Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтому менен бекитилген |
Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188, 2020-жылдын 17-мартындагы № 164, 2020-жылдын 8-майындагы № 241, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 7-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана салык органдары тарабынан салык төлөөчүлөргө ыктыярдуу, милдеттүү патентти жана милдеттүү түрдө патент алууга же чекене сатуудан алынуучу салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына тийиш болгон иштин чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерлерге патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта (электрондук патент) документ түрүндө берүү тартибин белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр
1. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр:
ыйгарым укуктуу салык органынын расмий веб-сайты (мындан ары - ЫУСО веб-сайты) - маалыматтарды жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде электрондук патентти алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук порталы;
QR-коду - мобилдик түзүлүштөр менен таануу үчүн атайын түзүлгөн, патент жөнүндө маалыматты камтыган матрицалык код (кош өлчөмдүү штрих код);
перифериялык түзүлүштөр - банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка түзүлүштөр.
электрондук патент - ЫУСО веб-сайты аркылуу алынган, салык төлөөчүнүн иштин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө укугун, салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгүн күбөлөндүрүүчү жана патентти колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кирешелерди алууну ырастаган электрондук документ.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Патентти кагаз жүзүндө берүү
2. Патентти биринчи жолу алууда салык төлөөчү ишкердик жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына колу коюлган арызын берет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөт (юридикалык жактардан тышкары);
- жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү, түп нускасын көрсөтүү менен (паспорт).
Жалданма кызматкерлер болгон учурда, алар үчүн киреше салыгы төлөнгөн кызматкерлердин аты-жөнүн, алардын идентификациялык номерин, паспорт берилген датаны жана ким тарабынан берилгендигин көрсөтүү менен, ишкердин колу коюлган кызматкерлердин тизмеси тиркелет (2 нускада).
Юридикалык жактын арызына жетекчинин же анын орун басарынын колу коюлууга жана милдеттүү түрдө мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-беренесине ылайык патент салык төлөөчүгө төмөнкүлөр болгон учурда анын салыктык өкүлү аркылуу берилиши мүмкүн:
- салык төлөөчү менен салыктык өкүлдүн ортосунда түзүлүүчү жарандык-укуктук келишим;
- салык төлөөчү салыктык өкүлгө берген ишеним кат.
3. Аймактык салык органы арыз келип түшкөн күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө аны карайт жана салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу патентти берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Салык органы тарабынан патентти берүүдөн баш тартуу төмөнкү учурларда баш тартуунун себебин негиздөө менен жүргүзүлөт:
- патенттик негизде ишке ашырылуучу иштин түрлөрүнүн бекитилген тизмегине иштин түрү шайкеш келбесе;
- жеке жактын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН жок болсо (жалданма кызматкердин ИСН тышкары);
- арызда юридикалык жактын жетекчисинин же анын орун басарынын колу жана мөөрү жок болсо;
- салыктын суммасы толук төлөнбөсө (белгиленген мөөнөткө иштин ар бир өзүнчө түрү үчүн);
- арызда анык эмес жана бурмаланган маалыматтар көрсөтүлсө;
-товарларды импорттоонун ырасталган фактысы болсо, тигүү жана текстиль тармагынын субъекттеринен тышкары;
- пенсионерлерден жана I жана II топтогу майыптардан тышкары, алынган патенттерди колдонуу мөөнөтүнө окшош мезгилде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын төлөбөгөндө же толук эмес төлөгөндө;
- ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоо чеги ашып кетсе.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188, 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык ишти жүргүзө баштаганга чейин төлөнөт.
5. Патентти тариздөөдө салык органынын кызмат адамы патенттин бланкынын бардык графаларын жана патенттин дүмүрчөгүн так толтурууга, патентке сүрөттү чаптоого милдеттүү.
Салык органынын кызмат адамы тарабынан ыктыярдуу патентти жана жалданма кызматкерге патент берүүдө милдеттүү түрдө анын аты-жөнү көрсөтүлөт, колу коюлат жана салык органынын тийиштүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Милдеттүү патентке салык органынын аймактык жетекчиси же анын орун басарлары аты-жөнүн жазып, колун коёт жана салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрөт.
6. Патент берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык органынын кызмат адамы тарабынан салык органынын автоматташтырылган маалымат системасынын тийиштүү модулу аркылуу чыгарылат.
Оң чечим кабыл алынса, автоматташтырылган система патентке серия жана номер ыйгарат. Андан соң аймактык салык органынын кызматкери патентти кагаз жүзүндө берет.
Патенттин дүмүрчөгү патент берүүчү салык органдарында коюлган металл сейфте сакталат.
7. Патент төмөнкүдөй учурларда жарактуу болуп саналат:
- патентте көрсөтүлгөн мөөнөткө жана иштин түрлөрүнө салык органынын жетекчисинин (салык инспекторунун) мөөрү жана коюлган колу болсо;
- атына (аталышына) патент берилген салык төлөөчү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча салык төлөөчүлөрдүн ишин кошпогондо, патент алынган райондун (шаардын) аймагында;
- ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин көрсөткөндө (юридикалык жактардан тышкары);
- патенттин негизиндеги салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнгөндүгү тууралуу квитанция болгондо.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164, 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Кагаз жүзүндө берилген патент жоголгон учурда салык органы дубликатын берет. Бул учурда калган салык мезгилине салык төлөөчүгө "жоголгон патенттин ордуна" деген белги коюлган жаңы патент берилет.
3. Патентти электрондук форматта алуу
9. Электрондук патент алуу үчүн салык төлөөчү:
- жашаган жери жана/же ишкердик жүргүзгөн жери боюнча салык органында салыктык же эсептик каттоого ээ болуусу зарыл;
- катталган жери боюнча аймактык салык органында алынган жөнөкөй электрондук кол тамгага (логин), же ЫУСОнун веб-сайты аркылуу ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат системасына (мындан ары - ЫУСО АМС) кирүү үчүн күчөтүлгөн квалификацияланган электрондук кол тамгага (ID-карта) ээ болуусу зарыл;
- иштин түрүнө жараша ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн төлөө методу менен салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасын төлөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы салык төлөөчү тарабынан накталай жана накталай эмес түрдө банк мекемелери, перифериялык түзүлүштөр, POS-терминал, электрондук капчык, интернет жана/же мобилдик банкинг аркылуу төлөнөт.
Салык төлөөчү тарабынан салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасынын төлөнгөндүгү ЫУСО АМСинде текшерилет. Салык төлөөчү салыктын жана камсыздандыруу төгүмүнүн төлөнгөндүгүн ЫУС веб-сайтынын "Салыкты жана камсыздандыруу төгүмүн төлөө боюнча чекти издөө" бөлүмүндө текшере алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Электрондук патент алуу үчүн ушул Тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук кол тамгага ээ болгон салык төлөөчү төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ЫУСО АМСта электрондук патентти алууга арызды толтурат:
- патенттин түрүн («Ыктыярдуу патент», «Милдеттүү патент», «Милдеттүү патент алууга же чекене сатуудан алынуучу салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына тийиш болгон иш чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге патент», «Иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге патент»);
- иштеген жери боюнча аймактык салык органынын аталышын;
- иштин түрүн;
- ишти жүргүзүү дарегин;
- объекттин аталышын;
- патентти колдонуу мөөнөтүн;
- эгер салык төлөөчү пенсионер же I топтогу жана II топтогу майып болсо, "пенсионер", "I топтогу майып" же "II топтогу майып" статусун.
Идентификациялык салык номерин, жеке ишкердин аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын, жеке ишкердин жашаган жерин (юридикалык жактар үчүн - юридикалык дарегин) ЫУСО АМС автоматтык түрдө түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188, токтомунун редакциясына ылайык)
111. Салык төлөөчү аймактык салык органына ага электрондук патент берүү жөнүндө кайрылган учурда, аймактык салык органы ошол салык төлөөчүгө электрондук патент берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Иштин түрүнө, патентти колдонуу мөөнөтүнө жана жеке көрсөткүчтөрүнө жараша патент боюнча салыктын суммасы жана камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы автоматтык түрдө түзүлүшөт.
Төлөмдү жүргүзүү үчүн салык төлөөчү төлөө формасын (накталай же накталай эмес) тандайт жана төлөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомунун редакциясына ылайык)
13. ЫУСО АМС салыктын суммасы, камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы төлөнгөндүгүн жана арыз туура толтурулгандыгын ырастаса, ЫУСО АМС тийиштүү электрондук патентти түзөт.
Салыктын суммасынын төлөнгөндүгү ырасталбаса жана/же арыздын бардык графаларынын көрсөткүчтөрү толук толтурулбаса, электрондук патент түзүлбөйт. Мында, салык төлөөчү арызына ондоолорду киргизе алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Эгерде салык төлөөчү пенсионер же I жана II топтогу майып болсо, электрондук патенттин 140-уячасында "пенсионер", "I топтогу майып" же "II топтогу майып" статусу көрсөтүлөт. Мында камсыздандыруу төгүмү жөнүндө маалымат нөлдүк көрсөткүчтөр менен чагылдырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомунун редакциясына ылайык)
14. ЫУСО АМС электрондук патентке автоматтык түрдө уникалдуу номерди жана QR-кодду ыйгарат.
15. Электрондук патентти алуу фактысын ырастоо максатында салык төлөөчү электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн басып чыгарып, зарыл болгон учурда салык төлөөчүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк менен бирге көрсөтүүгө тийиш.
16. Электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүнүн аныктыгын тийиштүү тиркемеге ээ болгон мобилдик түзүлүш (Android) аркылуу электрондук патентке түшүрүлгөн (QR-кодду сканерлөө жолу менен текшерүүгө болот.
17. Электрондук патенттин кагаз жүзүндөгү көчүрмөсү айрылып же жоголуп кеткен учурда салык төлөөчү ЫУСО веб-сайты аркылуу кайрадан чыгара алат.
18. Электрондук патент төмөнкүдөй учурларда жарактуу деп эсептелет:
- эки тараптуу кайталангыс номери, (QR-коду жана ЫУСО АМСте тиешелүү маалымат болсо;
- электрондук патентте аты (аталышы) жазылган салык төлөөчү үчүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү шаар аралык ташуу боюнча салык төлөөчүлөрдүн ишин кошпогондо, электрондук патентти алган салык төлөөчү иштеген райондун (шаардын) аймагында.
4. Жалпы талаптар
19. Соода жүргүзүү точкасынын же кызматтарды көрсөтүүнүн ар бирине салык төлөөчү тарабынан өзүнчө салык төлөнөт.
20. Патенттин түрүнө жараша салык төлөөчү төмөнкүдөй суммаларды төлөйт:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген салыктын базалык суммасынын чегинде ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген ставкалар боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген ставкалар боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
3) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 348-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бир айда 7 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндө иштеген жалданган кызматкердин айлык акысынан киреше салыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеден улам эсептелген, милдеттүү түрдө патент алууга же чекене сатуудан алынуучу салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына тийиш болгон иш чөйрөсүндө иштеген жалданган кызматкердин айлык акысынан киреше салыгы.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Салык төлөөчүгө ишкердиктин ар бир түрүнө салык органы тарабынан өзүнчө патент берилет. Патентти электрондук форматта алууда салык төлөөчү патентти ишкердиктин ар бир түрүнө өзүнчө тариздеши керек.
Ыктыярдуу патенттер катары менен келүүчү 15, 30, 90 же 180 күнгө берилиши мүмкүн.
Милдеттүү патенттер катары менен келүүчү 30, 90 же 180 күнгө берилиши мүмкүн.
Жалданма кызматкерге патент төмөнкүдөй учурларда берилет:
- жумуш берүүчүдө жарактуу милдеттүү патент жана арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө гана болсо;
- чекене сатуу салыгынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча ишин жүзөгө ашырган жумуш берүүчүгө арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө гана берилет.
Жалданма кызматкерге патент жумуш берүүчүдө жарактуу милдеттүү же ыктыярдуу патент болсо жана ушул патентте көрсөтүлгөн мөөнөткө гана берилет.
Катары менен келүүчү каалаган сандагы календардык күнгө ыктыярдуу патенттер ушул Тартипте аныкталган тартипте берилет.
Салыктын суммасы 90 күнгө патент сатып алууда 5 пайызга, 180 күнгө сатып алууда 10 пайызга төмөндөтүлөт.
Салык төлөөчү бир соода түйүнүндө ыктыярдуу патенттин ставкалары боюнча ар кандай чоңдуктагы товарлардын түрлөрүн саткан учурда ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык товардын максималдуу ставкасы белгиленген бир түрүнө гана патенттин ставкасы боюнча ал сатып жаткан товарлардын бардык көрсөтүлгөн түрлөрүнө бир жолу алынат. Ошол эле учурда салык төлөөчүгө берилген патентте ал сатып жаткан товарлардын бардык белгиленген түрлөрү көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга берүүгө тыюу салынат.
23. Иштин айрым түрлөрүн ишке ашырууга берилүүчү патент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү лицензияларды жана аны жүргүзүүгө укук берген башка атайын уруксаттарды алмаштырбайт.
24. Салык төлөөчү патентте көрсөтүлбөгөн ишти аткарса, ошондой эле тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерин кошпогондо, товарларды импорттоонун ырасталган фактысы болсо, салык органы патентти жокко чыгарууга укуктуу.
Салык төлөөчү ыктыярдуу патенттин негизинде кошумча нарк салыгы боюнча каттоо чегин жогору кылып койсо, ыктыярдуу патент жокко чыгарылат.
Патентти жокко чыгарууда салык органы үч күндүк мөөнөттө бул тууралуу салык төлөөчүгө кабарлоого милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 188 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Колдонуу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилине туура келген патенттин негизиндеги салыктын суммасын кайра эсептөөдөн тышкары, патентти сатып алууда салык төлөөчү төлөгөн салыктын суммасы белгиленет жана кайра эсептелбейт, ал эми салыктын төлөнгөн суммасы патентти сатып алгандан кийин кайтарылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 токтомунун редакциясына ылайык)
251. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында иш токтотулган учурда салык төлөөчү ишин кайрадан жандандырганда аймактык салык органына иши токтотулган күндү көрсөтүү менен патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө электрондук же кагаз түрүндө арыз берет. Салык органынын кызмат адамы патенттин бланкына иши кайра улантылган күндөн тартып пайдаланылбай калган күндөргө карата патенттин мөөнөтүн узарткандыгы жөнүндө белгини көрсөтүүгө жана штамп коюуга, ал эми салык төлөөчү электрондук арыз берген учурда - пайдаланылбай калган күндөргө электрондук патенттин мөөнөтүн узартуу жөнүндө электрондук формадагы билдирүү берүү менен автоматташтырылган системада ырастоого милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Патент берилген гана аймакта (район, райондорго бөлбөстөн шаар же Бишкек шаары) жарактуу болуп саналат. Патентти же анын көчүрмөсүн ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында башка адамдарга берүүгө тыюу салынат.
27. Кагаз жүзүндөгү патенттин бланкы тыкыр отчёттуулуктагы документ болуп саналат. Патент Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн аралыгында сакталууга тийиш.
28. Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү республиканын аймагы же эл аралык багытта ташуу боюнча кызматтарды көрсөткөн салык төлөөчү кагаз жүзүндөгү же электрондук форматтагы ыктыярдуу патентти катталган жана ишти жүргүзгөн жерине карабастан, каалаган аймактык салык органында сатып алууга укуктуу.
29. Ишти патентсиз жүргүзсө же ушул Тартиптин пункттарын бузса, салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
30. Ишти патентсиз жүргүзүү ишти каттоосуз жүргүзүү жана/же салык төлөөдөн качуу деп таанылат.