Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-майындагы N 212 токтому менен бекитилди |
Дипломаттык почтаны түзгөн расмий корреспонденцияны Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде тариздөөнүн жана бир жерден экинчи жерге которуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы N 640, 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Эрежелер 1961-жылдагы дипломаттык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1963-жылдагы консулдук байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенциясынын жоболоруна, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, чет мамлекеттердин борбордук тышкы саясий ведомстволорунун, дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой але Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдардын (мындан ары өкүлчүлүктөрдүн) расмий корреспонденциясын тариздөө жана бир жерден экинчи жерге которуу тартибин жөнгө салат.
1. Дипломаттык почта аркылуу байланышуу укугуна төмөнкүлөр ээ:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
- Кыргыз Республикасы менен дипломаттык же консулдук байланышта болгон мамлекеттердин тышкы иштер министрликтери (ведомстволору);
- Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
- Бириккен Улуттар Уюму, Кыргыз Республикасындагы анын өкүлчүлүгү, БУУнун адистештирилген мекемелери жана Кыргыз Республикасындагы алардын өкүлчүлүктөрү;
- Кыргыз Республикасында аккредиттелген башка эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү;
- дипломаттык почта аркылуу байланыш укугуна ээ болгон чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн (мындан ары тиешелүү мекемелер), мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлчүлүктөрү.
2. Жалпы салмагы 20 килограммдан ашпаган жана өкүлчүлүктөр менен тиешелүү мекемелердин расмий корреспонденциясын түзгөн предметтер дипломаттык почта деп таанылат.
Чет мамлекет менен макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн квота көп же аз жагына өзгөртүлүшү мүмкүн.
3. Өкүлчүлүктөрдүн жана тиешелүү мекемелердин жалпы салмагы 20 килограммдан ашкан расмий корреспонденциясын дипломаттык почта катары таануу маселеси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тийиштүү.
Чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзгөн эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн (мындан ары - чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр) жана тиешелүү мекемелердин жалпы салмагы 20 килограммдан ашкан расмий корреспонденциясын дипломаттык почта катары таануу Кыргыз Республикасынын дипломаттык кызматынын органдарынын ишин камсыздаган жана (же) чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү сервистик тейлеген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ведомстволук уюмунун (мындан ары - ведомстволук уюм) корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана тиешелүү мекемелер расмий корреспонденцияны дипломаттык почта катары таануу үчүн ведомстволук уюмга арыз жиберишет.
Ведомстволук уюм арыз берилген учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде карайт жана жүйөлүү корутунду чыгарат.
Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана тиешелүү мекемелер арыз менен бирге товарларды бир жерден экинчи жерге которуу жагдайларына жана максаттарына жараша төмөнкүлөрдү беришет:
- тышкы экономикалык бүтүмдү түзүүнү же болбосо товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
- транспорттук (ташуу) документтердин көчүрмөлөрүн (эл аралык товардык транспорттук коштомо кагаз, коносамент же ташуу келишиминин болушун жана мазмунун ырастаган башка документ, авиажүк коштомо кагазы, темир жол коштомо кагазы);
- коммерциялык документтердин көчүрмөлөрү (эсеп-фактуралары (инвойстор), спецификациялар, жүктөп жөнөтүү жана таңгактоо барактары жана тышкы соода жана (же) башка иштерди жүргүзүүдө пайдаланылуучу башка документтер);
- товардын чыккан өлкөсүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
- дипломаттык картанын көчүрмөсүн (дипломатка арналган дипломаттык почта үчүн);
- дипломаттык картанын ээсинин паспортунун көчүрмөсүн (дипломатка арналган дипломаттык почта үчүн).
Корутундунун типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чечими менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
3-1. Чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана тийиштүү мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы салмагы 20 килограммдан ашкан дипломаттык почтанын кабыл алынышы жана жөнөтүлүшү ведомстволук уюм тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана бажылык чет арасы аркылуу өтүп жаткан дипломаттык почта ачылбайт жана токтотулбайт. Дипломаттык почтаны түзгөн ар-бир предметтердин тыш жагында алардын мүнөзүн көрсөткөн көрүнүүчү тышкы белгилери болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы N 1 тиркемеге ылайык таризделген көзгө көрүнүп туруучу тышкы белгилерге ээ болушу керек.
Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы конвертке таңгакталышы жана мөөр басылышы же дипломаттык вализага (жабык жана мөөр басылган нерсеге (сумка, кап, пакет, куту, контейнер ж.б.) салынышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы N 640, 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Дипломаттык курьер 2-тиркемеге ылайык таризделген расмий документти алат, анын статусу жана дипломаттык почтаны түзгөн орундардын саны көрсөтүлөт.
Документке ыйгарым укуктуу кызматкердин колу коюлат жана дипломаттык почтаны жөнөтүп жаткан өкүлчүлүктүн (тиешелүү мекеменин) мөөрү менен бекитилет.
Дипломаттык курьер өз милдеттерин аткарып жаткан учурда Кыргыз Республикасы тарабынан корголот. Ал жеке кол тийбестикке ээ жана арестке алынбайт же кандай гана түрдө болбосун кармалбайт (Кыргыз Республикасынын граждандарын кошпогондо).
Кыргыз Республикасынын аймагында дипломаттык курьерлер текшерүү жана дипломаттык почтаны текшерүү процедурасынан өтпөстөн, ошондой эле атайын реестрлерде көрсөтүлгөн техникалык каражаттар менен учууга уруксат берилет.
Өкүлчүлүктөр жана тиешелүү мекемелер "ad hoc" дипломаттык курьерлерди (дипломаттык курьердин бир жолку функцияларын аткарууга) дайындай алышат. Мындай учурда курьерге тапшырылган дипломаттык почтаны тиешелүү жерге жеткиргенден кийин жогоруда аталган иммунитеттер токтотулат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери "ad hoc" дипломаттык курьерлерин чет өлкөлөргө (чет өлкөлөрдөн) жөнөп жаткан алардын штаттагы кызматкерлеринин, алардын жакын туугандарынын (ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, бир тууган жана аталаш же энелеш эркек жана кыз бир туугандары, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери), Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, уюмдарынын жана ишканаларынын кызматкерлеринин ичинен дайындоого укуктуу.
"КПҮ", "Жашыруун", "Өтө жашыруун" грифи бар документтерди камтыган дипломаттык почтаны берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө жана кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартибин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы Кыргыз Республикасынын гражданы болгон ыйгарым укуктуу коштоп жүргөн адам аркылуу берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын дипломаттык чабарманы (ad hoc дипломаттык чабарман), ошондой эле ыйгарым укуктуу коштоп жүргөн адам N 2 тиркемеге ылайык таризделген документке ээ болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы N 640, 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Бул Эрежелердин жоболору консулдук курьерлерге жана консулдук вализаларга дагы колдонулат.
7. Дипломаттык почта мекемелер менен өкүлчүлүктөрдүн расмий колдонушу үчүн арналган дипломаттык документтерди жана предметтерди гана камтышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасын жөнөтүүдө жиберилип жаткан тизме тиркелүүгө тийиш (N 3 тиркеме).
8. Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы тиешелүү аэропортко жөнөп жаткан Кыргыз Республикасынын граждандык аба кемесинин экипажынын командирине берилиши мүмкүн. Андай учурда аба кемесинин командири N 4 тиркемеге ылайык дипломаттык почтанын ордунун саны көрсөтүлгөн расмий документке ээ болууга тийиш, бирок ал дипломаттык курьер болуп эсептелбейт. Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын (тиешелүү мекеме) дипломаттык почтаны аба кемесинин командиринен түздөн-түз жана тоскоолдуксуз алышы үчүн өзүнүн кызматкерлерин жөнөтүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы аба кемесинин контролсуз кирүүгө мүмкүн болбогон жайында турууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы N 640, 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Эгерде дипломаттык почта ички бажылык мекеме жайгашкан пункттагы өкүлчүлүккө же тиешелүү мекемеге чет мамлекеттин транспорттук каражаты менен түздөн-түз жеткирилсе, анда мындай почта зарыл болгон учурда, чет арадагы бажылык органдын бажылык камсыз кылуусу менен бул өкүлчүлүк анын ишине тиешелүү аймакта жайгашкан бажылык органга чыгаруу үчүн жөнөтүлөт. Бул бажылык орган Кыргыз Республикасынан жөнөтүлүп жаткан дипломаттык почтасы көрсөтүлгөн тартипте тариздөөдөн өткөрөт.
10. Тиешелүү түрдө таризделген жана дипломаттык курьер коштобогон кадимки жолдор менен келе жаткан дипломаттык почта ачылбайт жана токтотулбайт.
11. Мамлекеттик бажылык контролпу жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажылык органдары дипломаттык почтанын тыш жагын гана текшеришет жана 1961-жылдагы дипломаттык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясы койгон талаптарына жана бул Эрежелердин талаптарына ылайыктыгын көзөмөлдөшөт. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбесе, предметтер дипломаттык почта болуп эсептелбейт.
12. Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы Кыргыз Республикасынын чегинде почта байланыш бөлүмдөрүнүн тармагы, ошондой эле фельдъегердик, атайын байланыш, Кыргыз Республикасында катталган жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен түзүлгөн макулдашуулардын алкагында жүктөрдү жана почталарды жеткирүү боюнча эл аралык кызматтарды көрсөткөн компаниялар аркылуу берилиши жана кабыл алынышы мүмкүн. Дипломаттык почта башка корреспонденциядан өзүнчө кабыл алынат, номерленет, иштетилет жана биринчи кезектеги тартипте жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасын таңгактоо ага салынгандардын мүнөзүнө, жолдун узактыгына жана жөнөтүү шарттарына ылайык келүүсү керек, ошондой эле ташуу учурунда анын бузулушун, аларды сыртын бузбастан ачуу жана байланыш ишканаларынын персоналына кандайдыр-бир зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоого тийиш. Жөнөтүлүүчү почтага жиберүүчү тарап мөөр басышы, пломба коюшу керек жана дипломатиялык почтанын тышкы тарабын жасалгалоо бланкы менен коштолот.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Бул Эрежелерди бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
1-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы N 640 токтомунун редакциясына ылайык)
Дипломаттык почта
Жөнөтүүчү: _________________________________________________
Алуучу: _____________________________________________________
20__-жылдын "__" _________
Тиешелүү мекеменин, өкүлчүлүктүн мөөрү
2-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)
____________________________________________________________________ (тиешелүү мекеменин же өкүлчүлүктүн аталышы)
Ушуну менен, бул почта Кыргыз Республикасынын дипломаттык почтасы экендиги ырасталат жана Дипломатиялык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена Конвенциясынын 27-беренесине ылайык ачылбайт же кармалбайт (камакка алынбайт).
Дипломаттык почта
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
(тиешелүү мекеменин же өкүлчүлүктүн аталышы) тапшырмасы боюнча
_____________________________________________________________________
_____________________________________________________________________
дипломаттык курьер o
ad hoc дипломаттык курьер o
ыйгарым укуктуу коштоп жүргөн адам o
(керектүүсүн көрсөтүү керек) аркылуу жиберилет.
_____________________________________________________________________
(аты-жөнү, паспорттун № жана сериясы)
Жүктүн түрү | Орундардын саны | Жүктүн салмагы |
Кутулар |
|
|
Ящиктер |
|
|
Портфелдер |
|
|
Пакеттер |
|
|
Таңгактар |
|
|
Вализалар |
|
|
Каптар |
|
|
Контейнерлер |
|
|
Жыйынтыгы: |
|
|
Ыйгарым укуктуу адамдын колу _______________________________________
20___-жылдын "___" _________________
Тиешелүү мекеменин же өкүлчүлүктүн мөөрү.
N 3-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы N 640 токтомунун редакциясына ылайык)
Дипломаттык почтанын ичине салынат
ГЕРБ
Мекеменин аталышы:__________________________________________________
__________________________________________________________
жөнөтүлүп жаткан дипломаттык почтанын тизмеси
к/N | Документтин чыгыш N | Күнү | Барактардын саны | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
________________________________________ (аткарган кызматы, аты-жөнү) |
| Колу _______________ |
N 4-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы N 640 токтомунун редакциясына ылайык)
____________________________________________
(тиешелүү мекеменин же өкүлчүлүктүн аталышы)
Муну менен N__________________________________________________________________ рейсти аткарып жаткан
____________________________________________________________________________ аба кемесинин командири
(авиаташуучунун аталышы)
____________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_________________________________________________________________________________ тапшыруусу боюнча
(тиешелүү мекеменин же өкүлчүлүктүн аталышы)
________________________________________________________ көздөй дипломаттык почтаны ташып бара жатат.
1961-жылдагы дипломаттык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясынын 27-статьясына ылайык дипломаттык почта ачылбайт же кармалбайт (камакка алынбайт).
Жүктүн түрү | Орундардын саны | Жүктүн салмагы |
Кутулар |
|
|
Ящиктер |
|
|
Портфелдер |
|
|
Пакеттер |
|
|
Таңгактар |
|
|
Каптар-вализалар |
|
|
Бардыгы: |
|
|
Ыйгарым укуктуу адамдын колу _____________________________________ |
| 20___-жылдын "__" ________ |
Тиешелүү мекеменин, өкүлчүлүктүн мөөрү