Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу № 348
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Өмүркулов, А.А.Шадиев, П.Р.Тулендыбаев, Т.А.Масабиров, З.К.Рысалиев, К.Ш.Баймуратов, М.Г.Мадеминов, А.А. Арапбаев, А.К. Касымалиева, У.Б. Примов, М.И. Бакиров, А.А. Турсунбаев тарабынан демилгеленген "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын " 25" июпунпягн
№ 346 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш. Өмүркулов, А.А. Шадиев, П.Р. Тулендыбаев, Т.А. Масабиров, З.К. Рысалиев, К.Ш. Баймуратов, М.Г. Мадеминов, А.А. Арапбаев, А.К. Касымалиева, У.Б. Примов, М.И. Бакиров, А.А. Турсунбаев тарабынан демилгеленген "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүунү караштырган 52-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык, бул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети — жарандардын мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелерди талкуулоого катышууга жана алар боюнча чечим кабыл алууга катышуу укугун ишке ашырууга байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салуу болуп эсептелет.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесине ылайык курултай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик, аскердик жана кызматтык сырдын категориясына кирген маселелерден башка мамлекеттик жана коомдук маанидеги маселелерди кароого укуктуу.
Бирок мыйзам долбоорунда курултайдын кароосуна коюлушу мүмкүн болгон мамлекеттик жана коомдук маанидеги маселелер так аныкталган эмес.
Мамлекеттик жана коомдук маани-маселелердин кеңири спектрипен турушу мүмкүн экенин айтып коюу зарыл.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле мыйзамды колдонуу практикасында так эместиктерди болтурбоо максатында мыйзам долбоорунда республикалык элдик курултайда жана жергиликтүү коомчулуктун курултайында каралышы мүмкүн болгон маселелердин конкреттүү тизмесин аныктоону сунуш кылабыз.
2. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүндө республикалык элдик курултай мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат, ал эми жергиликтүү коомчулуктардын курултайларында өткөрүлүүчү иш-чаралар - жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржыланат деп аныкталган.
Бул жерде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 10-беренесине ылайык республикалык бюджет - бул мамлекеттик органдардын, алардын караштуулугундагы бюджеттик мекемелердин милдеттерин жана иш-милдеттерин каржылоого арналган акча каражаттарынын жыйындысы экенине көңүлдү бурабыз.
Аталган Кодекстин 14-беренесине ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин түзүшөт.
Ушул айтылгандардын негизинде мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-белүгүн кайра карал чыгууну сунуш кылабыз.
3. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүндө жергиликтүү коомчулуктун курултайынын кийинки жыйналыштары, анын ичинде кезексиз жыйналыштары жергиликтүү коомчулуктун курултайынын башчысы тарабынан, анын ичинде тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кеминде 1/Зинин жана курултайдын делегаттарынын кеминде 1/Зинин талаптары боюнча чакырылышы мүмкүн экендиги каралган.
Ушуга байланыштуу жергиликтүү жамааттын курултайларын чакыруу боюнча коллективдүү чечим кабыл алуу, жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин тартипке салуу, жергиликтүү жамааттын курултайын чакырууда баш аламандыкка жол бербөө максатында, мыйзам долбоорунда тийиштүү ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү жамааттын курултайынын президиуму жөнүндө жобону караштырууну сунуш кылабыз.
4. "Тиешелүү органдарга" деген сөздөр жалпы жана конкреттүү эмес мааниде болгондуктан мыйзам долбоорунун 10-беренесинде: жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кайсыл органдарына жиберилерин так көрсөтүүнү сунуш кылабыз.
5. Мыйзам долбоорунун 2-главасында жергиликтүү жамааттын курултайын өткөрүү маселелери жөнгө салынган.
Жергиликтүү жамааттын курултайы тууралуу маселе "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында да жөнгө салынгандыгына көңүл буруу керек.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, курултайдын күн тартибине аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү бюджетти түзүү, муниципалдык менчикти пайдалануу жана өнүктүрүү маселелери коюлса болот. Курултайдын чечимдери тиешелүү жергиликтүү кеңеш үчүн сунуш мүнөзүндө болот жана жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан каралат. Курултайдын делегаттарынын өкүлчүлүгүнүн нормалары, аны өткерүүнүн жана курултайдын чечимдерин ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жергиликтүү жамааттын уставы менен аныкталат.
Баяндалгандарды эске алып, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин ортосунда карама-каршылыктардын болушуна жол бербөө максатында мыйзам долбоорунун 2-главасын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирип, кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Андыктан мыйзам долбоорунун 11-беренесиндеги мамлекеттик башкаруу органдарынын ишине социалдык мониторинг жүргүзүү боюнча маселелерди талкуулоо жөнүндө жобону алып салууну сунуш кылабыз.
7. Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүндө республикалык элдик курултайдын биринчи жыйналышын Кыргыз Республикасынын Президенти чакыра тургандыгы, ал эми кийинки жыйналыштар республикалык элдик курултайдын президиумунун чечими боюнча чакырыла тургандыгы көрсөтүлгөн.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын толук тизмеги аныкталгандыгын, алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин республикалык элдик курултайды чакыруу боюнча ыйгарым укугу каралбагандыгын белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 3-бөлүгү боюнча да ушундай эле сын-пикирди айтууга болот.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык, жергиликтүү кеңештин төрагасы, шаардын мэри, айыл өкметүнүн башчысы (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары) муниципалдык кызмат орундарынын тизмегине киришет жана муниципалдык кызмат орундарын ээлешет.
Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрү бири-бирине каршы келгендиктен, аларды кайра карап чыгуу керек.
9. Курултайга делегат болуп шайлануучу жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштебегендиктен жана ал органдар менен кандайдыр бир укуктук мамиледе болбогондуктан, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү боло алышпагандыгына байланыштуу мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун редакциялык жактан кайра карап чыгуу сунушталат.
Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 2-белүгү боюнча ушундай эле сын-пикирди айтабыз.
10. Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 4-бөлүгүнүн сегизинчи абзацында делегат республикалык элдик курултайдын беделин түшүргөн жосун жасаганда, республикалык элдик курултай тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын чечими боюнча мандатынан ажыратылышы мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн.
Бирок мыйзам долбоорунда ал комиссиянын ыйгарым укуктары жана иштөө тартиби каралбагандыктан, аларды мыйзам долбоорунда кароо сунуш кылынат.
11. Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 8-бөлүгүндө катчылыктын функцияларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аткарышы сунушталган.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт жана мамлекеттик органдар тууралуу жобону бекитет.
Баяндалгандардын негизинде мыйзам актыларында бийликтин аткаруу бутагына кирген мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктаган жоболор болбошу керек.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө" деген сөздөрдү ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган" деген сездер менен алмаштырууну сунуштайбыз.
12. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери аныкталган.
Мында аталган берененин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү сунуштоо дагы каралган.
Мындан сырткары жогоруда көрсөтүлгөн берененин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуш берүү тапшырылган.
Ушуга байланыштуу, бул мыйзам долбоору кабыл алынып калган шартта Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтүнө, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык, кызыкдар болгон мамлекеттик органдар жана мекемелер менен макулдашуу, коомдук талкуу жүргүзүү жол-жоболорун кошкондо өздөрүнүн чечимдерин кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине шайкеш келтирүү үчүн белгилүү убакыт керек болорун белгилейбиз.
Баяндалгандардын негизинде мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүн кайрадан карап чыгууну сунуш кылабыз.
13. Мыйзам долбоорунда "талап кылынган шарттар", "башкача камсыздоо", "башка ченемдик укуктук актыларынын", "башка маселелер боюнча", "чакырылышы мүмкүн", "ишке ашырылышы мүмкүн" деген сыяктуу жалпылангаи жана гак эмес, тиешелүү субъекттерге өз каалаганындай кеңири чечмелөегө шарт түзгөн, укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна түрткү берүүчү туюндурмалар колдонулган.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорун тиешелүү кайра кароону сунуштайбыз.
14. Мыйзам долбоорунун жоболорун талдоо мыйзам долбоору республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүн көбөйтүүнү караган ченемдерди карай турганын көрсөтет.
Мисалы, мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүндө республикалык элдик курултайды республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен, ал эми жергиликтүү коомчулуктардын курултайларын өткөрүүнү тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жагы каралган.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды кебөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмет тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилейбиз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынууга жатпайт.
Ошондой болсо да "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында курултай өткөрүүнү каржылоо каралган эмес.
Ошондой эле мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына туура келбегендигин белгилейбиз, анткени мыйзам долбоорун каржылоонун булактары тууралуу мааяыматтар камтылган эмес.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы №5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык, ошондой эле ушул корутундуда баяндалган сунуштар менен сын пикирлерди зеке алып, кылдат толуктап иштеп чыгуу керек деп эсептейт.