% | 1,22% |
Беларусь Республикасы | 4,56% | 4,56% |
Казакстан Республикасы | 7,11% | 7,055% |
Кыргыз Республикасы | 1,90% | 1,90% |
Россия Федерациясы | 85,32% | 82,265% |
2018-жылдын 18-апрелинде мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде болуп өткөн Евразия экономикалык бирлигинин кеңешинин жыйынында ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемдерин колдонуу мөөнөтүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Евразия экономикалык комиссиясы 2018-жылдын 25-апрелиндеги № ТЖ-997/09 каты менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерине мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн Протоколдун долбоорун жиберген, анда узартуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин көрсөтүлгөн. Бул Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 164-б буйругу менен принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылган.
2018-жылдын 14-майында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчыларынын деңгээлинде өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Беларусь Республикасынын Президентинин сунушу менен ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемдерин колдонуу мөөнөтүн 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Мында Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрү менен бирге 2018-жылдын декабрындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү ченемдерин эсептөө методикасын иштеп чыгуу жана аны макулдашуу боюнча иштин жүрүшү жөнүндө маалымат берүү тапшырылган. Эгерде мүчө мамлекеттер 2018-жылдын декабрына чейин макулдашылган чечимге келишпесе, бөлүштүрүү ченемдерин колдонуу мөөнөтү узартылат.
Протоколдун 2-беренесинин экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын демилгеси менен документтин долбоорун талкуулоо учурунда мыйзамдарында эл аралык келишимдерди убактылуу колдонуу мүмкүнчүлүгү каралбаган мүчө мамлекеттерге карата Протоколду Кыргыз Республикасы тарабынан жазылгандай колдонуу максатында киргизилген.
Протоколду ратификациялоо республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.