Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-августу № 372
Дипломаттык почтаны таануу жана бир жерден экинчи жерге которуу эрежелерин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 500 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, чет мамлекеттердин борбордук тышкы саясий ведомстволорунун, дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзгөн эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн расмий корреспонденциясын тариздөөнүн жана бир жерден экинчи жерге которуунун эрежелерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 212 "Дипломаттык почтаны түзгөн расмий корреспонденцияны Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде тариздөөнүн жана бир жерден экинчи жерге которуунун Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дипломаттык почтаны түзгөн расмий корреспонденцияны Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде тариздөөнүн жана бир жерден экинчи жерге которуунун эрежелеринде:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзгөн эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн (мындан ары - чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр) жана тиешелүү мекемелердин жалпы салмагы 20 килограммдан ашкан расмий корреспонденциясын дипломаттык почта катары таануу Кыргыз Республикасынын дипломаттык кызматынын органдарынын ишин камсыздаган жана (же) чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү сервистик тейлеген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ведомстволук уюмунун (мындан ары - ведомстволук уюм) корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана тиешелүү мекемелер расмий корреспонденцияны дипломаттык почта катары таануу үчүн ведомстволук уюмга арыз жиберишет.
Ведомстволук уюм арыз берилген учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде карайт жана жүйөлүү корутунду чыгарат.
Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана тиешелүү мекемелер арыз менен бирге товарларды бир жерден экинчи жерге которуу жагдайларына жана максаттарына жараша төмөнкүлөрдү беришет:
- тышкы экономикалык бүтүмдү түзүүнү же болбосо товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
- транспорттук (ташуу) документтердин көчүрмөлөрүн (эл аралык товардык транспорттук коштомо кагаз, коносамент же ташуу келишиминин болушун жана мазмунун ырастаган башка документ, авиажүк коштомо кагазы, темир жол коштомо кагазы);
- коммерциялык документтердин көчүрмөлөрү (эсеп-фактуралары (инвойстор), спецификациялар, жүктөп жөнөтүү жана таңгактоо барактары жана тышкы соода жана (же) башка иштерди жүргүзүүдө пайдаланылуучу башка документтер);
- товардын чыккан өлкөсүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
- дипломаттык картанын көчүрмөсүн (дипломатка арналган дипломаттык почта үчүн);
- дипломаттык картанын ээсинин паспортунун көчүрмөсүн (дипломатка арналган дипломаттык почта үчүн).
Корутундунун типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чечими менен бекитилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана тийиштүү мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы салмагы 20 килограммдан ашкан дипломаттык почтанын кабыл алынышы жана жөнөтүлүшү ведомстволук уюм тарабынан ишке ашырылат.";
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы конвертке таңгакталышы жана мөөр басылышы же дипломаттык вализага (жабык жана мөөр басылган нерсеге (сумка, кап, пакет, куту, контейнер ж.б.) салынышы керек.";
- 5-пунктунда:
биринчи абзацындагы "расмий документке ээ болот" деген сөздөр "2-тиркемеге ылайык таризделген расмий документти алат" деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери "ad hoc" дипломаттык курьерлерин чет өлкөлөргө (чет өлкөлөрдөн) жөнөп жаткан алардын штаттагы кызматкерлеринин, алардын жакын туугандарынын (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, бир тууган жана аталаш же энелеш эркек жана кыз бир туугандары, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери), Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, уюмдарынын жана ишканаларынын кызматкерлеринин ичинен дайындоого укуктуу.
"КПҮ", "Жашыруун", "Өтө жашыруун" грифи бар документтерди камтыган дипломаттык почтаны берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө жана кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартибин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат.";
- 8-пунктунун биринчи абзацы "граждандык аба кемесинин" деген сөздөрдөн мурун "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы Кыргыз Республикасынын чегинде почта байланыш бөлүмдөрүнүн тармагы, ошондой эле фельдъегердик, атайын байланыш, Кыргыз Республикасында катталган жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен түзүлгөн макулдашуулардын алкагында жүктөрдү жана почталарды жеткирүү боюнча эл аралык кызматтарды көрсөткөн компаниялар аркылуу берилиши жана кабыл алынышы мүмкүн. Дипломаттык почта башка корреспонденциядан өзүнчө кабыл алынат, номерленет, иштетилет жана биринчи кезектеги тартипте жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасын таңгактоо ага салынгандардын мүнөзүнө, жолдун узактыгына жана жөнөтүү шарттарына ылайык келүүсү керек, ошондой эле ташуу учурунда анын бузулушун, аларды сыртын бузбастан ачуу жана байланыш ишканаларынын персоналына кандайдыр-бир зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоого тийиш. Жөнөтүлүүчү почтага жиберүүчү тарап мөөр басышы, пломба коюшу керек жана дипломатиялык почтанын тышкы тарабын жасалгалоо бланкы менен коштолот.";
- жогоруда аталган Эрежелердин 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын:
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 500 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
____________________________________________________________________ (тиешелүү мекеменин же өкүлчүлүктүн аталышы)
Ушуну менен, бул почта Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы экендиги ырасталат жана Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясынын 27-беренесине ылайык ачылбайт же кармалбайт (камакка алынбайт).
Дипломаттык почта
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
(тиешелүү мекеменин же өкүлчүлүктүн аталышы) тапшырмасы боюнча
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
дипломаттык курьер o
ad hoc дипломаттык курьер o
ыйгарым укуктуу коштоп жүргөн адам o
(керектүүсүн көрсөтүү керек) аркылуу жиберилет.
_____________________________________________________________________
(аты-жөнү, паспорттун № жана сериясы)
Жүктүн түрү | Орундардын саны | Жүктүн салмагы |
Кутулар |
|
|
Ящиктер |
|
|
Портфелдер |
|
|
Пакеттер |
|
|
Таңгактар |
|
|
Вализалар |
|
|
Каптар |
|
|
Контейнерлер |
|
|
Жыйынтыгы: |
|
|
Ыйгарым укуктуу адамдын колу _______________________________________
20___-жылдын "___" _________________
Тиешелүү мекеменин же өкүлчүлүктүн мөөрү.".