Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 616 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-июлу № 337
"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-21-беренелерин ишке ашыруу максатында, ''Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Карын энелик методду колдонуу тартиби жана шарттары 1-тиркемеге ылайык;
- Жыныстык клеткалардын донорлугунун тартиби жана шарттары, ошондой эле жыныстык клеткаларды сактоо жана пайдалануу шарттары 2-тиркемеге ылайык;
- Жасалма уруктандырууну өткөрүү тартиби 3-тиркемеге ылайык;
- Редукцияны өткөрүү үчүн медициналык көрсөтүүлөрдүн тизмеси 4-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 токтому менен бекитилген |
Карын энелик методду колдонуу ТАРТИБИ ЖАНА ШАРТТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул карын энелик методду колдонуу тартиби жана шарттары карындагы баланы көтөрүү үчүн карын энелик методду колдонуунун тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. Карын энелик деген бул карын эне (донордук эмбрионду көчүргөндөн кийин түйүлдүктү көтөрүп жүрүүчү аял) менен жыныстык клеткалары уруктандыруу үчүн пайдаланылган потенциалдуу ата-энелер, же медициналык көрсөткүчтөр боюнча карындагы баланы көтөрүү жана төрөө мүмкүн болбогон жалгыз бой эне ортосунда түзүлгөн карын энелик келишим боюнча карындагы баланы көтөрүүнү жана төрөөнү (анын ичинде мөөнөтүнөн мурда төрөөнү) билдирет.
3. Карын эне катары жашы 20дан 40ка чейинки, өзүнүн жок дегенде бир биологиялык баласы бар, ден соолугу канааттандырарлык деген медициналык корутунду алган, психикалык жана соматикалык жактан ден соолугу таза, медициналык-генетикалык консультациядан өткөн аял боло алат.
2-глава. Карын энелик методду колдонуу тартиби жана шарттары
4. Жарандар медициналык көрсөткүчтөр боюнча карын энелик методду пайдалануу аркылуу ата-эне болууга укуктуу.
Карын энелик методду пайдалануу нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн келишимдин (мындан ары - келишим) негизинде гана мүмкүн. Эгерде карын эне никеде турса, келишим түзүүгө күйөөсүнүн макулдугу керек. Келишим жубайлар же алардын таламдарын билдирген адамдар менен түйүлдүктү көтөрүп жүрүү жана баланы төрөө максатында эмбрионду имплантациялоого макулдугун берген аялдын (карын эненин) ортосунда, баланын төрөлүү мөөнөтүнө карабастан түзүлөт. Карын эне бир эле учурда урук клеткасынын донору боло албайт.
5. Карын эне боюна бүткөндө (12 жумага чейин) эрте медициналык көзөмөлгө турууга, үзгүлтүксүз көрүнүп жана дарыгердин сунуштамаларын так аткарууга, өзүнүн ден соолугуна дайыма кам көрүүгө, тамеки чегүүдөн, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алкоголду керектөөдөн баш тартууга, жубайлардан бөлөк жашаган учурда кош бойлуулуктун өтүшү тууралуу аларга айтып турууга милдеттүү.
6. Карын энеге эмбрионду имплантациялоого макулдүк берген жубайлар, кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилдерде анын ден соолугун чыңдоого байланышкан материалдык чыгымдарды келишимге ылайык көтөрүшөт.
7. Бири-бири менен никеде турушкан жана боюна көтөрүп жүрүү максатында башка аялга эмбрионду имплантациялоого келишим түзүшкөн адамдар бала төрөлгөн учурда жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энелери болуп жазылышат.
8. Карын эне менен келишим түзгөн жубайлардын жарандык абалдын актыларын жазуу китебине баланы өздөрүнүн атына каттаткан учурга чейин андан баш тартууга укугу жок.
9. Бала өлүү төрөлсө, же карын эне менен келишим түзгөн адамдар баладан баш тарткан учурда, алар карын энеден ага медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөп берүүгө байланышкан материалдык чыгымдардын ордун толтурууга жана берилген сый акынын суммасын кайра талап кылууга укуксуз.
10. Карын энеликти колдонууга карата медициналык көрсөткүчтөр:
- жатындын жоктугу (тубаса же кабылданган);
- өнүгүүнүн тубаса кемчиликтеринде же оорулардын натыйжасында жатын көңдөйүнүн жана моюнчасынын деформациясы;
- эндометриянын патологиясы (синехиялар, жатын көңдөйүнүн облитерациясы, эндометриянын атрофиясы);
- жакшы сапаттагы эмбриондорду көчүргөндө боюна бүтпөй калган экстракорпоралдык бойго бүтүрүүнүн кайталанган аракеттери нечен жолу (3 жана андан көп) ийгиликсиз болгон учурлар;
- кош бойлуулукту адаттагы көтөрүп жүрө албастык (анамезде 3 жана андан көп өз алдынча бойдон түшүүлөр).
11. Карын энелик программаны жүзөгө ашырууда экстракорпоралдык уруктандыруунун базалык программасы төмөнкү этаптардан турат:
- генетикалык жана карын эненин айыздык циклдерин синхрондоштуруу;
- генетикалык эненин суперовуляциясын стимуляциялоо;
- генетикалык эненин ооциттерин алуу;
- генетикалык эненин ооциттерин күйөөсүнүн (өнөктөшүнүн) же донордун атайын даярдалган спермасы менен инсеминациялоо;
- эмбриондорду культивациялоо;
- карын эненин жатын көңдөйүнө эмбриондорду көчүрүү (2 эмбриондон көп эмес көчүрүү керек, 3 эмбрионду көчүрүү жөнүндө чечимди карын эне, дарылоочу врач тарабынан толук маалымат алгандан кийин жазуу жүзүндөгү маалымдалган ыктыярдуу макулдугунун негизинде кабыл алат).
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 токтому менен бекитилген |
Жыныстык клеткалардын донорлугунун тартиби жана шарттары, ошондой эле жыныстык клеткаларды сактоо жана пайдалануу ШАРТТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул жыныстык клеткалардын донорлугунун тартиби жана шарттары, ошондой эле жыныстык клеткаларды сактоо жана пайдалануу шарттары (мындан ары - Тартип) жыныстык клеткаларды жана биоматериалдарды сактоо, ошондой эле жыныстык клеткалардын донорлугунун жана аларды пайдалануунун тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- биоматериал (биологиялык материал) - тирүү жандын ар кандай ткандары, алсак - чачы, териси, каны, жыныстык клеткалары;
- криоконсервация - тоңдуруудан эриткенде биологиялык функциялары калыбына келүү мүмкүндүгү менен тирүү биологиялык объекттерди төмөн температурада сактоо;
- эмбрион - уруктандыруу учурунан баштап 10-акушердик жумага чейинки (49 дней) адамдын түйүлдүгү;
- реципиент - башка организмден (донордон) кайсы бир биологиялык материалды алуучу организм.
3. Жарандар өздөрүнүн жыныстык клеткаларын, репродуктивдик органдарынын ткандарын жана эмбриондорду криоконсервациялоого жана сактоого укуктуу.
4. Ашыкча жыныстык клеткаларга (эмбриондорго) карата кийинки тактика (донорлук, криоконсервация, утилизация) жөнүндө чечимди ошол жыныстык клеткалардын жана биоматериалдардын ээси болгон адам кабыл алат жана сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен донорлук жана криоконсервация жөнүндө келишимди жана нотариус аркылуу ырасталган жазуу жүзүндөгү макулдугун тариздейт.
5. Конкреттүү адамдын тукумун жаратуудан сырткары адамдын эмбрионун коммерциялык, аскердик, өнөр жайлык жана башка максаттар үчүн алууга тыюу салынат.
6. 20дан 35 жашка чейинки, соматикалык жана психикалык жактан дени соо, медициналык-генетикалык текшерүүдөн өтүшкөн жарандар жыныс клеткаларынын донорлору болууга укуктуу.
2-глава. Жыныстык клеткаларды жана биоматериалдарды сактоо тартиби
7. Жыныстык клеткаларды жана биоматериалдарды криоконсервациялоо жана сактоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен клиникалык протоколго ылайык саламаттык сактоо уюмдары, криосактагычтар тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Саламаттык сактоо уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыныстык клеткаларды жана биоматериалды сактоого жана криоконсервациялоонун шарттарын аткарууга жооптуу болот.
9. Алынган жыныстык клеткаларды жана биоматериалды транспорттоо 36,6-37 °C температурада өткөрүлүүгө тийиш. Материал алынган учурдан тартып 3 сааттан кечириктирилбей эмбриологиялык лабораторияга жыныстык клеткаларды жана биоматериалды транспорттоо боюнча иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууну караштырган медициналык уюм тарабынан жеткирилиши керек.
10. Транспорттоо үчүн биоматериалды берүүдө коштоочу катты тариздөө зарыл, анда анонимдүү донор(лор)дун аты-жөнүнөн тышкары төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- биоматериалдын түрүн көрсөтүү менен криоконсервациялоонун датасы;
- пациент тууралуу маалымат (эмбриондорду криоконсериациялоо учурунда - жыныстык клеткалары уруктандыруу үчүн колдонулган эркектин жана аялдын);
- тоңдурулган биоматериалдын сапаты;
- биоматериалды криоконсервациялоо жана сактоо үчүн чөйрө;
- транспорттоо үчүн биоматериалдарды берүү датасы;
- транспорттоо үчүн биоматериалды кабыл алган адамдын колу.
3-глава. Жыныстык клеткалардын донорлугунун жана аларды пайдалануунун тартиби менен шарттары
11. Ооциттердин жана сперманын донорлугу клиникалык, лабораториялык жана медициналык-генетикалык текшерүүдөн өткөндөн кийин донор аялдын жана эркектин макулдугу болгондо ишке ашырылат.
12. Көмөкчү репродуктивдик технологиялардын программаларында донордук ооциттерди пайдалануу үчүн көрсөтүүлөр:
- табигый менопауза, энелик тукум бездердин мөөнөтүнөн мурда жарактан чыгуу синдрому, резистенттүү энелик тукум бездеринин синдрому, овариоэктомиядан, радио же химиялык терапиядан, генетикалык оорулардан кийинки абалдар менен шартталган ооциттердин жоктугу;
- экстракорпоралдык бойго бүтүрүү программаларын (эмбрионду сперматозоиддин инъекциясы менен ооциттин цитоплазмасына имплантациялоо) ишке ашыруу көп ирет ийгиликсиз болгон учурлар, энелик тукум бездеринин суперовуляцияны стимуляциялоого карата жообунун жетишсиздиги, көчүрүлүшү боюна бүтүүгө алып келбеген төмөн сапаттагы эмбриондорду нечен жолу алуу, овариалдык резервдин азайуусу.
13. Ооциттердин доноруна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча ооциттердин донорунун жеке картасы таризделет.
14. Донордук ооциттерди пайдалануу менен көмөкчү репродуктивдик технологияларда донор аялдан энелик тукум клеткаларын алуу үчүн суперовуляцияны стимуляциялоо жана энелик тукум бездеринин фолликулдарын пункциялоо алардын маалымдалган ыктыярдуу макулдугунун негизинде өткөрүлөт.
15. Донордук сперманы пайдалануу менен экстракорпоралдык уруктандыруу үчүн көрсөтүүлөр:
- күйөөсүнүн (өнөктөшүнүн) спермасын пайдалануу менен экстракорпоралдык уруктандыруу программасынын (эмбрионду ооциттин цитоплазмасына сперматозоиддин инъекциясы менен имплантациялоонун) натыйжасыздыгы;
- аялдын жыныстык өнөктөшүнүн жоктугу;
- күйөөсүнүн (өнөктөшүнүн) азооспермиясы;
- күйөөсүнүн (өнөктөшүнүн) тукум куучу оорулары.
16. Сперманын доноруна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча сперма донорунун жеке картасы толтурулат.
17. Донорду тандоо жол-жобосун жеңилдетүү үчүн донордун тышкы маалыматтары жөнүндө (бою, салмагы, көзүнүн түсү, чачынын өңү, мурду жана кулагынын формасы ж.б.), ошондой эле донордун медициналык, медициналык-генетикалык текшерүү жыйынтыгы, расасы жана улуту тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен сперма донорлорунун тизмеси түзүлөт.
18. Көмөкчү репродуктивдик технологияларды колдонгон саламаттык сактоо уюмдарында донордук сперманы колдонууда криоконсервацияланган донордук сперманы эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу боюнча журнал Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча жүргүзүлөт.
19. Криоконсервацияланган донордук сперманы колдонууга донорду кандагы трепонемага, В жана С гепатиттеринин вирустарына, ВИЧке антителолорду аныктоодо текшерүүнүн кайталанган (криоконсервациядан алты айдан кийин) жыйынтыктары терс чыкканда гана уруксат берилет.
20. Донорлук үчүн эмбриондор донордук ооциттерди донордук сперма менен уруктандыруунун натыйжасында алынышы мүмкүн.
21. Донорлук максатта пациенттерге экстракорпоралдык уруктандыруу өткөрүлгөндөн кийин калган эмбриондорду пайдаланууга мүмкүн, мындай шартта эки тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу керек.
22. Криоконсервация өткөрүлбөгөн жана криоконсервацияланган донордук эмбриондорду колдонууга уруксат берилет.
23. Донордук эмбриондорду пайдаланууда реципиенттерди донорлордун сырткы көрүнүшү, ошондой эле донорлорду медициналык, медициналык-генетикалык текшерүүнүн жыйынтыгы, расасы жана улуту жөнүндө милдеттүү түрдө маалымдайт.
24. Донордук эмбриондорду пайдалануу менен экстракорпоралдык уруктандырууну өткөрүү үчүн көрсөтүүлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- өнөктөштөрдүн өздөрүнүн жыныстык клеткаларынын жоктугу;
- тукум куучу оорулардын өнүгүү коркунучу жогору;
- көчүрүлүшү боюна бүтүүгө алып келбеген төмөн сапаттагы эмбриондорду бир нече жолу алуу (3 же андан көп жолу экстракорпоралдык уруктандыруу аракетинде).
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 337 токтому менен бекитилген |
Жасалма уруктандырууну өткөрүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул жасалма уруктандырууну өткөрүү тартиби (мындан ары - Тартип) көмөкчү репродуктивдик технологиялардын методдорун колдонуу менен жасалма уруктандырууну өткөрүү тартибин жөнгө салат.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- көмөкчү репродуктивдик технологиялар - пациенттин кош бойлуу болушуна багытталган медициналык технологиялардын, дарылоо методдорунун жана жол-жоболорунун жалпы аталышы, мында бойго бүтүрүүнүн айрым же бардык этаптары болочок эненин организминен тышкары өтөт;
- инсеминация - уруктандыруу максатында эркектин жыныстык клеткаларын жатын көңдөйүнө жасалма салуу жолу менен жасалма уруктандыруунун методу;
- эмбрионду ооциттин цитоплазмасына сперматозоидди инъекциялоо менен имплантациялоо - жогорку сапаттагы сперматозоидди тандоону жана аны аялдын урук клеткасына түз киргизүүнү камтыган көмөкчү репродуктивдик технология;
- экстракорпоралдык уруктандыруу - аялдын организминен сырткары сперматозоиддерди жана урук клеткаларын бириктирүүнү, бул биригүүнүн натыйжасында пайда болгон эмбриондун өсүшүн жана аны андан ары жатынга көчүрүүнү камтыган көмөкчү репродуктивдик технология.
3. Никеде турган жана никесиз аял жана эркек (мындан ары пациенттер) медициналык кийлигишүүгө маалымдалган эки тараптын макулдугу болгондо көмөкчү репродуктивдик технологияларды колдонууга укуктуу. Жалгыз бой аял да медициналык кийлигишүүгө маалымдалган макулдугу болгондо көмөкчү репродуктивдик технологияларды колдонууга укуктуу.
4. Жасалма уруктандыруу бойго бүтүүнүн айрым же бардык этаптарында жана эмбриондун организмден сырткары эрте өсүшүндө колдонулган тукумсуздуктан дарылануунун төмөнкүдөй методдору менен ишке ашырылат:
- сперма менен инсеминациялоо;
- эмбрионду имплантациялоо - ооциттин цитоплазмасына сперматозоидди инъекциялоо;
- экстракорпоралдык уруктандыруу.
5. Жасалма уруктандырууну өткөрүү тууралуу маалымат дарыгердик сыр болуп саналат.
6. Жарандар жасалма уруктандыруунун жол-жоболору, анын натыйжаларынын медициналык жана укуктук аспекттери, донордун сырткы көрүнүшү, улуту жана медициналык-генетикалык жактан текшерүүнүн маалыматтарын алууга укуктуу.
2-глава. Жасалма уруктандырууну өткөрүү тартиби
7. Жасалма уруктандыруу көмөкчү репродуктивдик технологиялардын клиникаларында жүргүзүлөт. Жасалма уруктандыруунун методдорун колдонгондо пациенттин жатынына экиден ашпаган эмбрионду көчүрүүгө болот. Жасалма уруктандыруунун методдору 3 же андан көп жолу колдонулуп, боюна бүтпөгөн учурда, пациенттин жатынына үчтөн көп эмес эмбрионду көчүрүүгө болот.
8. Экстракорпоралдык уруктандыруу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген клиникалык протоколго ылайык өткөрүлөт жана ал төмөнкү этаптардан турат:
- суперовуляцияны стимуляциялоо;
- энелик бездин фолликулдарын пункциялоо;
- күйөөсүнүн (өнөктөшүнүн) спермасын ооциттер менен инсеминациялоо;
- эмбриондорду культивациялоо;
- эмбриондорду жатын ичине киргизүү (көчүрүү);
- стимулданган айыздык циклдин лютеиндик фазасын колдоо;
- кош бойлуулукту диагностикалоо.
9. Күйөөсүнүн (өнөктөшүнүн) же донордун спермасы менен инсеминациялоо үчүн көрсөтүүлөр:
1) күйөөсү (өнөктөшү) тарабынан:
- сперматогенездин оор мүнөздөгү бузулушу;
- субфертилдүү сперма;
- эякулятордук-сексуалдык бузулуулар;
- тукум куучу оорулар өрчүп кетишинин коркунучу жогору;
2) аял тарабынан:
- жыныстык өнөктөшүнүн жоктугу;
- цервикалдык жактан келип чыккан тукумсуздук;
- вагинизм.
Аялдарга сперма менен инсеминациялоо өткөрүү үчүн каршы көрсөтүүлөр: жатын түтүкчөлөрүнүн экөөнүн тең өткөрбөстүгү жана оорулар (абалдар) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген тизмеде эсепке алынат.
Сперма менен инсеминациялоону өткөрүү үчүн чектөөлөр: сперма менен инсеминациялоонун муруңку ийгиликсиз аракеттери (3 жолудан көп).
Сперма менен инсеминациялоо учурунда нативдүү даярдалган же криоконсервацияланган сперманы пайдаланууга жол берилет.
Күйөөсүнүн (өнөктөшүнүн) же донордун спермасын пайдалануу жөнүндө чечимди пациенттер эякуляттын сан жана сапаттык мүнөздөмөсү, күйөөсүнүн (өнөктөшүнүн) же донордун спермасын пайдалануунун артыкчылыктары менен кемчиликтери жөнүндөгү врач тарабынан берилген толук маалыматтын негизинде кабыл алышат.
Сперма менен инсеминациялоо табигый циклде да, овуляция жана суперовуляция (ановуляция учурунда) стимуляциялоону пайдалануу менен да саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын клиникалык протоколдоруна ылайык колдонулушу мүмкүн.
10. Ооциттин цитоплазмасына сперматозоидди инъекциялоо менен эмбриондун имплантациясы үчүн көрсөтүүлөр:
- сперматогенездин оор мүнөздөгү бузулуусу;
- эякулятордук дисфункция;
- мурдагы экстракорпоралдык уруктандыруу программасындагы ооциттерди уруктандыруунун болбогондугу же пайызы төмөндүгү (20%дан аз);
- ооциттердин санынын аздыгы (төрттөн аз).
Сперматозоиддерди хирургиялык жол менен алуу үчүн көрсөткүчтөр:
- обструктивдүү азооспермия;
- эякулятордук дисфункция, анын ичинде ретрограддуу эякуляция.
Сперматозоиддерди хирургиялык жол менен алууга каршы көрсөтүүлөр болуп ар кандай локализациядагы катуу кармаган инфекциялык оорулар саналат.
4-тиркеме
Редукцияны өткөрүү үчүн медициналык көрсөтүүлөрдүн ТИЗМЕСИ
1. Медициналык көрсөтүү - көп түйүлдүктүү кош бойлуулук.
Эскертүү:
Эмбрион(дор)ду редукциялоо операциясы кош бойлуулук, төрөт жана перинаталдык мезгилдеги ымыркайлардын көп түйүлдүктүү болушуна байланыштуу кабылдоолордун алдын алуу максатында өткөрүлөт.
Сакталуучу жана редукция болуучу эмбриондорду тандоону аял кош бойлуулуктун 12-жумасына чейин дарылоочу врачтын сунуштарын эске алуу менен аныктайт.
Редукция өткөрүү үчүн абсолюттук каршы көрсөтүүлөр болуп ар кандай локализациядагы катуу кармаган сезгенүү оорулары саналат.
Редукция өткөрүү үчүн салыштырмалуу каршы көрсөтүү болуп боюнан түшүү коркунучу саналат.