Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 510
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктун ишке ашыруу, табигый-илимий, математикалык, техникалык багыттардагы предметтер боюнча жана маалыматтык технологиялар, профилдик билим берүү, жогорку деңгээлдеги кадрларды кошумча кесипке чейинки даярдоо чөйрөсүндө инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3 | Атайын интернаттарда жана мектептерде, "Акылман" президенттик лицейинин тарбиялануучулары жана кызматкерлери үчүн | 220 |
".
2.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 03-октябрындагы № 79 (3528) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |