Загрузка документа…
3-тиркеме
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому менен бекитилген) |
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар
мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө
жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын
кароо боюнча комиссия тууралуу
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 421 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Комиссиянын максаттары жана милдеттери
3-глава. Комиссиянын курамын түзүү
4-глава. Комиссиянын функциялары
5-глава. Комиссиянын укуктары
6-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
7-глава. Комиссиянын ишине мониторинг
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) иштөө тартибин жана уюштурулушун жөнгө салат.
2. Комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдында түзүлөт. Комиссия өз ишин коомдук негизде мезгил-мезгили менен жүргүзгөн коллегиялуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Комиссиянын максаттары жана милдеттери
4. Комиссиянын ишинин максаты болуп жазуу жүзүндө жана электрондук формада, анын ичинде электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу келип түшкөн мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо эсептелет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 421 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөдө жана төлөөдө пайда болгон талаш маселелер жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө маселелери боюнча жарандар менен социалдык өнүктүрүү органдарынын ортосундагы кайчы пикирлерди жөнгө салуу;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө жана төлөөгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусун болтурбоо.
3-глава. Комиссиянын курамын түзүү
6. Комиссия кеминде 7 (жети) адамдан турат, алардын ичинен кеминде 3 адам - жарандык коомдун өкүлдөрү болот.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары же шаардын социалдык маселелерин тейлеген вице-мэр, - Комиссиянын төрагасы;
- социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси (мындан ары - аймактык бөлүм);
- райондук/шаардык финансы бөлүмүнүн жетекчиси;
- Комиссиянын катчысы болуп саналган аймактык бөлүмдүн кызматкери.
7. Комиссиянын курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаардын мэриясынын чечими менен бекитилет.
8. Жарандык коомдон Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кире алат:
1) турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын, ошондой эле башка социалдык опурталдуу топтордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон уюмдардын өкүлдөрү;
2) кесиптик жана академиялык ассоциациялардын жана бирликтердин өкүлдөрү;
3) ассоциацияланган уюмдар аркылуу көрсөтүлгөн калктын аярлуу катмарынын абалын жакшыртуу маселеси менен алектенген, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын, ошондой эле башка социалдык опурталдуу топтордун кызыкчылыктарын коргогон көз карандысыз эксперттер;
4) калктын аярлуу катмарларын социалдык коргоо чөйрөсүндө иштеген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.
Жарандык коомдун өкүлдөрү райондун же шаардын аймагында туруктуу жашаган жарандардын ичинен көрсөтүлөт.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрация/шаар мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу табыштамаларды берүү мөөнөтүн жана тартибин көрсөтүү менен жарандык коомдон Комиссиянын курамын түзүү тууралуу жарыялайт.
10. Комиссиянын курамына өзүнүн өкүлүн жиберген жарандык коомдун уюмдары төмөнкүдөй критерийлерге жооп бериши керек:
- өз ишин акыркы 3 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзгөн;
- турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, деп соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын, ошондой эле башка социалдык опурталдуу топтордун көйгөйлөрүн чечүүнүн үстүндө алектенген жана алардын кызыкчылыгын коргогон (ырастоочу документтердин-протоколдордун негизинде);
- өнөктөштөрдүн арасында иши боюнча беделдүү болуу (2ден кем эмес өнөктөштөрдүн сунуштоосу менен ырасталган);
- жоюлуу же кайра уюштуруу процессинде болбогон.
11. Жарандык коомдон Комиссиянын жеке курамы Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан мамлекеттик органдардан/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан көпчүлүк добуш менен тандалат.
12. Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп жарандык коомдун өкүлү эсептелет.
13. Жарандык коомдон Комиссиянын төрагасынын орун басары эки жылдык мөөнөткө Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан көпчүлүк добуш менен шайланат.
14. Комиссиянын жыйынына зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулду чектөө/төлөө бөлүгүндөгү талаш маселелерди чечүүнү караган арыз же даттануу менен кайрылган жарандар чакырылат.
4-глава. Комиссиянын функциялары
15. Берилген милдеттерди чечүү үчүн Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик жөлөкпулду чектөөдөн негизсиз баш тартуу жана туура эмес чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын/даттануусун карайт;
2) мамлекеттик жөлөкпулдардын өз убагынан кечиктирилип төлөнүшү тууралуу жарандардын арыздарын/даттанууларын карап чыгат;
3) мамлекеттик жөлөкпулдардын негизсиз төлөнгөн суммаларын өндүрүү жөнүндө маселени карайт;
4) мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө маселелери боюнча өз компетенциясынын чегинде консультация берет;
5) жарандар Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга талашты чечүү үчүн керектүү документтерди тиркөө менен кат жиберет;
6) Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзөт.
16. Комиссиянын төрагасы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Комиссиянын жыйындарында төрагалык кылат жана анын ишин уюштурат;
2) Комиссиянын жыйынында добуш берүүдө чечүүчү добуш берүү укугуна ээ болот;
3) Комиссиянын жыйындарынын күн тартибин бекитет;
4) Комиссиянын жыйынынын датасын, убактысын жана ордун дайындайт;
5) арыз ээси менен Комиссиянын мүчөсүнүн ортосунда кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү жагдайлар тууралуу белгилүү болсо, Комиссия мүчөсүн конкреттүү арызды/даттанууну карап чыгуудан четтетет;
6) Комиссиянын төрагасынын орун басарына, Комиссиянын катчысына, Комиссия мүчөлөрүнө Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берет;
7) Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
8) Комиссиянын жыйындарынын протоколдоруна жана жарандардын каралган даттануулары жана арыздары жөнүндө отчетторго кол коёт.
17. Комиссиянын төрагасы кабыл алынган чечимдерге жана Комиссиянын компетенциясына кирген функциялардын талаптагыдай аткарылышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
18. Комиссиянын төрагасынын орун басары төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын координациялайт;
2) Комиссиянын жыйынында кароого материалдардын өз убагында даярдалышын контролдоону камсыздайт;
3) Комиссиянын жыйынында жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусун камсыздайт.
19. Комиссиянын катчысы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Комиссиянын жыйынында кароого материалдарды даярдайт;
2) Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопкерчилик тартат;
3) Комиссиянын мүчөлөрүн жана Комиссиянын жыйынына катышуучу адамдарды жыйынды өткөрүү датасы, убактысы жана орду тууралуу кабарлайт, алардын катышуусун текшерет, Комиссиянын кароосуна чыгарылган маселелер боюнча материалдар менен тааныштырат;
4) Комиссиянын жыйынынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт;
5) арыз/даттануу менен кайрылган жарандарга Комиссиянын кабыл алган чечимдери тууралуу маалымдайт;
6) Комиссия карап чыккан жарандардын даттануулары жана арыздары тууралуу жарым жылда бир жолу отчет даярдайт.
20. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү функцияларды аткарышат:
1) Комиссиянын жыйындарына жана аларды даярдоого катышышат;
2) Комиссиянын кароосуна чыгарылган маселелер боюнча материалдар менен алдын-ала таанышышат;
3) зарыл болгон учурда арызды/даттанууну кароо датасын жылдыруу жөнүндө негиздүү сунуштарды киргизишет;
4) Комиссия тарабынан чечимдерди кабыл алууда талкуулоого катышат жана добуш беришет;
5) каралган талаш маселелердин маңызы боюнча өз компетенциясынын алкагында оозеки, ал эми зарыл болгон учурда жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү беришет.
5-глава. Комиссиянын укуктары
21. Комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) негизсиз баш тартуу, туура эмес чектөө, өз убагынан кечиктирип төлөө, мамлекеттик жөлөкпулдардын негизсиз төлөнгөн суммасын кайтарып алуу жөнүндө жарандардын арыздары/даттануулары боюнча өтүнүч каттардын түшүшүнө жараша жыйындарды өткөрүүгө;
2) Комиссиянын кароосуна берилген арыздар/даттануулар боюнча материалдарга (документтерге) текшерүү жүргүзүүгө;
3) кызмат адамдары мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жагында мыйзамды бузган учурда аларды жоопко тартуу жөнүндө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунушту белгиленген тартипте киргизүүгө;
4) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан уюмдардан маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) керек болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүн, ошондой эле арыз/даттануу менен кайрылган жарандарды Комиссиянын жыйынына чакырууга;
6) керек болгон учурда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
22. Комиссиянын мүчөлөрү жана катчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кызыкчылыктардын кагылышына дуушарлантуучу жагдайлар болсо жана ал ачыкка чыкса Комиссиянын төрагасына өзү катышуудан баш тартканы жөнүндө, Комиссиянын бир же бир нече мүчөлөрүнүн, ошондой эле Комиссиянын катчысынын катышпоосу жөнүндө билдирүүгө;
2) Комиссиянын төрагасына арызды/даттанууну кароого катышкан адамдар же башка кызыктар адамдар тарабынан Комиссиянын ишинин жыйынтыгына таасирин тийгизүү аракети болуп жатканы жөнүндө билдирүүгө.
6-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
23. Комиссия өзүнүн ишин жыйын түрүндө өткөрөт.
24. Комиссиянын жыйыны аймактык бөлүмдөрдөн мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө арыздар/даттануулар боюнча өтүнүч каттын түшкөнүнө жараша төмөнкү учурларда өткөрүлөт:
1) эгерде жаран өзүнүн арызы/даттануусу боюнча аймактык бөлүмдүн чечимине канааттанбаса;
2) мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөдө жана төлөөдө талаш маселелер пайда болсо.
25. Комиссиянын ишин катчы уюштурат, ал:
1) талаш маселе пайда болгон күнү же жаран алынган чечимге канааттанбаганы тууралуу билдирген күнү арызды/даттанууну Комиссияда кароо жөнүндө өтүнүчтү тариздейт жана аны ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Комиссиянын өтүнүчтөрдү каттоо журналына каттайт, ошону менен бирге эле өтүнүчтөрдү социалдык жардамдын корпоративдик информациялык системасынын (мындан ары - СЖКМС) маалыматтар базасына да каттайт жана арыз берүүчүнүн СЖКМСдагы делосуна арыз/даттануу болгону тууралуу белгилейт;
2) өтүнүчтү каттагандан кийин 2 иш күндүн ичинде Комиссиянын төрагасына арызды/даттанууну кароо зарылдыгы тууралуу маалымдайт.
26. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын жыйынын өткөрүүчү убакытты, датасын жана ордун дайындайт, бул тууралуу арызды/даттанууну кароо зарылдыгы тууралуу маалыматты алган күндөн тартып 2 иш күндүн ичинде катчыга кабарлайт.
27. Катчы талаш маселе пайда болгон күндөн же жаран алынган чечимге канааттанбаганы тууралуу билдирген күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде Комиссиянын жыйынына керектүү материалдарды даярдайт жана аларды Комиссия мүчөлөрүнө жиберет.
28. Комиссия мүчөлөрү Комиссиянын жыйынына эки иш күн калганга чейин кечиктирбестен, даярдалган материалдарга тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн оозеки же жазуу жүзүндө алынган материалдарга сунуштарды катчыга берет же сунуштун жоктугу тууралуу катчыга кабарлайт.
29. Комиссия мүчөсүнүн сунушу жана Комиссиянын төрагасынын макулдугу менен жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле арыз/даттануу менен кайрылган жарандар чакырылат.
30. Комиссиянын жыйыны анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмес мүчөсү катышканда мыйзамдуу болуп эсептелет, мында Комиссия мүчөлөрү алмаштыруу укугусуз анын жыйындарына катышат.
31. Комиссиянын жыйынына анын төрагасы, ал эми ал жок учурда - Комиссиянын төрагасынын орун басары төрагалык кылат.
32. Комиссиянын чечими Комиссияда арызды/даттанууну карап чыгууга өтүнүч катты каттаган күндөн тартып 10 иш күндөн кечиктирбестен кабыл алынышы керек.
33. Комиссиянын жыйынында кворум болбосо, же эгерде талаш маселени чечүү үчүн атайын текшерүүнү (экспертизаны) өткөрүү, кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү керек болсо, Комиссиянын арызды/даттанууну карап чыгуу мөөнөтү өзгөчө учур катары узартылышы мүмкүн, бирок 25 календарлык күндөн ашпоосу керек.
34. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү менен кабыл алынат жана комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү ага добуш берсе, кабыл алынган болуп эсептелет.
35. Комиссиянын жыйынында ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада протокол түзүлөт.
36. Комиссиянын жыйынынын протоколуна төрагалык кылуучу, ал эми ал жок учурда Комиссиянын төрагасынын орун басары жана катчысы кол коёт.
37. Комиссиянын катчысы Комиссия чечимди кабыл алган күндөн тартып беш календарлык күндөн кечиктирбестен, арыз берүүчүгө анын арызын/даттануусун карап чыгуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымдайт.
38. Комиссиянын жыйындарынын бардык протоколдору сканерленет жана СЖКМСдагы арыз берүүчүнүн делосуна даттануу боюнча чечимди чагылдыруу менен СЖКМСдагы электрондук реестрге киргизилет.
Комиссиянын жыйындарынын протоколдору мамлекеттик администрациянын жана шаардын мэриясынын делосунун номенклатурасына ылайык кагаз форматында белгиленген тартипте делого түзүлөт.
7-глава. Комиссиянын ишине мониторинг
39. Комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жана шаардын мэрине отчет берет. Комиссия жарым жылда бир жолу отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына, шаардын мэрине жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет.
|
| Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия тууралуу жобого 1-тиркеме |
_____________ облусундагы _____________ районунун (шаардын) мамлекеттик администрациясынын (мэриянын) алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссиянын өтүнүч каттарды каттоо журналы
№ | Өтүнүч катты каттоо журналы | Арыз берүүчүнүн аты-жөнү | Арыз берүүчүнүн жашаган жери жана байланыш маалыматтары (телефон) | Өтүнүч каттын кыскача мазмуну | Барактардын жана тиркемелердин саны | Комиссиянын жыйынында карап чыгуу датасы | Комиссиянын чечими | Комиссиянын катчысынын колу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссия тууралуу жобого 2-тиркеме |
_________________________________________________________________________________
(_____________ облусундагы райондун (шаардын) аталышы)
мамлекеттик администрациянын (мэриянын) алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссиянын жыйынынын протоколу
"__" ______________ 20__-ж. |
| № ________ |
Жыйынды өткөрүү орду: __________________________
Комиссия мүчөлөрү катышты:
Комиссия мүчөлөрү катышкан жок:
Комиссиянын жыйынына чакырылгандар:
Күн тартиби:
1. ____________________________________________________________________________________________
2. ____________________________________________________________________________________________
3. ____________________________________________________________________________________________
Жыйын тууралуу маалымат:
1. ____________________________________________________________________________________________
2. ____________________________________________________________________________________________
3. ____________________________________________________________________________________________
Жыйындын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынды:
______________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________
Төрагалык кылуучу | __________________________________ Аты-жөнү | _______________________ колу |
|
|
|
Катчы | __________________________________ Аты-жөнү | _______________________ колу |
|
| Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча комиссия тууралуу жобого 3-тиркеме |
Форма
20__-ж. ______ жарым жылдыгына мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө бөлүгүндө жарандардын даттануулары жана арыздары боюнча каралган өтүнүч каттар тууралуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссиянын
отчету
№ | Райондун (шаардын) аталышы | Отчеттук мезгилде каралган өтүнүч каттардын саны | Кабыл алынган чечимдердин саны | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилген, канааттандырылбаган өтүнүч каттардын саны | ||
Канааттандырылды | Канааттандырылган жок | Кошумча кароо үчүн калтырылгандар | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Комиссиянын төрагасынын колу _______________________________ |
| Отчетту түзүү датасы ____________ |