Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-апрели № 188
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345, 352 жана 355-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
«- иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге электрондук патенттин формасы, 9-тиркемеге ылайык;
- иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге кагаз жүзүндөгү ыктыярдуу патенттин формасы, 10-тиркемеге ылайык.»;
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 9 жана 10-тиркемелер менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Салык органдарына патентти кагаз жүзүндө же электрондук форматта берүүнүн тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«-товарларды импорттоонун ырасталган фактысы болсо, тигүү жана текстиль тармагынын субъекттеринен тышкары»;
- 11-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- патенттин түрүн («Ыктыярдуу патент», «Милдеттүү патент», «Милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге патент», «Иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге патент»);»
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Салык төлөөчүгө ишкердиктин ар бир түрүнө салык органы тарабынан өзүнчө патент берилет. Патентти электрондук форматта алууда салык төлөөчү патентти ишкердиктин ар бир түрүнө өзүнчө тариздеши керек.
Ыктыярдуу патенттер катары менен келүүчү 15, 30, 90 же 180 күнгө берилиши мүмкүн.
Милдеттүү патенттер катары менен келүүчү 30, 90 же 180 күнгө берилиши мүмкүн.
Салык төлөөчүлөр жалданма кызматкерлердин айлык акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ар бир жалданма кызматкерге ыктыярдуу патентти сатып алууга укуктуу.
Жалданма кызматкерге патент жумуш берүүчүдө жарактуу милдеттүү же ыктыярдуу патент болсо жана ушул патентте көрсөтүлгөн мөөнөткө гана берилет.
Катары менен келүүчү каалаган сандагы календардык күнгө ыктыярдуу патенттер ушул Тартипте аныкталган тартипте берилет.
Салыктын суммасы 90 күнгө патент сатып алууда 5 пайызга, 180 күнгө сатып алууда 10 пайызга төмөндөтүлөт.
Салык төлөөчү бир соода түйүнүндө ыктыярдуу патенттин ставкалары боюнча ар кандай чоңдуктагы товарлардын түрлөрүн саткан учурда ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык товардын максималдуу ставкасы белгиленген бир түрүнө гана патенттин ставкасы боюнча ал сатып жаткан товарлардын бардык көрсөтүлгөн түрлөрүнө бир жолу алынат. Ошол эле учурда салык төлөөчүгө берилген патентте ал сатып жаткан товарлардын бардык белгиленген түрлөрү көрсөтүлөт.»;
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Салык төлөөчү патентте көрсөтүлбөгөн ишти аткарса, ошондой эле тигүү жана текстиль тармагынын субъекттерин кошпогондо, товарларды импорттоонун ырасталган фактысы болсо, салык органы патентти жокко чыгарууга укуктуу.
Салык төлөөчү ыктыярдуу патенттин негизинде кошумча нарк салыгы боюнча каттоо чегин жогору кылып койсо, ыктыярдуу патент жокко чыгарылат.
Патентти жокко чыгарууда салык органы үч күндүк мөөнөттө бул тууралуу салык төлөөчүгө кабарлоого милдеттүү. ».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
1-тиркеме
FORM STI
Иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге
Электрондук патент
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
2-тиркеме
«
Алдыңкы бети
Иштин ыктыярдуу патент алууга тийиш болгон чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерге
кагаз жүзүндөгү ыктыярдуу патенттин
ФОРМАСЫ
|
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын герби) ИШТИН ЫКТЫЯРДУУ ПАТЕНТ АЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭМГЕКТЕНГЕН ЖАЛДАНМА КЫЗМАТКЕРГЕ ПАТЕНТТИН ДҮМҮРЧӨГҮ
Сериясы ____ №_____ Аты-жөнү________________________________________________ ______________________________________________________ ИСН ________________________________________________ Паспорт: сериясы _________ № ____________________________ Берилди ___________ Берилген күнү _________________________ Дареги (каттоосу боюнча) ____________________________________ ______________________________________________________ Иштеген жери _________________________________________ (толук дареги) ______________________________________________________
Жалданма кызматкер болуп эсептелет ____________________ ______________________ ________________________________ (жеке ишкердин аты-жөнү, патенттин номери жана берилген күнү )
|
Арткы бети
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын герби) ИШТИН ЫКТЫЯРДУУ ПАТЕНТ АЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭМГЕКТЕНГЕН ЖАЛДАНМА КЫЗМАТКЕРГЕ ПАТЕНТТИН ДҮМҮРЧӨГҮ Сериясы _____ № ____
Төлөнгөн салыктын суммасы___________________________________ сом ___________________________________________________________ (цифра менен)
Банктын квитанциясы № _________________ күнү ___________________ Төлөмдүк тапшырма № ____________ күнү ___________________ МСКнын _________________________________________________ (салык органынын аталышы) боюнча башкармалыгы тарабынан берилди _____________________________________________ _____________ (патент берген салык органынын кызматкеринин аты-жөнү) (колу)
Кызматкердин ИСНи ___________________________________________
Патент берилген күн 20 _____-ж. ________ __________________ | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын герби) ИШТИН ЫКТЫЯРДУУ ПАТЕНТ АЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЭМГЕКТЕНГЕН ЖАЛДАНМА КЫЗМАТКЕРГЕ ПАТЕНТ Сериясы ____ № ____
Төлөнгөн салыктын суммасы ___________________________________ сом ___________________________________________________________ (цифра менен)
Банктын квитанциясы № _________________ күнү ___________________ Төлөмдүк тапшырма № ____________ күнү ___________________ МСКнын _________________________________________________ (салык органынын аталышы) боюнча башкармалыгы тарабынан берилди _____________________________________________ _____________ (патент берген салык органынын кызматкеринин аты-жөнү) (колу)
Кызматкердин ИСНи ___________________________________________
Патент берилген күн 20 _____-ж. ________ __________________ |
».